Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жыгач ооз комуз

Баш барак | Музыка | Жыгач ооз комуз

Жыгач ооз комуз (жалпы аталышы — ооз комуз) — кыргыздын тилчелүү чертме музыкалык аспабы (идиофон).

Жыгач ооз комуз
Жыгач ооз комуз
АбалыКыргыз эл музыкалык аспабы
Классификациясытилчелүү музыкалык аспаптар, идиофон
МатериалЖыгач (шилби, бөрү карагат)
Узундугу13-20 см
Жазылыгы1-2 см

Бул макала жыгач ооз комузу жөнүндө гана, ооз комуздар жана темир ооз комуз макаласы өзүнчө.

Темир ооз комуздун жакынкы түрү. Жыгач ооз комуз бир учу ичкерээк келген жыгач пластинаны элестетет. Аспаптын узундугу 13 сантиметрден 20 сантиметрге чейин. Ичке учунун жазылыгы 1 см, кең жагы 2 см айланасында. Тилчесинин кызматын аспаптын өзүнөн кесилген пластина аткарат. Жыгач ооз комузду даярдоо үчүн бөрү карагат, өрүк, шилби жыгачтары колдонулат.

Ойноо алдында аспаптын ичке жагы сол кол менен оозго такалат. Аспап эриндердин ортосунда жайгашып, алардын кыймылы аркылуу резонациялануучу ооз көңдөйү обонго жараша туураланат. Оң кол менен узундугу 30 сантиметрлик комузга байланган жип тартылып, ал өз убагында тилчени термелтет. Термелген тилчеден үн чыгып, ооз көңдөйүнүн резонансына ылайык үн күчөтүлөт.

Шартка ылайык аспапта аялдар ойношчу. Бирок, биздин күндөрдө эркек аткаруучулар дагы пайда болду.

Ооз комуздун бул түрүнүн тембри — темир ооз комуз менен салыштырмалуу азыраак шаңдуу, бирок терең. Үнүнүн чыгышы үндүн баштапкы акценттелген бөлүгүнөн улам, кагылыш сыяктуу үн чыгаргандай сезилет, а бул аспапта легато эффектисине жетүүгө мүмкүндүк бербейт. Үн тез басаңдаганына байланыштуу (темирге караганда жыгач азыраак термелме), жыгач ооз комуз обондоруна салыштырмалуу кыймылдуу темп мүнөздүү. Тесситурасы жетишээрлик төмөн, үн катары табигый. Чертүүлөр децима диапазонунда, мында табигый үн катарындагы бешинчиден, он экинчиге чейинки обертондор батат, бирок секста диапазону жакшыраак. Негизги тондун физикалык мүнөздөмөлөрү тилчесинин калыңдыгынан жана узундугунан көз каранды.

Заманбап кыргыз элдик аспаптык чыгармачылыкта жыгач ооз комуздун төрт түрү кызмыт кылат, «соль», «ля», «си», «до» катарындагылар. Буга ылайык алардын тону: соль, ля, си контроктавасы (күүлөр биринчи октавада чыгат) жана чоң октавадагы до (күү экинчи октавада).

Темир ооз комуз сыяктуу эле, бул аспапта ойноодо бурдондук орган пункту жана кошумча үндөр пайда болот, буларды кадимки угуу аркылуу классификациялоого өтө татаал.

Учурда (2023) жыгач ооз комузду колдонуу чөйрөсү көбөйгөн. Бул жөн гана соло музыка болбостон, бир тектүү, ошодой эле аралаш ансамбльдарда катышуусу.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-07-10, Көрүүлөр: 1035, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-07-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу