Кыргыз уруулары — кыргыздардын тарыхый калыптанган уруулук жана тектик бирикмелери.
Уруулардын негизги айырмачылыктары катары, тамга (уруу белгиси), ураан (аскердик чакырык), мөөр жана туу болгон. Уруулардын башчысы бий эсептелинет. Өзүн-өзү башкаруу органдарына элдик курултайлар (чогулуштар) жана аксакалдар кеңеши кирген. Уруу ичиндеги тектик бөлүмдөр катары — урук термини пайдаланылат.
Генеалогиялык жана тарыхый окуялар санжыраларда (арабча شجرة шажара) жазылган. Санжыраны билүү ар бир бойго жеткен жигиттин милдети саналган.
Көчмөн элдерде тектик-уруулук байланыштар мамлекеттүүлүктөн маанилүү болгон. Бул формалдуу мамлекеттик түзүм, кайсы бир уруунун же тектин бекемделишине, доминанттык кылышына жана өзүнүн бийлигин орнотушуна болгон күмөндөрдүн натыйжасы болушу мүмкүн. Уруулар ийкемдүүрөөк түзүмгө умтулушкан — уруулук бирикме, конфедерация. Мунун негизин ички автономияны сактаган уруулар жана тектер консенсусу түзгөн.
Заманбап Кыргызстанды ээлеген кыргыздар тез арада жайыт жерлерди, жалпы аймактарды регламентөөчү, эффективдүү аскер-административдик системаны түзүүгө муктаж болушкан. Жазма булактарга ылайык кыргыздардын уруулук түзүмүнүн калыптанышы XVI кылымдын биринчи жарымында аяктаган, бул убакыт боюнча кыргыз элинин калыптануусунун акыркы баскычтарына туура келет. Генеалогия жана уруулардын келип чыгуусу жөнүндө жазылган эң алгачкы жазма булак — XVI кылымдагы Маджму ат-Таварих Сайф ад-Дина Аксикенди жазмасына таандык.
Кыргыздардын уруулук түзүмү өзүнө эки уруу бирикмесин камтыйт — Отуз уул жана Он уул. Уруулар оң канат жана сол канат болуп топторго бөлүнөт. Отуз уул менен Он уул биригип кырк уруулук элди калыптандырат — түркчө «кырк» жана байыркы сандык көптүк суффикс «-ыз» — кыргыз же «кырк + өгүз».
Санжырага ылайык кыргыздардын жалпы атасы (бабасы) — Долон-бий саналат, мунун үч баласы болгон: Ак уул (оң канат), Куу уу (сол канат) жана Кызыл уул (ичкилик тобу). Ак уул жана Куу уулдун тукумдары Отуз уул уруулук бирикмеге киришкен. Кызыл уул тукумдары Он уул бирикмесин түзгөн.
Отуз уул:
Он уул:
Уруу | Жору | Баргы | Бөрү | Карабагыш | Пайгут | Баарын | Сарттар |
---|---|---|---|---|---|---|---|
Уруулар |
|
|
|
|
|
|
|
Уруу | Бугу | Сарыбагыш | Солто | Саяк | Жедигер | Коңурат | Суумурун |
---|---|---|---|---|---|---|---|
Уруулар |
|
|
|
|
|
|
|
Уруу | Азык | Багыш | Катаган | Чекир Саяк | Черик |
---|---|---|---|---|---|
Уруулар |
|
|
|
|
|
Бутактар | Бөгөнөк | Баакы-бий | Баймоңол |
---|---|---|---|
Уруулар |
|
|
|
Бутактар | Жагалмай тамга | Кош тамга |
---|---|---|
Уруулар |
|
|
Уруу | Кушчу | Мундуз | Басыз | Саруу | Кытай | Жетиген | Төбөй | Чоңбагыш |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Уруулар |
|
|
|
|
|
|
|
|
Уруу | Кесек | Тейит | Бостон | Дөөлөс | Оргу |
---|---|---|---|---|---|
Уруулар |
|
|
|
|
|
Уруу | Кыпчак | Каңды | Нойгут | Найман | Ават | Кыдыршаа |
---|---|---|---|---|---|---|
Уруулар |
|
|
|
|
|
|
Кыргыздар, казактар жана каракалпактардын тектик-уруулук түзүмдөрдүн жана алардын этно-генетикалык байланыштарын салыштыруу:
Этноним | Казактар | Кыргыздар | Каракалпактар |
---|---|---|---|
Уйсун |
Улуу Жүз/Уйсын |
Ичкилик/Кесек/Сары уйсун |
- |
Канглы | Улуу Жүз/Канглы | Ичкилик/Каңды Сол Канат/Саруу/Мачак |
Кыпшак/Қаңлы |
Катаган | Улуу Жүз/Шанышкылы | Оң Канат/Кара Чоро/Чекир Саяк/Катаган | - |
Жалаир | Улуу Жүз/Жалайыр | Солто/Жалайыр | Жалайыр |
Кыпчак | Орто Жүз/Кыпшак | Ичкилик/Кыпчак | Кыпшак |
Найман | Орто Жүз/Найман | Ичкилик/Найман | + |
Алчын | Кичүү Жүз/Алшын | Оң Канат/Адигине/Пайгут/Алчын | + |
Мангыт | Орто Жүз/Конырат/Мангытай/Мангыт |
Оң Канат/Баргы/Маңгыт Оң Канат/Мунгуш/Маңгыт |
Мангыт |
Конурат | Орто Жүз/Конырат | Оң Канат/Тагай/Коңурат | Арыс Конырат |
Кесек | Кичүү Жүз/Алимула/Каракесек | Ичкилик/Кесек | - |
Кереит | Орто Жүз/Кереи Кичүү Жүз/Жетыру/Кереит |
Ичкилик/Дөөлөс/Керейит Моңолдор/Кыйра |
- |
Аргын | Орто Жүз/Аргын | Оң Канат/Адигине/Пайгут/Аргын | - |
Кытай | Орто Жүз/Конырат/Мангытай/Кытай | Сол Канат/Кытай | Кытай |
Эскертүү: «+» — бул этнонимдеги уруулардын өкүлдөрү, уруулук жана тектик этнонимди сактабастан этникалык топтун курамына кирген; «–» — бул элдердин уруулар жана тектердин этноними жок.