Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Муз доору

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Муз доору

Байыркы заманда, мындан бир нече миллион жыл мурда азыркы биз жашаган жерлерде дайыма көгөрүп турган калың чытырман токой өскөн. Бул токойлордо жаныбарлар үйүрү менен жүргөн, көлдөр менен өзөндөрдүн жээгинде миңдеген чоң-кичине канаттуулардын сайраган үндөрү жаңырып турган. Аба ырайы ошол кезде өтө жылуу жана дайыма бир калыпта турчу, ызгаардуу кыш жана аптаптуу жай болгон эмес. Бирок бара-бара салкын тартты. Кышында жамгыр эмес, кар жаай баштады. Жылуу жердеги көптөгөн жаныбарлар менен өсүмдүктөр суукка чыдабай акырындап жоголду. Кийинчерээк суук улам катуулап, узакка созулчу болду. Түндүк аймактарда кышкысын жааган кар - жай менен жаздын кыска мезгили ичинде эрип үлгүрбөдү. Ошентип ал жылдан жылга, кылымдан кылымга жыйылып олтуруп калын муз катмарына айланды.

Муз ушунчалык көп жыйналып, бийиктиги бир нече чакырымга жеткен муз тоолорунан турган зор катмар пайда болду. Муздун бир өзгөчө касиети бар: эгер ал көп чогулуп, калыңдыгы 100 метрден 3-4 чакырымга чейин жетсе, акырындап жыла баштайт. Байыркы муздуктар да туш-тушка түштүктү көздөй өтө акырындык менен жыла берди. Муз тоолордон суук шамал согуп турду. Муздуктарга жакын жерлерде, мурдагы токойлордун ордуна пайда болгон тундра-талаада мамонт, узун жүндүү керик, түндүк бугусу, бизон, ак түлкү, уюл кекилиги жана башка тундра жана талаа жаныбарлары жашады. Ошентип, мындан 10 миң жыл мурда Европада, Азиянын түндүгүндө, Түндүк Америкада муз доору башталды. Бир нече миң жылдан кийин аба ырайы жылый баштады. Муз тоолор эриди, алардын ордунда үйүлгөн таштар, кум дөбөлөр калды.

Бул дөбөлөрдү жана муздук жылганда жылмаланган аскалардын жалпак чокуларын азыр да Балтика боюнан Түндүк Уралга чейинки жерлерден көрүүгө болот. Муз каптоо доору жердин геологиялык өнүгүшүнүн тарыхындагы өзгөчө бир мезгилдерди кучагына алат. Планетабыздын тарыхында төмөнкүдөй муз доорлору белгиленген: Эрте протезой муз доору - 2-2.5 миллиард жыл мурда Кеч протезой муз доору - 900-630 миллион жыл мурда Палеозой муз доору - 460-230 миллион жыл мурда Кайнозой муз доору - 65 миллион жыл мурда Кайнозой мезгилиндеги муз доорунун бирден бир белгиси - бул Түндүк муз океанынын тоңуп калуусу. Мурда айтылуу түндүк муз океаны жайкалган жана тоңбогон кадимки эле океан болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2844, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу