Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Токтогул Сатылганов

Баш барак | Биографиялар | Токтогул Сатылганов

Токтогул Сатылганов — кыргыздын демократ-акыны, ырчы, композитор, куудул, ойчул жана комузчу.

Мазмуну
Токтогул Сатылганов
Токтогул Сатылганов
Төрөлгөн датасы1864-жыл, 25-октябрь
Төрөлгөн жериКыргызстан, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кетмен-Төбө өрөөнү, Сасык-Жийде айылы
Адистигиакын, ырчы, композитор, комузчу
Аспапкомуз
Каза болгон датасы1933-жыл, 17-февраль (68 жаш)
Каза болгон жериКыргызстан, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кетмен-Төбө өрөөнү, Сасык-Жийде айылы
Балдарыуулу Бабажан Токтогулов, кызы Гүлсара Токтогулова
ЖубайыСейдимкан (экинчи)

Жалпы маалымат

Акындын ысымы Улуу Октябрь революциясына чейин эле, кыргыздардын, Фергана өрөөнүндөгү өзбектер, ошондой эле казактар арасында кеңири белгилүү болуп, Сибирден качуу мезгилинде алар менен жакшы мамиледе болгон. Токтогул тирүү кезинде Кетмен-Төбөгө аны менен кездешүүгө кыргыздын эң белгилүү акындары жана ырчылары келип турган. 1930-жылдардын аягынан тарта акындын поэзиялык жана музыкалык мурасы талаптуу болуп, анын ырлары элден жазылып алынып, ири ата-мекендик жана советтик басмаларда жыйнактары басылып, чыгармачылыгы үстүндө изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Болочоктогу акын 13 жашынан ырдап, комуз черткен деп айтылат, жана 15 жашка чыккандан тартып, айыл аралап ырдай баштайт. Анын бул мезгилдеги чыгармаларында лирикалык ырлары басымдуу орун ээлейт. Бул оюбузду акындын алгачкы ырларынан болгон «Жаш кыял», «Эмне кызык», «Гүлдөп ал», «Алымкан» сыяктуу жана башка ырлары ырастайт. Ошондой эле, «Тогуз кайрык», «Кербез», «Чоң кербез», «Арман кербез» жана башка күүлөрдү чыгарган. Токтогул ашыктык ырларынан тартып терме, санат, насыят, үлгү, алымсабак, айтыш ырларынын бардыгын ар түркүн обондор менен ырдаган. «Насылкан», «Акбары», «Арман», «Келгендеги кербезим», "Туткун ыры», «Балам жок», «Элиме качан жетемин» жана башкалар ондогон обондор мукамдуулугу, вокалдык көркөм боекторунун көп түcтүүлүгү менен кыргыздын элдик ыр чыгармачылыгынын уюткусун түзөт.

Токтогул комуз музыкасындагы эң башкы жанрлардын бири — айтыш күүлөрдүн (кара айтыш күүлөр) баштоочусу, негиз салуучуларынан, жайылтуучуларынан болгон. Ал ар бир күүсүнүн тарыхын айтып, ырдап, кол ойнотуп, кубултуп, түрдүү ыкмаларды, чертмелерди аткарган. Мисалы, «Армандуу чымчык», «Торгой менен турумтай», «Эрке сары», «Чайкама», «Карөзгөй», «Тогуз кайрык» жана башка күүлөрдү чыгарган. Кыргыздын элдик аспаптык салттуу «Камбаркан», «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама» аттуу күүлөрдүн буроолорунда, үлгүсүндө, түрүндө өзүнүн жаңы күүлөрүн да жараткан.

Токтогул «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Саринжи-Бөкөй», «Кедейкан», «Олжобай менен Кишимжан» аттуу дастандарды да айткан. Ар бир дастанды өз обондору менен өтө устаттыкта комуздун коштоосунда айткан. Калык, Коргол баштаган Алымкулдун, Атайдын, Эшмамбеттин жана башкалардын улуу устаты болгон.

Өмүр баяны

Токтогул Сатылганов 1864-жылдын 25-октябрында Жалал-Абад облусунун, Токтогул районуна караштуу, Кетмен-Төбө өрөөнүндө Сасык-Жийде айылында кедей-кембагал Сатылгандын үй-бүлөсүндө, тоолуу өзөндөгү кыштоочу аймакта төрөлгөн. Токтогулдун балалык чагы малайлык менен өткөн. Атасы Сатылган жүгөрү, буудай айдап, дыйканчылык менен күн өткөрүп, үй-бүлөсүн багуунун камын көрүүдөн колу бошочу эмес.

Токтогул Сатылганов үч жашка чыкканда Сатылган, аялы Бурманын төркүнүнө көчүп кетет. Анжыян тарапта үч-төрт жыл жашап, ирденип, кийим-кечектерин бүтөп алгандан кийин Токтогул туулган Куччу-Сууга кайра көчүп келишет. Атасы сөзгө чебер, жамактап ырдаган, куйкум сөздүү, куудул киши болгон делет.

Токтогул бала кезинде көптөгөн элдик ырларды, дастандарды, кошокторду, элдик оозеки ырларды билген апасы Бурманын мээримине бөлөнүп, ал жаш Токтогулга ырларды ырдап, жомок-уламыштарды айтып берип турган. Ата-энесинин ушундай өнөрлөрү Токтогулдун ырчылык шыгынын эрте ойгонушуна таасирин тийгизген. Атасы сыяктуу тамашага чалып, куйкум сөздү кошуп сүйлөй турган адам болгон дешет. Ал апасынын образын өмүр бою жактап ырдап, ага көптөгөн ырларды арнаган. Анын чыгармачылыгындагы апасы жана кыргыз эли бири-бири менен органикалык байланышта болгон. Сибирге айдалаардын алдында бекеринен эл алдында «Кош, апаке!» жана «Кош элим» деп ырдаган эмес.

Токтогулдун импровизациялык таланты болжолдуу 12 жашында пайда болгон, мында ал курч материалдык муктаждыктын айынан жергиликтүү Казанбак аттуу байдын малын алыскы дөңсөлүү талааларда багууга аргасыз эле. Социалдык теңсиздикти эрте таанып-билип, кедейлердин оор сословиясын, алардын үстүндөгү оокаттуу адамдардын зомбулугун өз көзү менен көргөн. Жаш курагында ал комузда ойноп, малчылар арасында ырдап жүрчү. Кыздар, күндүн чыгышы жана батышы, канаттуу тулпарлар, тоо сууларынын үндөрү, табияттын сулуулугу жана байлыгы жөнүндө ырдаган. Жылдан-жылга Токтогулдун поэзиялык үнү такшалып, анын ысымы өз айылында эле эмес, башка аймактарда дагы чыга баштаган. Он төрт жашында өзүнүн ырларынын аркасынан байларга жалданма малчы болбой, професиионалдуу ырчынын жолуна түшүп, башка таанымал акындар менен катар чоң поэзиялык жыйындарга катышууга мүмкүндүк алат. Импровизациялык таланттын аркасынан Токтогул тез эле атак-даңка жетип таанылат, замандашынын күбөсү боюнча жаш болгонуна карабастан эл арасында «Токо» аттуу сый-урматтуу жана эркелетме ысымга ээ болот.

Поэзиялык таймаш. «Беш каман»

Токтогул табиятынын бүтүндүгү жана мүнөзүнүн бектиги менен айырмаланган. Аны Кетмен-Төбөлүк Рыскулбек манаптын туугандары өзүлөрүнө ырчы кылып алып кетүүгө да аракет кылышкан. Бирок, Токтогул башка жолду тандаган. 1882-жылы Токтогул он сегиз жашка чыкканда, анын эл арасында атагын чыгарган жана тагдырына жазганынын жышааны болгон окуя болот. Ошол жылы ал, поэзиялык таймаштардын биринде Рыскулбектин уулдарынын бири, саяк уруусунун башчысы болгон Дыйканбай манаптын кол астындагы ырчысы Арзымат менен кездешет. Арзымат ырында Токтогул кедей үй-бүлөдөн экенине байланыштуу аны кемсинтүүгө жана басынтууга аракеттенет, жаш акын өзүн жоготпостон демилгени өз колуна алып, кедей экенин айтып, мында уяттуу эч нерсе жок экенин билдирет. Рыскулбектин уулдарынын ачуусунан коркпостон жана таамай салыштыруулар менен ал Арзыматты эл алдында бирөөнүн эсебинен жан багуучу экенин көрсөтөт. Токтогулдун Арзыматты жеңиши угуучулардын чоң кубанычы менен коштолуп, Рускулбектин уулдары үчүн чоң чакырык болуп калат. Каршылашуунун туу чокусу катары акындын «Беш каман» (1894) ыры болгон, мында ал Рыскулбектин уулдарына эл алдында наалат айтып, алардын адам ирээнжиген социалдык портретин сүрөттөйт.

Элдик көтөрүлүш. Сибирге айдалуу

Өйдөдө айтылган ырынан кийин Токтогул «Беш каман» тарабынан жазаланмак болот — алдыда аны кыйынчылыктар аңдып калат. Акын алардын кандай адам экенин жакшы түшүнүп, эң катаал нерсеге даяр эле. Бирок, душмандары дагы Токтогулдун эл арасында белгилүүлүгүн, атагы Кетмен-Төбөдөн тышкары экенин билишип, эл сүйүктүүсүнүн үстүндө ачык зомбулук жасоо, коомчулуктун нааразычылыгына жана ачуусуна алып келээрин, Рыскулбектин тукумдарына кесепети тиерин жакшы түшүнүшкөн. Мындай чочулоо аларды ойлонбогон кадамдарды жасоодон кармап, өч алуу үчүн ыңгайлуу учурду күтүшкөн. Жана андай учур 1898-жылы, аларга жакшы мүмкүндүк катары жаралат — Андижанда көтөрүлүш чыгып, анын башында Маргалаң уездинин Миң-Төбө айылынын жашоочусу Мухаммед-Али турат. Рыскулбектин уулдары ошол кездеги пайдышалык бийликке, Токтогул андижандык көтөрүлүшкө активдүү катышкан деп жалган маалымат жасашат. Натыйжада, акын жердештери менен кошо камалып, 10нан 11-июнга караган түнү аскер конвою менен наманган түрмөсүнө алынып келинген. 3-августта убактылуу аскер соту Токтогулду башкалар менен кошо дарга асуу өлүм жазасына өкүм чыгарат бирок, кийин ал өкүм Сибирге жети жылга айдалуу өкүмү менен алмаштырылат.

Сибирдеги мезгил

Токтогул Сатылгановдун поэзиялык чыгармачылыгынын жогорку чеги анын Сибирдеги ырлар циклине туура келет. Ал жакта жүргөндө дагы ырларынан кол үзгөн эмес. Алгач орустун балалайкасында ойноп, андан кийин кыргыз комузун балта менен чаап-жасап, анда виртуоздуу ойноп, ырдаган. Токтогулдун түрмөдөгү (сүргүндөгү) жылдарынын күбөсү Болот Жыртаков ал жөнүндө кийинкидей эскерет:

Токо муруңкудай эле шаттанып жана ошол эле убакта толкунданып балалайка черте баштады. Барактан шаңдын үнү чыгып жатты. Көздөрү тостойгон, муруттары өйдө карай ийилген байкоочу келип: «Тынчтангыла — деп кыйкырып, — бул жер тойлоочу жер эмес! — деди» Анан Токтогулдун жанына басып келип, балалайкасын тартып алып, эки бөлүкө жара чаап, буту менен таптап: «Ушу сенин үнүң басылбайт, шайтан!» — деп ачууланды. Токо ага дароо чучукка жеткен сөз айтты окшойт, байкоочу аны беттен ары бир урат. Мен чыдабай, кишенделген колдорум менен ээктен ары бир койдум. Соккуман байкоочу капталына жылыгып калды...

Токтогул Сатылганов Сибирде сүргүндө жүргөнүндө кийинкидей ырлары жаралган: «Азапка түштү өмүрүм», «Айланган тоонун бүркүтү», «Ушундайбы сурагың?», «Туткунчу ыры», «Сүргүндө», «Качуу» ж. б. Акын Омск түрмөсүндө болгон, анан кийин Иркутск алдындагы Александрлык борборго (чоң түрмөгө) которулган, ал жакта ири сандагы саясый сүргүнчүлөр жайгашкан. Токтогул үчүн сүргүн шарттары абдан катаал болгон: себепсиз эле сабашып, кадыр-баркына жана абийирине шек келтирип, ачык түрдө кемсинтишкен. Үмүтсүз шарттарда болуу менен, акын өзүнүн талантын гана сактап калбастан, инсандыгын жоготпой, жаңы курч социалдык тепкичке көтөрүлө берген. Ал башка элдердин жашоолорун көрүп-билип, орус, татар жана казак сүргүнчүлөр менен таанышкан. Токтогулдун Александр борборундагы саясый сүргүнчүлөр менен баарлашуусу, анын дүйнө таанымынын кеңейүүсү, башка элдердин өкүлдөрү менен тилектештикке жетүүсү үчүн чоң мааниге ээ болгон.

Качып кетүүдөн кийин

Токтогул чоң түрмөдөн качууга бир нече аракет жасайт, качууга жасаган аракети иш жүзүнө ашпай калгандан кийин, анын түрмөлүк мөөнөтү жети жылдан он эки жылга узартылат. Кийинчерээк түрмөлөштөрүнүн жардамы менен акыры качып чыгышып, бир жарым жылдай сибирдик Тайгада каңгып жүрөт, үйсүз качкынга адамдар жардам берип, тирүү калат. Сүргүндөгү азаптардан жана түрмөдөн качкандан кийин, 1910-жылы түн ичинде үйүнө келет. Баласы Топчубай каза болуп, жубайы эбак эле башка эрге тийип, энеси көзү көрбөй, баласын күтүп, үйдө жалгыз жашап жүргөн болот. Эң жакын достору жана тарапташтары Токтогулду өлдү деп ойлошуп, Рыскулбектин уулдарынан коркконунан анын үйүнө да барбай, Топчубай өлгөндө акыркы милдеттерин дагы аткарган эмес. Токтогул сүргүнгө кеткенге чейин достошуп жакын болуп жүргөн Эшмамбет тарапташына кездешкенде, аны эл алдында жемелеген күндөрү дагы болот. Мындай кайгылуу окуялардан улам, жан-дүйнөсү кыйналып, булардын бардыгы сибирден кийинки чыгармалар айлампасында чагылдырылат. Ошол жылдардагы бир катар ырларында («Барпы менен кездешкенде», «Жаналы тегирменчинин үйүндө» ж. б.) алдын-ала билгендей жакынкы убакта падышалык жана бай-манаптык бийликтин башкаруучулугу бүтөт деп, эл бактысы үчүн күрөшкөн адамдар жөнүндө айткан. Андан тышкары эл ичинде Токтогулдун Жеңижоктун үйүнө барып учурашканы дагы айтылып келет.

Сибирден качып келгенден кийин ошол кездеги 20 жаштагы Сейдимкан аттуу аялга баш кошкон. Экөө Бабажан аттуу уулдуу болушкан.

Кыргыз сөздүгүнүн курамына «кербез» сөзүн киргизип, өзүнүн ырларын кербез атачу. Сибирдеги жана андан кийинки мезгилдердеги поэзиялык цикл бирдиктүү ырлар китеби катары саналат.

Толгой тарткан кыл аркан —
Тор кашка аттын кермеси.
Топ жыйынды гүлдөткөн —
Токтогулдун кербези.
(Токтогул)

Токтогул Сатылганов, 1928
Токтогул Сатылганов, 1928

Сибирден келгенден кийин ал куугунтуктоодон жашырынып, бир нече жыл ар кайсы жакта жашап, сибирдеги сүргүн жылдары жөнүндө ырларды ырдап жүргөн. Күбөлөрдүн айтымында ошол ырларын аткарып жатканда, аны тегеректеп отурган абышкалар, аялдар, жаштар, балдар көздөрүнө жаш алып турган делет. Акындын ырлары нааразычылыкты күчөтүп тургандыктан, жергиликтүү бийлик кулак түрүп, байкап турушкан. 1913-жылы Токтогул кайрадан намангандык түрмөгө камалып, кайрадан сибирге айдалуу коркунучу жаралат. Бирок, эл аны алып калмак болуп — айылдарда жана конуштарда Токтогулдун соттук-административдик чиновниктерин сатып алуу үчүн чоң суммадагы акча чогултушат.

Октябрь революциясы

Россияда Октябрь революциясы болгондо, Токтогул улгайган жашка келип калган. Орус падышасы тактан түшүп, башкаруусу бүткөндүгү жөнүндө жаңылыкты угуп, фольклордун салттары менен «Кандай аял тууду экен Лениндей уулду?» (1919) аттуу ырында Лениндин образын түзгөн.

Токтогул эң оор учурларда дагы өзүн жоготпой, жашоодогу жакшы нерселерди баалай билген, адамдардын эрдигин, асылдыгын жана айкөлдүгүн баалап, жөнөкөй дыйкандын эмгегин мактаган. Токтогулдун 1929-жылы Карасуу аймагындагы Аксы аталган жеринде эл көп чогулган учурда Алымкул Үсөнбаев менен түзгөн «Акбара» аттуу айтыш-таймаш ыры бар. Таймашта Алымкул ассистентин ролунда болуп, өзүнүн устатына поэзиялык импровизация искусствосун толук көрсөтүүгө мүмкүндүк берген. Бул ырда ошол кездеги алтымыш беш жаштагы Токтогул жаш сулуу Акбаранын наамына гимн сыяктуу кылып ырдап берген.

Мурас

Токтогулдун акыркы жылдарын дагы оңой болду деп айтууга болбойт. Совет бийлиги орносо дагы, чындыгында курч класстык жана тукумдук күрөш жүрүп келген, бай-манаптык уруктардын таасири дагы деле күчтүү болуп, акын мунун баарын көрүп-билип, ошол күндөрдүн көптөгөн суроолоруна жооп таппай санаага баткан. Өзгөчө окуганды билбегенине өтө капа болчу. Бул анын ырларынын биринде чагылдылган: «Атам мектепке берген жок, билимдин айкөлдүгүнө жете албадым».

1928-жылы Токтогул Фрунзеге чакыртылып, анын бир катар белгилүү пьесалары жана күүлөрү, музыка таануучу, кыргыз жана казак музыка маданиятынын билерманы Александр Затаевич тарабынан «Токтогулдун тогуз кайрыгы», «Шынгырама кыз ойготор», «Алайдын миң кыялы», «Токтогулдун кербези» жана башка күүлөрү, жалпысынан 18 күүсү жазылып алынган.

Акындын каза болоор алдындагы ырында ал чыгармачылык мурасы жөнүндө чочулоосун билдирген, ал ыры, анын жашоосунун жыйынтыгына алып келген поэзиялык керээзи болуп калган. Убагында көптөгөн ырлары жазылбай калып, аларды өзү менен кошо алып кеткен. Токтогул Сатылганов 1933-жылдын 17-февралында Жалал-Абда облусунун Сасык-Жийде айылында каза болгон. Акындын дүйнөдөн кайтканы республикалык газеталарда жарыяланган эмес. Чыгармачылык мурасы орустун жазуучулары А. А. Фадеевдин, М. И. Калининдин жана А. М. Горькийдин жана башкалардын макалаларында жана баяндамаларында жогору бааланган.

Улуу акын өзбекче, казакча, татарча, орусча ырдап, алардын күүлөрүн балалайкада, комузда черткен. Токтогулдун музыкалык мурастары кыргыздын жазма профессионалдык музыкасынын төрөлүшүнө, өнүгүшүнө өтө күчтүү таасир эткен.

Чыгармачылыгына баа берүү

Чыңгыз Айтматов 1989-жылкы «Токтогул» аттуу китептеги сөз башына Токтогулдун академиялык билими болбосо дагы, ал таланттуу импровизатор, кыргыз жергесинин кайталангыз ырчысы болгонун айткан. Айтматовдун ою боюнча Токтогул революциялык ырчы, элдик ойчул, күрөшүүчү жана сүрөтчү катары дүйнөлүк поэзиядагы ысымдар менен бир катарда турат. Башкача айтканда поэзия вазийпасы жеке жашоосунан, элдин тагдырынан ажырагыз болгон, ошондой эле өзүнүн революциячылдык күчү, таланты тарыхтагы поэзия көпүрөсүндө кубаттуу тирөөч болгондор менен катар делет.

Камчыбек Дүйшалиевдин ою боюнча акын-импровизаторлордун эң белгилүүсү Токтогул Сатылганов болгон, ал оозеки салттагы профессионалдуу акындардын бүтүндөй плеядасын тарбиялап, өзүнүн акындык импровизаторлук мектебин түзгөн. Токтогул Сатылгановдун акындык ыр чыгаруусунун новатордук мүнөзүнүн бири, анын кээ бир тиричилик фольклор-ырдык жанрларды жаңыча интерпретациялаганы болду, ал ага ошол кездеги актуалдуу революциялык маанини берген дейт Дүйшалиев. «Арман», «Кербез» өңдүү формасы боюнча эски жана жөнөкөй лирика-тиричилик жанрларын ири акындык импровизациялык ыр-поэмага чейин өнүктүрүп, жаңы саясый-идеялык мазмунду берген, кээде революциялык жүрүштүк ритм элементтерин байкоого болот, мисалы, белгилүү «Кайтуу кербези» ыр-аспаптык поэмасы.

Камбаралы Бобулов «Токтогулдун өлбөс ыры» деген макаласында кийинкидей белгилеген: «Орус адабиятын Пушкинсиз, украиндикин Шевченкосуз, казактыкын Абайсыз, грузиндикин Руставелисиз, латышдыкын Райнисасыз элестетүү мүмкүн болбогондой эле, кыргыз адабиятын Токтогулсуз элестетүү мүмкүн эмес». Бобуловдун ою боюнча Токтогулдун чыгармачылык жалынынын күч-кубаты анын жаш кезинен тарта өмүрүнүн акырына чейин өзүнүн ырларында жашоо-тиричиликти ачык жана чынчылдык менен ырдаганында.

Эстелик

100 сом, Токтогул Сатылганов
100 сом, Токтогул Сатылганов

Чыгармачылык мурасты интерпретациялоо маселеси

Сатылгановдун чыгармалары көзү тирүү кезинде басылып, жазылган эмес. Токтогул менен Арзыматтын айтышы жөнүндөгү кыска билдирүү 1889-жылы Ташкентте басылып чыгуучу «Этнографиялык макалада» пайда болгон. 1928-жылы башында айткандай Кетмен-Төбөдөн Фрунзеге чакыртылып, Александр Затаевич тарабынан 18 музыкалык чыгармасы жазылып алынган. Токтогулдун поэзиялык мурасын топтоо жана жарыялоо 1937-жылы башталып, буга акындын юбилейин белгилөө боюнча Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитет Президиумунун токтому өбөлгө болгон.

Токтогулдун тирүү кезиндеги, ошондой эле, авторлоштурулган поэзиялык жазууларынын жоктугу текст маселесин жараткан. Ошого карабастан Токтогулдун мурасын эл сактап калган. Анын чыгармаларынын негизги курамы шакирттеринен жазылып алынган — белгилүү кыргыз акындары Калык Акиев, Алымкул Үсөнбаев, Коргол Досуев жана башкалардан. Бул тексттердин аныктыгы акындык поэзиянын жашоо өзгөчөлүктөрүнө, устат-акындын репертуарды мурастоо негиздерин эске алуу менен күмөн жаратпайт деп ишеничтүү айтууга болот. Токтогулдун чыгармачылык мурасында кыйла орунду жамааттык чыгармалар ээлейт — айтыштар, поэзиялык диалогдор, коомдук чогулуштардагы жана майрамдардагы биргелешкен аткаруулар. Мындай чыгармалардын тексти соавторлордон, алардын чыгармачылык интерпретациясында жазылып алынган.

Токтогул өз доорунун теңдешсиз, эң атактуу акыны болгон. Аны менен тааныш болгон замандаштарынын көбү чыгармаларын жатка билишчү. Алардын айтуусу менен 1930-жылдардын экинчи жарымынан 1950-жылдардын аягына чейин фольклорчулар, адабият таануучулар, жазуучулар жана өзүнчө энтузиасттар акындын бир катар чыгармаларын жаздырып алышкан. Алардын көбү акындын чыгармалар жана ыр жыйнактарына киргизилген. Бирок, Кыргызстандын илимдер академиясынын кол жазма фондунда сакталган белгилүү жазуулардагы бир катар чыгармаларга анын Токтогулга таандыгы жөнүндөгү ар кандай талаштар дагы болгон. Токтогулдун мурасынын тектологиялык изилдениши жана баяндалышы өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келет.

Орус тилине которуп жарыялоо «Элдик чыгармачылык» (1937-жыл, №7, «Каргашалуу кылым») журналында В. Винников тарабынан которуу менен башталган.

Токтогул комузун колунан түшүрбөй, кылдуу музыкалык аспаптарда чебер ойноп, элдик музыкалык маданияттын алтын фондуна кирген көрүнүктүү чыгармаларды жараткан.

Токтогулга таандык болгон санаттардын тактыгы жана таамайлыгы, сүйлөөнүн образдуулугу, виртуоздуу ыр техникасы, чечендиги, чыгармаларын башка тилге которууда оорчулуктарды жаратчу.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 40132, Өзгөртүлгөн: 2023-10-15, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо