Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Курош оюну

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Курош оюну

"Курош оюну" бул - спорттун эң эски түрлөрүнүн бири. Биздин доорго чейинки 2500-жылдарда эле күрөшкө египеттиктер кызыгып келишкен. Күрөштү байыркы гректер да жакшы көрүшкөн. Ал мезгилде мелдеш көбүнчө кумдуу аянтчада өтө турган. Балбандардын жылаңач денеси кумдан улам жылмакай болбой, бири-бири менен кармашууга оңой болгон. Денеси күнгө тотуккан балбан баатырлар жекеме-жеке көпкө таймашат да, капысынан чабуулга өтүшөт. Ар бир балбандын өзүнө жаккан ыкмасы болот. Бирөө тең тайлашып буттан алууга аракеттенсе, экинчиси моюнду кысууга тырышат, үчүнчүсү ийинден кармап жыгууга далалаттанат. Атаандашынын далысын, жамбашын же ийинин үч сапар жерге тийгизген адам гана жеңүүчү болуп жарыяланган.

Орустар байыртан бери эле күрөштүн белдешүү, коюн-колтукташуу өңдүү ыкмаларын жакшы көрүшкөн. Ал мезгилде майрамдар, элдик оюн-тамашалар да ушул сыяктуу күрөшсүз өткөн эмес. Дүйнөдө ар түрдүү өлкөлөр менен элдердин балбандары пайдаланып келген күрөштүн ар кандай ыкмаларынын көп түрү бар. Ошол байыркы замандан бери келе жаткан ыкмалардын айрымдары азыркы балбан-спортчулар тарабынан да колдонулуп жүрөт. Мисалы, классикалык күрөштү мурда грек-рим күрөшү деп аташкан. Күрөштүн ушул түрү байыркы гректер менен римдиктердин күрөшүн эске түшүрөт.

"Курош оюну" баштаганда балбандар атайын кийимин кийинип, килемдин ортосуна чыгышат да колдорун кысышат. Ошентип, күч сынашуу башталат. Ар бир балбандын максаты: теңтайлашынын далысын жерге тийгизүү. Спортчулардын өздөрү айткандай, таза женишке жетүү. Болбосо - упай чогултуп женет. Упай ар бир туура колдонулган ыкма үчүн берилет. Орустун баатыры Иван Поддубный мыкты балбандардын бири болгон. Ал дүйнөнүн чемпиону деген наамды алты жолу жеңип алган.

Анын далысын жерге тийгизген бир да адам болгон эмес. Кыргыздын балбаны Кожомкулдун атагы да элге белгилүү. Өз кезегинде аны менен таймашкан бир да балбан чыккан эмес. Грек-рим күрөшү боюнча 20-кылымдын эң мыкты балбаны, атактуу Раатбек Санатбаев аттуу агабыз дүйнөгө белгилүү. Эркин күрөштү алалы. Адегенде бул күрөш классикалык күрөш сыяктанып көрүнүшү мүмкүн. Бирок күрөшүп жаткан балбандар бирин-бири чалып жыкмайынча ошондой болуп көрүнөт. Чалуу деген эмне? Эркин күрөштүн классикалык күрөштөн айырмасы - мында чалууга, бутка кагууга, теңтайлашын буттан көтөрүп жыгууга уруксат бергендигинде.

Эркин күрөштүн ар түрдүү элдерден да кабыл алган ыкмалары бар. Дзюдо күрөшү Японияда пайда болгон. Дзюдонун эркин күрөштөн айырмасы оорутуучу жана муунтуучу ыкмаларды колдонууга жол бергендигинде. Күрөштө жеңип чыгуу үчүн кээде балбан теңтайлашынын чыканак же ийин муундарын кайрып, буттун тарамышын бурап, эзгилөөгө чейин барат. Самбодон орус, кыргыз, казак, азербайжан, грузин, тажик элдеринин күрөштөрүнүн ыкмаларын көрүүгө болот. Самбо кыскартылган сөз. Бул куралсыз коргонуу дегенди билдирет. Самбонун ыкмаларын билген адам бычаксыз, тапанчасыз эле бир, ал тургай кол салган бир нече кишини багындырып, тез эле колунан куралын түшүрөт. Ошондуктан милиция кызматкерлери самбонун ыкмаларын бекеринен үйрөнүшпөйт.

Кыргыз күрөшү элдик майрамдын, оюн-тамашанын бир бөлүгү болгон. "Курош оюну" анда чалууга, бутту кагууга жана колдон, буттан кармап жыгууга улуксат берилет. Бул күрөш эркин күрөшкө жакын, ал республикада бирдиктүү эреже катары кабыл алынган. Жердешибиз Кожомкулдун ысымындагы байгени жеңип алуу үчүн эркин күрөш боюнча мелдеш өлкөгө кеңири маалым.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 7505, Өзгөртүлгөн: 2018-03-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо