TYUP.NET
Баш барак | Жаныбарлар | Жолборс жонундо маалымат

Жолборс жонундо маалымат

Акыркы оңдоо:

Жолборс (лат. Panthera tigris) — бул мышык тукумундагы эң чоң жырткыч жаныбарлардын бири. Жолборстор негизинен Азия чөлкөмүндө жашашат, алардын эң көп тараган түрлөрү Индия, Бангладеш, Непал, Кытай жана Россиянын чыгыш бөлүктөрүндө, алыскы чыгышта, Афганистанда, Иранда кездешет.

Жолборстордун орточо узундугу 2–2,5 метрге чейин жетет, салмагы 150–200 килограммга чейин болот. Жашоо узактыгы — 10-15 жыл. Түгү кочкул сары түстө болуп, кара жол-жол тактары бар. Бул тактар ар бир Жолборсто ар башкача болот, ошондуктан аларды өзүнчө таанууга болот. Мутацияга кабылган түгү ак жана алтын түстүү жолборстор дагы бар.

Бенгал жолборсуБенгал жолборсу

Түрлөрү: амур жолборсу, бенгал, индокытай, малай, кытай, туранский жолборстору (өлүп жок болгон), бали (өлүп жок болгон), яван (өлүп жок болгон), суматра жолборстору.

Казылып алынган байыркы түрлөрү: Panthera tigris acutidens, Panthera tigris soloensis, Тринил жолборсу.

Жолборс — жалгыз жүргөн жаныбар. Алар токойлордо, бамбук өсүмдүктөрү көп болгон аймактарда жана саздак жерлерде жашашат. Түнкүсүн аң уулоону жактырышат. Негизги азыктары — бугу, элик, жапайы каман сыяктуу жаныбарлар. Айрым учурда кичинекей жаныбарларды же канаттууларды да жейт.

Бүгүнкү күндө Жолборстордун саны кескин азайып кеткен. Алардын жашоо чөйрөсүнүн кыскарышы, браконьерлик жана адам тарабынан токойлордун кыйылышы — бул жаныбардын жок болуп кетүү коркунучуна себеп болууда. Буга байланыштуу дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде Жолборсторду коргоо боюнча атайын мыйзамдар жана жаратылыш коруктары түзүлгөн.

Жолборс — кадимки эле бакма мышыктын көп сандаган тукумдаштарынын арасында колу менен жылкыны чаап өлтүрүүгө жарайт. Бир секириги 5м чейин жетет. Сууда эң жакшы сүзөт. Ал эми кардын тойгузуу үчүн 30-50 кг этти тим эле мойсоп коюучулары да бар.

Жолборс жашаган Азиянын аймактарда коркунучтуу үндөрүн суунун жээктеринен, калың бадалдардын арасынан угууга болот. Бирок жолборсту көрүү оңой-олтоңго турбайт. Анын таргыл-ала кебетесин жакын жерден да байкоо кыйын, анткени бадал менен куюлушуп, билинбей калат. Анын үстүнө жолборс аң уулоого күн баткан соң, түн жамынып чыгат. Жолборс мыкты аңчы. Тез чуркайт, азыгын шашпай көпкө аңдыйт. Бирок ал жемин көп учурда өңүттөн чыгып басып алат. Жырткыч аңдыганынын көбүн куткарбайт.

Жолборс үй жаныбарларына да кол салуудан кайра тартпайт. Эгерде чабыттан жолборстун жолу болбосо, бака, чычкан, ал тургай чегирткелерди деле жейт. Ал көпкө чейин ачка деле жүрө берет. Бир кезде жер жайнаган жолборстор эми өтө сейрек кездешүүчү жандыкка айланып кетти. Адамдар баалуу терисине кызыгып, коркунучтуу жырткыч катары кырып жиберишкен. Азыр аларды атууга тыюу салынган.

Жолборстор капастагы турмушка бат көнөт. Бул жырткычты көптөгөн зоопарктардан көрүүгө болот. Ошондуктан ал чындыгында эле кадимки үй мышыгына окшош экендигине көзүң жетет.

Көрүүлөр: 8136
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо