Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында Манас эпосу башында турган баатырлык эпостор бир топ. Алардын ичинен көлөмү жагынан да, сюжеттик курулушу, окуяларынын укмуштуулугу, кызыктуулугу жагынан да Эр Төштүк эпосу өзгөчөлөнүп турат.
Эр Төштүк эпосу мифтик окуяларга бай. Жети кабат жер алдындагы турмуш, жин-перилер, жез кемпирлер, жалгыз көздүү дөөлөр, алтымыш кулач ажыдаарлар, сыйкырдуу буюм-тайымдар Төштүк эпосун башкалардан айырмалап турат. Төштүк жер алдындагы элди Көк дөөнүн эзүүсүнөн куткарат.
Ал кандайдыр сырттан келген баскынчылардан эмес, жер алдындагы кул болуп жаткан элди каардуу эзүүдөн эркиндикке чыгарат. Бул иште ага башка эпостордогу кырк чоролор сыяктуу эле төрт Маамыт, Конокбай, минген аты Чалкуйрук, жер астындагы эл жардам беришет.
Эр Төштүк жомогу кара сөз түрүндө кыргыз, казак, башкыр элинде айтылып жүргөндүгү белгилүү. Бул жомоктун варианты 1976-жылы Кыргыз эл жомоктору деген жыйнакка басылып чыкты. Эпостун ыр түрүндөгү варианты атактуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусунда гана белгилүү.
Төштүктүн ажыдаарды өлтүрүп, Алп кара куштун балдарын аман сактап калышы, Алп кара куштун Төштүктү жер үстүнө чыгарганы, Төштүктүн Алп кара кушка өз санынан эт кесип бергени, Чал-куйруктун Итичпестин Ала көлүндөгү казанды сүйрөп чыгышы, Маамыттардын окуялары окуган адамга зор таасир тийгизет. Эпостун айрым үзүндүлөрү орус жана башка боордош элдердин тилине которулган. Эми бир сөз менен айтканда Укмуш.
Эр Төштүктүн атасынын аты — Эламан