Бүбүсара Бейшеналиева (17-май 1926-жыл, Воронцовка, Кыргыз АССРи — 10-май 1973-жыл, Фрунзе шаары) — кыргыз, советтик балерина, бийчи, педагог. СССРдин Эл артисти (1958). Кыргызстандын биринчи балеринасы.
Белгилүү советтик балерина, кыргыз хореографиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылдан башкы солисти. 1947-жылы Кыргыз ССР эмгек синирген артисти, 1954-жылы республиканын эл артистигине жеткен. 1949-жылдан Фрунзедеги хореографиялык окуу жайынын окутуучусу.
1939-жылы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасында бийлеп чыккан. Сахнада тунгуч ирет В. Власов менен В. Ференин «Селкинчек» балетинде Зайнуранын ролун аткаруу аркылуу зор бийчилик жөндөмү ошондой эле, профессионалдык даярдыгын көрсөткөн. Б. Бейшеналиеванын күчтүү хореографиялык таланты «Чолпон», «Раймонда» спектаклдеринде байкалган.
Улуттук, ошондой эле, классикалык балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдардын бүтүндөй бир галереясын жаратып, өзүнүн көп кырдуу артисттик талантынын бардык көркү аркылуу ар тараптан ачууга жетишкен. Кыргыз профессионалдык хореографиясынын азыркы деңгээлге көтөрүлүшүнө салым кошкон, жеке өзүнө тийешелүү аткаруучулук салттарын мурас кылып калтырган. Артисттин ар бир көрсөткөн оюну назиктиктин, сулуулуктун, шаттыктын жаркын майрамына айланып турган.
Кыргыздын балет өнөрүнүн даңкын көптөгөн жерлерге атак-данкын чыгарган. Бүбүсара катышкан «Чолпон» балет фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Өзгөчө 1958-жылы кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн 2-декадасында Б. Бейшеналиева борбордук көрүүчүлөрдүн да, адистердин да эң жогорку баасына татыган. «Асел» балети мыкты опералык жана балеттик спектаклдердин сынагында сыйлыкка ээ болгон. Ошол эле ролду аткарганы үчүн 1970-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган.
Көздөрү көк болгонуна байланыштуу, кичине кезинен «Көк көз» аталган Бүбүсара 1926-жылдын 17-майында (башка маалыматтар боюнча — 8-апрель, төмөдө маалымат берилет) Воронцовка айылында (Чүй облусунун Аламүдүн районунун учурдагы Таш-Дөбө айылы) дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1936-жылы он жашында кыргыз балдарынын тобу менен Ленинград хореографиялык окуу жайына (учурда А. Я. Ваганова атындагы орус балетинин Академиясы) жөнөтүлүп, ал жакта А. Ваганованын башчылыгында билим алган. «Бүбүсара Бейшеналиева» атындагы фонддун төрайымы Дамира Ниязалиеванын айтуусу боюнча, Бүбүсараны Россиялык балет адистер ойноп жүргөн жеринен тандап алып, аны ата-энесинин макулдугу менен Ленинградга алып кеткен. Муну Дамира Ниязаливага тая энеси айтып бергенин билдирген. Окуу жайды 1941-жылы аяктаган. 1948—1949-жылдары ошол эле окуу жайдын жакшыртуу классында, кайра эле А. Вагановадан билим алган.
Кийинчерээк, өзүнүн эскерүүсүндө: «Шаарда (Ленинградда, учурдагы Санкт-Петербургда), На Неведе («На Неве» — Ленинграддагы балдар драма театры)» мага жакшы мамиле кылып турушту. Г. С. Уланованын тажрыйбалуу педагогдору, мугалимдери мага жана башка Кыргызстандан келген жаш окуучуларга өз билимдерин берип жатышты. Биздин ийгиликсиз учурларыбызды жана кайгы-капаларыбызды алар жүрөгүнө өтө жакын кабыл алышып, биринчи ийгиликтерибизге кубанып турушту».
Бүбүсаранын дебюту 1939-жылы Чоң театрдын сахнасында, «Кыргыз искусствосунын жана адабиятынын биринчи декадасы» учурунда болгон («Селкинчек» балети, башкы роль, Зайнура).
1941-жылдан тарта — Фрунзе шаарындагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынан солисткасы.
«Анар» балетинен башталган Кыргыз ССРинин эл артисти Уран Сарбагышев болсо Бүбүсаранын он сегиз жыл бою өнөктөшү болгон.
Концерттерде соло бийлер менен чыгып, СССР жана чет өлкөлүк шаарларына гастролдорго чыккан.
1949-жылдан тарта Муратаалы Күрөңкеев атындагы Фрунзе музалык-хореографиялык окуу жайында (учурдагы Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жай) окутуучу.
СССР Жогорку Кеңешинин 6—7-чакырылышынын жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 4—5-чакырылышынын депутаты.
Узакка созулган катуу оорудан кийин 1973-жылдын 10-майында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Ала-Арча көрстөнүнө коюлган.
Күйөөсү — Ахмат Аманбаев (1920—1964) — кыргыз композитору, дирижёр, педагог. Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1963). Баласы — Эрмек Бейшеналиев, мемуарлардын автору.
Бейшеналиеванын баласы Эрмектин айтуусу боюнча балерине 1926-жылдын 8-апрелинде төрөлгөн. Күйөөсү Ахмат Аманбаев менен ажырашкандан кийин, паспортун алмаштырып, жаңысында баласынын төрөлгөн күнү (17-май) көрсөтүлгөн. Муну ал баласы экөөнүн төрөлгөн күндөрү бир болуу каалоосунан болгон имиш. Чыныгы аты — Бибисара, паспортунда Бюбюсара деп орусча жазылган, анткени бардыгы аны ушундай аташкан. Театрда болсо аны бардыгы «Бибочка» же «Биба» дешкен.
![]() | Сумая Эн сонун чыгарыпсынар дагыда чыгара бергиле |
![]() | Али Жыргалбекович Чон ырахмат окуудан ото жардам берди |