Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Көч жана көчмөндүк

Көчмөндүк. Кыргыздар байыркы көчмөн элдердин катарына кирет. Илгеркилер да журт, жер которуп жүргөндөрдү көчмөн дешкен. Мындайча айтканда, байыркы доордон орто кылымга чейинки, Теңир-Тоого отурукташканга чейинки жашоосу көчмөндүк доор болуп саналат. Көч жүрүшүндө кыргыздардын сарамжалдуулугу, эрдиги гана көрүнбөстөн, алардын элдик жүзү, биримдиги, акылмандыгы, өнөрү, маданияты ажайып ачылган. Көч. Кыргыздар жаздоого, жайлоого, күздөөгө, кыштоого журт которуп же жол сапарына карата бир күндүк деп жакын арага, бир нече күндүк болуп алыска көчүшкөн. Көчкөн элдин көптүгүнө, салабаттуулугуна карата кичи көч, чоң көч болуп аталган. Жер шартына карата жатакка, бөксө жайлоого, тор жайлоого көчүшкөн. Көчмөн эл деп тарыхтан атак алып келе жаткан кыргыз эли өзүнүн көчүү маданиятын калыптандырган. Көчүү кыргыздарда малчылык түйшүктүн ажатынан улам болгон.

Дагы бир жагынан алганда, кыргыздар табияттын сырын эрте өздөштүрүп, күндүн узаруу, кыскаруусу (күн кайтты, узарды деген ат менен) төрт мезгилдин алмашуусун кудум куштар сыяктуу туюп, ошого жараша чарбасын жайгаштыруу сарамжалынан улам көчүү турмуш ыңгайын өздөштүрүп алган. Жайлоо маданиятын жаратууда кыргыздардын зор салымы бар десек болот. Кыргыз да көчүүнүн өзүнчө салтанаты бар. Көбүнчө уруулар, айылдар чогуу көчүү салты, жардыларды журтка таштабоо асыл жөрөлгөсү калыптанган. Кыргыздардын Энесайдан көчүүсү тарыхый жазмаларда, эл оозеки чыгармаларда кеңири баяндалат. Уруулардын баш кишиси жыл эсептегич айды аркандап, күндү күрмөп жүргөн акылман адамдардын кеңеши боюнча качан көчүүнү чечим чыгарган. Көбүнчө чоң көчүү жылдын төрт мезгилине карайт: жаздоого көчүү (төл алуу), жайлоого көчүү (жайыт жеш), күздөөгө көчүү (малдын этин чыңоо), кыштоого көчүү сыяктуу көчүү жөрөлгөсү калыптанган. Андан бөлөк айылдан айылга көчүү, өтөктөн өтөккө көчүү сыяктуу бирин-серин көчүүлөр да дайыма болуп турат.

Көчүүнүн шаан-шөкөтү анын көчүп баруу аралыгына карай, айчылык жерге көчүү, күнчүлүк жерге көчүү, же конуш которуу сыяктуулар белгиленген. Кичи көч. Журт которгон кичи көчкө алдын ала даярдык көргөн. Көч башчысы минүүгө ылоо, жүккө көлүк даярдап, эл камын көрөт. Айыл эркектери боз үйдүн жыгач-ташын таңышса, аялдар жууркан-төшөк, казан-аяк, боз үйдүн жип-шуусун, кийиздерин түрүн жыйган. Ал күнү айылдын желесине кулун байланбаган. Жылкыдагы жоош тай, байтал бээ унаага кармалып, ээр токуму токулган.

Төөлөргө, аттарга, өгүздөргө жүк артылган соң, айыл аксакалы көч баштаган. Журт таза кармалган. Көч жаңы журтка жакындаарында алдыда көч баштаган жер уусун билген аксакал жаңы конуш жайын чалат. Жаңы конушта ар бир үйдүн орду, айылдын жайылышы даярдалат. Боз үйлөр тигилип, желеге кулундар байланып, деми тынчыган соң, айыл аксакалы жаңы журтка конуш жайлуу болсун деп бата кылып, арбактарга арнап кан чыгарып, түлөө берет, үй-үйдү кыдырып даам сызышат. Улуу коч каадасы. Байыркы кыргыздардын даңазалуу улуу көчү болгон, аны каркыралуу көч дешкен. Бул айлап алыска көчүү, Теңир Тоодон Алтай, Саянга чейинки көч жолу.

Узак жолго эрте кам көрүлөт. Эл башчысы билермандарды, аксакалдарды чакырып, тамак берип, көч жөнүндө келгендер менен акыл курган. Улуу көчтүн кайсы күнү сапарга чыгарын, ай жылдыздарды карап, маал эсебин алган соң, жарлык айткан. Мындай улуу көчкө түп көтөрүлө аттанышкан. Каза таап, сөөк жерге жашырыла элек үй гана көчпөй калган. Улуу көчтү кыргыздар далай ирет башынан өткөрдү. Алар бирде Теңир-Тоодон Алтайга, Алтайдан Көгмөнгө, Көгмөндөн Хакастарга, Хакастардан Тувага көчүп-конуп жүрүшкөн. Алар улуу тоолор арасында кайсы жери оттуу, кайсы жери ысык-суук, суусу качан кирерин, кайсы жерде кечмелиги бардыгын жакшы билишкен.

Улуу көч шаңдуу жүргөн. Бул бир эле жер которуу машакаты эмес, бул эзелтен келе жаткан майрам, салт болгон. Көчтүн шаанисин ырчылардын ыры, жарчылардын чакырыгы, добулбастын кагылышы, сурнайдын тартылышы ого бетер шаңга бөлөгөн. Көчтөн мурда алдыга жигиттер субай-салт жылкыны айдаган. Көч алдына баатырлардын тобу түшкөн. Андан соң, жасалгалуу ат, же жорго минген, кундуз тебетейине, бөркүнө каркыранын канат-куйругун тагынган каркыралуу, ары чачы он өрүм, саамай чачы алты өрүм, бешкөкүл кыз-кыркындар, жасанып кийинген шөкүлөчөн селкилер, келеңгер чачпактуу элечекчен келиндер, казанбак элечекчен байбичелер, тай минген балдар чубайт. Андан кийинки сапта жүктү төөгө, атка, өгүзгө, топозго жүктөшкөн жигиттер бир четтен козголот.

Көч кабарын билген мурдараак отурукташкан жол боюндагы айылдын кишилери жаңы көчүп бараткандардын алдынан тосуп, өтө жакындары, дос-тамыр, куда-сөөк болушса алдын ала бышырган эттерин, боорсокторун, актарын дасторконго жайып күтүп турушат. Бейтааныш болсо, кымызын, айран сүтүн, каймагын, сары май, курут, бышырган нанын ак пейилден сунат. - Көч көркү болсун! - Көчүңөр байсалдуу болсун! - Жолуңар шыдыр болсун! - Колдоочуңар Кыдыр болсун! - дешет жол боюндагылар.

- Айтканыңар келсин! Силерди Теңир колдосун,- деп аксакалдар, жигиттер аттан түшүп, аялдар, балдар ат үстүндө ак нандан ооз тийишет. - Жол узак, жолдон калбайлы! - дейт көч ээси. Көчкө көз салган арттагы баатырлар келет. Ак алып чыгуу. Ата-бабадан келе жаткан асыл салттардын бири. Алыстан көч менен куда-сөөк келе жатса, жол боюндагы айылдын келин-кыздары бурала басып, колдоруна ак толтурган (кымыз, айран, чалан ж. б.) аяк-чыны кармап, ошол жүргүнчүлөрдүн алдын тосо чыгышат. Суусун сунушат.

Көчтөгүлөр да адатта сыпайы алып, аттын ыйык жалына тийгизип, суусундарын кандырышат. Ыракматтарын айтып, баталарын берип, көч шарт жөнөй берген. Журтту таза лап кетүү. Кыргыздар жаңы конуш которордо, же алыска көчөөрдө көчкөн журтту тазалап, акыр-чикирлерди өрттөп, көөмп кеткен. Көчкөн журттун көркү - тазалыгы дешкен кыргыздар. Айрыкча мындай милдетти аялдар жасаган. Жыл сайын ал журтка келип конгондо ошол жай жаңыланып көрүнгөн. Эл ичинде баамдоо: көчүп кеткен эски журттан улам, муруңку үй ээсинин шашып же шашпаганын, аялынын камбылдыгын, тегерегин таза кармоодон адамкерчилигин, ыйман-сырын билсе болот.

Кошуна милдети. Жаңы конушка көчүп келгенин көргөн жакын-арада жашагандар бейтааныш болсо да салт боюнча келип, конушуңар куттуу болсун! деп, жүктөрдү түшүрүүгө жардамдашкан. Боз үйүн тигишип, эмеректерин киргизип, мал-жанга кол кабыш этишкен. Жаңы тигилген үйдө очок күйүп, шартка жараша казан асылган ж. б. сыйлар көрсөтүлгөн. Көчкө бата. Көбүнчө жүк жүктөлүп бүтүп, көч башы төөнү жолго тартканда берилген. Мында батадагы көчтүн көрктүү болушун каалаган сөздөргө караганда, көчтүн көркүнө абдан маани берилгени байкалып турат.

Көч жүктөгөндө эр азаматтар аябай мыкты жүктөшкөн. Кимдин жүгү ооп, жүгү жолдо чубалса, аны өтө айыптуу, намыстуу иш көрүшүп, көчүүнүн сарамжалдуулугуна байкас кылышкан, кыргыздар бала-бакырасынан көчсө, коңшусу көчсө, же көчкө жолукса аны бата ыры менен узаткан. Көчкө бата берген ыр мындай нускада айтылган. Көч көрктүү болсун, Жүк жуктуу болсун, Унаа кабыл болсун, Айлана адил болсун! Кызың кылыктуу болсун, Уулуң урматтуу болсун, Келиниң келбеттүү болсун, Жер-суу, тоо-таш Олуясы колдоп, Конушуң олжолуу болсун! Оомийин! Конушка бата.

Көчүп барган жерди конуш деп атап, жаңы конушту кудум жаңы салган имаратты куттуктагандай куттукташып, казанга май кайнатып, жаңы конуш майлуу-сүттүү болсун деп ырымдашкан. Жаңы конуштун дасторконуна маанилүү баталар берилген. Ал баталар конушка баталар деген топту түзгөн. Кыргыз баталарында көчкө, конушка кыска ак тилек айткан сөздөр да бар. Конушка: түндүгүң бийик, керегең бек болсун (жандырмагы: айтканың келсин, жолуң болсун). Конушуңар олжолуу болсун (жандырмагы: олжосуна орток болуңуз).

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 2614, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо