Кыргыз музыкалык аспаптары же улуттук музыкалык аспаптар — кыргыз элинин улуттук салтуу музыкалык аспаптары. Кээ бир аспаптар алгач тиричилик буюмдарынын кызматын аткарган, убакыттын өтүшү менен кыргыз элдик музыкалык аспапка айланган.
Кыргыз эли байыртадан эле ар кардай музыкалык аспаптарды колдонгон. Музыка, кыргыздарды түрдүү жашоо учурларында коштоп келген — аскер жүрүштөрү жана коноктордун кездешүүсүнөн тарта, салтанаттуу майрамдарга чейин (Кыргыз музыкасы макаласын караңыз).
Салттуу кыргыз музыкалык аспаптарынын көптөгөн түрлөрү болгон, мисалы кылдуу аспаптарга — комуз, жетиген кирет; жаалуу аспаптарга — кыл кыяк; үйлөмө аспаптарга сыбызгы, чоор, чопо чоор, сурнай, керней; урма аспаптарга — добулбас, доол, аса-таяк, шылдырак ж. б. таандык.
Жалпы музыкалык аспаптар жөнүдөгү макаланы караңыз.
Аспаптарды жыгачтын ар кандай түрлөрүнөн, металлдан, тоо текенин же аркарынын мүйүздөрүнөн, мал-жандын терисинен, кылдарынан жана туяктарынан жасашкан. Аспаптар кылымдар бою жакшыртылып келген.
Байыркы музыкалык аспаптар жөнүндө «Манас» эпосунун барактары, көптөгөн баяндар жана легендалар күбө боло алат. Эң алгачкы күбөлөр биздин заманга чейинки VII–VIII кылымдардагы кытай жазмаларына таандык.
Кыргыз музыкалык аспаптары жөнүндө кыскача маалыматтар, XIX кылымдын экинчи жарымындагы жана XX кылымдын башындагы тарыхый жана этнографиялык изилдөөлөрдө кездешет. Мисалы, белгилүү орус изилдөөчүлөрү М. Бичурин, В. Радлов, В. Бартольд, Н. Аристов, М. Венюков, Н. Северцев, П. Семенова–Тянь-Шанскийдин, ошондой эле казак окумуштуусу Ч. Валихановдун эмгектеринде.
Негизги макала: Комуз
Комуз — кыргыздын байыркы чертме аспабы (кылдуу музыкалык аспаптар). Эки негизги бөлүктөн турат: чарасы жана моюну, буларды бойлой кылдары тартылат. Узундугу болжолдуу — 90см, эң жазы жери — 19,5-22,5 см. Бардык элементтери: чарасы, башы, моюну, кылдары, буроолор, тепкеси, капкагы. Мурда кылдарын малдын ичегисинен жана тарамыштарынан жасашкан, учурда капрон жана синтетикалык жиптер колдонулат. Комуздун үнүнүн сапаты анын кылдарынан жана жасалган материалдын сапатынан көз каранды.
Байыркы комуздар дайыма ат үстөндө жүргөн адамга ыңлайгаштырылып, кичирээк болгон. Ошондой эле, алар чарасынын формасы менен айырмаланган. Мисалы, улуу акын Токтогулдун комузунун формасы ромб түрүндө болгон.
Жангак, арча, өрүк жыгачынан жасалат. Булардын арасынан эң баалуусу өрүктөн жасалганы саналат. Мурда кылдарын малдын ичегисинен жана тарамыштарынан жасашчу, азыр негизинен синтетикалык жиптерден жасашат (капрон, нейлон).
Комуздун жаралышы боюнча белгилүү легенда бар, ал тууралуу «Кыргыз комузу кайдан чыккан?» аттуу макаланы караңыз.
Негизги макала: Кыл кыяк
Кыл кыяк — өрүктүн же тыт жыгачынан жасалуучу, эки кылдуу жаалуу (орусча смычок) аспап. Узундугу — 65-70см ашпайт, чарасынын терендиги — 3,5-5 сантиметр келип, формасы көңтөрүлгөн жана жара кесилген алмурутту (же ашпуртту) элестетет. Чарасынын бети жарымына чейин тоонун терисинен ийленген дека (капкак) менен жабылган. Төмөн жагынан туурасынан тирөөч (тепкек) орнотулат. Төмөн жагынан деканын ортосунан жука тери кесиндиси — куткун (кыл кармагыч) тартылат, анын чети аспаптын аягына бекийт.
1938-1940-жылдары музыкалык аспаптарынын конструктору П. Шошин тарабынан кыл кыяктын жаңы түрлөрү өркүндөтүлгөн — кыяк-прима, кыяк-альт, кыяк-бас. Бирок, булардын колдонулушу өтө сейрек көрүнүш.
Негизги макала: Керней
Керней — кыргыздын үйлөмө аспаптарынын бири, горн аспабынын аналогу (үйлөмө музыкалык аспаптар). Табигый үн катарындагы катуу үндү чыгарат. Муну аскер жүрүштөрүндө өзүнчө аспап катары колдонушкан, же ар кандай салтанаттарда сурнай, добулбас менен кошо пайдаланылган. Бул аспап жөнүндө «Манас» эпосунда эскерүүлөр башкаларына караганда көбүрөөк кездешет.
Эки түрү белгилүү. Биринчиси тоо текенин мүйүзүнөн жасалат. Мундштугу мүйүздүн ичке жагынан кесилет. Аспаптын башка тешиги жок. Узундугу болжолдуу 30-45 см.
Аспаптын экинчи түрүн жезден же латудан жасашат. Түтүгүнүн узундугу болжолдуу 1,5-2 метр, үйлөй турган жагына мундштук бекилет, ачык жагы цилиндр формасында ийилип, диаметри 35-40 мм. Үндү өзгөртүү үчүн тешиктери жок. Алып жүрүү ыңгайлуулугу үчүн аны курама кылып жасашкан.
Тоо текенин же аркардын ийри мүйүзүнөн жасалган кыргыздын үйлөмө музыкалык аспабы. Көпчүлүк бөлүгүн түзгөн мүйүздүн көңдөй бөлүгү колдонулат. Мындай мүйүз негизинен ийилген сурнай сыяктуу формага ээ. Аспаптын узундугу 50-70 см, үн алуу ыкмасы жез кернейдикиндей. Мүйүз кернейди баатыр жоокерлер, мергенчилер колдонгон.
Аспапта үн өзгөртүүчү көзөнөктөр жок болгондуктан, үндөр аспаптагы аба мамычасын термелткен аткаруучунун эриндеринин кыймылына жараша чыгат. Мүйүз кернейдин үнү катуу чыгып, чакырыктуу, бирок жез кернейге караганда жумшагыраак. XX кылымда сыбызгы, чоор, сурнай, керней өңдүү кээ бир элдик үйлөмө музыкалык аспаптар музыкалык чөйрөдө көп колдонулбай келген.
1980-жылдары республикада жаңы фольклордук жамааттардын калыптануусу менен кыргыз музыкалык аспаптары (өзгөчө үйлөмөлөр) кайрадан жандана баштаган.
Жездин түрлөрүнөн (кызыл, сары) жана жыгачтан жасалган кыргыздын үйлөмө музыкалык аспабы. Аспаптын тулкусу жакшы кургаган жыгачтан жасалып, жаракаларды алдын алуу үчүн жез шакекчелер менен бекемделет. Жезнайдын диапазону үч октавага чейин жетет.
Негизги макала: Сурнай
Сурнай (зурна) — тилчелүү жыгач үйлөмө музыкалык аспап, тилчелери кош таякчалуу, конус сымал каналдуу, үндү өзгөртүү тешикчелери, жана кууш башталып кеңейип кеткен оозу бар. Аспаптын узундугу — 40-65 см, мундштугу — 4 см, үн чыккан оозунун диаметри 5-6 сантиметр.
Оркестрда добулбас менен, ал эми майрамдарда, ат чабыштарда, аскер кармаштарында же жүрүштөрдө керней менен колдонулчу. Манас эпосунда үнү катуу, кулакты тундурган аспап катары баяндалат.
Негизги макала: Сыбызгы
Сыбызгы — байыркы үйлөмө аспаптардын бири. Узатасынан кеткен үн чыгуучу жери ачык, экинчи учу жабык келген флейтанын түрү. Ойноп жатканда, узунунан эмес, туурасынан кармайт. Байыркы заманда жыгачтан жасалчу. Жезден жасалганын кээде «жезнай» деп аташат. Азыр өрүк жыгачынан жасашат. Узундугу — 45 см, ички диаметри болжолдуу 16 мм. Мурда 4-6 тешиги бар болчу, азыр — 10 (2023).
Негизги макала: Чоор
Чоор — кыргыздын байыркы үйлөмө аспабы. Ойногондо тикесинен кармашат. Мурда аспапта ойноор алдында сууга чайкап анан ойношчу, мындай учурда анын үнү так жана таза болуп калат имиш.
Чоордун төрт тешиги бар. Узундугу болжолдуу 70 см, ички диаметри орточо 16 мм, бир учунан мүйүздүн сөөгүнөн жасалган мундштук салынат. Кыйшайып же сынып калбаш үчүн ичинен сүмбө же өзөк менен бекемделет. Мурда муну усталар шилби же коко тикенден гана жасашчу, азыр өрүк жыгачынан жасайт.
Аспап койчулар арасында көп кездешчү, ошондой эле тойлордо ойношчу. Манас эпосунда дагы эскерүүлөр бар.
Негизги макала: Чопо чоор
Чопо чоор — аты айтып тургандай эле, чоподон жасалган үйлөмө музыкалык аспап. Жумшак жана терең тембрга ээ, аткарууда татаал эмес. Мурда көбүнчө кыска обондорду ойногон, жаш балдардын музыкалык аспабы катары колдолнулчу. Кызыл же ак чопону жогорку температурада бышыруу менен даярдалат. Алгач чопо чоордо үчтөн төрткө чейин тешиктери болуп, формасы тологок же овал формасында болгон, учурда сүйрүрөөк келип, сегиз же андан ашык тешиктерге жана бардык ноталарды ойнотуу мүмкүндүгүнө ээ.
Негизги макала: Добулбас
Элдик музыкалык аспаптардын башка тобуна урма аспаптар кирет. Кыргыздарда урма аспаптардын көптөгөн түрлөрү бар. Мембранафон урма аспаптарга үнүнүн булагы кабыкча (мембрана) аткарган атайын рамага тартылган аспапты элестеткен аспаптар таандык. Таякча же кол менен урганда кабынча термелип үн жаралат. Мындай аспаптарга добулбас, доолдордун түрлөрү (чоң, орто, кичине) жана дап (дайра) таандык.
Добулбас — кыргыздын улуттук урма аспабы (урма музыкалык аспаптар). Төөнүн же жылкынын териси менен тартылган бир жактуу, рамалуу, тоголок формадагы доол (барабан). Жыгач алкактын аяктары тери боо менен бекитилет.
Чарасы (корпусу) арча, тал же талдын түрүнөн, айрыкча ракитадан жасалат. Салттуу добулбастын бийиктиги 55-70 см, диаметри 37-55 см. Камчынын сабы же кол менен тери мембранага уруу аркылуу үн алынат. Учтары кийизден чөмөлөнгөн таякчалар менен дагы үн чыгарышат. Добулбастын үнү — катуу, күңүрт жабык келип, анча-мынча созулма (мембранасы калың болсо) — аскер жүрүштөрүндө, машыгууларда белги берүүчү катары, ошондой эле сакралдык ырым-жырымдарда, жогорку даражалуу конокторду тосуу салтанаттарында, музыкалык аткарууларда колдонулчу. Манас эпосунда да эскерилет.
Доол (орусча барабан) — ылдый жагы учтуу болуп кеткен, тулга сыяктуу металл корпустан турат. Кең бөлүгү төөнүн же өгүздүн терисинен жасалган мембрана менен жабылып, металл алкак менен бекитилет. Аспаптын бийиктиги 40 см, мембранасынын диаметри 55 см. Чарасы болсо,көбүнчө көркөм оюулар менен кооздолот. Үндөр, учтары жоонураак болгон, узундугу 40-45 сантиметрлик эки таякча менен мембранага уруу аркылуу алынат.
Таякчалар жыгачтын катуу түрлөрүнөн даярдалат. Доолдун үнү күчтүү жана терең келет. Мурда доол салтанаттуу жүрүштөрдө, элдик майрамдарда, аскер жортуулдарында жана кармаштарында, ат чабыштарда, түрдүү спорт оюндарында колдонулчу. Ошондой эле, аны аңчылыкта дагы пайдаланган. Доолдун репертуары ритмдүү белги берүүчү жана аңчылык түзүмдөрүнөн турган. Учурда доолдун үч түрү бар: чоң, орто жана кичи доол, буга ылайык булардын көлөмү дагы, чыгарган үн бийиктиги дагы ар кандай. Азыркы мезгилде, доолдун үнүн үйлөмө аспаптар ансамблинде жана фольклордук жамааттарда угууга болот.
Бул аспап анча чоң эмес тегерек алкактын бир бетине тартылган терини элестетет. Аспаптын четтеринде көптөгөн металл шакекчелер илинген. Дап салттуу түрдө бакшылардын тажрыйбасында ырым-жырымдык аспап катары колдонулган. Аспаптын сыйкырдуу касиеттери болгон деп саналып, кыргыз бакшылары тарабынан оорусу бар адамдарды даарылоодо жана алардан жин чыгарууда пайдаланылган.
Бүгүнкү күндө музыкалык аткаруучулукта, ансамбльдарда, фольклордук топтордо соло дагы, аккомпанияциялоочу дагы аспап катары кездешет. Заманбап элдик аспаптар усталары тарабынан урма аспаптардын музыкалык-аккустикалык жана техникалык-аткаруучулук сапаттарын жакшыртуу боюнча иштер жүрүп келет, мисалы Самаган Айдаралиев тарабынан. Ошондой эле, аспапта ойноону жакшыртуу, квалификациялуу аспапчы адистерди даярдоо боюнча репертуарлар, окуу-методикалык куралдарды түзүү иштери жүрүүдө.
Ошодой болсо да, кыргыздын салттуу музыкалык аспаптарынын пайда болушу жөнүндө илимий изилдөөлөр бүгүнкү күндө жетишээрлик эмес деп саналат. Кыргыздардын музыкалык маданияты архаикалык чарбалык, мал багуучулук жашоо шарты менен байланыштуу болуп, архаикалык мезгилдин белгилерин алып жүргөн элдик музыкалык аспаптардын көптөгөн түрлөрү жаралган.
Негизги макалалар: Темир ооз комуз, ооз комуздар
Темир ооз комуз — кыргыздардын тилчелүү (тилчелүү музыкалык аспатар) чертме музыкалык аспаптарынын бири, варган аспабынын түрү. Узундугу 5-7 см болгон комузга же көөкөргө окшош фордама темирден жасалган аспап, түп жагынын жазылыгы 1,5-2 см, ички учунун жазылыгы 5-7 мм. Чарасын темирден, жезден, колодон, күмүштөн жана алтындан жасашчу. Туткасынын же жаактарынын ортосунда бекитилген болот көрнөкчө (пластина) тилче катары кызмат кылат.
Темир ооз комузда ойноодо аткаруучу сол колу менен жаагын тишине кысып, аспаптын тилчесин оң колунун сөөмөйү менен термелтет, ошол эле убакта абаны тартып кайра чыгарып туруу керек. Ооздун формасын өзгөртүү менен аткаруучу обертон катарындагы ар кандай үндөрдү чыгарат.
