Балдарга арналып көп ырлар жазылган. Жаңы ырлар менен катар, жакшы көрүп ырдап жүргөн эски ырлар да бар. Мына ошол ырлардын башатында кыргыз профессионал музыкасынын негиз салуучусу, кыргыз элинин атактуу композитору Абдылас Малдыбаев турган. Малдыбаев айылдык мектептен билим алып, Алматы шаарындагы казак-кыргыз агартуу институтунан, андан кийин Кыргыз педтехникумунан окуду. Ошол кезде Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) жаңы ачылган музыкалык техникумга жетекчилик кылган, кыргыз музыкалык драма театрында артист болуп иштеген. 1936-жылы Малдыбаев В. Власов жана В. Фере менен Москвада жолугушкан, бул жолугушуу узакка созулган жана ишенимдүү чыгармачыл шериктештиктин башталышы болуп калган. Ошондой эле Малдыбаев кыргыз элинин таланттуу жана көрүнүктүү артисттери Б. Бейшеналиева, С. Кийизбаева, акындар Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, А. Осмонов жана башкалар менен тыгыз чыгармачылык байланышта болгон. Малдыбаев балдарга арнап жазган Мына минтип, Кулунум, Жылдызым, Ата Ленин, Биз агайдай болобуз деген ырларында дилгир жана шок, келечеги кең жаш бөбөктүн элеси көз алдыга келет. Анын эмгек жана лирикалык темада жазылып, элдик болуп калган Кызыл жоолукчан, Өмүр, Забойщиктер, Ала-Тоо, Кызыл атчандар, Кыргызстан сыяктуу ырларында жаңы замандагы шайдоот, эмгекчил адам, күжүрмөн кен казуучу, каарман жоокер, Ата Мекендин ыйыктыгы даңкталат.

Малдыбаев Кыргыз профессионал музыкасында биринчи жолу Ажал ордуна музыкалык драмасына, Ай-чүрөк, Манас, Көл боюнда операларына В. Фере жана В. Власов менен бирдикте музыка жазышкан. М. Абдраев жана А. Веприк менен бирдикте Токтогул операсын, Кыргыз ССРинин гимнине музыка жана башка көп чыгармаларды жазган. Ошондой эле ал элдик ырларды мыкты ырдаган ырчы катары да белгилүү. Театр сахнасында көрүүчүлөрдүн эсинде каларлык образдарды жараткан. Мисалы, У. Гажибековдун Аршин мал алан музыкалык комедиясынан Аскердин, Алтын кыз музыкалык драмасынан Кузнецовдун, Евгений Онегин операсында Ленскийдин, Кыз Жибекте Төлөгөндүн жана башка көптөгөн ролдорду аткарган. Композитор 300дөй чыгарма жараткан.

Ал өз ырларында элдик фольклорду кылдат пайдаланган, ошондуктан ырлары элдик обонго жакын, угулушу көркөм. Малдыбаев 30 жылга жакын Кыргыз ССР композиторлор союзун жетектеген, анын эл алдында сиңирген эмгеги жогору бааланып, СССРдин эл артисти деген ардактуу наам берилген, Ленин ордени жана башка көптөгөн орден, медалдар менен сыйланган. Дүйнөдөн кайткандан кийин анын элесин түбөлүккө сактоо максатында Кыргыз опера жана балет театрына, Бишкек шаарындагы көчөгө Малдыбаевдин ысымы берилген. Ал эми Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда Малдыбаев атындагы стипендия бар.

Абдылас Малдыбаев (1906-1978)


Балдарга арналып көп ырлар жазылган. Жаңы ырлар менен катар, жакшы көрүп ырдап жүргөн эски ырлар да бар. Мына ошол ырлардын башатында кыргыз профессионал музыкасынын негиз салуучусу, кыргыз элинин атактуу композитору Абдылас Малдыбаев турган. Малдыбаев айылдык мектептен билим алып, Алматы шаарындагы казак-кыргыз агартуу институтунан, андан кийин Кыргыз педтехникумунан окуду. Ошол кезде Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) жаңы ачылган музыкалык техникумга жетекчилик кылган, кыргыз музыкалык драма театрында артист болуп иштеген. 1936-жылы Малдыбаев В. Власов жана В. Фере менен Москвада жолугушкан, бул жолугушуу узакка созулган жана ишенимдүү чыгармачыл шериктештиктин башталышы болуп калган. Ошондой эле Малдыбаев кыргыз элинин таланттуу жана көрүнүктүү артисттери Б. Бейшеналиева, С. Кийизбаева, акындар Ж.…
Макала көлөмү орточо: 1 барак (А4)

Толук маалымат менен таанышуу, ошондой эле сайттагы бардык макалаларга мүмкүндүк алуу үчүн баалар: 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3622, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22