Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыл кыяк

Баш барак | Музыка | Кыл кыяк

Кыл кыяк — кыргыздын байыркы улуттук кылдуу жана жаалуу аспабы. Кыл кыяк өрүктүн же жаңгак жыгачынан жасалат. Аспап эки топ кылдуу, жаасы бир топ кылдуу.

Формасы жара кесилген жана көмкөрүлгөн алмурутка окшош, моюну кичине ийилип, тоголок башына эки жыгач кулак бекилген. Жылкынын топ кылынан турган кылдарын зарыл болгон деңгээлде тартуу үчүн кулактары атайын чоңураак жасалат. Чарасынын өйдөңкү бөлүгү ачык, ылдыйкысы — төөнүн териси менен капталган. Тепкеги ачакей бутактардан жасалат. Комуздукундай тепкек жарабайт. Аспаптын орточо узундугу — 60-70 см, чарасынын тереңдиги — 3,5-5 см. Эң жазы жери — 16-20 см. Кылдарын жылкынын куйрук кылынан, кээде жалынан эки топ кылып чогултат, биринчи топто 60 (кээде 65) кыл, экинчисинде 70 кыл. Кварта (чың толгоо) же квинтага (бош толгоо) туураланат.

Кыл кыяк

Жаасы догоо формасында келип, бул дагы жылкынын кылы менен тартылат (120 даана). Кармагычы булгаарыдан. Топ кылдарды ошол булгаарыдагы көзөнөктөн өткөрүп бекитет. Жааны жасоо үчүн, бекем болгон тоолуу «табылгы» өсүмдүгүн материал кылышат. Кылдарды май колдор менен кармоого болбойт, эгер майланышып калса үн начар чыгып же таптакыр чыкпай калат.

Кылдуу музыкалык аспаптар арасында жаалуу музыкалык аспаптар тизмесине кирет.

Кыл кыякчынын аткаруучулук арсеналы комуздукундай анча бай эмес. Кыл кыякта ойноо үчүн отургучка отуруп алып, аспапты тикесинен кармап, ылдыйкы бөлүгүн тизеге такап же эки тизе менен кысып алып ойношот. Элдик музыканттар, оң колунун алаканын ылдый аңтарып, жааны ылдый жагынан кармашат.

Бул музыкалык аспаптын чеберлери, аны дайыма кургак абалда сактоону сунушташат. Ошондой эле, чеберлердин ою боюнча кыл кыяктын үнү жай мезгилинде жакшы чыгып, ал эми тумандуу же жамгырлуу аба ырайында кылдардын үнү катураак чыгып, азыраак басаңдатылып, өзүнүн өзгөчөлүгүн жоготот имиш.

Эки кылдуу жаалуу аспаптын конструкциясы жана репертуары архаиканын издерин алып жүрөт. Аспапта бир же эки үндүү чыгармаларды аткарууга болот. Узундугу 60 см келген чарасы бир караганда чөмүч сыяктуу да көрүнүп кетет.

Музыкалык аспаптын жалпы диапазону — кичи октавадагы миден, экинчи октавадагы миге чейин (таза эки октава). Глиссандо ыкмасынын жардамы менен аткаруучу айтылуу «сүйлөмө», «чоюлма» үндөрдү чыгара алат. Бийик үндөр флажолет ыкмасы менен алынат. Кыл кыяктын жумшак, күңүрт тембри менен таасирдүү, лирикалык чыгармаларды аткарууга жакшы. Көптөгөн жылдар бою кыл кыяк үчүн кеңири жана ар түркүн репертуарлар түзүлгөн. Мындай чыгармаларды эки жанрлык топко бөлүүгө болот:

Биринчисине негизинде элдик ырларды жана аспаптык оюн элементтерди камтыган аспатык пьесалар таандык. Күүлөрдүн көбүндө көчмөндөрдүн тиричилиги, жаныбарлардын жашоосу, жаратылыштын ар кандай көрүнүштөрү сүрөттөлөт. Үндөрдү тууроо пьесаларында кыл кыяк адамдын үнүн туурай алат, мисалы: баланын, кыздын, жигиттин, абышканын жана кемпирдин, койчулардын, жылкычылардын кыйкырыктарын. Андан тышкары, жаныбарлардын үндөрүн дагы: иттин үрүшү, койдун маарашы, жылкынын кишенеши, ал эми табияттын үндөрүндө кийинкилер: күн күркүрөө, шамалдын уулушу, аккан суунун шылдырашы жана башка көптөгөн үндөрдү. Мындай пьесаларды аткаруу үчүн музыканттын, композитордун, ырчынын жана актердин чебери болуш керек.

Кыл кыяктын ансамбльдик, оркестрдик варианттары дагы бар, алар 1938-1940-жылдары П. Шошин тарабынан өркүндөтүлгөн: прима-кыяк (төрт кылдуу, металдан), альт-кыяк, бас-кыяк.

Кыргыз кыл кыякчылары

Кыргыз өнөр алып жүрүүчүлөр арасында бир далай (муруңку жана азыркы) чебер кыл кыякчылар бар алар:

Кыл кыяк күүлөрү

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-06-30, Көрүүлөр: 2384, Өзгөртүлгөн: 2023-07-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо