Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эмен дарагы жонундо билип ал

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Эмен дарагы жонундо билип ал

Чоңдугу 2-3 кучак келген жалгыз түп эменди эң зор деп айткың келет. Бул дарактын түбүндө жаан-чачындан же аптаптан далдаланууга болот. Бирок күн күркүрөгөндө анын түбүнө жашынуу коркунучтуу: даракка чагылган тийиши мүмкүн. Элдин байкаган белгиси боюнча эмен бүрдөй баштаганда май айынын суугу кетет. Ал көп дарактардан кийин кеч гүлдөйт. Эмен өтө узак - миң жылга чейин жашайт. Ал адегенде 80 жылга чейин узунунан, анан туурасынан өсөт.

Бийиктиги 50мге чейин жетет. Эмендин сөңгөгү бекемделип, бутактары жайылып өскөн кезде шагы кубаттуу даракка айланат. Бул дарактын түшкөн уругунан өскөн кичине жаш эмен жанында өсүп келаткан башка дарактын жардамына муктаж. Токойчулар «Эмен тон кийип, бирок жылаңбаш өскөндү жакшы көрөт» деп бекеринен айтышпайт. Эмен - жарыкты сүйгөн дарак, ал өзүнүн чокусу көлөкөдө калышын сүйбөйт. Ошондой эле өзүнө жанаша эмендин, кайыңдын, карагайдын жаш көчөтү өсүп турса жакшы өсөт.

Эмен өзү күчтүү, зор болгону менен катуу суукка чыдамсыз келет. Анын тескерисинче өтө ысыкты да сүйбөйт. Эмен чарбада илгертеден эле баалуу деп эсептелип келет. Анын жыгачы абдан бышык болот. Сууда чирибейт, ошондуктан андан көпүрөнүн жерге кагылуучу түркүктөрүн жасашат. Эмендин жыгачы кеме, вагондорду курууда пайдаланылат, узакка чыдоочу үйдү курушат. Челектин тактайлары жасалат.

Эмен - эң жакшы паркет, кооз фанера, мыкты жыгач отун. Апрель айында чогултулган жаш эмендин кабыгынаң ичүү жана оозду чайкоо үчүн кайнатылма даярдалат. Анын кабыгы булгаары иштетүүгө колдонулат. Тобурчагынан - данынан крахмал, спирт жасалат. Куурулган, майдаланган (тегирменден чыккан) данын кофе ордуна пайдаланса болот. Эмендин тобурчагы - чочко үчүн мыкты тоют.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4247, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-01-29, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу