Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз эли

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргыз эли
Кыргыз эли, же Кыргыздар — түрк элдеринин бири жана Кыргызстандын негизги калкы. Тили — түрк тилдеринин кыпчак тобунун кыргыз-кыпчак топчосуна кирген кыргыз тили.
Мазмуну
Кыргыз
Кыргыз эли
ТилКыргыз тили
ДинСалттуу Ислам
Курамына киреттүрк элдери
Келип чыгышыэнесай кыргыздары, түрк жана монгол элдери
Саны7 млн адам (19-октябрь, 2022-жыл)
ӨлкөКыргызстан

Этногенез

Заманбап кыргыздар Кыргызстандын аймагында төмөнкүдөй шарттуу компоненттердин калыптанышынан пайда болгон татаал түзүмдүү, бир тектүү эмес этникалык жамаатты түзөт:

«Кыргыз» түрк этноними кеңири түрк дүйнөсүнүн ар кайсы бөлүктөрүндө көп кездешет. Байыркы кытайлык тарыхчы Сыма Цянь өзүнүн «Тарыхый жазууларында» б. з. ч. 201-жылы байыркы кыргыздардын (隔昆, Гэкунь, Gekun) ээликтери болгону жөнүндө эскерип өткөн. Биздин заманга чейинки 49-жылы усундардын (Усун мамлекети, Баба-тек) чыгыш чек арасынан түндүк жагында, хундардын батышында жана Чэши шаарынан түндүк жакта хундарга вассалдык болгон кыргыздардын ээликтери жөнүндөгү маалыматтар «Хань эрте династия тарыхында» эскерилет.

Болжолдуу Энесай (орусча Енисей) дарыясынын өрөөнүндө жашаган «Кыргыз» аталган эл жөнүндө орто кылымдык кытай, араб-персиялык жана байыркы түрк булактары да жазышкан. Энесай (дарыя эмес, маданият түшүгүндө) кыргыздары Түрк жана Уйгур каганаттарынын бийлиги алдында болгон делет. VI кылымда Түрк каганаты чачырап, узакка созулган каршылашууда Кыргыз каганаты 840-жылы Уйгур каганатын талкалап, өзүнүн бийлигин Иртыш дарыясынан Амурга чейин жайылткан.

В. В. Радлов, В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам жана О. Караевдардын ою боюнча энесайлык кыргыздардын Тянь-Шанга көчүү процесси көп баскычтуу болуп, сыягы IX кылымда башталып XV кылымда аяктаган.

1960-жылдарда кыргыздардын этногенези боюнча орустун кыргыз тарыхы боюнча адиси К. И. Петровдун эмгектери чыккан. Петровдун гипотезасына ылайык, Алтайдагы энесайлык кыргыздардын бир бутагы кымактар жана чыгыш кыпчактар менен биргеликте көз карандысыз аймактарды калыптандырган. IX кылымдан XIII кылымга чейин Алтайда жана Иртыш алдында энесайлык кыргыздардын, кымактардын жана чыгыш кыпчактардын орун которуусу жүргөн. Буга ылайык «алтайлык кыргыздар» пайда болуп, кыргыз тили түптөлгөн делет орустун эмгектеринде.

1980-жылдардын аягында О. Караев, Ю. С. Худяков, В. Я. Бутанаев, Т. К. Чоротегин кыргыз этносунун алтайлык өнүгүү баскычынын концепциясына каршы чыгышкан. Изилдөөчүлөрдүн ою боюнча борбор азиялык кыргыз элинин протоядросунун калыптануу процесси 840-жылга чейин Минусинск ойдуңунда бүткөн. Уруулардын бөлүгү 843-жылдагы Бешбалык жана Аньси шаарларына болгон аскердик жүрүштүн натыйжасында Чыгыш Түркстанга көчкөн. Кийин дал ушул топ кыргыз элинин калыптануусунда негизги ролду ойногон делет.

Көптөгөн орто кылымдык араб-персиялык булактарда биздин доордун IX—XII кылымдарындагы «кыргыз» этноними менен белгиленген этникалык топтордун, байыркы уйгурлар, карлуктар, чигилдер, ягмалар жана кымактар менен кошуна болуп отурукташуусу жөнүндө маалыматтар бар. Бул маалыматтар энесайлык кыргыздардын Чыгыш Тянь-Шанда монгол дооруна чейин эле жашагандыгынын күбөсү. Кыргыздар X кылымдагы араб географы аль-Истахринин «Китаб масалик ал-мамалик» эмгегинде дагы эскерилет, мында ал кийинкидей жазган: «Бул тоолор түрктөрдүн терең аймактарына чейин созулуп Кыргыздар жана Шашадан (Ташкент) алыс эмес Илак (Ангрен) аймагына жетип Мавераннахрдан өзгөчөлөнүп турат».

Монголдордун басып кирүүсүнө чейин XIII кылымдын башында заманбап Кыргызстандын аймагында түрк тилинде сүйлөгөн бирдиктүү этно-маданий жамаат калыптанып, жалпы түрк-персиялык маданиятты колдоп, ислам динин туткан. С. М. Абрамзон ою боюнча кыргыз элинин этникалык өзөгү катары, биринчиден тарыхый жашоосу Борбордук Азиянын мейкиндигиндеги заманбап Кыргызстандын жанында өткөн түрк тилдүү уруулар боло алат делет.

XIII кылымда заманбап Кыргызстандын бардык аймагы монгол мамлекеттеринин курамына кирген — Чагатай улустары, андан кийин Хайду, акыркысынын чачырашынан кийин XIV кылымда — Моголстандын курамында. Аймакта көчмөн тиричилик сакталып, Монгол империясынын башка аймактары менен салыштырмалуу аймакка көп сандаган түрк-монголдук көчмөндөр миграциялаган (Кыргызстан Монгол империясынын тушунда). Жалпы, көчмөн маданияты жакын болгон түрк элдеринин көптүк кылуусунан монгол тилдүү уруулар тез эле түрктөштүрүүгө кабылган.

Энисей кыргыздарынын Тянь-Шанда пайда болуусунун ар кандай концепцияларынын болгонуна карабастан, кыргыз элинин этногенезинин акыркы/аягына чыгаруучу баскычы Моголстан мамлекетинде өткөн деген ойго көпчүлүк изилдөөчүлөр келүүдө.

Моголстандын аймагы өзүнө заманбап Кыргызстандын бөлүгүн гана эмес, Чыгыш Тянь-Шандын этегинин жана Жети-Суунун кыйла мейкиндиктерин, башкача айтканда кыргыз элинин келечектеги компоненттери калыптанган туруктуу этникалык аймактарды камтыган. XV—XVI кылымдарда кыргыз уруулары могол уруулары менен биригип, бирдиктүү кыргыз этносун калыптандырган.

Кыргыздардын улуттук турак-жайы «боз үй» болгон.

Кошумча макала: Кыргыз улут атынын аталышы жөнүндөгү уламыштар

Кыргыз эли жана тоолор

Санжырага ылайык кыргыздар тоого чыгып, садага чаап, конуп-түнөп, тоонун ээсине сыйынышкан. Деги эле тоолор кыргыздардын тарыхый жашоосунда өзгөчө мааниге ээ. Сактардын доорунда Теңир Тоонун Саймалуу Таштарындагы, Алтайдагы, Аглактагы, Монголиядагы Хайт Ценхер үңкүрүндөгү чийме сүрөттөр буга күбө. Илгерки санжыраны, оозеки чыгармаларды жана жазма тарыхты изилдесек, кыргыздар Теңир Tоо, Алай, Алтай, Көгмөн (Саян) тоолоруна сыйынышып, сайраң (майрам) өткөрүшкөндөрү жөнүндө маалыматтар бар.

Кыргыздар Алтайды «Алтай-Кудай», ыйык тоо катары көрүшкөн. Ала-Тоолуктар Алтайды «алты ай» деп жол жүргөн күндүн санагы катары жорубастан, «Алтын ай» деп, алтындуу аймак катары, жердин соорусу деп эсептешкен.

Байыркы кыргыздар булут баскан Улуу тоого сыйынышкан. Асман тиреген ак карлуу чокусун Аскар тоолордун ээси дешкен. Ар бир уруунун бакшылары эзелтен Улуу Тоого устаты менен кошо чыгып, ага жасаган дабын көрсөтүп, чимирилте кагып, ак чачып, арча күйгүзүп, аластап табынып, сындан өтүшкөн. Улуу тоого чыккан кыргыздар малга-жанга жана элге жакшылык, ынтымак, ыйман, береке, өмүр жана бейпилчилик тилеген. «Тилесең тилек кабыл келет» дегенди айтып келишкен. Санжырада кыргыздар улуу инсандарынын сөөктөрүн, кабырын кыл чокуга, тоо бетине коюшкан делет.

Кыргыз эли колдоочуларынын, пирлеринин, ыйык туткандарынын элесин, кыймыл-аракетин, аңчылык процесстерин, деги эле турмуш-тиричилигин ташка чегишкен. Тоого канчалык көп сыйынышса, ошончолук жакшылык берет деп ишенишкен. Tоо жөнүндө өтө кооз уламыштар менен болумуштарды чыгарган. Тоо касиетин билгендер, ыйык тоонун жан-жаныбарларына аңчылык жасашкан эмес, ал тургай анын жанынан кыйкырбай, сөгүнбөй, кобурабай өтүшкөн.

Генетика

Генетикада кыргыздар Түштүк Сибирдин Алтай-Саяндык аймагы менен Борбордук Азиянын талаа аймактарынын ортосундагы орто абалды ээлейт — R1a1a-Z93 (42,1%), C-M130 (33,1%), N1a2b-P43 (12,1%), O-M175 (3,7%), R1b1b1-M73 (3,3%), Q-M242 (1,2%), G-M201 (1,2%).

Кыргыздардагы Y-хромосомалу С гаплотобунун жогорку жыштыгы, болжолдуу кыргыз этносунун калыптануу очок аймактарына, борборазиялык талаа элдеринин интенсивдүү миграциясы менен түшүндүрүлөт. Тянь-Шань кыргыздарынын популяциясында Y-хромосомалу С гаплотоптун борборазиялык варианттары 44% түзөт. Памир кыргыздарынын популяциясында «сибирдик» Y-хромосомалу N1b (N1a2b) гаплотобу 24% чейин жетет.

Кытай кыргыздарында Y-хромосомалуу C жана R1a1a гаплотоптору басымдуулук кылат.

Этноним

Кыргыз этноними сөзмө-сөз которгондо «кырк уруулу эл» деп которулат (кырк жана -ыз — сандын көптүк сандагы байыркы суффикси, же кырк + гыз — кырк өгүз). Өгүз сөзү — «уруу» жана «уруулардын биригүүсү» деген мааниде.

Келип чыгышына жана түрктөшүүсүнө, гунндардын батышка болгон кыймылына түз байланыш коюлган элдердин бири, байыркы кыргыздар болгон деп Ю. А. Зуев белгилечү. Буга байланыштуу кыркун этноними түрк лексикасынан чыгып кыр + кун же «талаа + кун», башкача айтканда «талаа гундар» деп чечмеленет делет.

Кыргыздын байыркы түрк этноними араб-персиялык булактарда хырхыз, хырхыр деп берилчү, ал эми кытайдыкында — гэкунь (隔昆, Gekun), цзянькунь (堅昆, Jiankun), сяцзясы (黠戛斯, Xiajiasi), цзилицзисы (吉利吉思, Jilijisi), байыркы түрк, уйгур жана согдий тексттеринде — кыргыз.

Орустар XVIII кылымда — XX кылымдын башында кыргыз деп «кыргыз-кайсактар», «кыргыз-касактар» формасында казактарды дагы атачу, башкача айтканда казактар менен кыргыздарды бир калк иретинде. Казактарга «кыргыздар» аталышынын жайылышы, алгач жунгарларда, андан кийин орустарда В. В. Бартольддун ою боюнча бул нерсе казактардын көчүп-конуп жүргөн жерлери менен, тяньшандык жана энесайлык кыргыздардын көчүп-конуп жүргөн аймактары менен толтурулгандыгынан болгон дейт, башкача айтканда бул элдердин географиялык жана этно-маданий жакындыгынан.

Чындыгында кыргыздарды «алтай кыргыз», «буруттар», «кара кыргыз», «таш артындагы кыргыз» (тоонун артында деген мааниде) деп аташкан. «Бурут» терминин болсо Тянь-Шандык кыргыздарды белгилөө үчүн жунгарлар жана Цин доорунун кытайлары колдонгон.

Дин

Кыргыздар негизинен (көпчүлүгү) мусулман-сунниттер. XVI—XVIII кылымдардагы Чыгыш Түркестан жана Ферганада түзүлгөн дилбаяндарда («Зийа ал-кулуб», «Джалис ал-муштакин», «Рафик ат-талибин», «Тазкира-йи ходжаган», «Актаб-и Тоглук-Тимур-хан» ж. б.) кыргыздардын исламдашуусу XVII кылымдын биринчи жарымынан кеч эмес аяктаган деген жетишээрлик кеңири маалыматтар көрсөтүлгөн.

Кыргыздардын арасында исламга чейинки культга кеткен кээ бир маданий реликттер сакталып калган.

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагында бир нече миң адамды түзгөн кыргыздардын анча чоң эмес уникалдуу этникалык тобу (эмель-голь калмак-кыргыздары, же буддалык кыргыздар — фоцзяо кыргыз) жашайт, булардын бир бөлүгү ислам динин тутуп, экинчиси — тибет-монгол формасындагы буддизмди тутунат.

Учурда (2023) заманбап Кыргызстандын аймагындагы кыргыздар салттуу ислам динин карманышат.

Маданият

Фольклордун негизин «Манас» эпосунун трилогиясы түзөт: «Манас», «Семетей», «Сейтек». Манас эпосу Гиннестин рекорддор китебине «эң ири эпос» деп катталып, өзүнө жарым миллиондон ашык ыр-сапты камтыйт, жана ЮНЕСКО тарабынан адамзат мурасы катары коргоого алынган. Эпос, кыргыз элинин маданиятын, философиясын, дүйнө көз карашын, тарыхын жана салттарын баяндайт. Эпос өзүндө көп сандагы топонимдик, этногенетикалык жана тарыхый аталыштарды белгилейт.

Белгилүү манасчылар: Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков, Жусуп Мамай ж. б. Ошондой эле, кенже эпостор жана дастандар дагы бар мисалы, «Эр-Төштүк», «Жаныш-Байыш», «Кожожаш», «Жаңыл-Мырза», «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөй», «Курманбек», «Кененсары», «Алымсарык», «Кулансарык» жана башкалар.

Мындан тышкары акындар дагы абдан белгилүү. Алардын атактуулары: Арстанбек Буйлаш уулу, Токтогул Сатылганов, Женижок Көкө уулу, Барпы Алыкулов, Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиев, Замирбек Үсөнбаев ж. б.

Кыргыздар айтылуу кыз-жигит ортосундагы «Сармерден» жана акындар ортосундагы «Айтыш» аталган таймаштарды да уюштурушат. Айтыш — комуз менен импровизация жасаган акындар катышкан сынак. Элдик музыканы кыргыздар ырларга жана күүлөргө бөлөт. Күүлөргө, бардык кыргыз эл аспаптарына арналган музыкалык чыгармалар таандык. Музыкалык аспаптардын эң атактуусу — үч кылдуу чертме аспап — комуз. Мындан тышкары эки кылдуу жаалуу кыл кыяк жана тилчелүү темир ооз комуз жана жыгач ооз комуздар дагы атактуулугу боюнча калышпайт.

Кыргыз фольклору ырым-жырымдык поэзия жана лирикалык жанрдан тышкары үгүт-насыят, акыл-насааттык оозеки поэзия менен берилген: макал-лакаптар, табышмактар, жомок-уламыштар, жаңылмачтар, акыя же акыйнек айтышуулар, мифтер (аңыздар) жана легендалар, апыртмалар ж. б (кошумча: Кыргыздардын байыркы маданиятынан, материалдык маданият).

Кыргыз маданиятында чоң орунду улуттук балет жана опера ээлейт. Дүйнөгө белгилүү балет өкүлдөрүнө Бүбүсара Бейшеналиева, Чолпонбек Базарбаев, Уран Сарбагышев, Рейна Чокоева, Айсулу Токомбаевалар кирет.

Белгилүү дүйнөлүк сахналарга чыгып Кыргызстанга атак-даңк алып келген опералык ырчылар: Хусейн Мухтаров, Эсенбүбү Молдокулова, Сайра Кийизбаева, Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартбаева, Анвар Куттубаева, Абдылас Малдыбаев, Эсенбү Нурманбетова, Токтоналы Сейталиев, Дарика Жалгасынова жана башкалар. Белгилүү композиторлор: Абдылас Малдыбаев, Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов, Насыр Давлесов ж. б.

Улуттук адабияттын негиздөөчүлөрүнүн бири катары саналгандар: Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Алыкул Осмоновдор.

Заманбап адабият кийинкидей жазуучулардын чыгармалары менен берилген: Чыңгыз Айтматов, Шербото Токомбаев, Мар Байджиев ж. б.

Белгилүү кинорежиссёрлор: Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Динара Асанова, Болот Шамшиев, Дооронбек Садырбаев, Мелис Убукеев, Нуртай Борбиевдер.

Актёрлор: Сүймөнкул Чокморов, Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева, Сатыбалды жана Мираида Далбаевалар, Дооронбек Садырбаев, Жамал Сейдакматовалар.

Эстрада ырчылары: Роза Аманова, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева, Зейнеп Шакеева, Асанкалый Керимбаев, Асылбек Өзүбеков, Рыспай Абдыкадыров, Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев, Мирбек Атабеков жана башка көптөгөн ырчылар. Мирбек Атабеков заманбап кыргыз эстрадасын дүйнөлүк деңгээлге көтөргөн ырчылардын бири болуп, ырчынын чыгармаларын Кыргызстан гана эмес, андан тышкаркы өлкөлөрдө дагы жактырып угушат.

Улуттук оюндар

Кыргыздар арасында жекеме-жеке жана ат оюндары популярдуу. Улуттук оюндардын түрлөрүнө күрөш жана алыш, жорго салыш, улак тартыш, тыйың энмей, кыз куумай, чабандестердин жекеме-жеке күрөшү — оодарыш, арткан тартмай, логикалык оюн — тогуз коргоол, топ таш, жамбы атмай, ордо, ак чөлмөк жана башкалар кирет. Тогуз коргоол оюну сүйрү тактай үстүндөгү үйлөр аталган чуңкурчаларга арча тобурчактарын салып ойноочу инттеллектуалдык оюнду билдирет. Мында ар бир оюнчу татаал эсептерди жүргүзүп, бир чуңкурчадан экинчисине шар түрүндөгү арча коргоолдорун салып чыгуу керек. Байге чабыш дагы кыргыздын сүйүктүү улуттук оюндарынын бири, бирок ат оюндардын апофеозу катары улак тартыш же көк бөрү саналат.

Көк бөрү же улак тартыш
Көк бөрү же улак тартыш

Кыргыздар бүгүнкү күнгө чейин жылкы баласын багып-өстүрүп келишет. Ал эми кыргыз тилинде жылкыларды туулганынан тарта жашоосунун аягына чейин дифференциациялаган ондон ашык аныктама же аталыштар бар. Жылкы ийгиликтин, жакшылыктын символу катары саналат: кыргыздар дал ушул ат үстүндө душмандар менен салгылашып жеңишке жетишип, бир далай аралыктарды жылкынын жардамы менен багындырышкан, тартышчылыкта жылкы эттин, кымыздын булагы болгон. Жорголор кыргыздар арасында өзгөчө бааланат. Жылкынын мүнөзү анын жетишээрлик тездиги, бир калыптуулугу менен бааланып, чабандес жолго чыкканда көп чарчабайт. Мыкты жорго чыныга толо куюлган сууну төкпөйт деген айтымдар бар.

Кыргызстанда, кыргыздар тарабынан түрк тилдүү өлкөлөр саммитинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү демилгеси биринчилерден болуп сунушталып, бардык катышуучулар тарабынан колдоогоо ээ болгон жана көчмөндө оюну кайра эле биринчилерден болуп Кыргызстанда өткөрүлгөн жана өткөрүлүп келет (2014-жылдан тарта).

Ошондой эле, кыргыздар арасында алгыр куштар жана ууга колдонулуучу иттер (тайгандар) менен «Салбуурун» аталган көрсөтмө оюндарды өткөрүү да белгилүү.

Тил

Заманбап кыргыз тили, түрк тилдеринин кыпчак тобунун, кыргыз-кыпчак топчосуна таандык. Кыргыз тили түндүк жана түштүк диалекттеринен, таластык айтымдан, фергана-кыпчак тилинен турат.

1928-жылга чейинки жазуу араб жазуусунун негизинде болгон. 1928—1940-жылдары латын алфавити колдонулуп, 1940-жылдан тарта кириллицалык жазуу киргизилген.

Үй-бүлө жана нике

Салттуу кыргыз үй-бүлөсү патриархалдык мүнөзгө ээ, бирок замандын өзгөрүүсүнө жараша акырындык менен аралаш/теңдеш/демократиялык формасына өтүү тенденциясы байкалууда.

Эгер үй-бүлөдө күчүү баласы эркек болсо, үйлөнгөндөн кийин ата-энесинин үйүндө калуу салты бар. Үй мурас катары ошол баласына калат. Салтка ылайык ар бир кыргыз атасы жагынан жети атасын билүү зарыл. Кыз күйөөгө чыгуу менен дээрлик күйөөнүн үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуп калат. Нике той алдында кыздын үй-бүлөсү кыз узатуу салтанатын өткөрөт.

Эскирген деп саналган «ала качуу» салты учурда (2023) кылмышка барабар. Эркине каршы кызды уурдап качуу XX кылымда жана андан мурда гана салт катары саналчу. Мурда эрте кудалашуунун формалары бар болчу — бел куда (төрөлө элек балдарга кудалашуу) жана бешик куда (наристе балдарга кудалашуу). Биринчи учурда төрөлө элек балдардын келечек нике тою тууралуу жакын достор, жакшы санаалаштар сүйлөшүп алышчу. Эреже катары келечекте мындай адамдардын балдары аларды аяш ата же аяш апа деп аташат.

Улуттук кийим

Кыргыздын улуттук кийимине көчмөндөргө мүнөздүү кийимдер таандык — ыңгайлуулук, көп функционалдуулук жана материалдарынын табигыйлыгы. Кыргыз элинин аялдарынын жана эркектеринин улуттук кийими ички (этке кийилүүчү) жана тышкы кийимден турат. Ички кийимге көйнөктөр жана чалбарлар тиешелүү. Көйнөктөн тышкары эркектердин шымдары териден жана ийленген териден жасалгандары да болгон — жаргак шым, кандагай, шалбар.

Аялдардын көйнөктөрүндө дайыма саймалар болгон же түстүү жиптер менен сайылган жакаларды көйнөктүн үстүнөн кийишкен. Анын үстүнөн кийиз, баркыт, тукаба, вельвет, барча жана териден жасалган, улуттук орнаменттер менен көркөмдөлгөн чапандар, чепкендер, кементайлар (ак кийизден), кемселдер, чыптамалар (жеңи кыска) кийилген.

Жыл мезгилдеринин суук күндөрүндө кыргыздар — аял-эркектер — койдун, түлкүнүн, карышкырдын, жолборстун, илбирстин терисинен жасалган, кара кездеме менен капталган, жакасы жаныбарлардын түгүнөн болгон ичик-тондорду кийип жүрүшкөн.

Аялдардын кийиминин уникалдуу болгон элементи катары каптама бел көйнөк — белдемчи, мындан тышкары моюнду жана чачты жапкан, 20-30 метрлик ак кездемеден турган баш кийим — ак элечек саналат, буларды жашы өтүп калган эрдүү-күйөөлүү аялдар кийишкен.

Элечек баш кийими негизинен баркыт кездемелер жана канаттуулардын канаты менен көркөмдөлүп, күмүштөн, берметтен, маржандан жасалган ар кандай жасалгалоолор менен дагы кооздолгон. Бул баш кийим зарыл болгондо жайылып, мисалы, көчмөн кыргыз эли жолдо баратканда аял төрөп калса, же кайсы бир адам каза болсо, элекчектин кездемеси колдонулган.

Эркектердин белгилүү баш кийими, кийизден жасалган калпак. Кыргыз калпактары бычылышы боюнча түрдүү болгону менен, негизинен ылдый жагы кең болгон аны төрт кыйыктан тигишкен. Кыйыктарды капталдарынан тигишпейт, бул калпактын талаачаларын өйдө же төмөн түшүрүүгө мүмкүндүк берген. Адамдын жашына, социалдык абалына жараша калпактын түсү, кыйымдарды жана формасы айырмаланып турат. Мындан тышкары кийизден жасалган топулар, ошондой эле, киш, суусар, түлкү, илбирс, ач күзөн жана башкалардын түгүнөн жасалган тебетей дагы бар. Кыз-келиндерде мындай баш кийимдер канаттуулардын (үкү, каркыра) канаттарынан жасалган жыга (топ кыл) менен көркөмдөлгөн.

Бекем теринин негизинде жасалып, алтын, күмүш, жез, болот пластиналар менен капталып, зер таштар менен кооздолгон кемер же кур кыргыз элинин улуттук кийиминин маанилүү атрибуту. Салтка ылайык эгер адам бирөөнүн көңүлүн калтырса, мойнуна курун илип алып кечирим суроо керек делет.

Кыргыздар бутуна маасы аталган таманы жеңил жана жылуу териден жасалган жумшак өтүктөрдү кийишкен. Кийинчерээк мунун сыртынан көлөчтөрдү кошо кийе башташкан. Эркек бут кийимдин байыркы түрү ийленбеген териден жасалган «чокой», «чарык» жана «пайчек» аталган жарым өтүктөр болгон. Убакыт өткөн сайын кийимдер дагы өзгөрүп, учурда кыргыздар дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу, ыңгайлуу кийимдерди кийип калышты, ошого карабастан, кыргыз экенин бегилөө үчүн кийимдерине түрдүү орнаменттерди, желектин сүрөтүн түшүрүп алып кийгендер аз эмес, мындай нерсе көбүнчө чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар арасында көп кездешет.

Урук-тукумдук түзүм

Негизги макала: Кыргыз уруулары

Кыргыз элинин урук-тукумдук түзүмү өзүнө эки уруулук бирикмени камтыйт — «Отуз уул» жана «Он уул». Уруулар «Оң канат» жана «Сол канат» болуп топтоштурулат.

Кытай жазуу булактарына ылайык, урук-тукумдук түзүмдүн калыптанышы кыргыздарда XVI кылымдын биринчи жарымында аяктаган.

Санжырага ылайык кыргыздардын жалпы легендалык атасы деп «Долон бий» саналат. Долондун үч баласы болгон — Ак уул (Оң канат), Куу уул (Сол канат) жана Кызыл уул (Ичкилик тобу). Ак уулдун тукумдары Отуз уул уруулук бирикмесине кирген. Кызыл уул тукумдары Он уул бирикмесин түзгөн делет.

Отуз уул:

Он уул:

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 13640, Өзгөртүлгөн: 2023-12-14, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу