«Кыргыз тилим өнүксүн» сынагына катышыңыз! (2-сынак)

Кыргыз улут атынын аталышы жөнүндөгү уламыштар


Кыргыз улут атынын аталышы жөнүндөгү уламыштар кыргыздар ичинде эң кеңири таралган, эртеден айтылып келе жаткан уламыштар эсептелет. Алар төмөнкүдөй: Кырк жүз уламышы. Бул уламышта кыргыздар кырк уруу элден куралган экен, алардын жалпы саны 40 жүз эл болгондуктан, Кырк жүз эл деп аталыптыр, ал сөз кийин кыскарып барып Кыргыз болуп айтылып калган, деген мазмунда айтылат. Кырогуз уламышы. Илгери кыргыздын түпкү бабасы Каракан деген болгон экен, андан Огузкан деген уул төрөлүп, андан 24 бала болуптур, бул 24 бала ойноп жүрсө бир көк бөрү пайда болуптур, аны өлтүрмөк болушса, ал бөрү туюп калып, Теңирге жалынып, асмандан катуу жаан жаадырып, топон-суу балаасын (балээ деген мааниде) келтириптир. Ошол 24 баладан жалгыз бирөө тоого качып кутулуптур.

Огузкандан калган ошол бир бала Кырогуз аталып кетиптир да, ал сөз кийин кыргыз болуп айтылып калыптыр. Кыркез уламышы. Кыргыздын түпкү бабасы түрк экен. Андан бир нече бала төрөлүптүр. Бир баласы чечек оорусуна чалдыгыптыр, аны бир ээн жерге алып барып салган экен, ал кайыптын кызы менен той жасап, бир балалуу болуптур, ал баласына Кыр кезип жүргөн кезде төрөлдүң деп Кыркез деп ат коюптур.

Ошол Кыркездин тукум уругу тез эле көбөйүп бир эл болуп чыккан экен. Кийинчерээк ал эл кыргыз аталып калыптыр. Кырк кыз уламышы. Бир заманда ханзу (кытай) райондорунан түндүк тарапка кырк ханзу барып, ошол жерде жашаган ууз (огуз) элинин жигиттери менен той жасаган. Ошолордон тараган урпактар кырк уз же кырк кыз болуп аталган, ал аталма кийинчерээк кыргыз болуп айтылып кеткендиги айтылат. Бул уламыш ййуан тарыхы жувурапиялык (географиялык) маалыматтарда жазылып калган. Байыркы ата-тек: Нух, Йафес, Туран, Түрк, Түтөк хан, Элчи хан, Диб-Баку хан, Күйүк хан, Аланча хан, Кара хан, Өгүз хан, Too хан, Кыргыз хан, Сафаршаа, Шааданбек падыша, Ал хан, Рашидин ак хан, Апалхан, Шаршенбай, Эршенбай, Буракан хан, Камбар хан, Кашык хан, Аргын хан, Алыхан, Арслан хан, Калыйдин бий, Кылмый бий, Шафыр бий, Тимуш бий, Арстан бий, Атан бий, Шүкүр бий, Санкин бий, Сарыбай, Муратбай, Телкозу, Калпакбай, Көктемиш, Газы бий, Домбул бий, Долон бий, Бозуул, Акуул.

Байыркы уруулар: Катаган, Багыш, Могол, Карачоро, Тейит, Жоокесек, Дөөлөс, Бостон, Нават, Болгон, Нойгут, Сурама, Окчу, Каракалпак, Шыбаа, Серпи, Эдигер, Бадам, Кыдырша, Кызыл аяк, Мундуз, Кушчу, Кылыч тамга, Айсак, Каба, Дабат, Кырчак, Толоо, Жетиген, Саяк, Сапыран, Көлөп, Ардай, Тоту, Шаңкай, Көкүн, Такыдак, Калча, Байчоро, Жанчоро. Байыркы кыргыз урууларынын ар биринин өзүнчө бийлик башчысы, туусу, эн тамгасы, мөөрү болгон. XX кылымдагы кыргыз уруулары: Оң канат: Катаган, Саяк, Адигине, Мункуш, Татай, Черик, Коңурат, Азык, Окчу, Алач, Думара, Багыш. Сол канат: Басыз, Жетиген, Кылычтамга, Кытай, Чоңбагыш, Жедигер, Мундуз, Карабагыш, Кушчу, Саруу. Ичкилик: Бостон, Тейит, Жоокесек, Дөөлөс, Кыдыршаа, Каңды (Каңлы), Кесек, Абат, Оргу, Нойгут, Кыпчак, Найман, Керей, Дуулат, Жалайыр, Мерке. Баш атадан балага чейин. Бабалар Урпактар Баш ата Бала Түп ата Небере Тек ата Чебере (Чүрпө) Кеп ата Кыбыра Бек ата Эбере (Чебере) Жээк ата Эгене Көп ата Тегене Сак ата Убара Жото ата Агана Жете ата Абара Жоңкоң ата Чагана Бабага Бегене Абага Өркөн Баба, чоң ата Ата Кыргыздар жазма тарыхта. Ал эми тарыхчылардын илимий жактан аныктамасы али да болсо күдүк сыяктанат, бир пикирге келише элек. Алар тилдик өзгөчөлүктү эске алып, кырк жүз, кырк эр, кара чачтуу эр, кыргын сөзүнөн улам божомолдуу кайталашат.

Кыргыздар ыйык ысымды эзелтен сыймыктанып, ардактап намыс менен, аны коргоп да алып жүрүшкөн. Байыркы жазма тарыхка үңүлсөк кыргыздарды бөлөк элдер, айрыкча кытай жазмалары боюнча алсак, ар түрдүүчө чакырышкан экен: хягас, гянь-гунь, гэгэсы, хягя, цзегу, кигу, цигу, киликидзы, хэргис ж. б. ушул сыяктуу. Улут дареги. Ал эми илимпоз тарыхчылар, изилдөөчүлөр кыргыздын эң алгачкы жаралган дооруна ар кандай көз карашты, бааны беришет. Айрым изилдөөчүлөр беш-алты миң жылга жеткиришсе, айрым дары андан саал азайтып айтышат. Эзелки Чыгыш жазмаларында, айрыкча Кытайдын эски жазмаларында кыргыздардын уруу, эл болуп, хандык күткөн даректерине 2200 жылдан ашык мезгилди айтышат. Ага чейинки эл тарыхын, маданиятын кылымдар боюнча сыдырып карасак, улутубуз жөнүндөгү узак даректер али да болсо тактала, изилдене элек, көмүскөдө арбын.

2016-05-20 1992 Кыргызстандын тарыхы Жыргалбекова С. 2016-05-20