Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үй-бүлө

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Үй-бүлө

Үй бүлө (латынча — familia) — адам коомунда туугандык же никелик байланышы бар адамдар тобун айтабыз. Максаты: үй бүлө мүчөлөрүнүн жыргалчылыгын, бейпил жашоосун, жайлуулугун колдоо. Үй-бүлө жонундо маалыматты ушул макаладан билип алыңыз.

Жалпы маалымат

Үй-бүлө деген эмне? уй було — негизинен төмөндөгүдөй белгилер менен мүнөздөлүүчү социалдык институт, коомдун базалык уячасы:

Үй-бүлө маанилүү коомдук баалуулуктарга таандык. Кээ бир илимий теорияларга ылайык, үй-бүлө формасы көптөгөн кылымдар бою макросоциалдык системалардын жалпы эволюциясын аныкташы мүмкүн. Коомдун ар бир мүчөсү социалдык абалынан, этникалык таандыгынан, материалдык жана мүлк абалынан тышкары төрөлгөндөн өмүрүнүн акырына чейин үй-бүлөлүк, никелик абалы сыяктуу мүнөздөмөлөргө ээ.

Чоң үй-бүлө мүчөлөрү

Адамдын жашоо циклинин деңгээлдеринде анын үй-бүлөдөгү функциялары жана абалы алмашып турат. Чоң адам үчүн үй-бүлө анын бир нече муктаждыктарын канааттандыруучу булак жана ага түрдүү, жетишээрлик татаал талаптарды койгон кичи жамаат. Бала үчүн — анын физикалык, психикалык, эмоционалдык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө шарт түзүлүүчү чөйрө.

Үй-бүлө түшүнүгүнүн мазмуну коомдун маданий-социалдык өзгөрүүлөрү менен транформацияланат. Үй-бүлө деп ата-эне түгөйү же жок дегенде бир балалуу жалгыз бой ата же эне түшүндүрүлөт.

Аныктама

Үй-бүлө — бул түгөйлөрдүн никесинен негизделген уюм, коомдоштук, буга алардын никеси жок балдары (жеке же багып алган) кирген, жан-дүйнөлүк, тиричилик жалпылыгы жана өз ара моралдык жоопкерчилик байланышы. Үй-бүлө нике, жакын адамдар, бала багып алуу, ошондой эле башка мыйзам тарабынан тыюуу салынбаган жана моралдык жактан коомго каршы келбеген негизде түзүлөт.

Үй-бүлө жөнүндө түшүнүгүнүн жалпы көп колдонгонуна карабастан ал көп кырлуу, ал эми анын так илимий аныктамасы жетишээрлик татаал. Түрдүү коомдордо жана маданияттарда үй-бүлө аныктамасы кээ бир ыкмада айырмаланышы мүмкүн. Андан тышкары аныктама көп учурда берилип жаткан жактан көз каранды. Үй-бүлөнүн көптөгөн аныктамалары бар. Алардын ар бири конкреттүү тарыхый, этникалык жана социалдык-экономикалык шарттардан, ошондой эле конкреттүү изилдөө максаттарынан көз каранды.

Ири англис социологу Энтони Гидденстин (Anthony Giddens) классикалык аныктамасына ылайык үй-бүлө түшүнүгүнө «түздөн-түз туугандык мамилелери менен байланышкан адамдар тобу кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн чоң адамдары балдарды кароо милдеттерин өз мойнуна алышат». Бул аныктаманын контекстинде тугандык мамилелер, никелешүүдө (коом жана мыйзам тарабынан эки адамдын биримдигинин колдоого алынышы) же адамдар ортосундагы жакын байланыштардын натыйжасында чыккан мамилелер эсептелинет.

Укуктар жаатында үй-бүлө деп мамлекет тарабынан коргоого алынган, мыйзамдуу социалдук институт түшүндүрүлөт. Шартка ылайык юридикалык мааниде «толук кандуу үй-бүлө» ата, эне жана баладан (же балдардан), ал эми «толук кандуу эмес үй-бүлө» ата-баладан (же балдардан) же эне-баладан (же балдардан) турат. Кыргызстандын үй-бүлө кодекинде — үй-бүлө, аталык, энелик, балалык — бүткүл коомдун камкордугунун жана айрыкча мыйзамдык коргоонун жүйөсү болуп саналат.

Үй-бүлөнүн генеалогиялык аныктамасы аны жакын тугандык же кандайдыр бир касиет менен байланышкан адамдардын жыйындысын билдирет. Мындай аныктама укуктук аныктамадан кеңири болуп, бирок бир жагынан өгөй ата-энени же асырап алынган балдарды тизмеден чыгарып коёт.

Психологиялык мааниде (негизинен бул түшүнүктү Клаус Шнеевинд карманат) үй-бүлө төрт критерийди канаатандырган индивиддердин жыйындысын билгизет:

Үй-бүлө түшүнүгүнүн социалдык аспектиси социалисттик коомдо үстөмдүк кылган, марксизмдин абалына ылайык «үй-бүлө коом кыймылындагы карама-каршылыктардын миниатюра сүрөтүн берет». Үй-бүлө мамилелеринин өнүгүүсүнүн түрдүү тарыхый баскычтарда аймактык жана экономикалык аспектилер басымдуулук кылган. Мисалы, Францияда үй-бүлө түшүнүгүнө бир бөлмөдө түнгө бекилүүчү адамдар тобу кирген, ал эми орус земск статистикасына ылайык үй-бүлөгө тамактануучулардын санын, башкача айтканда бир дасторкондо бирге тамактанган адамдар кирген. Ошентсе да, социалдык-экономикалык функциянын маанилүүлүгүнө карабастан, аны үй кожоюндук кылуудан айырмалоо керек, анткени, үй иштерин тугандык мамилеси жок башка адам же адамдар тобу жасашы мүмкүн. Ушундай эле бир үйдө жашоо үй-бүлөнү түшүндүрбөшү мүмкүн. Ар убакта үй-бүлө түшүнүгүнө түгөйлөр, алардын тукумдары жана улгайган өкүлдөрү менен бирге жашоо кирген.

Мыйзамдуулук

Кыргызстанда үй-бүлөлүк мамилелер «Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодекси»[1] менен жөндөлөт.

Үй-бүлө ассоциациялары

Үй-бүлөлүк цикл

Каклты жаңылантуу жагынан үй-бүлөнүн демографиялык типологиясын куруунун маанилүү критерийи катары үй-бүлөнүн жашоо циклинин деңгээли эсептелинет. Үй-бүлөлүк цикл төмөкүдөй ата-энелик деңгээлдер менен аныкталат:

Демографиялык статистикадагы үй-бүлө түзүмү

Үй-бүлөлүк түзүм, нике сыяктуу эле эл каттоо же атайын жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдөгү утурумдук көрсөткүч болуп саналат. Ошондуктан калктын үй-бүлөлүк түзүмү боюнча түшүнүктү эл каттоо же изилдөө маалыматтары боюнча берүүгө болот. Ошону менен бирге демографиялык статистика тажрыйбасы үй-бүлөнү төмөнкүдөй белгилер менен белгилейт:

Түрлөрү жана анын уюмдары

Үй-бүлө түзүмүн изилдөөдө алар жапырт айкалышта каралат. Демографиялык көз карашта үй-бүлөнүн бир нече түрлөрү жана анын уюмдары белгиленет.

Өнөктөштөрдүн санына жараша:

Балдардын санына жараша:

Курамына жараша:

Ата-эне менен балдардын мамилесине жараша:

Уй — булолук өнөктөштү тандоо ыкмасына жараша үй-бүлөнүн түрлөрү:

Адамдын үй — бүлөдөгү ордуна жараша:

Үй-бүлөнүн жашаганына жараша:

Атасы жактан мурастоо бул балдарынын атасынын фамилиясын алгандыгын түшүндүрөт (кээ бир маданияттарда атын дагы), мүлк дагы негизинен атасы жактан өтөт. Мындай үй-бүлөлөрдү патрилиниялуу деп аташат. Энеси жактан мурастоо үй-бүлөнүн матрилиниялуулугун билдирет.

Социалдык мүнөздөмө

Үй-бүлө топторунун аталышыТопту мүнөздөгөн факторлор
1-топ (оптималдуу)Ата-эненин жогорку билимдүүлүгү. Үй-бүлөнүн бийик маданий деңгээли. Жогорку материалдык камсыздалуусу. Жакшы жашоо шарттары. Психологиялык маанидеги дени сак атмосфера. Зыяндуу адаттардын жоктугу. Ден-соолук абалы боюнча — оптималдуу.
2-топ (жакшы)Ата-эненин жогорку жана орто билимдүүлүгү. Бийик жана канааттандыраарлык маданий деңгээл. Жакшы тиричилик-материалдык шарттар. Үй-бүлөдөгү жакшы, жайлуу мамилелер. Алкоголдон тышкаркы зыяндуу адаттар. Ден-соолук абалы боюнча — оптималдуу.
3-топ (канааттандыраарлык)Көрсөткүчтөрдүн бири канааттандыраарлык эмес (маданий деңгээл, жашоо шарттары, үй-бүлөдөгү мамилелер). Ден-соолук абалы боюнча — канааттандыраарлык.
4-топ (канааттандыраарлык эмес)Үй-бүлөөдө 2 же андан ашык канааттандыраарлык эмес көрсөткүчтөрдүн болуусу. Маданият деңгээлинин төмөн болуусу. Үй-бүлөдөгү психологиялык климаттын жайлуу эместиги, жагымсыз болушу. Зыяндуу адаттар — алкоголдук ичимдиктерди ичүү. Ден-соолук абалы боюнча — канааттандыраарлык эмес.

Фунциялары

Социологдор үй-бүлөнүн бир нече функцияларын белгилешет:

Изилдөөчүлөр — функциялар үй-бүлө менен коомдун ортосундагы байланыштын тарыхый мүнөзүн, түрдүү тарыхый деңгээлдерде үй-бүлөлүк динамиканын өзгөрүүлөрүн көрсөтөөрүн айтышат. Заманбап үй-бүлө мурда артка тартып келген көптөгөн функцияларынан арылган десе да болот: өндүрүмдүк, кароолчулук, билимдик ж.б.

Үй-бүлө функциясы деп кайсы бир субъекттин ошол мамилелер системадагы (үй-бүлөдөгү) касиеттердин көрүнүшүн айтабыз. Функция үй-бүлөлүк топтун коом менен болгон байланышын, ошондой эле иш-аракеттин багыттуулугун чагылдырат. Бирок функциялардын кээ бир бөлүгү өзөрүүлөргө туруктуу келет, бул мааниде аларды салттуу деп атасак болот. Буларга төмөнкү функцияларды киргизсек болот:

А) репродуктивдик — каалаган үй-бүлөдө бала төрөлүү маселеси эң маанилүү. Тукум улоо жана бийик сезимдүү сүйүүнү камсыз кылуучу сексуалдык муктаждыктардын бүтүндүгү, биринен экинчисин ажыратып кароого мүмкүндүк бербейт. Түгөйлүк сүйүү маанилүү деңгээлде сексаулдык муктаждыктардын канаатануусунан, аларды тууралоонун өзгөчөлүктөрүнөн жана түгөйлөрдүн бала күтүү маселесине, балдарга болгон мамилесинен көз каранды.

Б) чарба-экономикалык — өзүнө үй-бүлөнүн тамак-аш менен камсыз болуусун, үй мүлкүнө ээ болуу жана аны колдонуу, кийим, үй-жайды кароо, үйдөгү жайлуулукту түзүү, үй-бүлөнүн жашоо-тиричилигин уюштуруу, үй-бүлө бюджетин калыптандыруу жана туура пайдаланууну камтыйт.

В) регенеративдик — (латынча regeneratio — кайра жаралуу, кайра улантуу) статусту, фамилияны, мүлтү, социалдык абалды мурастоону түшүндүрөт. Ушул эле жерге кандайдыр бир үй-бүлөлүк таберикти өткөрүп берүүнү киргизсе болот;

«кымбат буюм» десе эле сөзсүз шакек, сөйкө сыяктуу зер буюмдарын түшүнүүгө болбойт, анткени андайларды каалаган адамга берсе болот, ал эми үй-бүлөлүк сүрөттөр, камчы жана башка ушул сыяктуу буюмдарды көбүнчө жакын адамдарга гана берилет эмеспи.

Г) таалим-тарбиялык — (социалдаштыруу) аталык же энелик, балдар менен байланыш, аларды тарбиялоо, балдар менен өзүн өнүктүрүү муктаждыктарын канааттандыруудан турат;

Үй-бүлөлүк жана коомдук тарбия бири-бири менен байланышта болуп, бири-бирин толуктап, белгилүү бир чектерде бири-бирин алмаштыра алышат, бирок жалпысынан булар бирдей мааниде эмес, жана эч бир шартта андай боло албайт. Үй-бүлөлүк тарбия, каалаган башка тарбияга караганда мүнөзү боюнча эмоционалдуураак, анткени, бул тарбиянын өткөргүчү катары ата-эненин балдарга болгон сүйүүсү, жана бул сүйүү балдарда күзгү сыяктуу чагылат;

Д) алгачкы социалдык көзөмөл чөйрөсү — үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоодогу түрдүү чөйрөлөрдөгү өзүн алып жүрүүнүн моралдык регламентациясы, ошондой эле түгөйлөрдүн, ата-эне менен балдардын, улуу жана орто муун өкүлдөрүнүн ортосундагы жоопкерчилик жана милдеттердин регламентациясы;

Е) рекреативдик — (латынча recreatio — калыбына келтирүү) үй-бүлө мүчөлөрүнүн эс алуусу, бош убактыларын уюштуруусу, ден-соолугуна жана жайлуулугуна кам көрүү менен байланыштуу.

Ж) жан-дүйнөлүк баарлашуу — үй-бүлө мүчөлөрүнүн инсандык жактан өнүгүүсү, жан-дүйнөлүк өз ара бири-бирин байытуу;

З) социал-статустук — үй-бүлө мүчөлөрүнө белгилүү бир социалдык статусту берүү, социалдык түзүмдү кайра өндүрүү;

И) психотерапевттик — үй-бүлө мүчөлөрүнө ажардуулук, сый-урмат, кабыл алуу, эмоционалдык колдоо, психологиялык коргоо муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берет. Салттуу функциялар бошоңдой түшкөндө, бул жаңы, мурда белгисиз функция пайда болгон.

Бул функциянын активдешүүсүнөн нике ийгиликсиз же ийгиликтүү болот, башкача айтканда учурда үй-бүлө маанилүү деңгээлде жакын эмоционалдык мамилелерден көз каранды.

Үй-бүлөлүк психология

Үй-бүлө татаал түзүлүш болуп, психологиянын түрдүү бөлүмдөрүн өзүнө тартып келет: социалдык, жаш-курактык, клиникалык, педагогикалык ж.б. Изилдөө предмети катары социалдык институт, кичи топ жана ачык өзү уюшулуучу система болгон үй-бүлө болот.

Үй-бүлөнүн психологиялык климаты

Илимий адабиятта «үй-бүлөнүн психологиялык климаты» түшүнүгүнө «психологиялык атмосфера», «эмоционалдык климат», «социалдык-психологиялык климат» түшүнүктөрү синоним боло алат. Аныктаманын так түшүнүгү жок. Мисалы, орус психологу О. А. Добрынина үй-бүлөнүн социалдык-психологиялык климатын түгөйлөрдүн үй-бүлө жашоосунун аспектилерин, баарлашуунун жалпы мүнөзүн жана стилин чагылдырган канааттануу деңгээлин көрсөткөн анын жалпыланган, интегративдик мүнөздөмөсүн түшүнөт.

Үй-бүлөдөгү психологиялык климат үй-бүлө ичиндеги мамилелердин туруктугун аныктап, балдар болобу же чоң кишилер болобу, анын өнүгүүсүнө чоң таасир этет. Бул кандайдыр бир өзгөрбөгөн, түбөлүктүү нерсе эмес. Климатты үй-бүлөнүн ар бир мүчөлөрү түзүп, оң же терс таасирдүү болоору, никенин узактыгы ар бир мүчөнүн аракеттеринен көз каранды. Оң таасирлүү психологиялык климатка төмөнкү белгилер мүнөздүү: бириккендик, ар бир мүчөнүн ар тараптуу өнүгүү мүмкүндүгү, мүчөлөрдүн бири-бирине болгон жогорку ак ниеттүү талаптуулугу, корголгондук жана эмоционалдык канааттануу сезимдери, үй-бүлөгө таандык болгондугунун сыймыктуу сезими, жоопкерчилик.

