Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бөкөнбаев Жоомарт (1910-1944)

Бөкөнбаев Жоомарт (1910-1944)Жоомарт бүткүл өмүрүн, талантын эл-жерине, чыгармачылыкка арнаган патриот акын эле. Ал Токтогул, Эшмамбет, Коргоол төкмөлөр чыккан азыркы Токтогул районундагы Мазарсай айлында төрөлгөн. Атасынан эрте ажырап калган жаш Жоомарт турмуштун көп кыйынчылыктарын башынан өткөрөт. Ар кимге жалданып кой кайтарат. Ошондо болочок акын Арым жайлоосун нечен ирет аралаган.

Көз жоосун алган кооз жайлоонун шылдырап аккан тунук булагы, учу-кыйырсыз көйкөлгөн талаасы, асман тиреген зоокалары акындын шыгын эрте ойготкон. Жоомарт Боконбаев билим алууга талпынып, адегенде Арым мектебинен, андан соң Жалал-абадтагы Көгарт жетим балдар интернатында, Ош педагогикалык текникумда окуйт. Кийин Фрунзе педтехникумунда окуусун улантат. 1935-жылы Москвадагы Коммунисттик университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн соң узак жылдар бою газета-журналдардын редактору болуп иштеген.

Токтогулдун ырларын эл арасынан чогултуп, жалпы кыргыз журтчулугуна тааныткан. Жаңы замандын жарчысы катары акын Совет бийлиги, социалисттик курулуш, жумушчу-шахтёрлордун эмгеги жөнүндө ырларды жазган. Анын Жаз, Жайдын кечи, Эмгек, Кеңеш көзүн ачты, Забойщиктер сыяктуу ырлары эл арасына кеңири тараган. Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү ырлар Жоомарттын чыгармачылыгында бөтөнчө орунду ээлейт.

Согуштун алгачкы жылдарында жазылган Ата-Журт үчүн майданга!, Антым, Кош, Ала-Тоо уулуң кетти майданга, Жүрөгүм менин Кызыл Туу өңдүү ырлары Мекенди сүйүүгө, коргоого үндөп, жеңишке шыктандырган. Акын согуш талаасында болуп, алааматты өз көзү менен көрүп келген. Адам каны суудай агып, жер куйкалаган майдан акындын каңырыгын түтөткөн.

Бирок ушундай апаатта жеңиш жаратып, алгалап баратышкан советтик жоокерлердин майтарылбас күчүнө, кетилбес эркине арнап Ажал менен Арнамыс аттуу поэмасын жазган, Боконбаев кыргыз драматургиясына да зор салым кошкон. Ал Семетей, Каргаша пьесаларын, Алтын кыз, Токтогул музыкалуу драмаларын, Айчүрөк (Ж. Турусбеков, К. Маликов менен бирдикте), Токтогул операларынын либреттолорун жазган. Бишкек шаарынын Эркиндик гүлбагынын түштүк тарабында акынга арналган эстелик турат. Эстеликти көргөндө таланттуу акын Алыкул Осмоновдун:

Анын ыры таттуу тилдүү бала эле,

Бул замандын чын сүйүктүү жаны эле.

Жорголугун салыштыра келгенде,

Шырдакбектин жоргосундай бар эле - деген ыр саптары эске түшөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 18934, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо/Пикирлер