Notice: Undefined variable: count_queries in /var/www/user18938/data/www/tyup.net/barak.php on line 42
Ак калпак — tyup.net
Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ак калпак

Баш барак | Кол өнөрчүлүк | Ак калпак

Ак калпак же жөн гана калпакАла-Тоону символдоштурган кыргыз элинин улуттук баш кийимдеринин бири.

Калпак
Ак калпак
Материалкийиз
Улуткыргыз
Кийим түрүбаш кийим
Гендерэркек баш кийим

«Ак калпак кийип, ат минген,
Кыргызымды сагындым,
Ар дайым менден кат күткөн,
Бир кызымды сагындым»
(Мидин)

Калпакты жасоодо, абал жүндү кылдап, саксагыраагын майдалап кыркып сабайт. Уютулган жүндү басып кургатып, кайра бышырган соң борду улам сээп, улам басып, кайра үбөлүктөп, кийизди катуу кылат. Башка чакталып, калпактын төрт талаасы бычылат да, алардын ортолоруна «милте» коюлат. Калпактын «Айры калпак» деген түрү бар. Анын төрт талаасынын кошулган жерлери жана жээги «кыюуланып», төрт жеринен кичине шара тилик калтырылат. Ал эми «Тилик калпакта» төрт талаасы «кыюуланбайт» да, ак жип аркылуу бириктирилип, эки жеринен чоңураак тилик калтырылат. «Туюк калпакта» жүн калпак түрүндө уютулат да, муну улам катуу басып, анан үбөлүктөп, кайра бышырып, төбөсү топ-тоголок, этеги тегерек түргө келтирилет. Кыздарга ак жүндөн жука кылып, этегин эркектердикинен тайкы, тегерете жээгин үстүн көздөй имерилте бычып, ага үкү таккан. Аларга түрдүү ийне сайма аркылуу, көркөм көчөттөрдү келтирет.

Калпактын кол саймасы «секиртме», «тап бердирме» деп аталат. Мында тигүүчүлөр эки ыкманы жүзөгө ашырат. Биринчи калпактын төрт талаасын бири-бирине «милтелеп» (жээктеп) кошот. Экинчи «кыюусу» (алкагы) тигилет. Андан кийин учук аркылуу ичи жөрмөлүп, топ чачыгы («чогун») чыгат. Анан тигүү машинасында анын кырын жүргүзөт.

Андай калпак барктуу болот. Бөрксүз калпак телпек сыяктанып калат. Мындан «калпакпы же телпекпи» деген сөз чыгат. Анда башка токтому жок болуп калат. Кийизи өтө жука келсе, бир жайдан чыкпайт. «Сайма калпактын» бөтөнчөлүктөрү уяң жүндөн уютулат.

Ал кийизге берилген көркөм көчөттөр ого бетер назиктелип, уландар эле эмес, кыз-келиндерибиз да кийип жүрүүгө шартташат. Буга түшкөн сайма көчөттөр «кыялданат».Мындагы көркөм көчөт оюмдун элементтерин уздар чөптөрдүн сабагынан, мөмө жемиштеринин шагынан, ийилген бутактарынан алышат. Ал сөзсүз бир нерсеге окшошуп, бул сайма көчөттөрдөн «бармак боочу», «ит куйрук», «ийрек», «бычак учу» өңдүү көркөм оюмдар элестейт. Элдик оюмдун элементтери экинчи бир кооз оюм-көчөттүн туулушу үчүн көркөм каражат болот. Оюмдан-оюм, көчөттөн - көчөт чыгат. Ошондуктан, көркөм оюм — ойдун кумары болуп көрүнөт.

Бул ар бир уздун изденүүлөрүнө жана жаңыча узданууларына негиз түзөт, «Бабабыз кийген ак калпак, Баркына жетип жүрөлү» — деген саптар баш кийимдин баркын арттырат. Кыргыз калпагы мурдагы эл чарбачылыгынын Бүткүл союздук көргөзмөсүнө коюлуп, «күмүш медалына» татыктуу болгон. Азыр кыз калпагын тигүүнүн үлгүсү кайрадан жанданууда. Ак, кызыл, көк, жашыл өңдөгү жасалуучу бул баш кийимге берилген көркөм көчөттөр кемселге, чыптамага, белдемчиге окшошот. Калпак чети чырашталат.«Чыраш» — сайманын бир ыкмасы.

Мында төрт талаасы «кайчы кулак» же «кереге көз» аркылуу биригип турат. Бул — «илме достун» бир түрү. Калпак чекелери да так ошондой сайма аркылуу кештеленет.«Кештелөө» — чыраштоонун бир түрү. «Кештелүү калпак — кыймалуу калпак — саймалуу өңүр кештелүү өңүр — булар тигиш ордуна берилүүчү кооздуктар. «Кыймалуу калпак кара шым, Кие турсам не болмок» (Жеңижок).Демек, уздар буюмдун өмүрүн өткөн керезден, мурастан жана табариктерден алышат.

Калпактын алдыңкы эки талаасына маңдайлаштырылып, бири-бирине төп келген эки жөнөкөй көчөт элементтен турган саймалар орун алат. Андагы оюм-чийимдер өсүмдүктөрдүн жалбырактарын элестетет да, уз көркөм көчөттү чөптүн сабактарынан алат. Сайма калың жыш болот, көчөттүн элементтерин коюулата саюу убакытты талап кылат. Сайма көчөттөрүн суйдан алуу уздуктун табиятында назиктикти тартуулайт. Шайырлар кийүүгө, шартташкан калпакта «кайык сайма» мүнөздүү келет. Ак жердикке кара жип кара аттын кашкасындай ачыктыкты, тактыкты көрсөтүп, мындай өң көбүн эсе улгайгандарга арналат. Ал эми жиби кызылы улан-кыздарга мүнөздүү келет. Калпак — назик баш кийим.

Анда шаң да, нарктуулук болгондуктан муну жасоодой эле кийүүдө да ардактай билүү талап кылынат. Баш кийим назиктикти, жеңилдикти, сыйдалыкты өзүнө ич ара ширетип турат. Бул калпактын бычылышы — башка калпактан бир аз айырмаланат. Мында эки алдыңкы талаасы жазыраак, эки арткы талаасы Ичкерээк болот. Анткени, кийимди артынан караганда анын үч талаасынын тигиштери бирдей көрүнөт. Түштүк кыргыздардын чеберлери Алай тукумдагы коюнун, козунун айрыкча күзгү жүнүн керектешет. Эгер ал аз болсо, жазгы жүндү белгилүү өлчөмдө кошот.

Мында жүн тазаланат, кылданат, майда тытылат, кайчы аркылуу жүн 5 см. дей кырчылат. Табылгы сабоо менен сабалат. Жүндүн 1, 2, 3 тарамы болот. Эң биринчи тазасы үстүңкү бетине чыгат. Аны уютууда абалы ысык сууну чачып, чийди оройт, анан тоголото баштайт. Уютулганы белгиленгенден кийин ал он, сол болуп басылат.

Кийизди кургатып дагы жууйт жана да оң, сол басат. Дагы кургатып, кайра жана басат. Көп басуу — кийизди катуу уютуунун шарты. Ал аракет жазгы, күзгү жүнгө карата болот. Кийизди эми бордоо үчүн тоодогу борду алып келип, корго көмөт. Бордун чекелерин кырып, бышканын баамдайт. Сыртын кырып таштап, тоскоктой майдалап, аны ысык сууга чылайт. Мына ошонун тунмасын кийизге сүртүп, дагы оң, сол эки жолу басып, ачык күнгө жайып, кийизди кургатып алат.

Мисалы, 59 өлчөмүндөгү (25 см) калпактын бир талаасы 28 см. болсо, 12,5 см. кыюусу келет. Мында төрт талаанын ичин кыйып, ал 2 см. кыйык тигилип бүткөндө бир см. болот. Калпактын чогу (чачык) 6,5 см ге, боосу 8 см ге өлчөнөт. Айрым чеберлер калпактын төрт талаасында 8 секиртме (тап бердирме) саймаларын берет. Анын аралары 1,5 см ден 25—27 курдай элементтери бар. Мында уздар буюмду кармоодо абалы анын эскизин кагазга түшүрөт. Мисалы, катуу салфетканы кагаз эскиздин үстүнө жаткырат да, ошол түшкөн оюм-көчөт боюнча чегип алып, кийизге түрдү түшүрүүдө тигүүчү машинанын майына малып, кийиздин алкындысы менен эзип, ага ошол чегилген из боюнча кайрадан чегип алат.

Айрымдар адаттан тышкары ат, айгырдын туу куйругун тартып алып, аны муздак сууга чылап, калпактын төрт талаасын бири-бири менен жип аркылуу ичинен бириктирип, берки төрт тал кылды ийнеге саптап алып, ичине эчтеке койбой кадимкидей чыраштайт. Кээ уздар кийизди уютууда козунун күзгү ак жүнүнөн алат. Ал өтө арсайбай үлпүлдөк, назик келет. Аны жууп, бор кошуп (бор таш кат-кат болуп көрүнөт. Ошону алып келип, корго салып бышырып, сыртын кырып, ички тазасын сокуга жанчат) казанга кичине кайнатат. Үстүнө муздак суу куюп, жүндү чылап коет. Эки-үч күндөй жаткан аны «кирип» кетпесин үчүн көз-көз ийне менен илип-тартып араларын ачып, борго аралаштырып турат. Суу боюнча араларын ача жүндү таза ачык күнү кермеге илип коет.

Мында сабап, майдалап тытып, чийдин үстүнө таза кездемени же клеёнканы жайып (ансыз чийдин кабыгы, уютулган жүндү жулат, кийизди бузат), ошого жүндү тарамдайт. Ага кайнак сууну чөмүч менен текши сээп, бир четинен чийди тоголоктоп, тепкилебей, кол менен басып ийлейт. Ошондо кийиз кирет да, чийдин үстүнө коюп билектеп таза суу менен тазалайт, жууйт, бүткөн кийиз бүктөлүп кирделет. Зарыккан кийизди күн ачыкта жайып кургатат. Ак калпакты кыйыктоодо манатты пайдаланып, төрт талаасына «мүйүз оюмун», «көөкөр оюмун» түшүрүп, төбөсүнө папик менен чачылагандар бар. Өспүрүмдөрдүн калпагынын папигине илгери бирөөлөрдүн көзү тийбөө үчүн көз мончок менен шуру өткөргөн.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1883, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-09-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
3