Оң таасирлүү психологиялык климатка ээ болгон үй-бүлөдө ар бир мүчө калгандарына сүйүү, сый жана ишенич сезимдери менен мамиле жасайт, ата-энелерге кадырлоо сезими, алсыздарына жардам берүүгө даяр мамилеси менен. Үй-бүлөнүн оң таасирлүү психологиялык климатынын маанилүү көрсөткүчү катары мүчөлөрдүн бош убактысын үй-бүлө чөйрөсүндө өткөрүүгө умтулуусу, бардыгын кызыктырган темаларга баарлашуу, үй жумуштарын бирге жасоо, ар биринин жакшы жактарын, жакшы иштерин баса белгилөө.

Мындай климат гармонияга, конфликт курчтугун төмөндөтүүгө, стресстик абалдарды жок кылууга, жеке социалдык маанилүүлүктү жогорулатууга жана ар бир мүчөнүн инсандык потенциалын ишке ашырууга өбөлгө болот. Жагымдуу климаттын түп негизин түгөйлөрдүн мамилелери түзөт. Түгөйлөрдүн биргелешип жашоосу алардын компромисске даярдыктарын, өнөктөштүн муктаждыктарын эске алууну, бири-бирине жол берүүнү, өз ара сый-урмат, ишеним, өз ара түшүнүнү сыяктуу сапаттарды талап кылат.

Эгер үй-бүлө мүчөлөрү тынчсыздануу, эмоционалдык дискомфорт, жалгыздык сезимдерин сезсе бул жагымдуу эмес психологиялык климатты түшүндүрөт. Мунун баары үй-бүлөнүн негизги функцияларынын бири психотерапевттик функцияны аткарууга, стрессти жана чарчоону жок кылууга жолтоо болот, а бул өз учурунда депрессияга, уруш-талаштарга, психикалык чыңалууга, оң таасирлүү эмоциялардын тартыштыгына алып келет. Эгер үй-бүлө мүчөлөрү мындай абалды жакшы жагына өзгөртүүгө умтулбаса, үй-бүлө көйгөйдү жаратат.

Психологиялык климаттын маанилүү фактору катары анын курамы болот, мисалы, толук эмес үй-бүлөлөрдө көбүнөчө терс таасирлүү психологиялык климат калыптанат.

Психологиялык климат белгилүү бир үй-бүлөгө мүнөздүү аздыр-көптүр туруктуу эмоционалдык маанай деп аныктоого болот, бул үй-бүлөлүк баарлашуунун натыйжасы, башкача айтканда, ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн маанайынын, алардын эмоционалдык тажрыйбаларынын жана тынчсызданууларынын, бири-бирине, башка адамдарга, иштөөгө, курчап турган окуяларга болгон мамилелеринин жыйынтыгында келип чыгат. Үй-бүлөнүн эмоционалдык атмосферасы үй-бүлөнүн турмуш-тиричилик функцияларынын натыйжалуулугунун, ден-соолугунун абалынын маанилүү фактору болуп саналат, ал никенин туруктуулугун аныктайт.

Көпчүлүк батыш изилдөөчүлөрү заманбап коомдо үй-бүлө салттуу функцияларын жоготуп, эмоционалдык байланыш институтуна, «психологиялык баш калкалоочу жайга» айланып баратат деп эсептешет. Ал эми орус илимпоздору үй-бүлөнүн иштешинде эмоционалдык факторлордун ролу өсүп жаткандыгын белгилешет.

Владимир Свиридович Торохтий үй-бүлөнүн психологиялык ден-соолугу жана бул «анда болуп жаткан социалдык-психологиялык процесстердин сапаттуу аспектисин жана, атап айтканда, үй-бүлөнүн социалдык чөйрөнүн жагымсыз таасирлерине туруштук берүү жөндөмүн чагылдырган, ал үчүн турмуштук функциялардын динамикасынын ажырагыс көрсөткүчү», «социалдык-психологиялык климат» түшүнүгү менен бирдей эмес, ал гетерогендик курамдагы топторго (анын ичинде кичилерине) көбүрөөк колдонулат, алардын мүчөлөрү көбүнчө кесиптик ишмердүүлүгүнүн жана алардын топтон чыгуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде мүчөлөрүн бириктиришет. Үй-бүлөлүк байланышы бар, туруктуу жана узак мөөнөттүү психологиялык өз ара көз карандылыкты камсыз кылган, инсандык интимдик тажрыйбалардын жакындыгы сакталып турган, баалуулук багыттарынын окшоштугу өзгөчө мааниге ээ болгон чакан топ үчүн, бир эле учурда бир катар жалпы үй-бүлөлүк максаттар айырмаланат жана алардын артыкчылыктуулугунун ийкемдүүлүгү, максаттуулугу, бүтүндүгү анын жашоо шарты — «үй-бүлөнүн психологиялык ден-соолугу» термини көбүрөөк кабыл алынат.

Психологиялык ден-соолук — бул үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жүрүм-туруму жана иш-аракеттери алардын жашоо шарттарына шайкеш келишин камсыз кылган үй-бүлөнүн психикалык жана психологиялык жыргалчылыгы. Үй-бүлөдөгү психологиялык ден-соолук критерийлерине B. C. Торохтий үй-бүлө баалуктарынын окшоштуктары, функционалдык-ролдук макулдашылгандыктар, үй-бүлөдөгү социалдык-ролдук адекваттуулуктар, эмоционалдык канааттангандык, микросоциалдык мамилелердеги ыңгайлашуу жана үй-бүлөлүк узактык таандык деп эсептейт. Бул үй-бүлөнүн психологиялык ден-соолугунун критерийлери заманбап үй-бүлөнүн жалпы психологиялык портретин түзөт жана баарынан мурда анын жыргалчылыгынын деңгээлин мүнөздөйт.

Адамдын психикалык өнүгүүсүнө үй-бүлөлүк мамилелердин таасири

Үй-бүлө салттары

Үй — бүлөлүк салттар — бул муундан муунга өтүп келе жаткан кадимки үй-бүлөлүк нормалар, жүрүм-турум, үрп-адаттар жана мамилелер. Үй-бүлөлүк салттар, ырым-жырымдар, бир жагынан, ден-соолуктун (В. Сатир аныктагандай) же функционалдык (Э. Г. Эйдемиллер жана башка изилдөөчүлөр аныктагандай) маанилүү белгилеринин бири, экинчи жагынан, үй-бүлөлүк каада-салттардын болушу үй-бүлөлүк өз ара аракеттенүү мыйзамдарын кийинки муундарына өткөрүп берүүнүн маанилүү механизмдери: үй-бүлөлүк жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү ролдорду бөлүштүрүү, үй-бүлөлүк байланыш эрежелери, анын ичинде чыр-чатактарды жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү. Үй-бүлөлүк салттар, ырым-жырымдар коомдук, диний жана тарыхый каада-салттарга жана ырым-жырымдарга негизделет, бирок алар чыгармачылык менен өзгөрүлүп, өзүлөрүнүн толуктоолору менен коштолот, ошондуктан алар ар бир уй — було үчүн өзгөчө.

Вирджиния Сатир (англисче Virginia Satir — америкадык психолог, психотерапевт) дени сак үй-бүлөнү төмөнкүдөй негизде эсептейт:

Өз кезегинде Марик жана Эв Хазин орусиялык психотерапевттердин ою боюнча дисфункционалдык үй-бүлө төмөнкүдөй мүнөздөлөт:

Үй-бүлөлүк салттар бардык тугандарды бириктирип, жөн гана биртугандар коомун түзбөстөн, үй-бүлөнү чыныгы үй-бүлө кылат.

Шилтемелер

Жайгаштыруу: 2020-10-04, Көрүүлөр: 89660, Өзгөртүлгөн: 2024-02-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо