Комуз (байыркы аталышы — чертмек) — кыргыз элинин байыртан берки келе жаткан үч кылдуу чертме аспабы. Ал өрүк, жаңгак, ак чечек, алмурут, тал, терек, карагай, арча сыяктуу мөмөлүү жана мөмөсүз токой жыгачтарынан чабылат.
Комуз | |
---|---|
Классификациясы | Чертме кылдуу музыкалык аспап, хордофон |
Абалы | Улуттук музыкалык аспап |
Комуздун жалпы узундугу болжолдуу 75-90 смдей келет. Формасы алмурут сымалдуу. Кылдары мурда мал-жандын ичегисинен, тарамыштарынан даярдалчуу, учурда капрон, нейлон жана пластик жиптерден жасалат. Комуз чертүүчүнү — «комузчу» дешет. Музыкалык аспаптардын арасында кылдуу музыкалык аспаптар бөлүмүнүн чертме кылдуу аспаптарга таандык (Хордофон). Комуздун сүрөтү улуттук валюта сомдун беттерине дагы түшүрүлгөн.
Чебердин тийсе кол учу,
Чер жазган мукам добушу.
Чертилип келдиң байыртан,
Чечен тил кыргыз комузу.
(Байдылда)
Салттуу комуздун схемасы:
Комуз бүтүндөй жыгачтан жасалып, ага тагылган үч кылды чертүү аркылуу үн чыгарылат. Комуз кыргыз элинин эң байыркы жана кеңири тараган музыкалык аспабы. Илгерки кыргыз комузу көбүнчө боз үйдүн ичинде чертилчү. Ырчылар аны менен ат үстүндө жар чакырган. Комуздун үнү өз чөйрөсүндө мукам угулуп, кыргыз маданиятын байытууда жакшы кызматын аткарган жана дагы деле аткарып келет.
Комуз — кыргыз аспаптарынын эң байыркысы деп саналат, буга күбө катары «Китаби Деде Коркут» (VIII—VIV кылым) эмгегинде аспап «кобуз» деп эскерилген.
«Кыргыз музыкасынын тарыхы узак мезгилди камтыйт. Тан (династиясы) доорунда Батыш өлкөлөрдүн (Орто Азия, Түркстан) жана түндүктөгү уруулардын музыкасы «хуме» (Хулардын музыкасы) деп аталган.
Тан (династиясы) доорундагы хан сарайында ойнолуучу он түрдүү музыканын үчөө Синьцзяндыкы (Түркстандыкы). Бул үч музыкага: «Гаоган юе», «Цюцы юе», «Шули Юе» кирген. Синьцзяндагы Турфан шаарынын батышындагы «Чжао ха чун гае чан» өрөөнүнөн IX кылымдын башталышына таандык байыркы бир сүрөт табылган.
Сүрөттөгү кичине бала чертип жаткан аспап — кыргыздардын комузуна өтө окшош болгон. («Жэнь мэн ин юе чубаньше» — «Эл музыкасы басмасы» чыгарган «Майда улуттардын музыкалык аспаптары жана жекече ойнолгон салттуу күүлөрдүн жыйнагы» деген китепти караңыз).
Байыркы заманда эле (комуз) башка улуттар жашаган аймактарда, ал түгүл, чет элдерге да тараган. Тан (династиясы) доорунда кыргыз эли Тан падышасына белек катары бир комуз беришкен.
Кийин, Тан падышасы ал комузду япондорго сыйлык катары тартуулаган. («Бүгүнкү Кытай авторлору байыркы кыргыздар жөнүндө»).
Тан династиясы болсо 618-жылдан (VII кылым) 907-жылга (X кылым) чейин болгон, демек буга жараша кыргыз комузу ошол убакта эле болгону жөнүндө аныкталбаган тыянак чыгарууга болот.
Ошондой эле комуз жөнүндө эскерүүлөрдү Сыма Цяньдын эмгектеринде кезиктирүүгө болот (б.з.ч. 201-жыл). Ошондой эле «Китаби деде коркуд» аталган огуздук эпосто эскерилет (IX—X кылым).
Ошондой эле, комуздун келип чыгышы боюнча кыргыз элинин арасында комуз легендасы, жыл сайын 9-сентябрда белгиленүүчү комуз күнү дагы бар.
Комуздун узундугуна жараша «бала комуз», «чоң комуз» деп бөлүнөт. Мисалы, 70 см комуздун моюнунун узундугу 35 см, чарасынын узундугу 35 см (чоң комуз катары), 65 см комузда 32,5 см (бала комуз катары). Макаланын башында 90 см узундукка чейин болот деп жаздык эле, ооба, учура көпчүлүк комуздардын узундугу жок дегенде эле 80 см келет. Бул нерсе, балким кандайдыр бир стардарттын жоктугунан болсо керек.
Ш. Исаков менен К. Тойчинов жасап чыккан электр комуз да колдонулуп жүрөт. Андан тышкары комуздун оркестрдик түрлөрү чыккан. Муну көбүнчө комуздун өркүндөлүшү деп аташат. Комуздун биринчи өркүндөтүлүшүнө улуу музыкант Муратаалы Күрөнкеев кеңешчи катары катышкан. Алгач 1935-ж., экинчи жолу Москвадагы Сокольнический фабрикасынын усталарынын катышуусу менен комуздун беш түркүмү (комуз-пикколо, комуз-прима, комуз-альт, комуз- тенор, комуз-бас) өркүндөтүлөт (модернизациялат).
1960-жылдары комуздун беш түрдөн турган жаңы оркестрдик түрлөрү чыгарылган: комуз прима, комуз секунда, альт комуз, бас комуз жана контрабас комуз. Бул түрлөрдүн негизинде ошол эле жылдары Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы кыргыз элдик аспаптар оркестринин жетектөөчү тобу жабдылган. Топтун ойноо үнү (контроктавадан үчүнчү октавадагы миге чейин) жана аткаруучулук мүмкүндүктөрү кеңейген, мисалы ошол эле, плектр менен ойноо. 1990-жылдары модернизацияланган комуздар көп колдонулбай калган. Учурда (2023), Кыргыз улуттук консерватория оркестрында альт комуз жана бас комуз бар.
Окестрдык (ладдык) комуздар үч тарамыш, пластик же металл кылдарга ээ, бардык түрлөргө бирдей кварт түзүм болот. Буларда моюну (орусча гриф) кыл коймолорго (кыстырмаларга) бөлүнүп, бул мындай аспаптарда ойноонун үйрөнүү системасын жана ноталык текстте бекитилген темпделген музыканы аткаруу процессин жеңилдетет.
Комуз-прима — тесситурасы эң жогорку болгон оркестрдик комуз. Анын партиясы кыл кыяктык ачкычта ноталанат. Реалдуу жумушчу диапазону — биринчи октавадагы миден үчүнчү октавадагы миге чейин. Биринчи жана экинчи кылдардын туураланышы — биринчи октавадагы ми, үчүнчү кылдыкы — биринчи октавадагы ля.
Комуз-секунда — комуз-примага караганда үнү квартага төмөн чыгат. Бул дагы кыл кыяк ачкычында ноталанат. Жумушчу диапазону — кичи октава ля нотасынан экинчи ля нотасына чейин. Туураланышы кварталык: биринчи жана экинчи кылдары — кичи октавадагы ля, үчүнчү кылы — биринчи октавадагы ре.
Комуз-альттын үнү комуз-примага караганда бир октавага төмөн чыгат. Мында дагы кыл кыяктык ачкычта жазылып, бирок партияны бир октавага төмөн транспорттойт. Комуз-прима сыяктуу туураланат, бирок бир октавага төмөнүрөөк: биринчи жана экинчи кыл — кичи октавадагы ми, үчүнчү кыл — кичи октавадагы ля.
Комуз-бас — тесситурасы боюнча комуз-альт менен комуз-контрабастын ортосунда турган оркестрдик аспап. Кылдары металлдан жасалган. Бас ачкычында ноталанат. Жумушчу диапазону чоң октавадагы ми нотасынан биринчи октавадагы фа-диез регистрин камтыйт. Туураланышы: биринчи кыл — чоң октавадагы ми, экинчи кыл — чоң октавадагы ля, үчүнчү кыл — кичи октавадагы ми.
Комуз-контрабас — үнүнүн чыгышы боюнча эң төмөн болгон оркестрдик комуз аспабы. Мунун ролу базалык гана түрдө. Партиясы бас ачкычында жазылып, текстти бир октавага төмөн транспорттойт. Жумушчу диапазону: субконтроктавадагы ми — кичи октавадагы си. Туураланышы: биринчи кыл — контроктавадагы ми, экинчи кыл — контроктавадагы ля, үчүнчү кыл — чоң октавадагы ре. Кылдары металл.
Негизги макала: Күү
Комуз күүлөрү үч негизги жанрдык топко бөлүнөт:
Обондуу күүлөргө элдик ырлар негиз салган аспаптык пьесалар кирет. Комузда чертилүүчү обондуу күүлөр аспаптык музыканын эң көп жайылган түрү. Буларга балдар, тиричилик, лирикалык, патриоттук, эпикалык жана тарыхый пьесалар таандык.
Виртуоздук ойноо күүлөр, көрүнүктүү, оригиналдуу жаркын күүлөрдү элестетет. Булардын көбүнчөсү программалык түзүмгө ээ. Күүнүн аткаруусу, аспапка эркин ээлик кылуу, ар кандай эффектилер, ыкмалар, образдардын көргөзмөлүүлүгү, аткаруунун темпераменттүүлүгү менен мүнөздөлгөн виртуоздугу менен айырмаланат. Мындай күүлөргө Ниязалынын «Кара өзгөйү», Токтогулдун «Тогуз кайрыгы», «Чайкамасы», Айдараалынын «Көйрөн күүсү», Атай Огомбаевдин «Машботою», «Ак тамак, көк тамагы» ж. б. таандык. Мындай күүлөрдү аткаруу музыканттын актердук чебердиги менен коштолот. Мындай күүлөрдү ойноп жаткан комузчу бир эле убакта музыкант-аткаруучу, ырчы-обончу, акын-импровизатор, композитор жана актёр болот.
Белгилүү элдик эпостордун негизиндеги эпикалык күүлөр дагы көп тараган. Бир катар салттуу күүлөрдүн эң көп жайылгандары: Камбаркан, Ботой, Шыңгырама, Кербез. Биринин аталыштары элдик легендарлар жана баяндар менен болгон байланышты көрсөтөт (Камбаркан, Ботой, Карагул), экинчилери болсо белгилүү бир манерадо ойноону (Мисалы, Шыңгырама) же кылдарды конкреттүү бир тууралоо ыкмасын (мисалы, Жаа толгоо) жоромолдойт.
Ошол эле убакта, комуз күүлөрүнүн аталыштарында конкреттүү бир жашоо учурлары чагылдырылган. Мисалы, дээрлик дайыма, кайсы бир пьеса боюнча, аткаруучу пьесанын «эмнеге жана кантип пайда болгонун, эмне жөнүндө экенин» айтып бериши мүмкүн. Музыкалык терминдердин аталыштары болсо, жашоо-тажрыйбалык мааниге ээ болуп көчмөн же аңчылык жашоодон искусствого өткөнүн көрсөтүп турат.
Элдик профессионал музыканттар тарабынан, камбаркандар («Камбаркан», «Салтанат Камбаркан», «Маш Камбаркан», «Терме Камбаркан»), ботойлор («Муратаалынын ботою», «Токтогулдун ботою», «Чон ботой»), кербездер («Чоң кербез», «Жаш кербез», «Кичине кербез», «Кыз кербез»), шыңгырама («Салтанат шынгырама», «Шынгырама кыз ойготор», «Салтанат шынгырама») сыяктуу классикалык, программалык эмес аспаптык күүлөрдү жана программалык күүлөрдү («Ак мактым», «Гулгаакы», «Сынган бугу», «Бекташ», «Шырдакбектин боз жоргосу», «Канышбек») аткаруу өзгөчө орунду ээлейт. (Залкар комузчулар, Залкарлардын чубатуусу).
Мурда комуздун үнү жайлоодо жана боз үйдө чыгып турчу, бүгүнкү күндөгү аткаруучулук тажрыйбада жеке, ансамбльдык жана аккомпанициялоочу аспап катары кеңири колдонулат.
Кыргызстандын комуз чертүү искусствосуна XX кылымда алгылыктуу салымды Мураталы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Атай Огонбаев аттуу залкарлар кошуп кеткен.
Бүгүнкү күндө (2023) комуз искусствосун Самара Токтакунова, Нурак Абдрахманов, Намазбек Уралиев, Зайнидин Иманалиев, Нурлан Нышанов, Бек Алагушов, Закирбек Дуйшенбеков өңдүү элдик музыкалык аткаруучулар активдүү пропагандалап келет же келген.
Комуз музыкалык аспабынын үнү чет өлкөлөрдө дагы чыгып келген: Россия, Турция, Япония, Франция, Германия, Швеция, Голландия, АКШ, Бельгия, Кытай, Монголия ж. б. өлкөлөрдө.
Комузду чапкандай эле, аны сактоо жана урунуу күлүктү таптаган саяпкерге, куш асыраган мүнүшкөргө барабар. Албетте ургак жерде сактоо зарыл, сууга салып койгон адам болбосо керек, муну айтпаса деле түшүнүктүү нерсе. Ал эми чалкасынан же көмкөрөсүнөн жаткызуу сунушталбайт, жүккө же дубалга жөлөнөт, көбү башына атайын илгич орнотуп илип коюшат. Тагыраак айтканда комуздун мойну көөдөнгө кирген бөлүгүнүн аркасына (шилисине) тогоо бекитип, чачыланган жиптен боо тагылат. Комуз кабына салынбай турганда ошол илгичтен үйдүн көрүнүктүү жерине мыкка илинет. Кулагынан илип коюуу сунушталбайт. Эки жакка чыкканда атайын комуз кутусуна салып жүрүү жакшы. Мисалы, көркөм тигилген комуз каптары, же атайын катуу кутучалар. Негизгиси күн нурунан жана нымдуулуктан коргоо максатында.