Кыргыз эли кантип, качан тузулгон деген суроого бирдиктуу жооп жок. Илимде ондон ашуун ар турдуу божомолдор бар. Аларды уч негизги топко болуп кароого болот: 1.Кыргыз эли «Тениртоого Енисейдин жогорку тарабынын (Мин-Озон ойдунунан) кочуп (миграция) келген». Ушул жобону биринчи жолу орус академиги Г. Ф. Миллер (1705-1783) («История Сибири» «Сибирь тарыхы») деген эмгегинде жазган. 2.19-кылымда Ч. Ч.Валиханов, Н. Я. Бичурин, Н. А. Аристов «кыргыздар эч жактан келбестен, байыртадан эле Тенир-тоодо жашаган уруулардын негизинде калыптанган» деген пикирди айтышкан. 3.1956-жылы Бишкек (Фрунзе) шаарында откон кыргыз элинин этногенези боюнча буткул союздук илимий-практикалык конференциясын СССР ИАнын, Кыргыз ССР ИАнын, союздук республикалардын корунуктуу илимпоздорунун пикир алмашуусунун натыйжасында томондогудой бутум чыгарылган: «Кыргыз эли, анын маданияты... кеминде эки этностук Борбордук Азия жана жергиликтуу Орто Азиялык элементтердин байланышынын аркасында келип чыккан... Кыргыз этногенезинин эн бир туйундуу учурлары б. з. 1-мин жылдыгындагы окуяларга туш келет. Бул доордо Кыргызстандын аймагына чыгыштан азыркы кыргыздардын ата-бабалары келип кошулат. Алар бул мезгилде ага чейин калыптанып калган кыргыз тилинде пикир алышышкан. Кыргыз элинин тегин дуйнодо мындан 5-мин жыл мурун мамлекет тузгон шумерлер менен байланыштырган пикирлер да бар. Алар байыркы шумерлердин айрым создорунун, ал тургай бутундой суйломдорунун кыргыздын создоруно окшош экендигине таянышат. Бул пикир да конул буруп изилдоого татыктуу.
С. М. Абрамзон озунун «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык, тарыхый-маданий байланышы» деген эмгегинде китебинде томонкудой жыйынтыкка келген: 1.Кыргыз элинин калыптануу процесси негизинен Чыгыш Тениртоодо, Ички Тениртоодо, ошондой эле Памир-Алай (ага караштуу Алтай, Иртыш, Чыгыш Туркстан) тоолуу облустарында откон, 2.14-17-кылымда калыптанган кыргыз элинин негизин: а)турк тилдуу жергиликтуу уруулар, б)негизинен турк тилдуу туштук сибирдик, борбордук азиялык уруулардын кочуп келген тобу, в)монгол жана казак-ногой урууларынан чыккандар тузгон. Копчулук окумуштуулар азыркы кыргыз элинин курамында Енисей компоненти бар экендигин танбайт. Чындыгында, Енисей кыргыздары Тениртоодогу кыргыз элинин калыптануу процессине катышкан. А. Акаев 2002-ж. жарык коргон «Кыргыз мамлекеттуулугу жана «Манас» элдик эпосу Тарыхый иликтоо» аттуу эмгегинде Тениртоолук кыргыздар жер которуунун беш толкунунун натыйжасында калыптанып тузулгон деп эсептейт. Анын пикири боюнча Енисейден келген кыргыздардын биринчи толкуну биздин заманга чейин 1-кылымда тундук хунндардын Чжичжи деген башкаруучусунун жетекчилиги астында жасаган согуштук журушунун натыйжасында пайда болгон.
Бул процесс биздин замандын 1-2-кылымдарында уланган. Кыргыздардын кочуп келуусунун экинчи толкуну 6-7-кылымда башкача айтканда Кыргызстандын азыркы аймагына Турк кагандыгынын аскерлери кол салган мезгилге туура келет. Кыргыздардын учунчу толкуну 9-кылымдын аягы-10-кылымдын башындагы «Улуу Кыргыз кагандыгынын» доорунда болуп откон. Кыргыз урууларынын тортунчу толкуну Чынгызхандын аскерлеринин батышка жасаган жортуулдарына кошул-ташыл жургон. Бешинчи, сыягы, кыйла ири миграциялык толкун 17-кылымда Россия тарабынан башталган Туштук Сибирди оздоштуруудон кийин, Енисейдеги кыргыздардын жерин Россиянын басып алуу саясатына байланыштуу болгон. Орустардын ал жактагы кыргыз жерлерин басып алуу аракети бир кылымдай аралыкта жургон. Ушул учурда Енисейлик кыргыздар, Алатоого келишкен.
А. Акаевдин пикири боюнча, кыргыз урууларынын экинчи - бешинчи толкундары Тениртоодогу кыргыз элинин калыптанышынын негизин тузгон.