Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Карышкыр

Баш барак | Жаныбарлар | Карышкыр

Карышкыр (латынча Canis lupus) — ит тукумундагы (Canidae) сүт эмүүчү жырткыч жаныбарлардын түрү.

Карышкыр өзүнүн тукумундагы эң ири жаныбарлардын бири, куйругун эске албаганда, денесинин узундугу 160 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн, куйругу - 52 смге чейин, бийиктиги (далы сөөгүнүн жогорку чекитине чейин) 90смге чейин. Ал эми салмагы 90дон 100килограмга чейин.

Карышкыр өлчөмдөрү

Жалпы маалымат

Карышкырды бөрү деп да аташат. Карышкыр пайдалуу жырткыч айбанбы же зыяндуубу? Минтип суроо коюунун өзү эле жаңылыштык. Анткени көп жаныбарлар бир эле мезгилде пайдалуу да, зыяндуу да болушу мүмкүн. Карышкыр кой, бакма бугуларга кол салып, адамга зыян келтирет. Бирок ал токойдо же тундрада көбүнчө начар, ылаңдуу жаныбарларга аңчылык кылат, анткени мындай жаныбарларды кармап жеш оңой. Ылаңдууларын жок кылып, карышкыр токойго жана андагы жан-жаныбарларга пайда келтиргендиктен, аны токой санитары деп да коюшат. Бирок карышкырдын жеми ылаңдуу жаныбарлар гана эмес. Анчалык шамдагай, сак, амалкөй болбогон, начар өсүп, үйүрүнө тең боло албаган жапайы жаныбарлар да карышкырга жем болот. Карышкырдын токойго жардамы ушулар менен эле чектелбейт.

Карышкырдын жашоо ареалы

Эгер токойдо жаныбарлар өтө көбөйүп кетсе, тоют жетишпей жаныбарлар ач калып, начарлап ылаңдай баштайт. Мажүрөө канаттууларды, айбанаттарды жеп "карышкыр" башка жаныбарларды ачкалыктан, ылаңдан, тукуму бузулуудан сактап калат. Ошондуктан карышкырды жапайы жаныбарларды көзөмөлдөгөн малчы деп да атаса болот. Зыяны да пайдасы да бар карышкырларды кырып жоюу керекпи же аларды коргоого алган оңбу? Карышкыр өтө көбөйүп кетип, кой, уй, бакма бугуларга зыян келтирген жерлерде аларга аңчылык кылышат.

Ал эми карышкыр анча көп болбой, адамдан алыс жашаган жерлерде аларга башкача мамиле жасоо керек. "Карышкыр" - өтө амалдуу жана акылдуу жырткыч. Жаныбарлардын арасынан жападан жалгыз, өч алганды билген айбан. Ал өзүнө аңчылар келе жатканын тез сезет да, бул жерден көп убакытка башка жакка ооп кетет. Ошондуктан кээде аларды жөн эле чочутуп коюу жетиштүү. Карышкырлар бөлтүрүктөрүн ийинде чоңойтушат.

Эң тажрыйбалуу из кубарларда анын ийинин оңой менен таба алышпайт. Эгер коркунучту сезип калышса, бөлтүрүктөрүн башка жерге тиштеп ташып, бекем катат. Күзүндө бөлтүрүктөр кадыресе жетилет, кышкысын ата-энесине, башка чоң карышкырларга кошулуп кышкы жортуулга чыгышат. Аңчылар кардагы издерге карап карышкырдын үйүрү качан өткөнүн биле алышат. Бирок бул үйүр өтө сак жана тез жүргөндүктөн табуу өтө кыйын.

Карышкырлар адамга бет келүүдөн качышып, казылган чуңкурларды. коюлган капкандарды жана башка кооптуу жерлерди айланып өтүшөт. Күтүлбөгөн жерден пайда болушуп, адамдар аркы-беркисин камдагыча короо-сарайдан койлорду бөктөрө качышат.

Карышкыр менен кезиккенде эмне кылыш керек?

Ооба, карышкыр менен кезигип калуу ыктымалдыгы абдан аз, бирок жашоодо эмнелер гана болбойт, ошондуктан билип алуу абдан маанилүү.

Карышкыр менен кезигүү

Биринчи эреже

Өзүңүздү жоготпоңуз, коркуп жатканыңызды билгизе көрбөгүлө. Алгач, карышкыр сизди аңдыйт, сиз аны байкабашыңыз мүмкүн, ал көпкөө чейин сизди аңдып, коопсуз экениңизге ынанган соң гана сизге жакындап келип, айланчыктай баштайт. Албетте, дене-боюңуз дароо чыңалуу абалына өтөт, коркуу сезими пайда болот, карышкырдын сүрүнөн эле жаман абалда болосуз. Бирок, аны билгизбегенге аракет кылгыла. Чукул кыймылдарды жасабагыла, жерден коргонууга жарай турган каалаган нерсени колуңузга алыңыз, таш, жыгач, союл, өзүңүздүн жаныңызда бычак болсо абдан жакшы. Жерге отуруп жашынбагыла, мындайда ал дароо кол салат.

Эмне гана болбосун качпагыла, жырткычка артыңарды салбагыла, түз карап артка баспагыла. Жапайы жаныбар мындайды кечирбейт. Жырткыч дароо эле рекфлективдүү деңгээлде, сиз андан качууга аракет жасап же коркуп жатат деп түшүнөт дагы силерге кол салгысы келет. Сиз ага, анын аңы (аң улоо) болуп каласыз. Эсиңерде болсун, карышкырдан адам качып кутула албайт.

Экинчи эреже

Карышкырдын көзүнө карабаганга аракет кылгыла, ушундай кеңешти көп жыл аңчы болуп иштеген Бактыбек байкеден алдык. Анын сөзү боюнча «карышкырдын көзүнө караганга таптакыр болбойт, бул айбан өтө кыраакы жырткыч болгондуктан, ал сизди көзүңүздөн эле жан-дүйнөңүздө эмне болуп жатканын билип, сезип, сиздин кандай экениңизди бутуңардан башыңарга чейин билип алат, ички дүйнөңөрдүн эң терең жагында коркуп жатканыңызды көрүп коёт, ошон үчүн эч качан анын көзүнө караганга болбойт. Кокус көзүнө бир нече убакыт карап жиберсеңер бул абдан кайгылуу трагедия менен бүтүп калышы турган иш. Карышкыр жөн гана сизди кагаз жырткандай жыртып коёт, ошон үчүн буларды жырткыч дешет эмеспи» - дейт.

Негизи эле, адам менен карышкырдын кезигүүсү сейрек көрүнүш, бирок мындай окуялар кез-кез болуп турат. Каалаган жапайы жандыктардай эле карышкыр деле адамдан оолак болууга аракет кылат, ошого карабастан кезигүү мүмкүнчүлүгү бар. Булар көбүнчө үйүрү менен жүргөнүнө байланыштуу, жалгыз карышкырга кезиксеңиз ал же оорукчан, же жарадар же үйүрүнөн бөлүнгөн, же эне карышкыр болот. Өзгөчө кутурма оорусу менен ооруган карышкырга кезигүү мүмкүндүгү өтө жогору, анткени алар дайыма жалгыз жүрүп калат. Мындай учурда ал силерден кетип калат деп ойлобогула ал сөзсүз кол салышы ыктымал, ошондуктан дароо коргонууга даяр болуңуз, эгер алыста жүрсө андан айланып кетиңиз же артка кайтыңыз, кайра эле шашпай, карышкырга артыңарды салбай. Ушундай эле кырдаал эне карышкырга кезиккенде болот.

Эгер сизге кол салганга аракет кылып сизди көздөй келе жатса, сиз дагы аны көздөй баскыла, сиз дагы кол сала турганыңызды билгизгиле, бирок өтө эле ашып кетпегиле, силердин максат — карышкыр менен алышуу эмес, аны качыруу, коркутуу. Сизге келе жатып токтоп калдыбы сиз дагы топтоп, колуңузду булгалап, үн чыгаргыла, артынан кубалабагыла.

Карышкырлар аягына чейин барган жандыктар, ушуга байланыштуу булар сиздин артыңыздан ээрчип жүрүшү толук ыктымал. Мындайда адамдар бар жакка акырындан басып жетиңиз. Эл алыс жерде болсоңуз келген жагыңызга кайтыңыз, бирок дайыма эки жакты карап, көз алдыңыздан аны кетирбегиле, телефон болсо, чалып жардамга адамдарды чакыргыла.

Карышкырлар үйүрүнө кезиккенде

Жалгыз эмес бир нече адам менен жүргөн учурда деле, карышкырлар үйүрүнө кезигүү эң оор учур десек болот. Мындайда карышкыр менен эмес, өлүм менен күрөшүүгө даяр болуңуз. Дароо коргонууга жерден бир нерсе тапкыла. Жаныңызда ширеңке же оттук болсо, тезинен бир нерсени өрттөп колуңузга алыңыз. Кайра эле сиз от жаккыча алар күтүп турбайт ошондуктан, эки жакты карап, баарын тез бирок шашкалактабай жасаңыз. Жерге ылдый болгондо бизден жашынып жатат деп ойлошу мүмкүн, ылдый болгула бирок тезинен кайра тургула.

Өзүңүздү жоготпоңуз, кымындай эле алаксып кетсеңиз дароо басат. Сиз аларды көрүп жатканыңызды көзүнө карабай билгизиңиз, акырындан эки жакты карап басып кете бергиле, эгер сизге көңүл бурбай башка жакка басып кете турган болсо, анда адамдарга жеткенге чейин байкап басыңыз. Эгер айланчыктай баштаса, дароо 3-4 метрден бийик дарак издеңиз дагы ага чыгып кетиңиз да андан аркысын абалга жараша телефон чалып жардам чакыртыңыз. От жагууга албетте мындайда убакыт болбойт. Бактын үстүндө кечке тура албайсыз, ал эми карышкырлар көпкө чейин сизди аңдыйт. Ошентсе да, ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз.

Карышкыр кол салганда

Үйүр карышкырлар кол салганда кармашам деп ойлобой эле койгула, бакка чыгып же от жагып кутулуу гана керек, ал эми жалгыз карышкыр кол салып, сөзсүз кармашууга туура келсе, айланада чыга турган дарак жок болсо, анда колуңарга жок дегенде курал катары жерден бир нерсе табыңыз. Анча чоң эмес даракка далыңыз менен таянып, карышкырга бет маңдай болуңуз. Моюнуңузду, бетиңизди сактаңыз, карышкыр биринчи ирет сизди моюндан, беттен тиштөөгө аракет кылат.

Колуңарда курал болсо көпкө чейин каршылык көрсөтө аласыз дагы, жаныбар тажап, кетип калышы мүмкүн. Ошондой эле, бардык жаныбарлардай эле карышкырлар да өзүнөн чоң жандыктан кооптонуу абалында болот, ошон үчүн анын көзүндө өзүңүздү чоң кылып көрсөтүңүз, коркутуп катуу кыйкырыңыз. Союл менен коргонууда карышкыр аны тиштеп колуңуздан жулуп алышын эсиңизден чыгарбаңыз. Найза сымал курал орточо аралыкта эффектифдүү, бирок жакынкы аралыкта жардамы жок. Эмнеси болсо да жерге жатпаганга аракет кылыңыз, кокус жыгылып кетсеңир кайра турууга аракет кылгыла.

Жакын аралыкта карышкыр менен кармашуу өтө татаал жана андан жеңем деп ойлобогула, жаныңызда бычагыңыз болсо жакын аралыкта аргасыздан гана кармашууга болот. Андай болбосо, бетиңизди моюнуңузду коргошуңуз керек. Ошондуктан, эптеп бутка турууга аракет жасоо арга гана бар. Бутка турган соң колго кайрадан союл же башка узунураак курал алыңыз да коркутуу үркүтүү ыкмаларын улантыңыз.

Жарадар карышкырдын жанына жолобоңуз, анткени мындай учурда алар абдан коркунучтуу болот.

Анан эң акыркы жана мыкты стратегия бул — карышкыр менен кармашпай андан кутулуу стратегиясы, ал жөнүндө өйдө жакта жазып өттүк. Бул жандыктар күн сайын башка жаныбарлар менен кармашат, ошондуктан сизге караганда тажрыйбасы да жогору. Бул жөнүндө карышкырларды изилдеген Джеймс Оливер Кервуддун китебинде айкын жазылган. Жырткычтан жараат алган соң дароо ооруканага барып, кутурмага каршы даары алуу өтө маанилүү.

Жайгаштыруу: 2020-06-04, Көрүүлөр: 20592, Өзгөртүлгөн: 2024-02-19, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо