Кожожаш — кыргыздын элин баккан баатыр, мергенчиси жөнүндөгү дастан, муну Манас эпосу сыяктуу эпосторго дагы таандык кылышат.
Кожожаш жонундо маалымат. Мергенчилик кылып айылын баккан, кийиктерди түп көтөрө кырып, акырында жалгыз калган сур эчкинин каргышына калып, аскадан түшө албай калган Кожожаш жөнүндөгү дастанды баарыңар эле уксаңар керек, кинотасмасын көрсөңөр керек, бирок кинотасмада сюжети башкачараак.
Бул дастан кыргыздардын мергенчилик менен күн көргөн байыркы турмушунан кабар берип, адамдардын табиятка болгон ошол кездеги мамилелерин чагылдырат. Байыркы адамдар жаратылыштын кубулуштарын түшүнүшкөн эмес, күндүн күркүрөшүн, айдын тутулушун, башка табият кубулуштардын өзгөчө бир касиеттүү күчтөрдүн иш-аракети деп кабыл алышкан. Жаныбарлардын да өз коргоочулары болот, алар да адам сыяктуу жашашат деп ойлошкон. Мына ушунун негизинде бара-бара укмуштуу жомоктор пайда болгон. Аларды уккан балдар турмуштун кыйынчылыгына чыдап, дөө-пери болсо да беттешип, жеңип чыгууну дегдешкен. Кожожаш дастаны ушундай жомоктон жаралган.
Кожожаш Сур эчкиге жөндөн эле кабылып, анын тукумун курут кылбайт. Ага чейин көзгө атар мыкты мергендиги менен мелдеште жеңип чыгып, кандын кызы Зулайкага үйлөнөт. Үй-жайлуу болгондон кийин ууга чыкпай калгандыгына айылдаштары катуу нааразы болушат. Ошондо Кожожаш Зулайканын кой дегенине болбой ууга чыгат да, элди этке маарытайын деп сур эчкинин бүт тукумун, Алабаш аттуу текесин кошо атып алат. Сур эчки Алабашты аман калтырууну, тукумун уулоого мүмкүндүк берүүнү суранат. Бирок, Кожожаш мергенчи ага болбой Алабашты мууздап салат. Мына ушундан кийин сур эчки мергендин айылына жазында келерин, андан өч аларын айтып ант кылат. Кожожаш аны мылтык менен атпастан, жөө кууп кармап алууга ант берет.
Сур эчкини кармайм деп Кожожаш аскага камалып, боюн таштап өлөт. Кийин анын баласы Молдожаш сур эчкинин кызы Ашайранга үйлөнүп, дастан адам жана табият күчтөрүнүн жарашуусу менен аяктайт. Бул дастан, бир жагынан, адамдын эр жүрөктүүлүгүн, эч нерседен жалтанбаган тайманбастыгын даңктаса, экинчи жагынан, табиятка жырткычтык менен мамиле кылбоого, аны сактоого үндөйт.