Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жылкы

Баш барак | Жаныбарлар | Жылкы

Жылкы (латынча Equus) — жылкылар тукумундагы (Equidae) ача туяктуу эмес ай туяктуулар уруусунун жалгыз түркүм. Сымбаттуу, ири (дене узундугу 2,5 метр, ыйык жалынан бийиктиги 1,6 метр) мал. Буту узун, тез жүрүүгө ыңгайлашкан. Түгү коюу жана кыска, жал куйругу узун. Азуулары жалпак төрт чарчы келип, чөп чайноого ыңгайлуу.

Жылкы
Жылкы
Илимий классификациясы
Домен: Эукариоттор
Падышалык: Жаныбарлар
Түр: Хордалуулар
Класс: Сүт эмүүчүлөр
Отряд: Ача туяктуулар эмес
Түркүм: Жылкылар
Тукум: Жылкылар
Эл аралык илимий аталышы
Equus Linnaeus, 1758
ITIS: 180689
NCBI: 9789
EOL: 15580
FW: 42996

Жапайы жылкы мурда Европа, Азия жана Африкада кездешип, талаа, чөл жана жарым чөлдүү жерлерде үйүрү менен жашаган. Дүйнөдө жапайы жылкылар өтө эле аз калды. Аларды Азиядан гана жолуктурууга болот. Бул жапайы жылкылар, аларды алгач көрүп сыпаттап жазган атактуу саякатчынын ысымы боюнча Пржевальский жылкысы деп аталат.

Жылкынын 7 түрү бар. Алар 4 уруучага биригет: кадимки жылкы (Пржевальский жылкысы, тарпан жана бакма жылкылар), эшек, кулан, ошондой эле, зебралар. КМШ чөлкөмүндө бакма жылкы жана эшектен башка кулан да кезигет. Тарпандын тукуму курут болгон.

Жапайы жылкы кабелтең, чыйрак, башы чоң, тарак жалдуу келип, көкүлү такыр жок болот, анткени душмандары көп болгондуктан айлана-чөйрөсүнө сак болуп тегерете көз салып турушу керек. Жылкынын өңү кумга окшош бозомук, жал-куйругу кара. Өңү-түсү талаа өсүмдүктөрүнө окшош болгондуктан, бул жылкылардын үйүрлөрү сырткы көзгө көп байкала бербейт. Кышка карата жүнү узарып калыңдайт. Жапайы жылкы дээрлик жок болуп бараткандыктан азыр (2024) коргоого алынган.

Адам жапайы жылкыны мындан бир нече миң жыл мурда колго үйрөткөн. Табияттын өнөрканасынан жалгыз үлгүнү — жапайы жылкыны алып, адам анын кебетесин акырындык менен өзгөрткөн. Кичинекей пони жылкысынан баштап, оор жук тартуучу алптарга чейин жылкынын толуп жаткан ар түрдүү породалары ушундайча жаралган. Буга байланыштуу жылкыга ылайыкталган атайын ат жабдыктары да жасалган. Бакма жылкы бардык континентте (Антрактидадан башка), дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бар. Алар күч унаа катары, эт, сүт (кымыз даярдалат) жана башкаларды алуу үчүн асыралып, ат спортунда пайдаланылат. Жылкыны колго үйрөтүү биздин заманга чейин болжолдуу 4 миңинчи жылдарда башталган. Ат адамдын канаты деп кыргыздар жылкыны эзелтен эле баалап-баркташат.

Мазмуну

Эволюциялык тарыхы

Жылкылардын эволюциясы анча чоң эмес иттердин көлөмүндөй болгон, туяк ордуна манжалары бар пропалеотерий аталган жаныбар катары казылып алынуучу калдыктар менен жакшы документтелип аныкталган. 50 миллиондук жыл арасында булар ачык мейкиндиктерде жашаган туяктуу ири жаныбарларга айланган. Негизги түркүмдүк калыптануу Түндүк Америка аймагында жүргөн, ал жактан ошол кездеги болгон табигый көпүрө аркылуу Евразияга киришкен. Башкача айтканда, Беринг кысыгынын жок кезинде жана кубаттуу муз калканы калыптана электе.

Жылкылардын эволюциясы 55 миллион жыл мурун айланасында эоцен мезгилинде башталган. Ал мезгилде бардык жылкылардын атасы делген гиракотерий аттуу жаныбар болгон. Анын далына чейинки бийиктиги 20 смдей болуп, жалбырак жана мөмө жемиштерди чайноочу майда тиштери бар эле. Гиракотерий бүгүнкү аттарга такыр окшобогон эле. Бул кичинекей жаныбардын арка-бели жогорку карай ийилген, моюну, мурду жана буттары кыска, куйругу узун келген. Өлчөмү түлкүдөй, буттары төрт манжалуу жапалдаш жандык болгон. Баш сөөгү жана мээ көлөмү салыштырмалуу кичинекей.

Гиракотерий

50 миллион жыл мурун айланасында гиракотерийлерден орогиппус (латынча Orohippus) тукуму бөлүнүп чыккан. Мында, буттары жана тиштери өзгөргөн, орогиппус катураак келген өсүмдүктөр менен азыктанган. Үч миллион жылдан кийин орогиппустар жана эпигиппус (латынча Epihippus) тукумуна эволюцияланган. Ал мезгилде климат кыйла өзгөрүп, Түндүк Америка кургакчыл боло баштайт, токойлор азайып, ачык саванналар көбөйөт. Бул нерсе жылкылардын эволюциясында негизги окуя болуп, алар жаңы шарттарга ыңгайлашууга аргасыз болушкан. Эпигиппустардын денеси чоңураак болуп, тезирээк басууга жана чуркоого мүмкүндүк алышкан, ошондой эле, толугу менен чөп азыгына өтүшкөн.

40 миллион жыл мурун мезогиппус (латынча Mesohippus) тукуму калыптанган. Бул жылкынын жонуна (ыйык жалына) чейинки бийиктиги 60 см айланасында болуп, бели бүкчүйбөй түзүрөөк, буттары, моюну жана мурду узарган. Ошондой эле, туяктарынын түзүлүшү өзгөргөн. 35 миллион жыл мурун айланасында ал миогиппус (латынча Miohippus) тукумуна өтүп, бул өкүлдөгүлөр андан дагы чоңураак болуп, мурдулары кошумча узарган.

23 миллион жыл мурун парагиппус (латынча Parahippus) тукуму жаралган. Бул жаныбардын тиштери айлана-чөйрөнүн азыктарына жакшыраак ыңгайлашып, манжалары үчөө гана болуп, аларды туяктардын башаттары байкалчу. Парагиппустардын тукумдары катары мерикгиппус (латынча Merychippus) тукумунун өкүлдөрү болуп, алардын жерден жонуна чейин бийиктиги бир метрге чейин жеткен. Баш сөөгү заманбап жылкыларды элестетип, мээсинин көлөмү кыйла чоңойгон. Мерикгиппус тукуму бир нече эволюциялык сызыктарга бөлүнүп, алардын айрымдары өлүп жок болгон. 4,4—4,5 миллион жыл мурун айланасындагы Диногиппус (латынча Dinohippus) аталган ортолук тогоодон кийин генетиктердин маалыматы боюнча бардык заманбап жылкыларды, зебраларды жана эшектерди жараткан Equus тукум сызыгы пайда болгон. 2,5 миллион жыл мурун айланасында Equus түркүмүнүн өкүлдөрү Америкадан Берингия аркылуу Евразияга өткөн. Жакынкы Чыгышта Equus эшекке, онагр жана жылкыларга (Equus caballus) айланган, Борбордук Африкада — зебрага.

Түндүк Америкада жылкылар биздин заманга чейинки VI миң жылдыкта өлүп жок болуп, XVI кылымдагы европалык колонизациянын жүрүшүндө ал жакка кайрадан үй жылкысы жана эшек түрүндөгү жылкылардын өкүлдөрү киргизилген. Алынып келинген жылкылардын жапайы болуп кеткен популяциялары мустанг деген аталышта белгилүү. Ушул сыяктуу процесс Австралияда дагы болгон, мында ал жакта жылкы түркүмүнүн өкүлдөрү болгон эмес.

Породалар

Жылкынын 200дөн ашык породасы бар. Алар тиби, экстерьери, чоң-кичинелиги, иштемчилдиги боюнча айырмаланып, бир нече топко бөлүнөт. Айбанаттар паркында арабага кошуп, балдарды тегеретип ойнотуучу кичинекей пони жылкылары менен илгери жер астындагы тар шахталарда көмүр жүктөлгөн вагонеткаларды сүйрөтүшкөн.

Араб жылкылары сымбаттуулугу, жүрүштүүлүгү жана алыс сапарга чыдамдуулугу менен даңкы чыккан. Аларды Аравияда мындан 800 жыл мурда чыгарышкан. Мингенге ылайыкташкан асыл тукум англис жылкысы XVIII кылымда Англияда чыгарылган. Ушул тукумдагы жылкылар ат чабыш үчүн атайы жаралгандай. Минги Ахалтеке жылкысы байыркы заманда эле Түркмөнстанда чыгарылган. Мына ушул жүнү алтындай жылтылдап, жибектей кулпурган, көрүнүшү сулуу, келишимдүү жаныбарлар күлүк да, өкүм да келишет. Орус селекциячысы граф Орлов жеңил арабага чегүүгө атайын арналган жылкынын эң сонун тукумун чыгарган.

Алар «Орлов таскактуу жылкысы» деп аталат. Кийинчерээк орустун мындан да күлүк таскактуу жылкылары чыгарылган. Таскактуу жылкынын катуу чаап кетүүгө акысы жок. Чабандестин буйрук үнү менен башкаруусуна баш ийген таскакчы «чу» дегенде, жыйрылган денесин кайыштай чоюп, арышын кере таштап, сызып жөнөйт. Анын таскагы курьер поездинин ылдамдыгынан кем калышпайт. Чабендес аттын куйругуна чукул чегилген кош дөңгөлөктүү арабада олтуруп, таскакты башкарат.

Мындан башка оор жүкчүл (владимир, арденна, брабансон жылкылары), миңги (будённый, терек, тракенен жылкылары) жана башка породалары да бар.

Азыркы жылкы породаларынын ыйык жалынан болжолдуу бийиктиги 50-185 сантиметр, салмагы 600-1500 килограмм айланасында. Угуу, көрүү, жыт алуу органдары жакшы өөрчүгөндүктөн аны үйрөтүү жана көнүктүрүүгө оңой. Жылкы жыныстык жактан кунанында жетилет да, быштысында үйүргө кошулат. Бээ баласын 11 ай көтөрүп кулун тууйт. Кулунун 5-6 ай эмизип, күнүгө 11-15 литр сүт берет. Жылкынын орточо жашоо узактыгы 25-30 жылды түзөзт; этинде 18-20% белок, 6-8% май болот. Кыргызстанда 1986-жылы 283 миңден ашуун жылкы болгон.

Жарышка чабылуучу аттарга атайын жеңил ээр-токум токулат. Салмагы жеңил чабендес — жокей үзөңгүсүн кыскартып, ыйык жалды баса отурат, анткени күлүк чуркаган кезде, анын белине күч келтирбөөгө тырышат. Бир нече тонна жүк жүктөлгөн оор арабаларды сүйрөгөн жылкылар да бар, мисалы, ак байпакчан ала шыйрак тору Владимир жылкылары. Жылкы 16 тоннага чейин тарта алышат. Учурда жылкылардын бардык породалары ийгиликтүү өстүрүлүүдө. Алардын ичинде келишимдүү араб жылкылары, минги асыл тукум күлүктөр, будённый жана терек породасындагы эң мыкты спорттук жылкылар бар. Жаңы породаларда чыгарылууда.

Жылкы асыроо

Жылкы асыроо — бул күч унаа, спорт, эт, сүт жана башка максаттарына жараша жылкыларды багуу. Климаттык шартка, ошондой эле чарбага ылайык жылкы асыроонун ар түрдүү ыкмасы колдонулат. Негизги 3 ыкмасы бар: колдо, жайытта, жана экөөнү айкалыштырып (колдо-жайытта) багуу. Жылкыны асыроодо асыл тукум жылкынын ар бири өзүнчө акырда, унаа жылкылар атканада багылып, атканалар нымдуулугу, жарыктанышы, аянты, жылуулугу боюнча негизги зоогигиеналык талаптарга ылайык жабдылат. Айгырынын акырынын аянты 12-16 чарчы/метр, бээлериники 14 чарчы/метр, тай-кунандарыныкы 9 чарчы/метр кем болбоого тийиш. Колдо багылган жылкынын жашына, аткарган жумушуна, ошондой эле, жыл мезгилине жараша күн тартиби түзүлөт.

Мында жылкыны сугаруу, тоюттандыруу, тазалоо, ишке пайдалануу, машыктыруу жана иш күнүнүн жалпы мөөнөтү чектелет. Тукумдук айгырлар жылдын жылуу убагында көпчүлүк учурда, кышында 3—4 саат сыртка чыгарылат. Миңги жана таскактуу айгырлар менен күнүгө 7—15 чакырым жол жүрүү же 1—1,5 саат арабага кошуу пайдалуу. Бээлер жайында жайытта болуп, кышында суткасына 4—5 саат сыртта кармоо же 5—7 чакырым жерге ар кандай жүрүш менен айдоо керек. Тай-кунандар жайкысын жайытта, кышкысын колдо 15—20 дан үйүргө бириктирилип багылат.

Жылкыны туура эмес тоюттандыруу жана сугаруу аларды жаталак бутка түшмө (опой), ич өткөк ылаңдарына чалдыктырат. Жылкыны колдо-жайытта багууда айгырлары жайкысын жайытта, кышкысын 20—40 баштан акырлуу атканаларда асыралат. Бээлер менен тай-кунандар жыл маалы жайытта багылат. Кышкысын жем, чөп берилет. Жылкыны жайытта багуу жылкы асыроонун эң байыркы жана эң жеңил ыкмасы. Мында жылкынын бардык түрү жыл маалы жайытта багылат.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2120, Өзгөртүлгөн: 2024-11-25, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо