Бакен Кыдыкеева


Бакен Кыдыкеева

"Бакен Кыдыкеева" 1923-жылдын 20-октябрында Төкөлдөш айылында туулган, башка маалыматтар боюнча 1920-жылдын 20-сентярында Октябрь айылында. Толук эмес орто мектептин 7 классын бүтүрүп, сахнадагы эмгегин 1936-жылы Фрунзе шаарындагы ТЮЗда, азыркы Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз Мамлекеттик жаштар жана өспүрүм күйөрмандар театрында баштаган.

Бакен Кыдыкеева жонундо айтсак, Бакендин атасы кызынын театр жаатындагы кызыгуусуна каршы чыгып, 14 жаштагы Бакен сүйүктүү кесибин таштоону чечим кылган. Театрга жумуштан кетүү арызын жазуу үчүн келген күнү, ТЮЗдун режиссеру А. Самарин-Волжский Бакендин жагдай-ахыбалын билбестен, Лопе де Веганын Овечий источник спекталиндеги Лауренсиянын башкы ролун берет. Баш тартууга аргасыз болгон Бакендин премьерасынан кийин бүтүн республикага анын аты белгилүү болот. Атасынын каарынан корккон Бакен бир нече күн үйүнө барбай коет. Премьерадан үч күн өткөн соң үйүнө кайтып келген Бакен, босогодо отуруп алып гезит окуп жаткан атасын көрөт. Кызынын жанына келип, атасы Бакенден сурайт: Бул жерде Овечий источник спекталинде Бакен Кыдыкеева башкы ролду эң мыкты аткарды деп жазыптыр, ал сенби? деп. Атасынан корккон Бакен араң-араң башын ийкейт. Ошол учурда сөз укпаган кызына бардын жинин чыгаруунун ордуна, атасы кызынын чекесинен өөп. Ошол кезден тартып атасы, кызынын талантынын кызуу кандуу күйөрманы болуп калат.

1941-1944-жылдары - Пржевальск жана Нарын облустук театрларынын актрисасы, 1944-жылы - Кыргыз академиялык драма театрынын актрисасы (азыркы Т. Абдумомунов атындагы Мамлекеттик академиялык театр).

Бакен Кыдыкеева өзүнүн таланты менен кыргыз сахнасынын көптөгөн бийиктиктерин багынтып, кино жаатында да көптөгөн профессионалдуу ролдорду жараткан. Анын чыгармачылык таржымалында жүздөн ашык театралдык жана кино ролдор бар. Кыдыкееваны Биричилердин бири деп аташат, анткени ал Кыргызстан театрларынын сахналарында биринчилерден болуп коюлган бардык шекспирдин пьесаларындагы жана башка дүйнөлүк жана орус авторлорунун пьесаларындагы биринчи айымдардын башкы ролдорун аткарган. Ошондой эле ал биринчи улуттук Салтанат аттуу толукметраждуу кинофильминде башкы ролду аткарган биринчи актриса болгон. Чынгыз Айтматовдун Бетме бет спекталиндеги Сейденин ролун да биринчилерден болуп эң мыкты аткарган.

"Бакен Кыдыкеева" ким болгон? Ал Кыргызстанда гана талаптуу актриса болбостон, аны коңшу өзбек киностудияларына да чакырышкан. Кыргыз ССРинин кинематографисттер биримдигинин мүчөсү. Бир кыз, эки уулдун энеси. Бир баласы энесинин жолун жолдоп - музыка жаатында эмгектенет. Официалдуу документтер боюнча Бакен Кыдыкеева 1994-жылдын 15 январында каза болгон (Башка булактар боюнча 1993-жылдын 30-декабрында автокырсыктан көз жумган).

Сыйлыктары жана наамдары:

  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисткасы (1947)
  • Кыргыз ССРинин эл артисткасы (1956)
  • СССРдин эл артисткасы (1970)
  • Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси (1970)
  • Бүткүл союздук кинофестивалынын 1977-жылдагы Актердук эмгектери үчүн премия номинациясынын лауреаты
  • Ленин орденинин ээси жана башка медалдар.

Жашоо жана чыгармачылыгы жөнүндө:
Бакен Кыдыкееванын турмушу жана чыгармачылыгы жөнүндө көптөгөн макалалар жана эки монография жазылган. Бир монографиясы москвалык журналистка В. С. Иванова тарабынан жазылып, Москвада жарык көргөн. 2004-жылы кыргыз драматургу Жаныш Кулмамбетов "Бакен Кыдыкеева" жөнүндө Талант жана тагдыр аттуу пьесасын түзгөн. Кыргызчалап дайындаган Акбарова С. Бакен эжебиз тууралуу маалымат ТВда, радиодо, интернет тармагында кеңири берилип, Кыргызстандын атактуу инсаны десек болот.

Шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 3550, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-16