Карлуг жабгулугу


Карлук жабгулугу (766-940-ж.) Тургош кагандыгынын ордунда Турк урууларынын бирикмеси - карлуктардын мамлекети пайда болгон. «Карлук бодун» (карлук эли) же «уч карлук» (карлуктардын уч уруусу) деген атты Монгол Алтайынан Балхаш колуно чейинки, Тарбагатай кырка тоолорунан туштукко жана тундукко карай аймакты ээлеп жаткан кочмон уруулардын кучтуу союзуна таркатышкан. Карлук бирикмесинин курамына булак, чигил (же себек), жана ташлык деген уч ири уруу кирген болучу. Уруулардын карлук союзунун тарыхынын баштапкы мезгилинде эле алардын аймактык жана саясий бытырандылыгы белгиленген. Карлуктардын бир болугу 6-к-дын экинчи жарымында же 7-к-дын башталышында Тохарстандын аймагынын бир болугун ээлеген. Алардын башчысы «жабгу» деп аталып, Батыш Турк, андан кийин Тургош кагандарына коз каранды болгон.

Тохарстандык карлуктар араб баскынчылары менен курошто корунуктуу ролду ойношкон. Карлуктардын дагы бир болугу монгол талааларын мекендешкен. Тарбагатайлык карлуктардын кучтуу армиясы болгон. Чыгыш жана Батыш Турк кагандыктарынын чек арасындагы аймакты ээлеп, кээде бирине, кээде экинчисине баш ийип турган. 8-к-дын биринчи чейрегинде алар уч жолу Чыгыш Турк кагандыгына каршы которулушко чыгышкан. Карлуктар экинчи Турк жана Тургош кагандыктарынын кулашына алып келген саясий окуяларда башкы ролдордун бирин ойношкон. 744-ж. басмыл, уйгур жана карлук урууларынын бириккен кучтору экинчи Турк кагандыгын кыйратышат. Натыйжада Уйгур кагандыгы (744-840-ж.) тузулуп, анын башчысы.

Элетмиш Билге каган (744-759-ж.) деген титулду алат. «Уйгур» аталышы байыркы турк тилинде «уюшкан», «уюткулуу», дегенди тушундурот. Бул бирикмеге 19 уруу баш кошуп, башында Яглахар уруусу турган. Уйгурлардын бийлиги Алтайдан Манжурияга чейин тараган. Карлук жабгулугу озунун баштагы союздаштарына коз каранды болуп калат. Мунун озу бир катар кагылышууларга алып келип, кысымга алынган карлуктар 746-ж. Жетисууга кочуп кетишет. Мында саясий кырдаал абдан татаал болучу. Тургош кагандыгындагы токтолбогон кармашуудан улам андагы бийлик жургузулбой калат.

Муну Чыгыш Туркстандын Тань династиясынын наместниктери оз таламдары учун пайдаланышкан. 748-ж. Кытай армиясы Чуй ороонуно басып кирип, Суяб ш-н ээлеп, аны кыйратат. Кийинки жылы кытайлар Чач (Ташкент) акимин туткунга тушуруп, аны асып ташташат. Кытайларга карлуктар жардам берген. Жагдайды байкаган арабдар Тань империясынын Орто Азиянын иштерине одоно кийлигишуусуно жол беришпей. Зияд ибн Салих башчылык кылган аскерлер кытайларга каршы бет алышат. Бул кабарды уккандан кийин кытай колбашчысы Гао Санчжи жуз мин аскери менен арабдардын жолун тосуп Суябдан чыгат. Эки армия 751-ж. июлда Талас ороонундогу Атлах шаарында (азыркы Манас районунун Покровка айылынын тундугуроок жагындагы урандылар) беттешишкен. Бет келишкен эки армия дарыядан отууго батынбай, терт кун тирешип турушту.

Бешинчи куну карлуктардын атчандары чыккынчылык кылып кытай армиясынын арт жагынан сокку урат. Ошондо арабдар алардын бет мандайынан чабуулга отот. Эки жактан тен кысымга алынган кытай аскерлери туруштук бере албай, Талас дарыясынын тар капчыгайын коздой баш калкалап качышат. Орто кылымдардагы тарыхчы Ибн-ал-Асирдин маалыматтарына Караганда Атлахтагы салгылашууда кытайлыктар набыт болгон 50 мин жана туткунга тушкон 20 миндей адамынан айрылышкан. Турктор учун бул жеништин мааниси чон болгон. Анткени, ушул женилуудон кийин Кытай аскерлери болжол менен мин жылча Орто Азиянын чегараларына жологон эмес.

Мунун озу аймакта мусулман маданиятынын онугушун камсыздаган. Ошентип, карлуктар кытай аскерлерин кыйратууда маанилуу роль ойноп, Жетисууда озулорунун абалын бекемдешти. 751-ж. уйгурларга каршы курамына карлуктардан тышкары, турктор, кыргыздар жана чик уруулары кирген коалиция тузулгон. Союздаштар чечкиндуу аракет кылышкан эмес. Айрымдары уйгурлар тарапка отуп, максаты жонундо билдиришкенде, Элетмиш Билге каган союздаштарды жалгыздап талкалаган.

2016-05-20 1188 Кыргызстандын тарыхы Жыргалбекова С. 2016-05-20