Сагымбай Орозбаков
Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Бардык эле манасчылар сыяктуу Сагымбай Орозбаков да «Манас» эпосун айтууну туш коруу менен байланыштырат. Сагымбай тушундо бир чон уйдун ар кайсы жерлеринде «Манас» айтып жаткан кишилерди корот. Алардын ар бири ар башка окуяларды айтып жаткан болот: Ошондо бироо Сагымбайды: «Манас» айтпасан айбалта менен чабам», — деп коркутат. Ал жигит Семетей экен. Ушул тушунон кийин «Манас» айтууга кирише баштайт.
Кыргыздын улуу акыны Токтогул менен кезигишкенде «Манас» бир кун, бир тун тынбай айтыптыр, ошондо Токтогул: «Кыргыздан мындай манасчыны эч коргон эмесмин, эстен тандым», — деп Сагымбайдын талантына баш ийген экен. Сагымбай 1916-жылы Кытайга эл менен уркуп барып, ал жерде да «Манас» айткан. Кытайлык кыргыздардан да буга тен келген манасчы чыккан эмес экен.
«Манас» эпосун Сагымбайдан жазып алган Ыбрайым Абдрахмановдун мындайча эскергени бар: «... Сакемдин «Семетейи» бир укмуш керемет эле. Эпосту угуп олтургандар кээде ыйлап, кээде кулушуп, жыргап калышар эле. Азыр эле айткан кызыктуу учурларды «дагы бир жолу айтып коюнузчу» деп суранышкандарын нечен жолу уккамын.
Эл аралап коп айылдарга барганыбызда ушундай болчу эле... Мен «Семетейди» да кагаз бетине тушурууго аракеттенип кордум. Бирок ал кишини «Семетей» айтып жатканда токтотууга мумкун эмес эле...» Ошентип, Сагымбай Орозбаковдон Манас училтигинин I — «Манас» болуму гана жазылып алынган. Анын ооруп калганына байланыштуу калган «Семетей» , «Сейтек» болумдору жазылып алынбай калган.