Кыргыз музыкасы же Кыргыз эл музыкасы — көчмөн улуттардын, өзгөчө түрк жана казак элдеринин элдик музыкалары менен байланышкан кыргыз элинин музыкасы жана ага тиешелүү чөйрөлөр, багыттар.
Кыргыз музыкасы | |
---|---|
Жанрлар | салттуу музыка, классикалык музыка, эстрадалык музыка |
Мезгил | байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейин |
Таандык темалар | аспаптар, ырчылар, аткаруучулар, обондор |
Кыргыз улуттук музыкасы деген эмне — бул кыргыз элинин чыгармачылыгына байланыштуу байыркы замандан бери келе жаткан музыка жана ага байланыштуу чөйрөлөр.
Элдин маданиятын, дүйнөгө көз карашын, турмуш-тиричилигин, тарыхын, этностук, ошондой эле эстетикалык идеяларды чагылдыруу баалангыс мурас. Мунун түпкү тамыры байыркы, аталардын заманынан башталат. Кыргыз музыкасы жөнүндөгү алгачкы жазуу маалыматтар бир катар адабияттарда кездешет. Кытайдын белгилүү дин кызматкери жана саясатчысы Сюань-Цзань 630-жылы азыркы кыргыз жеринде болуп, жергиликтүү эл жөнүндө: «Мени тосуп алууга арналган той, кулакка жагымдуу, жүрөк менен көңүлдү эргиткен лирикалык күү менен башталды», — деп айтып өткөн.
Бирок, бул мезгилге чейин эле байыркы кыргыз музыка өнөрү жөнүндө кабарлаган буюм, маданиий эстеликтер табылган эмес же табыла элек (2023). Кыргыз калкынын музыкалык фольклору кагаз бетине түшүрүлбөгөндүктөн, искусствонун бул тармагын тарыхый мезгилдерге бөлүү өтө кыйын.
Кыргыздар дастандарды ыр түрүндө айтып, лирикасы болсо обон түрүндө болот деп X кылымда жашаган Абу Дулаф сөздөрү бар.
Кыргыздардын музыка маданияты жөнүндө XI кылымда жашаган перс окумуштуусу Гардизи дагы маалымат калтырган. Анын айтуусу боюнча кыргыздар бир жылда, бир чоң жыйын жүргүзүп, ырдап-бийлеп, чардаганын айтат.
Советтик лингвист В. С. Виноградов болсо, кыргыз музыкасы жөнүндө мындай деп жазган: «Кыргыздардын соло аткаруу салты кылымдардан бери келе жатат; кыйыр тарыхый маалыматтарга таянуу менен VI – VIII кылымдарда эле жетишээрлик жогорку өнүгүү деңгээлинде болуп, ошол мезгилдерде эле, эл арасында музыка-поэтикалык импровизация өнөрүнө ээ болгон ырчылар жана музыканттар бар эле».
Кыргыз музыкасы жөнүндө XIX-X кылымдарда кытай жазма булактарында эскерүүлөр калган. Мисалы, Тан династиясынын булактарында чоор жана шыңгыратма аспаптары жөнүндө айтылат.
М. Кашгаринин «Түрк элдеринин сөздүгү» аттуу эмгегинде боргун, буг, икома, кобуз, куюрук, субучу, товел (добулбас), томурк, туч урма, чан атту аспаптар кездешет.
Комуз кыргыз аспаптарынын эң байыркысы делет, буга күбө катары «Китаби Деде Коркут» эмгекте (VIII—VIV кылым) «кобуз» деп эскерилген. Ооз комуз жана жыгач ооз комуз археологиялык табылгаларда XXI кылымдын экинчи жарымында болгондугу аныкталган.
Кыргыз эл музыкасы түрк элдеринин, айрыкча казак, хакас, түркмөндөрдүн музыкасына жакын. Кыргыздарда өзүнчө музыка теориясы, улуттук музыкалык-поэтикалык өнөр илими, тажик калкындай музыкант-окумуштуулар жок болуучу. Кыргыздарда айтышуу ыкмасындагы аткаруу кеңири тараган. Фольклор оозеки түрдө гана жашап, ал эми эл, музыканы эске тутуу жолу менен бири-биринен үйрөнүшкөн. Ошондуктан, тигил же бул музыкалык чыгарманы аткарган киши аткаруучу гана эмес, ошол күүнүн жаңы вариантын жаратуучусу да болгон.
Кыргыздын музыкалык өнөрүн комузда, кыл кыякта, темир жана жыгач ооз комузда, чоордо, сыбызгыда ж. б. аспаптарда ойноп, күү чыгарган өнөрпоздор байытышкан. Салттык кыргыз күүлөрүнүн ичинен «Камбаркан», «Кетбука», «Ботой», «Кербез», «Шыңгырама» сыяктуу кылым карыткан күүлөрү бүгүнкү күнгө чейин жеткен. Кыргыз күүлөөрүндө элдин турмушундагы орчундуу окуялар, жашоо-турмушту, дүйнөгө болгон көз карашты чагылдырган философиялык ой толгоолор камтылган.
Кыргыз музыкасынын тарыхында обондор Октябрь революциясынан кийин нотага түшүрүлүп жазыла баштаган, ага чейин оозеки түрдө гана болгон. 1889-жылкы «Этнографические обозрения» атту журналда Г. А. Пфеннигдин кыргыз музыкасы жөнүндө жазмалары бар.
1970—1980-жылдары немец А. Ф. Эйхгорн Ташкенде иштеп жүргөндө, кыргыздардын жана Орто Азиянын музыкалык аспаптарын чогулуп, обондорун да жазган. Анын чогулткандары Москва, Вена шаарларындагы Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө көрсөтүлгөн. Өз эмгегинде ошол мезгилдердеги кыргыздын «Бүркүт салуу» сыяктуу ырларын эске салат.
1880-жылы франциялык окумуштуулар Г.Бон, Г. Каню, Орто Азияны, ошондой эле Кыргызстанга саякаттап келишип, «Ревьюд этнографии» (Париж) деген журналдын 1884-жылкы чыгарылышынын 3 томунда «Орто Азия кыргыздарынын жана сарттарынын музыкасы» деген макаласы чыккан. Макалада кыргыз ырларына жана обондоруна жогору баа берилген.
Салттуу музыкада көчмөн элдин арасында комузчулар, манасчылар абдан белгилүү болушкан. Шартка ылайык музыкада элдин жашоо-турмушу, баатырлык, адилеттүүлүк ж. б. тиричиликке байланыштуу темалар көбүрөөк кездешет.
Баарына белгилүү комуз аспабынан ташкары кыргыздын салттуу музыкасында башында айтылган аспаптардан тышкары башка музыкалык аспаптарын дагы камтыйт. Комуз — Кыргызстандын чертме улуттук аспаптарыны бири. Кыл кыяк дагы кыргыз иденттүүлүгүнүн маанилүү символу. Бул жаалуу кылду музыкалык аспаптын кыргыз музыкасында орду чоң. Кыргыз маданиятынын элементине добулбас, аса-таяк сыяктуу музыкалык асаптар дагы таандык.
Айтылган аспаптардан тышкары кыргыз музыкасында башка дагы аспаптар абдан көп, мындай аспаптар жеткиликтүү материалдардан жасалып, кыргыздын көчмөн жашоосунда алып жүрүүгө ыңгайлуу келген. Кыргыз музыкалык аспаптары, ошондой эле кошумча музыкалык аспаптар макаласынан караңыз.
Кыргыздын салттуу музыкасынын заманбап аткаруучулары «Камбаркан» улуттук фольклордук ансамбль мүчөлөрү болуп саналат.
Мисал катары, салттуу музыка аткаруучусу Саламат Садыкованы айтсак болот. Анын репертуары өзүнө элдик стилдеги заманбап чыгармаларды, ошодой эле элдик ырларды камтыйт.
Кыргыз эл музыкасы — улуттук маданияттын, тарыхтын этикалык жана эстетикалык идеалдар байлыгы. Советтик революцияга чейинки мезгилде негизинен соло аткаруулар жайылган. Булардын ичинен, кезек-кезеги менен айтыш (мелдеш) формасында ырдоо бүгүнкү күнгө чейин абдан жайылган.
Кыргыз музыкасы ооздон оозго берилип келгендиктен, кайсы бир чыгарманы аткаруу менен адамдар алардын интерпретаторлору гана болбостон, кээде соавторлору же ал гана эмес түзүүчүлөрү да болуп калган. Ырлардын жана күүлөрдүн мындай берүү жана өздөштүрүү формасы эл арасында кыргыздарга гана мүнөздүү болгон музыкалык ойду жана музыкалык речтин эркин манерасын шарттайт.
«Күү элдин жан-дүйнөсү, күү элдин канаты» — деген сөздөрдү элдик аспаптык пьесаларда кездештирүүгө болот. Элдик салттар боюнча күүнү аткаруу алдында дайыма баш сөз айтылат. Мында, аткаруучу, пьесанын кайсы учур боюнча калыптанганын айтып берет. Кээ бир пьесалар аягына чейин түшүндүрмө тексттер менен коштолот (мисалы Замирбек Үсөнбаевдин аткарулары). Өзгөчө бир адабий-музыкалык композиция жаралат. Мындай илгерки салт угуучунун көңүлүн бурууга өбөлгө түзүп, адамдын ички дүйнөсүн да, байытууга жардам берген.
Айтыш — кыргыздар арасында мурдатан эле өткөрүлүп келген, таланттуу аткаруучулардын жана музыка жаратуучулардын мелдеши. Мелдешке кыргыз жеринин булуң-бурчунан келген көптөгөн аткаруучулар, угуучулар катышкан. Шартка ылайык комузчу же акын мелдеште утушка жеткенден кийин эл тарабынан таланты таанылып, атагы көтөрүлгөн.
Кыргыздын улуттук музыкасынын өзгөчө катмарын төкмө акындар түзөт. Акын — бул элдик ырчы-импровизатор. Таланттуу акын өзүнүн профессионалдык вокал мүмкүнчүлүктөрү жана бай поэзиялык өнөрү менен айырмаланат. Мындай акындарга кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын XIX-XX кылымдардагы акын-ырчылары кирет, мисалы Атай Огомбаев, Боогачы, Исакан Табалдиев, Калмурат Нурдавлетов, Калык Акиев, Муса Баетов, Осмонкул Болобалаев, Сартбай Белекбаев, Сыртбай, Токтогул Сатылганов, Карамолдо Орозов, Шаршен Термечиков, Эсенаалы Кушчуев жана башкалар. Андан тышкары, заманбап акыдар дагы аз эмес, мисалы Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев, Абдиев Тууганбай, Самара Токтакунова ж. б. (Залкар комузчулар макаласын караңыз)
Кыргыз элинин чыгармасынын жакшы мисалы катары «Манас эпосун» айтууга болот, эпос өзүнө күүлөрдү, кара сөз жана актёрдук искусство каражаттарын камтыйт. Манас айтуучу же манасчы музыкалык аспаптын коштосу жок чыгат. Калыптанып калган салт боюнча, манас айтуу бир нече күн же бир нече жумага созулган. Манас айтуу эл арасында ири көркөм чыгармачылык окуя катары белгиленип, калктын жыйылуусу менен өткөн.
Кыргыз музыкасынын заманбап эстрадалык ырчылары дагы күндөн-күнгө дүйнөлүк ырчылардан калышпай музыка чөйрөсүндө татыктыктуу чыгармаларды жаратып келүүдө. Мындай бүгүнкү күндүн музыкасында болсо түрдүү жаңы үлгүдөгү аспатар улуттук аспаптар, ошондой эле улуттук ырдоо стилдери кошулуп кыргыздын жаңы тарыхынын барактарын түзүүдө.
XX кылымдын 50-60-жылдары А. Айталиев, Ж. Чоробаев, К. Жакшылыков, О. Асанов, С. Мамбетбаев, Т. Турдалиевдер өз салымын кошкон.
Булардан кийин А. Атабаев, Б. Жандаров, Ж. Алыбаев, К. Досмамбетова, К. Тагаев, М. Алмакунов, М. Рыскулбеков, Р. Абдыкадыров, У. Сыдыков өңдүү чыгармачылык чөйрөсүнүн, өзгөчө кыргыз музыкасынын адамдар келген.
Ошондой эле, Атайбек Бөдөшов, А. Жумабаев, Асанкалый Керимбаев, Бурулча Какишева, Гүлсүн Мамашева, Гүлмайрам Момушева, Ж. Исакова, Жапар Чабалдаев, Зейнеп Шакеева, Ибрагим Жунусов, Кемел Бакашов, Камчыбек Букалаев, К. Коробаев, Каныкей Эралиева, М. Акматов, Малик Аликеев, М. Аманбаев, Мыскал Өмүрканова, Н. Табалдиева, Роза Аманова, Сардарбек Жумалиев, С. Суранчиева, С. Сыдыкова, Түгөлбай Казаков, Токон Эшпаев ж. б.
Музыка тармагындагы улуу муундун өкүлдөрү чыгарманын сөзүн жана обонун өздөрү жазышкан. Кийинки муундар ырларга обон жаратып, убакыт өткөн сайын бул салтка айланып калган.
Кыргыз музыкасына жаңыдан кадам шилтеп келе жаткандар: Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова ж. б.
Бирок, бүгүнкү күндө (2023) заманбап ырчыларыбыз обонун дагы, сөзүн дагы өз эмгеги менен жаратышкандар акырындан көбөйүүдө.