Мурда аспапта аялдар эле ойночу, кийинчерээк эркектер арасында дагы мыкты аткаруучулар пайда болгон.
Негизги макала: Жыгач ооз комуз
Жыгач ооз комуз — кыргыздын чертме тилчелүү аспаптарынын байыркы түрү. Шилбинин же же бөрү карагаттын жыгачынан жасалгандыктан аспаптын үнү өзгөчө чыгат.
Бир учу ичкерээк келген, узундугу 13төн 18 сартиметрге чейин жана жазылыгы 1,5-2 см түзгөн жыгач пластинаны элестетет. Көрнөкчөдө (пластинада) тилче оюлуп, ага 30 сантиметрлик жибек жип бекилет. Үн чыгаруу негизи темир комузга окшош, ал эми тилченин термелүүсү жипти тартуу аркылуу ишке ашат.
Негизги макала: Жетиген
Жетиген — кыргыздын байыркы кылдуу чертме аспабы. Жетиген жөнүндө биринчи эскерүүлөр Энесай кыргыздарында кездешет, бирок алардын заманбап Кыргызстандын аймагына көчүп келгенде аспап унутулуп калган. Аспаптын кайра жаралуусу биздин күндөрдө башталган (качан?). Жеткан, жетихан, чатыган деген аталыштарда дагы белгилүү. Хакастарда аспап «чаткан» аталышта сакталып калган.
Чарасын эмен жыгачынан, ал эми капкагын кызыл карагайдан жасайт. Чарасынын узундугу 1ден 1,5 метрге чейин. Байыркы жетиген 7 кылдуу болчу, азыркыларда болсо, кылдарынын саны 14 кылга чейин жетет. Тепкенин ролун кылдын астына коюлган чүкөлөр ойнойт, кылдардын санына жараша тепкелери дагы ошончо болот. Үнү бийик, таза, катуу.
Негизи, бул аспапта кылдарды терип ойнойт, ошондой эле шилтөө, уруу, чертүү техникалары дагы бар.
Жылаажын — кыргыздын азыркы кездеги сейрек аспаптарынын бири, ойноо учурунда силкилдетип турууну талап кылган, ичинде эркин жүргөн шары бар идиофон (жалгыз же түгөйлүү). Коңгуроонун диаметри 2-3 см.
Жылаажын негизинен күнүмдүк турмушта колдонулган: бир жагынан музыкалык үндү көркөмдөөчү катары, экинчи жагынан белги берүүчү буюм катары, өзгөчө мүнүшкөрлөр куштарына илип коюшкан (бир тоголок шыңгыраманы). Канаттуунун бутуна байланган жылаажын токойлуу тоо жана бадалдар арасында багыт берүүгө дагы жардам берген. Кээде жылаажынды аялдардын баш кийимин же чач өрүмдөрүн көркөмдөө үчүн пайдаланган.Кыргыздар арасында кеңири жайылган, үнү бийик жана тез басаңдама.
Жылаажынды жасоо үчүн темир, жез, коло жана күмүш сыяктуу металлдар пайдаланылган, көбүнчө усталардын ою боюнча күмүштөн жакшы аспап чыгат деген ойдо болушкан. Социалдык шарттардын өзгөрүүсү менен жылаажын өтө сейрек музыкалык аспап болуп калган. Формасы боюнча тоголок коңгуроону элестетип музыкада кошумча аспап катары колдонулчу.
Жаңыртылган жылаажын мурдагы формасын жана үн чыгаруу негизин сактап, бирок жаңы жумшак алкакка бекилет, муну билерик сыяктуу колго кийип алса болот.
Коңгуроо — жылаажын сыяктуу эле биринчи кезекте тиричилик максаттарында кызмат кылган шыңгырама аспап. Коңгуроону негизинен көч учурунда жана мал кайтарууда белги бергич катары малга, ошондой эле жаш балдарга илип коюшкан. Жылкылардын жүгөнүнө бекитилген коңгуроо шыңгыраган үн чыгарып турган.
Коңгуроону жасоо үчүн кыргыз усталары темир, коло, жез өңдүү металдарды пайдаланып, күмүш менен жалатып, түрдүү көркөм оймолорду түшүрүшкөн. Аспаптын өлчөмдөрү функциясына жараша кыйла айырмаланып турган, мисалы бодо малга салынуучу чоң коңгуроолордон тарта кичинекей баланын бутуна же аркасына илинүүчү коңгурочолорго чейин. Ар бир коңгуроо өзүнүн тембрына ээ болгон.
Заманбап фольклордук коңгуроолор көбүнчө ансанбльдарда пайдаланылат. Манас эпосунда учурда колдонуудан чыккан бандуулу коңгуроосу эскерилет.
Шалдырак — кармагычы металл сакбатан, жана ал сабакка диаметри айырмаланган үч шакектен (темир сабакка өткөрүлөт), шакектерге майда шакекчелер кийгизилген аспап. Бап (бубен) урма успабына окшош келген заманбап шылдырак менен алмаштырбайлы. Силкилдетүү аркылуу үн алынат. Бул ритмдик-чурулдатма идиофон ЭКАырым-жырымдык буюм катары Кыргызстандын бардык аймактарында жайылган болчу, учурда өтө сейрек кыздешет. Темир сабагынын узундугу 43 см, диаметри 1,5 см, чоң шакектеринин диаметри 8 см, ортосундагы аралык 4 см, майда шакекчелердин диаметри 2,8 см.
Аса-таяк же аса-муса — таяк түрүндө жасалган идиофон. Үндүн булагы катары таякка илинген түрдүү илмектер кызмат кылат, үн чыгаруу таякка уруу, силкилдетүү же жерге тыкылдатуу менен ишке ашат.
Салттуу аса-таяк — узундугу болжолдуу 50 см, туура эмес формадагы жыгач таяк. Өйдөңкү бөлүгүндө түрдүү өзү үн чыгаруучу буюмдар (диаметри 3 см болгон металл дисктер, топчулар, койдун чүкөсү, жыгач жана кездеме кесиндилери, жылкынын кылы) бекилет. Аса-таяк идиофондордун аралаш түрүнө кирет.
Кыргыз бакшылары жана давачылары үчүн мурда аса-таяк түрдүү ырым-жырымдаржы өткөрүү куралы катары кызмат.
Учурда (2023), функциясы дагы, конструкциясы дагы өзгөрүп, көбүнчө заманбап версиясы ансамбльдарда музыкалык аспап катары кабыл алынат. Аса-таяктын жаңы версиясы декоративдик жактан көркөмдөлгөн, узундугу 1,5 метрден ашпаган таякты элестет, өйдөңкү бөлүгүндө жылкынын кылы, коңгуроолор жана башка үн чыгаруучу шылдыратма буюмдар илинген. Мындай аса-таяк мисалы, Аламүдүн райондук маданият үйүнүн «Арашан» ансамблинде, Кыргыз мамлекеттик филармониясынын «Камбаркан» ансамблинде колдонулат (2023).
Дилдирек — бул дагы, диаметри 5-7 см, калындыгы 1 мм болгон эки тегерек пластинадан турган сейрек кездешуучу идиофон аспаптарынын бири. Дилдиректи эчкинин, койдун же уйдун мойнуна белги бергич катары илип коюшкан. Пластиналар кыймыл-аракеттен жана шамалдан бири-бирине урунуп, шылдыраган үн чыгарган. Аспап музыкалык-тиричилик буюм катары каралбастан, мал-жанды кырсыктан, оору-сыркоодон сактаган тумар катары дагы каралчу.
Зуулдак музыкалык аспапка караганда оюнчукка окшошураак. Мурда камыштын сабагынан жасалып, азыр болсо, жыгач тетиктерди жана топчуну колдонот. Аны, узундугу 20-30 см келген жиптин жардамы менен айлантып, натыйжада зуулдаган үн пайда болот. Учурда, музыкалык аспап катары колдонбой унутулуп баратат.