Кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык.
Макалдарды издөөнү жеңилдетүү максатында алфавиттик иретке келтирдик, каалаган тамганы бассаңыз ошол жакка дароо барат. Эгер ачкыч сөздөр аркылуу издөөнү кааласаңыз компьютерден CTRL + F (же F3) баскычын басып, издеген сөздү жазыңыз, уюлдук телефондо "Поиск на странице" деген бөлүмдө изделүүчү сөздү жазып издейбиз. Издеп жатканда эң ылдый жагынан кайрадан тез өйдө көтөрүлүү үчүн «Артка» (назад) баскычын басыңыз.
Макал-лакап же лакап — бул, кандайдыр бир окуядан, уламыштан улам эл оозунда калган кеп. Мисалы, илгери бир тентек бала болгон экен анын аты Телибай болгон, мындан улам эл оозунда «Телибай тентек» деген лакап калган. Кыргыз тилинде «Таз таранганча той таркайт», «Эл дарбыса эшек кошо дарбыйт» деген сыяктуу лакаптар да бар. Дагы бир мисал жаза кетсек, илгери бир Асан деген киши болгон экен, ал киши улам бир нерсени ойлоп кайгыра берчу экен «Кыш келсе кумурска байкуш кантет эми» деген сыяктуу ойлорду ойлоп капалана берчу экен. Бул уламыштын негизинде кыргыз эли кейип-кепчий берген адамды «Асан кайгы турбайсынбы» — деп коюшат.
Абийири мүлдө төгүлсө, эл караган оңоорбу.
Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок.
Ага-тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысындар ынтымактуу болсо аш көп.
Агасы минген атты — иниси минет, атасы салган кушту — баласы салат.
Агасын агалай албаган, душманын сагалайт.
Агасын чапса балаңыз, атасын урам дегени.
Агач катуусун курт жыгат.
Агыбайдын тонундай аңтара салба (ала салдырып).
Агын сууда арам жок.
Агын тапсаң аласың, караны тапсаң каласың.
Агын чогулуп сел болот, адам чогулуп эл болот.
Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.
Адал болсоң дос көбөйөт, арам болсоң кас көбөйөт.
Адал иш абийир таптырат, арам иш азабын тарттырат.
Адал иш менен аракет кулду да даражага жеткирет.
Адал ишти айлыңдан аяба, арам ишти аялыңдан ая.
Адал иштин арты — бакыт.
Адал өлсө — бир казан эт, арам өлсө — ит менен кушка жем.
Адал өлсө бир казан эт, арам өлсө бир талпак.
Адал эмгек абийир таптырат.
Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
Адал эмгек нурдантат арам эмгек кырдантат.
Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.
Адалдын тамыры миң, арамдын тамыры бир.
Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр.
Адам — адам менен адам.
Адам — акылы менен адам.
Адам — эли менен, өрдөк — көлү менен.
Адам (көзү) жок жерде кеп (ушак) кылба.
Адам адам менен адам.
Адам адам үчүн табылгыс дары.
Адам адамга дос, жолдош, бир тууган.
Адам аласы — ичинде, мал аласы — тышында.
Адам аласынан, сөз аласы жаман, от (эт)чаласынан, сөз чаласы жаман.
Адам алсызы — урушчаак.
Адам аракты жутат, арак кийин адамды жутат.
Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
Адам ашка тойсо да, башка (жашка) тойбойт.
Адам баласы тетиксиз сандык, сыртынан сынчы жаңылат.
Адам болмок аста — аста, айбан болмок бир паста.
Адам болор кишинин адам менен иши бар, адам болбос кишинин адам менен неси бар.
Адам болуу — ураан, адамды билүү — кымбат.
Адам болуу арзан, адамды билүү кыйын.
Адам да көктөмдө арыктайт.
Адам даңк үчүн от менен сууга кирет.
Адам дүйнөдө бир жаралат.
Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт.
Адам жаман эмес, анын кыялы жаман.
Адам жаманы — сопу, жыгач жаманы — соку.
Адам жолу — улук.
Адам жүргөн жол менен адам жүрөт.
Адам жүрөгү менен күчтүү, жыгач тамыры менен күчтүү.
Адам жүрүшүнөн — кул болот, ат жүрүшүнөн — пул болот.
Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат.
Адам карыган сайын бала.
Адам катасыз болбойт, көлчүк бакасыз болбойт.
Адам келсе таң аткандай, акмак келсе күн баткандай.
Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат.
Адам көптү көрбөй акыл кирбейт.
Адам көркү — адеп.
Адам көркү — чүпүрөк, дарак көркү — жалбырак.
Адам кулагынан жаңылат, тулпар туягынан жаңылат.
Адам курсагынан арыктабайт, кулагынан арыктайт.
Адам маңдайга жазылгандан өтө албайт.
Адам менен малдын айырмасы — акылда.
Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
Адам ооруган жеринен колун албайт.
Адам өзү ажалдуу болсо да, өлбөс нерселерди жасайт.
Адам өзү карыса да, көөдөнү карыбайт.
Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
Адам өзүнөн эмес, сөзүнөн байкалат.
Адам өлбөсө айыл башы, соодагер өлбөсө кербен башы.
Адам өлмөйүнчө ырыскысы түгөнбөйт.
Адам өлөт, атак өлбөйт.
Адам өлсө даңкы калат, ат өлсө териси калат.
Адам өчкө кудай өч.
Адам сөзгө (кепке) байланат, айбан чөпкө (жипке) байланат.
Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.
Адам сүйлөшкөнчө, айбан (жылкы) кашынышканча.
Адам темирден катуу, (таштан бек), гүлдөн назик.
Адам тилинен табат.
Адам тирүүлүгү — бейиш, молдонун тирүүлүгү — кейиш.
Адам төрөлсө да, өлсө да койдун шору.
Адам чакырса барбайм деген, аш чакырса калбайм дейт.
Адам ызаатка келет, айбан чөпкө келет.
Адам эли менен, каз — өрдөк көлү менен.
Адам эмгеги менен даңктуу (таанылат).
Адам эмгек менен адам.
Адамга — ишарат, айбанга — келтек.
Адамга адам кымбат.
Адамга конгон касЬет качпайт, бирок издеген киши таппайт.
Адамга көрбөгөндүн баары кызык.
Адамга кылган жакшылык, айда тийген ай эмес, күндө тийген күн эмес.
Адамга мал табылышы оңой, адамга адам табылышы кыйын.
Адамга өлүм ак (өңгө жалган — өлүм ак).
Адамга таандык мыкты дөөлөт — достук.
Адамга тубаса акыл бүтпөйт, эмгек менен заман жасайт.
Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт.
Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү.
Адамдагы эң сонун нерсе — акыл менен билим.
Адамдан айла качып кутулбайт.
Адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок.
Адамды (кишини, жигитти) сөзүнөн тааныйт.
Адамды адам кылып арга үрөгөн үмүт.
Адамды адам эмес, билимсиздик (акылсыздык) кемсинтет.
Адамды акылга бай кылган — эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек.
Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка.
Адамды алыстан тааныш (байкаш) кыйын.
Адамды билиш үчүн аны менен бирге үч пуд туз жеш керек.
Адамды бузган — байлык менен бийлик.
Адамды кийминен тааныбайт, ишинен тааныйт.
Адамды кордобо, акмакты бордобо.
Адамды көзүнөн түшүнбөй, сөзүнөн түшүн.
Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
Адамды үмүт жашатат, кайгы какшатат.
Адамды шайтан азгырат, артык дөөлөт мас кылат, тумшугу таштай катаарда, тууган менен кас кылат.
Адамды шорго салган да, өлтүргөн да тил.
Адамдын адам билет сымбатын, акмактар кайдан билсин, адамдын арзан менен кымбатын.
Адамдын адамкерчилиги, ачуусу келгенде билинет.
Адамдын акысын жер жебейт.
Адамдын аласы жаман, айбандын куласы жаман.
Адамдын ардуусу тырышчаак болот.
Адамдын башкы милдети — ыймандуулук.
Адамдын бетин бөрүжебейт.
Адамдын бири тентек, бири жөнтөк, бири эпчил, бири кекчил.
Адамдын даамы тилинде (сөз менен).
Адамдын даңкын чыгарган да — тил, тарпын чыгарган да — тил.
Адамдын жалаңгычы да адам.
Адамдын жаман — жакшысы туулгандан эмес, көргөн тарбиясынан.
Адамдын жылдыздуусун айбан да билет.
Адамдын ийгилиги эмес, акылына карап баа бер.
Адамдын иши, жемиштин мөмөсү.
Адамдын ким экенин билгиң келсе, кебин шашпай тыңшап көр.
Адамдын көзү өлгөндө (бир чымчым) топуракка тоёт.
Адамдын көркү — адеп.
Адамдын көркү — адилеттүүлүктө, жигиттин көркү — адептүүлүктө.
Адамдын көркү — акыл.
Адамдын көркү — бөз, көңүлү — эки ооз сөз.
Адамдын көркү — бөз, кулактын көркү — сөз.
Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
Адамдын кыйноосу — санаа, өлүмү — оору.
Адамдын мөмөсү бала.
Адамдын мыктысы — жөнөкөйлүк.
Адамдын оозунда болсо — алданын кулагында болот.
Адамдын өзү карыса да, сөзү карыбайт.
Адамдын өзүнө баа бербе, акылына баа бер.
Адамдын пейли тойбой, карды тойбойт.
Адамдын түсүн айтпай, ишин айт.
Адамдын эмгектен улуу тиреги жок.
Адамзааданы жакшы сөз атынан түшүрөт.
Адамзатты сөз бузат, тоо — ташты сел бузат.
Адамзаттын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңдайт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт.
Адамзаттын уругу — ажырыктын тамыры.
Адамча туулуп, айбанча жашаба.
Адат — адат эмес, жөн — адат.
Адашкан жыйып эл кылдым, айланып кетсин туугандан.
Адашкан казды топтошкон карга алат.
Адашкан койду бөрү жейт.
Адашкандын айбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң.
Адашкандын айыбы жок, айланып (кайтып) үйүрүн тапкан соң, ачылгандын айыбы жок, өзү билип (көрүп) жапкан соң.
Адашкандын алды жөн.
Адашкың келбесе — кара, жаңылгың келбесе — сура.
Адашпаймын деген эр дал түштө адашат.
Адашсаң атыңа ишен.
Адашсаң элиң менен (акылдуу менен) адаш.
Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош, адеби жок аял кабанаак итке окшош.
Адеби жоктун аты — жөнүн сураба.
Адеби жоктун, уяты жок.
Адепсиз бала — таманга жабышкан чыла.
Адепсизден алыс кач.
Адепсизден да адептүүлүктү үйрөн.
Адептүү — алкыш алат, адепсиз — каргыш алат.
Адептүү бала — абийир, адепсиз бала — жабыр.
Адептүү киши — азаптан алыс.
Адептүү жигит азаптан алыс болот.
Адептүүлүк — адамдын көркү.
Адил адам абройлуу.
Адилет жаралган мыйзам жакшы.
Адилет сөз ачуу.
Адилеттүү мыйзамың болсо — көңүл ток, ансыз эркиндик жок.
Адырда малы болбосо, бетегелүү бел карып.
Адырды кылган анда өлөт, кылыч кылган мында өлөт, өрмөк соккон жан да өлөт.
Адырында аркар жок, адамында дарман жок.
Ажаан аялың болгуча, ажаан итиң болсун.
Ажаан ит таяктан коркот.
Ажал — өлүм жетпесе, адам уулу жыгылбайт.
Ажал — өлүм кайда жок, ашыккан иштен пайда жок.
Ажал айтып келбейт.
Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер.
Ажал жолу — чилдин арышынан кыска.
Ажал жуучусу — оору.
Ажал келсе, алтын тактан пайда жок.
Ажал келсе, темир сандык кеп эмес.
Ажал менен азап каш — кабактын ортосунда.
Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт.
Ажалдуу карга торго түшөт.
Ажалдуу кийик адырга качат.
Ажалдуу киши ажыдаардын куйругун басат.
Ажалдуу төө жарда оттойт, ажалдуу доңуз анда оттойт.
Ажалдууга себеп жок.
Ажалым жетсе өлөөрмүн, азабым болсо көрөөрмүн.
Ажарлуу аял адамдын периштеси, акылдуу аял эркектин шериктеши.
Ажоосу жок эл — серкеси жок кой.
Ажы болмок — кырк жылда, бенде болмок — бир күндө.
Ажыдаардын куйругун баспа, башын бас.
Ажырагыс карындашыңа, унутулгус сөз айтпа.
Ажырашаар досуңа көңүл калар сөз айтпа.
Ажырашаар тамыр ээрдин арткы (көткү) кашын сурайт.
Аз ашка жасоол болбо.
Аз бергенден, тез берген.
Аз болсо да, саз болсун.
Аз болсун, аз болсо да саз болсун.
Аз да болсо, көптөй көр, арык да болсо семиздей көр, алыс (жат) да болсо, жакындай көр.
Аз дүйнөгө (тамакка) арзыбай, көптү кайдан табасың, жарма, чайды жаман деп, этти кайдан табасың.
Аз жамандык да көп.
Аз кайгыны аш басат, көп кайгыны дос басат.
Аз көбөйөт, азган оңолот.
Аз сөз — саз сөз, көп сөз — чөп сөз.
Аз сүйлө, көп тыңда.
Аз сүйлөсөң да, саз (так) сүйлө.
Аз сүйлөсөң, элиңе жагасың, көп сүйлөсөң бир балээге каласың.
Аз уктаган акылга бай болот.
Аза — арыбайт, каада — карыбайт, алтын чирибейт.
Аза арыбайт, доо карыбайт, алтын чирибейт.
Азазил азгырганда катын эрин чанат.
Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.
Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот.
Азамат бир күнү ат минет, бир күнүжөө жүрөт.
Азамат болсоң ак иште — аздыр-көптүр мал болот, бекеринен мал тапсаң — берекеси жок болот.
Азамат болсоң шаңдуу бол, «Атың ким?» деп сурасын.
Азамат болсоң эр жигит, ардактуу иштен корунба.
Азамат эрге алтымыш өнөр аздык кылат.
Азаматка — эл арка.
Азаматка дайыма ракмат.
Азаматтын азганы — көчкөндө жөө басканы.
Азаматтын азганын өзү билбейт, жат билет.
Азаматтын белгиси — көп ойлонуп, аз сүйлөйт.
Азаматтын даңкын чыгарган — эмгек, арамзанын жанын чыгарган — эрмек.
Азаматтын жакшысы (белгиси), азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
Азаматтын жакшысы бирде мырза, бирде кул, аргымактын жакшысы чапса күлүк, сатса пул.
Азаматтын жакшысы он бешке келсе — кичүүлүк жок, жүзгө келсе — карылык жок.
Азаматтын кадырын атасы эмес, эл билет.
Азаматтын күлгүнү, киши акысын жебеген, жоого кегин бербеген, айбаты катуу шер болот.
Азансыз молдо болсо да, казансыз катын болбойт.
Азап айтып келбейт.
Азап тартпай акыл кирбейт.
Азапка чыдасаң жашоону үйрөнөсүң.
Азаптан коркпо, айыптан корк.
Азаптуу кишиге айла жок.
Азапты — тарткан билет, жүктү — арткан билет.
Азапты кайдан деп билип болобу.
Азапты көрбөгөн, бакыттын баркын билбейт.
Азаптын азабы — жумушу жоктук.
Азбаймын деген жигитти, караңгы түн аздырат.
Азга — опаа, кепке — жапаа.
Азга алкыш айтпаган көпкө көңүлүтойбойт.
Азга каниет кылбаган, көпкө ыраазы болбойт.
Азганды кууп, тозгонго жолукпа, тууган издеп, достон кетпе.
Азды аяган, көптөн кур калат.
Азды билбеген, көптү да билбейт.
Азды жок дебе, барды көп дебе.
Аздыктын кордугу жаман.
Аздын азанчысы болгуча, көптүн казанчысы бол.
Аздын арманы күчтүү, көптүн дарманы күчтүү.
Аздын атасы бар, көптүн батасы бар.
Азил сөзгө акылдуу баш иет, акмактын жаны ачылат.
Азоого — тушоо, күлүккө — чалма.
Азоону чалма жоошутат, акмакты токмок токтотот.
Азсыздангандын шыбагасын ити жулуп кетет.
Азуулуу бөрүгө, момун боз кой тең эмес.
Азуулуу менен арбашпа, алдуу менен кармашпа.
Азуулууга — бар заман, бечарага — зар заман.
Азуулууга бар заман, азуусузга тар заман.
Азуулуулар аңдышса, бечаралар бөлүнөт.
Азуулууну киши күчү менен эмес, эби менен алат.
Азуусун айга жаныган, ааламды өзүм билем дээр.
Азынаган айгырдын үйрүн көр, менменсинген жигиттин үйүн көр.
Азынаганды билбеген — айгыр болбойт, мөөрөгөндү билбеген — бука болбойт.
Азыр бирди алсам, он тогузу эле калат.
Азыраак сүйлөп, көп иште.
Ай — Күн баарыга тең.
Ай — толгонун билбейт, жигит — болгонун билбейт.
Ай — чыгышынан, адам — жүрүшүнөн билинет.
Ай айга багышат, күн күнгө багышат (кошулат).
Ай башы думанадан үмүт кылат (же үмүт этет).
Ай деген (же дээр) ажо жок, «кой!» деген (же дээр) кожо (же ага) жок.
Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок.
Ай жарыкта — коён арык.
Ай жүр, аман жүр.
Ай караган ачкадан өлөт, күн караган күрөөрүн алат.
Ай караган текедей, күткөн жаман акыйып.
Ай катаалы — айда жаайт.
Ай күн менен жакшы, эр эл менен жакшы.
Ай менен Күн асмандын көркү.
Ай он бешинде кайда бараар дейсиң.
Ай талаадан аткан ок, ажалдууга тиет (жолугат).
Ай тегерек, сабы жок, атакемдин табы жок.
Ай толгонун билбейт, жигит болгонун билбейт.
Ай түндө керек, акыл күндө керек.
Ай чырайлуу, бал сөздүү — акылман адам элеси.
Ай шербеттин сөзү — берметтин өзү, балыктын сөзү — калыстын сөзү.
Ай, айга багышат (кошулат), күн, күнгө багышат.
Айбан ачуусу көзүнөн билинет, адам ачуусу сөзүнөн билинет.
Айбан чөпкө байланат, адам сөзгө байланат.
Айбанга — келтек, адамга ишарат.
Айбандан түңүлсөң түңүл — адамдан түңүлбө.
Айбанды өңүнөн тааны, адамды сөзүнөн тааны.
Айбашы думанадан үмүт кылат (же үмүт этет).
Айбыкпаган сынчы (кээде чынчыл) болот.
Айбыкпаган чынчыл болотАйыбын жашырган — алыс узабайт (акыры оңолбойт).
Айга жетпес ашыңды айылдаштан аяба.
Айга кол сунба, момунга чоңсунба.
Айгакка — алты таяк.
Айгактын түбү ууру.
Айгыр баатыр үйрүндө, ар ким баатыр үйүндө.
Айгыр болор кулундун — жаак эти чоң болот, кочкор болор козунун маңдай жагы дөң болот.
Айгыр көпсө — үйүрүн кажыйт, хан көпсө — элин кажыйт.
Айгыр салсаң үндүүдөн сал, кочкор салсаң — жүндүүдөн сал.
Айгыр учунса — ат болот, ат учунса эт болот.
Айгырды кандай салсаң, ошондой минерсиң.
Айгырдын жаманы, ат качырат.
Айгыры ала болсо, кулуну кула болот.
Айгыры көп үйүрдүн кажышканы көп болот, кулуну аз болот.
Айда айыл болбойт, күндө коңшу болбойт.
Айда жеген ток болот, күндө жеген сук болот.
Айда туусам — айда жок, күндө туусам — күндө жок.
Айдабай аштык чыкпайт, үйрөнбөй билим жукпайт.
Айдаган малы баалуу болсо, ажааты чыгат кербендин.
Айдаган малы баалуу болсо, кербендин атагы чыгат (же ажааты чыгат).
Айдаганы беш эчки (же козулуу кой) — ышкырыгы таш жарат.
Айдаганы бир эчки — ышкырыгы таш жарат.
Айдагың келсе эгин, күздүн камын жазында жегин, жаздын камын кышында жегин.
Айдай келден алтоо өлдү, «көрө келден» көп өлдү.
Айдай келдиники алды менен өлөт, өрмөкчүнүкү өзү өлөт.
Айдай келдинин алды катты, «көрө келдинин» көзү кашайды.
Айдай чырайыңды — иттей кыялың бузат.
Айдайкелден алтоо өлдү, көрөкелден көп өлдү.
Айдан го түңүлдүм, эми күн аман болгой экен.
Айдап жүргөн алдымда, ит жеминдей олжом бар.
Айдап кел менен байлап кел, катаал кандын буйругу.
Айдап тургузган да бийлик, ийрип жаткызган да бийлик.
Айдарым жел сылап өтөт, керимсел жел сыйрып өтөт.
Айдасаң кабат арпаны, максымга жакшы талканы.
Айды этегиң менен жаба албайсың.
Айды этек менен жаба албайсың, байлыкты бекер жерден таба албайсың.
Айды этек менен калкалай албайсың.
Айдын да темгили бар.
Айдын жанында булуттун баркы жок, байдын жанында жардынын баркы жок.
Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр, чубуттун жолдошу болгончо, арыңдын берекесинде жүр.
Айдын жарымы — жарык, жарымы — караңгы.
Айкалышып уктасаң, ай жарыгы түн кызык.
Айла — алтоо, акыл — жетөө.
Айлакерге даба жок.
Айланайын айдайым, алты карын майдайым, кындуу шибегеңди сактай көр.
Айланайын бакыраң көз, сен мага тийбе, мен сага тийбейин.
Айланайын кудайга, сен эмес, ак эшен келген буудайга.
Айланайын молдоке, катын алып берсең, канаке.
Айлаң арыстанды кармайт, күчүң чычканды качырат.
Айларды айландырган, жылдарды да жылдырат.
Айласы кеткен «өлбө жаным, өлбө» дейт.
Айласы кеткен ары карап ыйлайт, бери карап күлөт.
Айласы кеткен жер тандабайт, жашы өткөн эр тандабайт.
Айласыз баатыр каманга чалдырат.
Айласыз баатыр чочкого чабат.
Айлаш катын — муңдаш, жылдаш катын — сырдаш.
Айлың ала болсо, эки атың шала.
Айлыңа келген бөз арзан, астыңа (оозуңа) келген сөз арзан.
Айлыңда ала болсо, эки атың сала.
Айлыңды караарсың — алаканыңды жалаарсың.
Айлыңды коюп, алыңды бил, өзгөнү коюп, өзүңдү бил.
Айран ичкен — кутулуптур, челек жалаган — тутулуптур.
Айран ичкен алсырайт, кымыз ичкен кансырайт, эрке бала көч үстүнөн нан сурайт.
Айран сураган — аягын жашырбайт.
Айран сураган челегин жашырбайт.
Айран сурап келсең, аягыңды жашырба.
Айран сурасаң, челегиңди жашырба.
Айран уюта албаган иритет, тери ашата албаган чиритет.
Айран уютса — ириткен, тери ийлесе — чириткен.
Айранын аттай көргөн, кымызын төөдөй көрөт.
Айрылаар дос, бербести сурайт.
Айрылаар дос, ээрдин арткы кашын сураар.
Айрылган — азат, кошулган — озот.
Айрылган эл — азаар, кошулган эл — озоор.
Айрылгысы келген тамыр, ээрдин алдыңкы кашын сурайт.
Айрылышса — сагынышат, жолугушса — жабыгышат.
Айт да болоор, айттын эртеси да болоор.
Айт десе алдыңа түшкөн, «ойт» десе эбиңе көнөт.
Айт күнү — катын алба, жамгыр күнү — ат чаппа.
Айтаарын (сүйлөөрүн) кара маңка айтты, уялаарын мен уялдым.
Айткан — айыптуу, айтпаган — кубаттуу.
Айткан — айыптуу, айтпаган — күйүттүү.
Айткан акылдуу болсо, уккан уйкудан безет.
Айткан сөз — алышкан кол.
Айткан сөз — атылган ок.
Айткан шертин бек тутмай, ишиңден чыгар.
Айтканды айткан ушакчы эмес.
Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзүжаман.
Айткандын сөзү, ыйлагандын көзүжаман.
Айтканыңдан кайтпа (жазба), алдыңдан жоо чыкса да, кайра тартып качпа.
Айтмайынча ким билет, ачмайынча ким көрөт.
Айтпа, айткандан кийин кайтпа.
Айтпай келген конок, аңдып жүргөн уурудай боз ала кылат.
Айтпай келген конок, душмандан жаман.
Айтпайын десем, сары ала көйнөк жеңем санымдан чымчып жатпайбы.
Айтпаса билбейт, ачпаса көрбөйт.
Айтса — жүрөккө, чапса — билекке.
Айтса болот насыят акылы бар адамга.
Айтса жүрөккө (кулакка), чапса билекке.
Айтсам сенден өлөөрмүн, айтпасам сындан өлөөрмүн.
Айтсаң — тилиң күйөт, айтпасаң — дилиң күйөт.
Айттырбай иштеген — арстан, айтканды бүтүргөн — адам, көрсөткөндү бүтүрбөгөн — эшек.
Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле.
Айтып берээриң болбосо, ооз оорутуп нетесиң, жасап берээриң болбосо, кол оорутуп нетесиң.
Айтып качкан жаман, атып жазган жаман.
Айтып коюп кылбаганы — кесирленгени, берип коюп кайра алганы — эсиргени.
Айтып кылган иштин айбы жок.
Айтышкан — доо, алышкан — жоо.
Айчүрөктү көрүш үчүн, Кеметейдин көзү керек.
Айы оңунан тууганга, ажайып кубаныч жолугат.
Айыбы чыккан жигиттин, узун бою пас болот.
Айыбын жашырган алыс узабайт (акыры оңолбойт).
Айыга турган оорунун дарымчысы (табыбы) өзү келет.
Айыгар дарттын дарысы өзү табылат.
Айыгар оорунун дарысы өзү табылат.
Айыгар оорунун табыбы өзү келет.
Айыгар оорунун ээси өзү келет.
Айыл атаандашса — береке кирет, аңдышса — чыгаша чыгат.
Айыл байыса — жер байыйт.
Айыл башы болгончо, суу башы бол.
Айыл десе катын күлүк, үй десе уй күлүк.
Айыл жатканча отурсаң, күн батканча тынбассың.
Айыл ити ала болсо да, бөрү көрсө чогулат.
Айыл итинин куйругу чагарак.
Айыл конбой сырдаш болбойт, коно жаткан кепке тойбойт.
Айыл конгун чеченге, кебин туюп чечерге.
Айылга келген бөз арзан, оозго келген сөз арзан.
Айылдашың жакшы болсо, агайын — тууган не керек, алган жарың жакшы болсо, атың, тонуң не керек.
Айылды алалык бузат, араны (достукту) каралык бузат.
Айылды карай аял күлүк, үйдү карай уй күлүк.
Айылчынын аягы ашта — тойдо тыйылат.
Айылчынын баласы «опаа» деп ыйлайт, уйкучунун баласы «жатаа» деп ыйлайт, соргоктун баласы «мама» деп ыйлайт.
Айылы аралаштын кою короолош.
Айылы бүтүн аман жүрөт.
Айылы жакын иттин куйругу узун.
Айылың ала болсо, атың шала болот.
Айылыңда өлүм жок болсо, атаң кана, элиңде өлүм жок болсо, энең кана.
Айың кеп — айылды иритет.
Айыпсыз аякка тикенек кирбейт.
Айыпсыз киши болбойт.
Айыпты айдаган билер, кунду кууган билер.
Ак-Кайдын башы жошо бол, атаң өлүп калыптыр, эмне болсоң ошо бол.
Ак асманды жаман деп, көктү кайдан табасың, ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың.
Ак бар үйдө береке бар.
Ак барандын кундагын, ата албасаң сунбагын.
Ак буудайда айып жок, аны кылган зайып жок.
Ак жеринен айдамак, адал жерден кармамак, теңсиздик заман адаты.
Ак жоолукчан көрүнсө, энекем менин дебейминби.
Ак ийик десе жалт берген, ак талкан десе тап берген.
Ак ийилет — сынбайт.
Ак ийилет, кара сынат.
Ак ит, кара ит — баары бир ит.
Ак иш үчүн ыйласа, азиз көздөн жаш чыгат.
Ак кажырга кузгун көөлүчү болсо, сагызган сайга той жасайт.
Ак калпактуу көрүнсө, атакем менин дебейминби.
Ак койдон аңкоо, боз койдон момун.
Ак көңүл киши мурун айткандын тилине кирет.
Ак көңүлдөн арамдык чыкпайт.
Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт.
Ак көңүлдүүнүн аты арыкчаал.
Ак көрпө жайылдың, аты элге дайын.
Ак менен кара жарышат, акка кудай болушат.
Ак ниет болсоң — жетерсиң муратка, арамдык кылсаң — каларсың уятка.
Ак ниеттен чыккан сөз (көп), адамды марытат.
Ак ниеттин жүргөнү күлкү, арамзанын жүргөнү түлкү, таянганы мүлкү.
Ак ниеттүү адамга жамандык жабышпайт.
Ак ойлоп, адал иште.
Ак саманды чөптөй көр, көрксүз да болсо түзүк көр.
Ак селделүү кожодон, ак жоолуктуу катын артык.
Ак сооттун жакасы бар, жеңи жок, чын жакшынын ачуусу бар, кеги жок.
Ак сөз — акыл (ачык) сөз.
Ак сөз ак (калыс) жолго чыгат, кара сөз баткакка жыгат.
Ак сөз арыбайт, ак жүргөн киши карыбайт.
Ак сөз жолго чыгат, кара сөз баткакка жыгат.
Ак сүт берген эненин, балада акысы зор болот.
Ак төөнүн карды жарылганда.
Ак төөнүн карды жарылып жаткан убакыт.
Ак шумкарга ителги, табы менен теңелет.
Ак Эдилдин өзү болбосок да булагыбыз, акылдуу баштын өзү болбосок да кулагыбыз.
Ак эмгек азаптан коргойт, карылык жолуңду торойт.
Ак эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
Акак көркү берметте, азамат көркү эмгекте.
Акарат айтсаң, аёо күтпө.
Аке (уке) деген көңүлгө жакшы.
Акеңерди сыйлагандар үкөңөрдөн ызаат көрөсүңөр.
Акка кара жок, карага чара жок.
Акка кыл сынбайт.
Аккан абышка да «апаке» дептир.
Аккан арыктан суу агат.
Аккан суу арык табат.
Аккан сууда арам жок.
Аккелтенин огу урсун, ак милтенин чогу урсун.
Акма кулакка айтса болбойт, куйма кулакка айтса толбойт.
Акмак — акылдууну, мас — соону сүйбөйт.
Акмак — иттен илгери, кишилиги кийин.
Акмак арыбайт, көсөө карыбайт.
Акмак арыганын, көсөө карыганын билбейт.
Акмак баштан акылдуу ой чыкпайт.
Акмак бергенин билип, алганын билбейт.
Акмак да сүйлөгөнчө, акылдуу көрүнөт.
Акмак достон, акылдуу душман артык.
Акмак өзүн — эр ойлойт, аңгек өзүн - жер ойлойт.
Акмак өлүп коркутат, адам таарынып чоочутат.
Акмак тойго барса, үйүмдөн да жакшы экен дейт.
Акмак эл мени билбейт деп наалыса, акылдуу элди мен билбейм деп наалыйт.
Акмакка — келтек, акылдууга — ишарат.
Акмакка айткан кайран сөз.
Акмакка айтсаң укпайт, пайда кылсаң жукпайт.
Акмакка акыл айтсаң укпайт, пайда кылсаң жукпайт.
Акмакка ар күн той.
Акмакка да акыл азуу чыгат.
Акмактан акыл сураган, сокурдан жол сураганга тете.
Акмакты көрүп, акылдуулукка үйрөн.
Акмакты өзүнөн түшүнбөй, элден түшүн.
Акмакты сыйласаң, абийириңди төгөт.
Акмактык — айыкпас дарт.
Акмактын айтканы келбей, тантыраганы келет.
Акмактын өмүрү — акылмандын бир күнүнө татыбайт.
Аксабаса ат кадыры билинбейт, ата өлбөсө аксакал кадыры билинбейт.
Аксак атка — чаң үйүр, арык атка — бала үйүр.
Аксак да асманды тепкиси келет.
Аксак ит соо иттен соогат сурайт (кокур иттен аксак ит соогат сурайт).
Аксак иттен сокур ит соогат сураптыр.
Аксак кой түштөн кийин маарайт.
Аксактын аягына (сабырына) кара, оорунун тамырына кара.
Аксактын аягына, оорунун тамырына кара.
Актын адамы күйбөйт, сактын залалы тийбейт.
Актын иши он болот, каранын иши кор болот.
Акча аябаган — көр соодагер, акча аяган — нак соодагер.
Акча сүйлөгөндө, акыйкат унчукпай калыптыр.
Акча сүйүп турган жерде, адилеттик ыйлап турат.
Акча тапкан бай эмес, акыл тапкан бай.
Акча шаар жерине жарашат.
Акчадан айрылсаң — күйүнөрсүң, ар — намыстан айрылсаң — кантип басып жүрөсүң.
Акчалуу адам мөөр үстүндө, акчасыз адам көр үстүндө.
Акчалууга — базар, акчасызга — мазар.
Акчалуунун колу ойнойт, акчасыздын көзү ойнойт.
Акчасы болсо, акмак да төрө.
Акы төлөбөсөң, молдо үйүңө да кирбейт.
Акыйкат — тынчтыктын кербени.
Акыйкат жеңет.
Акыйкат отко күйбөйт, сууга чөкпөйт.
Акыйкат сөзгө — арсыз жооп кайырат.
Акыйкаттын отун акмак өчүрө албайт.
Акыйкаттын отун эч ким өчүрө албайт.
Акыл — алтын, ой — күмүш.
Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик.
Акыл — жаш уландан, күлүк — тай, куландан.
Акыл — жаштан, асыл — таштан (чыгат).
Акыл — тирүүдө урмат, өлгөндө — даңк.
Акыл — тозбогон тон, билим — түгөнбөгөн кенч.
Акыл азбайт, билим тозбойт.
Акыл азганда, сөз качат.
Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет.
Акыл ардак, байлык — бакыт.
Акыл ашса, жин болот.
Акыл байлыгы — тозбос байлык.
Акыл байлыгы азбас байлык.
Акыл баштан, асыл — таштан.
Акыл деген — алтын таажы, ар бир башка жарашпайт.
Акыл жетет, ал жетпейт.
Акыл жетсе да, кол жетпейт.
Акыл кеп өмүргө эшик ачат.
Акыл кичине-чоңдукта эмес.
Акыл конбогон жигитке, бакыт да конбойт.
Акыл көпкө жеткирет, өнөр көккө жеткирет.
Акыл менен билим эр адамдын сөөлөтү.
Акыл оошот, ырыс жугушат.
Акыл сокурга көз, өлөсөгө жан, дудукка тил боло алат.
Акыл сөзү кыска, адилет сөзү ачуу.
Акыл тоону бузат, баатыр жоону бузат.
Акыл учат, ырыс жугушат.
Акыл үч жолу кемийт: капалуу болгондо, уктабай жүргөндө, курсак ачканда.
Акыл үч жолу толот: шат болгондо, уктагандан кийин, курсак тойгондо.
Акыл чачты жейт, алтын башты жейт.
Акылдан адашса, жин болот.
Акылдан айрылам десең, арак ич.
Акылдан жакын дос барбы, ачуудан жаман кас барбы.
Акылдашарың болбосо, бөркүң менен акылдаш.
Акылдашкан сагызган, айгыр алат.
Акылдуу акылы менен жарат, акмак күчү менен жарат.
Акылдуу атын мактайт, акылсыз катынын мактайт.
Акылдуу бала — элпек, акылсыз бала — тентек.
Акылдуу бир жылдыгын ойлосо, акмак бир күңдүгүн ойлойт.
Акылдуу бир сөздөн түшүнөт, акмакты түртмөйүнчө түшүнбөйт.
Акылдуу болсо алганың, кулпундуруп жакшы бак.
Акылдуу жаңылса, өзүн жемелейт, акмак жаңылса, жолдошун жемелейт.
Акылдуу ишине ишенет, акмак түшүнө ишенет.
Акылдуу карыя — агып жаткан дарыя.
Акылдуу касыңдан коркпой, акмак досуңдан корк.
Акылдуу ката кетирсе өзүн жемелейт, акылсыз (же акмак) ката кетирсе, жолдошун жемелейт.
Акылдуу киши ылдам айтканды билет, акылы жок муштаганды да билбейт.
Акылдуу көөдөнүн көтөргөнчө, акылсыз муштумун көтөрөт.
Акылдуу мактанса ишти тындырат, акмак мактанса бутун сындырат.
Акылдуу менен арбашба, алдуу менен кармашба.
Акылдуу миң азаптан кутулат, акылсыз бир азапка тутулат.
Акылдуу отко карайт, акмак казанга карайт.
Акылдуу сөз чыкпаса — улуулуктан не пайда, жулунуп турса сумсайып — сулуулуктан не пайда.
Акылдуу тоону томкорсо, акылсыз элди омкорот.
Акылдуу ууру айлын тонобойт.
Акылдуу ууру өз айылын тонобойт.
Акылдуу чындык калптан кийин сүйлөөгө тийиш.
Акылдуу элге тартат, акмак тууганына тартат.
Акылдууга айткан сөз колго конгон кушка тең.
Акылдуудан башчың болсо, адашпайсың.
Акылдуулар сөз алышат, акылсыздар өч алышат.
Акылдуулардын кастыгы, акмактардын достугунан артык.
Акылдуунун алды менен жүр, акмактын арты менен жүр.
Акылдуунун алдына акмакты ээрчитип барба.
Акылдуунун иши дагы акылдуу, билимсиз жан баалай албайт акылды.
Акылдуунун өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
Акылдуунун сөзү кыска, айта салса — нуска.
Акылды акылмандан сура.
Акылды сакал менен өлчөбөйт.
Акылды шайтан азгырат.
Акылдын азы айып, чачтын агы айып эмес.
Акылдын душмандыгы жок.
Акылдын көзүндөй тунук бол, акындын сөзүндөй сылык бол.
Акылдын өбөгү билим, жөлөгү тажрыйба.
Акылдын сөзү — сокурдун көзү.
Акылман баштаса — төргө, акмак баштаса — көргө.
Акылман билги өлсө — журт акылсыз, эр кол башчы өлсө — кол жетим.
Акылман кебине таянат, азамат элине таянат.
Акылмандык бар жерде, акыйкаттык бар, жалгандык жок.
Акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
Акылмандын өрнөк болор насааты бар, акмактын өрнөк болор неси бар.
Акылмандын уга турганы арбын, айта турганы аз.
Акылсыз — атасын акмалайт.
Акылсыз — какшык сөзгө жакын келет.
Акылсыз (акмак) достон, акылдуу душман (жат) артык.
Акылсыз арам сөзгө семирет.
Акылсыз баатыр чорго чабат.
Акылсыз болсо алганың, айыкбас дартка калганың.
Акылсыз достон, акылдуу душман (жат) артык.
Акылсыз күч — арсыз араба.
Акылсызга айткан кеп — дайынсыз аткан ок.
Акылсыздын мээси жок, карыганча эси жок.
Акылсыздын тоюнда болгуча, акылмандын оюнда бол.
Акылы аздын азабы көп.
Акылы бар билимди самайт, акылы жок эмнени самайт.
Акылы жетсе, атаны уул билет.
Акылы жок — уйкучу, санаасы жок — күлкүчү.
Акылы жок көпкөн, бир ажалы көптөн.
Акылы жок наадандар ак жолунан адашкан.
Акылы жок ойлонгуча, акылдуу карап турмак беле.
Акылы жок чыр сүйөт, обону бар ыр сүйөт.
Акылы жокко акча токтобойт.
Акылы жокко убал жок.
Акылы жоктун байлыгы да жок, бактысы да жок.
Акылы кем алангазарга киши акылы эм болбойт.
Акылым жок деп ким айтат, эсим жок деп бары айтат.
Акылың болсо азамат, аштык айдап баккын мал, «айдай келге» ишенбей, бастырып барып көзүң сал.
Акылың көп болуп, ачууң аз болсо — зор болорсуң, душманың көп болуп, досуң аз болсо — кор болорсуң.
Акылыңдан адашсаң — эмгек менен дарылан.
Акындын издегени ыр, акмактын издегени чыр.
Акыны болбой эл болбойт, эсеби болбой мал болбойт.
Акыр заман аттан ажыраган жерде тура.
Акыркы ашка каскак түшөт.
Акыркы күлгөндүн арманы жок.
Акыркы төөнүн — жүгү оор.
Акырын айтсаң, алсыз дейт, айтпай койсоң, арсыз дейт.
Акырын баскан — аксабайт.
Акырын баскан молдодон сактан, ала чапан кожодон сактан.
Акырын басса «аксак» дейт, катуу басса «таскак» дейт.
Ала албаган куштан, ала моюн чымчык артык.
Ала албаса түлкүнү, айландырып, башка чап.
Ала байтал акылың болсо сууга тарт.
Ала бата шорго бүтөт, акмакка да сакал бүтөт.
Ала жылкы жоголбойт, арамза адам оңолбойт.
Ала каптын кагынчык, аңдыгандын жаны чык.
Ала караган алыска барбайт.
Ала карга сагызган кош канаты кайышкан.
Ала карганы адал десе, бир чалымы бок татыйт.
Ала карганы алты жыл борго байласа да, бир чалымы жин татыйт.
Ала карганы алты жылы байласа да, тезек чокуганын койбойт.
Ала карганы атынан чакырат.
Ала койду бөлө кырккан жүнгө жарыбайт.
Ала көөдөк болбосо, анын эмнеси баатыр.
Ала көөдөн курсагы тойсо көбөт.
Ала кушту атынан тааны (же чакыр).
Ала табак бай жаман, суу акпаган сай жаман.
Ала тонуңду аңтара кийбе.
Алабата шорго бүтөт, акмакка сакал бүтөт.
Алайкууда да кат тааныган адамдар бар.
Алайын деп жутунба, ач көздүктүн белгиси, «жутайын» деп умтулба, журт бузаардын белгиси.
Алайын десем, алдырбасы алдырбайт, барайын десем бардырбасы бардырбайт.
Алакандай бейишти молдо менен кожо алды.
Алалаган ашыңды, каапыр алсын башыңды.
Аланын изин баспа.
Алар ашка жарытпайт, мен иш бүтүрүп марытпайм.
Аларманга алтоо аз, берерманга бешөө көп.
Аласа — арстан, бересе — чычкан.
Аласалуу доодон коркпойт, ашык болгон өлүмдөн коркпойт.
Алатоонун тамыры айылдан башталат.
Албаган алигиңиз үчүн бизге салам айтаарсыз.
Албаган куштан ала моюн чымчык (жакшы) артык.
Албан-албан күлүк бар, алына карай жүгүрөт.
Албарстыны койнуңда ойнотсоң, ал төшүңө чыгат.
Алга баскан — арткыларга көпүрө.
Алга баскан алат, артка баскан калат.
Алга бир карасаң, артка беш кара.
Алга жылган — ашуу ашат.
Алгайынан чалгайы көп.
Алган алтоо болбойт, жеген жетөө болбойт.
Алган жарың жаман деп, ашканды кайдан табасың.
Алган колдон берген кол — март.
Алган эри жарашса, кара катын ак болот, баккан ээси жарашса, кара күчүк сак болот.
Алган эрим сен болсоң, көргөн күнүм не болот.
Алганга алтоо аз, бергенге бешөө көп.
Алгандын бермейи бар.
Алгандын да — бергени болот (бар), ичкендин да — кусканы (чычканы) болот (бар), чыккандын да түшкөнү болот (бар).
Алганы болот бергендин, атканы болот мергендин.
Алганын бербегенди, кудайдын каары дейт.
Алганың жакшы болсо, аргымак минип дуулаарсың, алганың жаман болсо, азабын тартып куураарсың.
Алганың жакшы болсо, жакаң агарат, алганың жаман болсо, сакалың агарат.
Алганың жакшы болсо, табылат акылың, келе берет жакының.
Алганың жаман болгон соң, абийириң кайдан жабылат.
Алганың жаман болсо, суук сөз угуп күйөсүң, алганың жакшы болсо, бал сөзүн угуп сүйөсүң.
Алганың жаман болсо, чабылат акылың, кас болот жакының.
Алганың көөнүн кирдетпе, «атаң» деп бизди тилдетпе.
Алганың сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда.
Алганыңа сүйүнбө, ардагына сүйүн.
Алгың келсе түшүм, алдын ала күтүн.
Алгыр болсо тайганың, алтындан алып каргы так, ала албаса түлкүнү айлансын аштан, башка чап.
Алгыр куштан ашам деп, ала карга шашыптыр.
Алгыр кушту алып келип кууга сал, акылың болсо азамат, аштык айдап, баккын мал.
Алгыр кушту мүнүшкөр, жакшы багып кушка сал.
Алгырдын зорун — шер дейбиз, азамат зорун — эр дейбиз.
Алдабаса, капкан да чаппайт.
Алдабасаң, сата албайсың.
Алдаганга кудай жакшы.
Алдамчы мураска жетпейт.
Алдамчыга жаза көп.
Алданын буйругу чачтан көп, аны кылган киши жок.
Алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты.
Алдуулар азуусун айга жанышат, алсыздарды канга (шорго) малышат.
Алдыга айткан сөз арзан, айылга саткан бөз арзан.
Алдыга өбөк, аркага жөлөк.
Алдым, жуттум дос күтсөң, кубанычың аз болоор.
Алдын көр, аркасын жар торойт.
Алдынкы көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат.
Алдынкы көчтүн адашканын кийинки көч билет.
Алдынкынын адашканын арткы киши билет.
Алдыңа аш келсе, атаңдын кунунан кеч.
Алдыңа баш ийип азамат келсе, эр кунун кеч.
Алдыңа келсе (түшсө), атаңдын кунун кеч.
Алдыңа түшсө, атаңдын кунун кеч.
Алдыңкы туяктын изин, арткы туяк басат.
Алдыңкынын адашканын арткы (киши) билет.
Алдыраар күнү — жаздыраар.
Алдырган апасынын койнун ачат.
Алдырган бир киши, уурусу миң киши.
Алжаке кызга — жалжаке күйөө.
Алжаке эркекке жалжаке катын туш келет.
Алжакенин сөзүнө, калжаке киши ишенет.
Алкы бузук кыныкса, ат тезегин кургатпайт.
Алкы бузук молдонун, селдесине чок түшөт.
Алкы жаман айтта өлөр.
Алкы жамандын арты жаман.
Алкы кеткен тамакты сүйөт.
Алкымына алы жетпеген, күл челген бука баштанаар.
Алкың бузулбаса, аяктагы аш алты кишини тойгузат.
Алкыш кетпесин, каргыш жетпесин.
Алладан акыл күтпө.
Алладан буйруксуз кумурсканын бели сынбайт имиш.
Алма башка жетем деп, чалма башка кезикти.
Алма быш — оозума түш.
Алма сабагынан алыс түшпөйт.
Алма этектен алам деп, чалма этектен айрылдым.
Алмактын бермеги бар.
Алманы аким жеди, таякты жетим жеди.
Алманын агынан көгү, жамандын барынан жогу.
Алп — чабышта, чечен — сөздө (сыналат).
Алп адагы (соңу) Ормотой, тулпар адагы Тайтору.
Алпты жеңген баатыр эмес, ачууну жеңген баатыр.
Алптын тизе бүккөнү — өлгөнү.
Алса кыргый алат, өлсө торгой өлөт.
Алсам — бербесем, жан берсем — өлбөсөм.
Алсаң, берээриңди унутпа.
Алсызды жөлөгөнүң — ырыска бөлөгөнүң.
Алсыздын кылычы — арыз.
Алсыздын тили алты кулач.
Алтай менен Култайга, жалчы жүрдүм бир тайга.
Алтооң ала болсоң, алдыңдагыны алдырасың.
Алты ай таптасаң да, карганын иши карга.
Алты жашар бала атка минсе, алтымыштагы чал алдынан чыгаар.
Алты катын азага барса (же келсе), ар кимиси өз муңун айтат.
Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла.
Алты өлөңүм бек болсо, атым туйлап не кылат, алганым өзүм деген сон, элим (кээде абысын) айтып не кылат.
Алты саны аманда, жер караган оңоорбу.
Алты саның аманда, артта калыш жаман да.
Алты уулдуу кишинин, алты өрүштө малы бар.
Алтыга алып, бешке сат, атың болсун соодагер.
Алтыга сатып, бешке алган соодагердин адаты.
Алтымыш күн атан болуп жүргөнчө, алты күн буура болуп зиркилде.
Алтымыш менен жетимиш абышканын курагы.
Алтымышка барганда аркандаган аттайсың, «алганым тилдеп койду» деп, кимге барып даттайсың.
Алтымышка чыккан адамды, алыс жолго жибербе.
Алтымышта атаңдын, алдап соолап күчүн ал.
Алтын — жерден, баатыр — элден (чыгат).
Алтын — күмүш таш экен, арпа — буудай аш экен.
Алтын акпайт, күмүш күйбөйт.
Алтын алба, алкыш ал.
Алтын байлык эмес, акыл — байлык.
Алтын баш аман болсо, жокчулук эмне кылат.
Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык.
Алтын дат болбойт, жакшы жат болбойт.
Алтын жерде калбайт, жакшы жолдо калбайт.
Алтын жерден чыгат, баатыр элден чыгат.
Алтын жерден чыккан байлык болсо, акыл элден чыккан байлык.
Алтын казына акыл казынага жетпейт.
Алтын көрсө, бериште да жолдон чыгат.
Алтын күмүштү байлык туткан киши башын жолдо калтырар, баба сөзүн улаган кишинин орду төрдө болор.
Алтын менен күмүштү, зергер үчүн жараткан, аркар менен кулжаны, мерген үчүн жараткан.
Алтын така, жез така, байчечекей тербесең, ай тийбеген жер капа.
Алтын тапса, түйөргө түйүнчөк таппайт.
Алтын чирибейт, акыл азбайт.
Алтын чыккан жер кадырлуу, калыс жүргөн эр кадырлуу.
Алтын чыккан жеринде калат.
Алтын ээр ак кабак, атка жайы болбосо, алтынын алып отко жак.
Алтындуу ээр ак канкы, атка тынчы болбосо, алтынын алып отко жак.
Алтынды ала билген бөлө да билет.
Алтынды билүү — оңой, адамды билүү — кыйын.
Алтынды жыйган сен болдуң, азапты тарткан мен болдум.
Алтынды көрсө периште жолдон чыгат.
Алтынды көрүп, байгамбар да жолдон чыгыптыр.
Алтынды орогон менен жез болбойт, жибекти орогон менен бөз болбойт.
Алтынды чыккан жеринен каз.
Алтынды эрите албаган иритер, терини ашата албаган чиритер.
Алтындын баасын зергер билет.
Алуучу болбосо — сатуучу кор болот.
Алчаны аким жеди, таякты жетим жеди.
Алы жетпеген — акыретчил, колу жетпеген — кордоочул (же кудайчыл).
Алы жетпеген аракетчил, колунан келбеген ушакчыл.
Алыбек алына жараша.
Алыбек алыңды кара, маңдайыңдагы чарыгыңды кара.
Алын билбеген, алекке түшөт (алек).
Алың аке, алың, сергий түшсүн жаның.
Алың, алың дегенче, алты соодагер өлүптүр.
Алып келсем көрөсүң, күлүп жатып өлөсүң.
Алыс жерге куда болсоң артынчактап аш келээр.
Алыс жерде көп жүрсөң, көңүлүң бир күн тарыгат.
Алыс жерден куда күтсөң — артынчактап аш келер, жакын жерден куда күтсөң — түрдүү ушак сөз келер.
Алыс жол атты сынайт, оор күн эрди сынайт.
Алыс карма балаңды, аңга чалыш бекерден.
Алыскы достон, жакынкы кас артык.
Алыскынын аты озгуча айылдаштын тайы озсун.
Алыскынын аты чыкканча, короолоштун кою озсун.
Алыста болсо кишенешкен, жакында болсо тиштешкен.
Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман.
Алыстагы душмандан, кашындагы кас жаман.
Алыстагы олуядан, жакындагы манайык артык.
Алыстагы туугандан жакындагы коңшу артык.
Алысты жакын кылган кыз, тамакты таттуу кылган туз.
Алысты жакындаткан ат, жакынды алыстаткан — жат.
Алыш — бериш (келиш — кетиш) туугандыктын белгиси, уруш — кериш душмандыктын белгиси.
Алышканда күчү жеткендин, айтышканда кеби өтөт (күчү кетет).
Алышыңды бек байла, жардап кетсе суу бербейт.
Амал ашынса — уу.
Амалдуу аңчыга ажалдуу кийик жолугат.
Амалкөйдү ашынам дебе, ач көз байды кошунам дебе.
Амалын тапкан ажалдан кутулат.
Аман болсо башым, дагы эле чыгар чачым.
Аман болсо бул башым, дагы бир чыгаар бул чачым.
Аманат жанга өлүм ак.
Аманатка кыянат кылбайт.
Аманчылык жамандыкты жеңет.
Ана катын мас болсо, беш көкүл менен урушат.
Андан да ыраагыраак көрүнөт.
Анжиянда акем бар, ал да мендей пекене.
Анжиянда суур семиз десе Бээжиндеги калмак тамшанган экен.
Ансыз элиң бир уучка сыйбайт.
Ант берсең, актай бил.
Антар атка бир санат, учар кушка бир канат.
Анык чечен — акындар жазгы жааган жамгырдай.
Аныккандан каныккан ууру болот, оолуккандан соолуккан жинди болот.
Аңга жетпес ашыңды, айылдаштан аяба.
Аңгек өзүн жер ойлойт, ар ким өзүн эр ойлойт.
Аңгектен качсаң — дөңгөккө, дөңгөктөн качсаң — сөңгөккө.
Аңгеме музоо эмизер, музоо таяк жегизер.
Аңдабаган төө көрбөйт.
Аңдабаган төөнү да көрбөйт.
Аңдабай сүйлөгөн оорубай өлөр.
Аңдабай түштүм чуңкурга, эми мага сай кайда.
Аңдап турсаң акылдуунун сөзү пул болот.
Аңдуучуну аңдоочу жеңет.
Аңдыган — алат, аңтарган — табат.
Аңдыганга, аңкоо көрүн.
Аңдышкан айыл болбойт, сатуулашкан дос болбойт.
Аңдышкан айыл конбойт, эсептешкен дос болбойт.
Аңдышкан эл болбойт, эсептешкен коңшу болбойт.
Аңкир — мүңкүрүндү коюп, келе бери бир атым насыбай.
Аңкоо азаптан, кайсар мазактан кутулбайт.
Аңкоо бала атасына асылат, аңкоо кыз энесин коркутат.
Аңкоонун эч нерседен кабары жок, жалкоонун эч нерсени табаары жок.
Аңыздуу жерде ат өлбөйт, бозмаштуу жерде бото өлбөйт.
Аңыр өзүн куш ойлойт, ар ким өзүн киши ойлойт.
Аппак карда көп жүрсөң, көзүң бир күн карыгат.
Апылайдын чайындай түгөнбөгөн.
Ар адамда бир кыял, ал кыялды ким тыяр.
Ар бир адам Мекенин сүйөт, соодагер бекерин сүйөт.
Ар бир адамдын киндик каны тамган жер — Мисир.
Ар бир башта миң кыял.
Ар бир жердин түлкүсүн өзүнүн уучусу ууласын.
Ар бир ит — өз короосунда кожо.
Ар дарттын бир дабасы бар.
Ар жемиштин данеги өз сөөгүндө сакталат.
Ар жердин корозу бирдей кыйкырат.
Ар заманда бир чукулдай.
Ар ит өз короосунда арстансыйт.
Ар иште — эстүү болуу керек, акылдуу өз ишинен убай көрөт.
Ар ким — сүйгөнүнүн кулу.
Ар ким бары менен базардайт.
Ар ким ич оорусун өзү билет.
Ар ким кычышкан жерин кашыйт.
Ар ким кычышкан жерин өзү билет.
Ар ким өз бейилинен табат.
Ар ким өз боюна карап киет.
Ар ким өз камында, кары кыз эр камында.
Ар ким өз көмөчүнө күл тартат.
Ар ким өз сөзүнөн сындалат.
Ар ким өз үйүндө кан.
Ар ким өзүн киши ойлойт.
Ар ким өзүн эр ойлойт.
Ар ким пейлинен табат.
Ар кимге өз жаны кымбат.
Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр.
Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө.
Ар кимдин жүргөн жери мисир.
Ар кимдин өз жүгү өзүнө чак.
Ар кимдин тилеги өзүнө чоң.
Ар кимдин убайымы өз башында.
Ар кимдин эри өзүнө мырза, ар кимдин зайыбы өзүнө каныша.
Ар кызыктын башы бар.
Ар немеге бир неме.
Ар нерсе өз тушунда кымбат.
Ар нерсе өз чегинен чыкса, арты өкүнүчтүү болот.
Ар нерсе учурунда сонун.
Ар нерсени көп карап, көздүн курчу азаят.
Ар нерсенин орду болоор, көрбөгөн жер сонун болоор, жышааналуу эр жигиттин, кайда жүрсө жолу болоор.
Ар убакта чынчыл бол, калк ишенет кебиңе.
Ар чөп өз тамыры менен күн көрөт.
Ар ылдыйдын өрү бар.
Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн.
Арабаны ат тартат, көлөкөсүн ит тартат.
Арабаны көрдүм арманым жок.
Арадагы акмак — туурадагы токмок.
Арадай жерге чарадай жыйын.
Араздашуудан кийинки таттуулук халбадан да таттуу.
Арак адамды мээримдүү кылып элжиретип, зөөкүр кылып келжиретип коёт.
Арак арды аздырат, барды тоздурат.
Арак дудукту да сайратат.
Арак ичкен тойдо мас, акылы жок күндө мас.
Арак ичкендин акылы жоор.
Арак масы келе жатса, качпа, мал масы келе жатса кач.
Аракет кылса, береке болот.
Аракет кылсаң — берекет.
Аракети көп, берекеси жок.
Аракетсиз үмүт — мөмөсүз дарактай.
Аракеттен адат жаралат, адаттан мүнөз, мүнөздөн тагдыр жаралат.
Аракка кандым дегиче, азапка калдым дегин.
Арактын кулу болгонуң, абийириңден куру болгонуң.
Аралдагы чөптү мал жебейт.
Арам айтып, максатка жетпейт.
Арам алдаганга устат, сынчы талдаганга устат.
Арам жеген бура баспайт.
Арам өлсө ит менен кушка жем.
Арам санаа болбогун, алгандан алтоо болбойсуң.
Арам тамак аш болбойт.
Арам эмгек — азабын тарттырат.
Арамга — адал, жакшыга — жаман, ыйыкка — бузук тизгиндеш бу дүйнөдө.
Арамдан алган төөдөн, адалдан алган улак артык.
Арамдыктан алыс болсоң, колдон келбесжакшылык жок.
Арамдын тамыры бир, адалдын тамыры миң.
Арамдын түбү бир тамыр, адалдын түбү миң тамыр.
Арамза жылмайса, алдаганга тете.
Арамзаада эл бузар, айкын жерди сел бузар.
Арамзаны аңдыган билет.
Арамзанын карды тойбойт, ач көздүн көзү тойбойт.
Арамзанын куйругу бир (алты) тутам.
Арамзанын укуругу кыска, акылмандын сөзү нуска.
Арамзанын этеги узарбайт.
Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле, айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле.
Арачыга алты таяк.
Арбасаң да, каргасаң да, отко, чокко кармасаң да, үмүт — өлбөйт, карыбайт.
Арбашкан — алышат, кагышкан — кармашат.
Аргасыз кулдук эткендин ичинде кеги калат, аны бир күнү алат.
Аргымак аттын куйругу, бирде жибек, бирде кыл.
Аргымак жыйдым, ат жыйдым, айланып кетсин буудандан.
Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет.
Аргымак тандап ат жыйдым, буудан болуп бербеди, азамат тандап дос жыйдым, тууган болуп бербеди.
Аргымак чапкандан өлбөйт, таптагандан өлөт.
Аргымак, айгыр кече албас, агын суудан кечмек бар.
Аргымакты жаман деп, жолго таштап кетпегин, азаматты жаман деп, жоого таштап кетпегин.
Аргымактын азганы — аркы-терки басканы, азаматтын азганы — көчкөндө жөө басканы.
Аргымактын жакшысы — азыраак оттоп, көп жуушайт, азаматтын жакшысы — азыраак сүйлөп, көп тыңдайт.
Аргымактын жакшысы — чапса күлүк, сатса пул, азаматтын жакшысы — бирде мырза, бирде кул.
Аргымактын кулуну, алтын көкүл кер болот.
Ардак күткүң келсе ак иште.
Ардакты сүйсөң, эмгекти сүй.
Арзан бекен мал тапмак, оңой бекен жан бакмак.
Арзанга алуучунун пейли бузулат, кымбатка сатуучунун пейли бузулат.
Арзандын асылы болбойт, асылдын жаманы болбойт.
Арзандын сорпосу татыбайт.
Арзандын тузу татыбайт.
Аркандын узуну жетет (жакшы), сөздүн кыскасы өтөт (жакшы).
Аркар мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет.
Аркасы кыя, асты жар, айла кеткен жол ошол.
Аркы өйүздөгү чабышка, бу өйүздөн жулунба.
Арпа — буудай аш болот, алтын — күмүш таш болот.
Арпа берсең атка бер, күтүр — күтүр чайнасын.
Арпа жеген ат ойнойт.
Арпа сеппе (чыкпайт) таш жерге, айыл конбо (болбо) кас элге.
Арпа сепсең, — арпа оросуң, буудай сепсең — буудай оросуң.
Арпа сээп, буудай алам дебе.
Арстан «айга минем» деп, аягын берт кылыптыр.
Арстан алганына кубанбайт, чалганына кубанат.
Арстан картайса, чөөгө күлкү.
Арстан катуу качырат, жумшак алат.
Арстан кумурскадан коркот.
Арстан оозунан жем талашпа.
Арстан турган жерге аюу жолобойт.
Арстан экиден, ит жетиден (тууйт).
Арстан эрдин башына, алтымыш мүшкүл бир келет.
Арстандай күчүң болсо, түлкүдөй куулукту үйрөн.
Арстандын куйругу болгуча, мышыктын башы бол.
Арстандын оозунан жем талашпа.
Арсыз киши чабышта өлөрүн эстейт.
Артисттер боёнбой койбойт.
Арткан ашты батырган, айланайын курсагым.
Арткан ашты, иттен аяба.
Артык айтпа, ашыра какпа.
Артык дөөлөт баш жарбайт.
Артык кылам деп, тыртык кылдым.
Артык өнөр баш жарбайт.
Артык шашкан албарстыча карганат.
Артыкбаш акча баш жарбайт.
Артыкча дүңгүрөгөн, акырында мүңкүрөйт.
Артын ойлогон алжыбас.
Арча күйгөндө — асман ачылат, карагай күйгөндө — кыпын чачылат.
Ары жок — күлкүчү, санаасы жок — уйкучу.
Ары жок ит чымынга да үрөт.
Ары карап ыйлап, бери карап күлгөн жаман.
Арыбас ат болбойт, тозбос тон болбойт.
Арыган ат семирчи, ачыган курсак тоюнчу.
Арык — семиз боору тең.
Арык — семирет, ач — тоюнат.
Арык — толсом дейт, семиз — болсом дейт.
Арык атка камчы жоо, жыртык үйгө тамчы жоо.
Арык атка камчы жуук (же үйүр), жыртык үйгө тамчы жуук (же үйүр).
Арык атка куйругу жүк.
Арык атка туз бербе, акылсызга кыз бербе.
Арык болсо семиздей көр, аз болсо көптөй көр.
Арык да болсо, семизге баала, аз да болсо, көпкө баала.
Арык кой тырышчаак, ач киши урушчаак.
Арык койдун терисин алты ашатса ий болбойт, атадан жаман тууганды ак кийизге салдырып көтөргөн менен бий болбойт.
Арык семирер, ач тоюнар.
Арык толсом дейт, семиз болсом дейт.
Арык уйга жоон мүйүздүн кереги жок.
Арык этте чарым бар, арам сөздө чачым бар.
Арыкмын деп оозуңду ырсыйта берген менен болобу.
Арыкмын деп, ооз ырсыйта берген болбойт.
Арыкты кыйналып чапсаң, сугатты ойноп сугарасың.
Арыктын арымы жок, семиздин кайрымы жок.
Аса — карыбайт, алтын — чирибейт.
Асанкайгы ойлонуп отурганча, тобокелчи маарага жетиптир.
Асанкайгы өз үйүндө жек көрүндү болот.
Аскан ашты таштаба.
Аскар — аскар тоо — аягы келип чап болот, атадан сегиз болсо да — сыйлашпаса жат болот.
Аскар, аскар аскар тоо, аягы келип чап болот.
Асманда жүргөн кыраан куш, да түнөгүн көксөйт.
Асмандагы шумкардан колдогу турумтай артык.
Асманды караган аягынан мүдүрүлөт.
Асманды тиктегендин көзү акыят.
Аста сүйлөгөндүн амалы көп.
Астапыралланын казаны бат кайнайт.
Астыңкы эрди менен жер шыпырган, үстүңкү эрди менен көк шыпырат.
Асыл — таштан, акыл — жаштан (чыгат).
Асыл жигит — алты кырдуу, он эки сырдуу.
Асыл таштан, акыл баштан.
Асылган оору (ууру) алмайынча тынбайт (койбойт).
Асылды асыл өлтүрбөйт.
Асылсаң жыгачтын асылына асыл.
Асылуу казан — бышылуу аш.
Асыранды баланы айылчы абысын чыгарат.
Ат — адамдын канаты, аш — адамдын кубаты.
Ат — жалдуу, тон — жакалуу.
Ат — мингендики, тон — кийгендики, аял — тийгендики, эр — элдики.
Ат — эриндүү келет, эр — мурундуу келет.
Ат (эл) дарбыса, эшек кошо дарбыйт.
Ат адамдын (эрдин) канаты, аш адамдын кубаты.
Ат азгыны — жорго, адам азгыны — молдо.
Ат айланып казыгын табат, жөө калсаң, эки өңүрүң саныңды чабат.
Ат айланып казыгын табат, эр айланып элин табат.
Ат алсаң айылдашың, кой алсаң коңшуң менен кеңеш.
Ат алсаң минип ал, аял алсаң сүйүп ал.
Ат алтоо болсо минерге ат табылбайт, бирөө болсо барарга жер табылбайт.
Ат арпа жесе, эшек кулагын салат.
Ат арыганын билбейт, кунан карыганын билбейт.
Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат.
Ат аяган арыбайт, аш аяган жарыбайт.
Ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт.
Ат аяган жөө баспайт (жөө калбайт).
Ат аягынан, эр тамагынан бузулат.
Ат байлап салсаң токтобойт, кое берсе оттобойт.
Ат баспаган жерди тай басат.
Ат баспайм деген жерден үч басат.
Ат баспайм деген жерин — үч басат, эр көрбөйм деген жерин — үч көрөт.
Ат башы менен эр башы, кайда калбайт бир башы.
Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет, эл башына күн түшсө, кыштын күнү үй чечет.
Ат бергиси келбеген — ээр карайт, куш бергиси келбеген — жер карайт.
Ат бир мүдүрүлсө, үч мүдүрүлөт.
Ат болгуча аяк ылоо.
Ат болуучу кулундун, мүчөсүнөн белгилүү, киши болуучу баланын кирпигинен белгилүү.
Ат дарбыса, эшек кошо дарбыйт.
Ат жакшысы - ардак, адам жакшысы — урмат.
Ат жакшысы алыскы жолдо сыналат, дос жакшысы айыгышкан жоодо сыналат.
Ат жакшысы боз болот, эр жакшысы айткан сөзгө бек болот.
Ат жакшысы кермеде, эр жакшысы термеде.
Ат жакшысын макта, киши жакшысын сакта.
Ат жалына казан ас.
Ат жаманы азаматты кор кылат.
Ат жаманы кор болот, куш жаманы бир чымчыкка зар болот.
Ат жаманы маңгел, жер жаманы аңгел.
Ат жашарып кунан болбойт, эр (адам) жашарып улан болбойт.
Ат кадырын жок билбес, ач кадырын ток билбес.
Ат кадырын минген билет, мылтык кадырын аткан билет.
Ат камчыдан жалтанат, эр намыстан жалтанат.
Ат картайса, согумга жарайт; эр картайса, сонунга жарайт.
Ат карып, арпа түшөбөйт, эр карып, эшек түшөбөйт.
Ат карыса чөп керек, эр карыса тер керек.
Ат качаган болгон соң, аштан, тойдон калган соң, күлүктүгү не пайда, катының сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда.
Ат кечкен суу деп, аюу ичет, кой кечкен суу деп, бөрү ичет.
Ат кичине болсо да, ээрдик орун табылат.
Ат кишенешип табышат, адам сүйлөшүп табышат.
Ат көтөргүс чатагы бардын, оозго алгыс чыры бар.
Ат куйругун кармасаң суудан өтөөрсүң, ит куйругун кармасаң сууга чөгөөрсүң.
Ат кызыгы арыганча, эр кызыгы карыганча.
Ат менен жолго чыккан эшектин шору.
Ат менен катынга ишенич жок.
Ат минбеген ат минсе — чаба-чаба өлтүрөт, тон кийбеген тон кийсе — кага-кага бүтүрөт.
Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй, эл тааныбайт.
Ат мүдүрүлүп жер тааныйт, эр мүдүрүлүп эл тааныйт.
Ат мүдүрүлүп кайра оңолот.
Ат мыктысы кермеде, акын мыктысы термеде.
Ат оонаган жерде түк калат, айран төгүлгөн жерде жук калат.
Ат оонаган жерде түк калат.
Ат сактаган — ат минет, тон сактаган — тон кийет.
Ат семирип нык болот, эр семирип бук болот.
Ат семирсе ык болот, эр семирсе бук болот.
Ат сийген жерге чөп чыкпайт.
Ат сураган кордук эмес, ээр токум сураган кордук.
Ат сурамак — сүннөт (милдет).
Ат сыйлабас жигиттин, жөөчүлүк берээр сазайын.
Ат сыйлаган азабынан кутулат, эр сыйлаган эмгегинен кутулат.
Ат сыйлаган азамат жөө баспайт, эр сыйлаган катын эшикте калбайт.
Ат сыйлаган жөө баспайт (калбайт), эр сыйлаган эшикте жатпайт.
Ат сыйлаган жөө баспас, эр сыйлаган эшикте калбас.
Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу мин, болот.
Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу миң болот.
Ат табылганча аяк ылоо, тай табылганча таяк ылоо.
Ат тапканча анжим тап.
Ат тезегин кургатпайт, аласа киши көгөрсө.
Ат тери кайтпайт.
Ат тойгон жерине качат, адамзат туулган жерине качат.
Ат тойгон жерине качат, азамат туулган жерине шашат.
Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат.
Ат уяты — сатуу, кыз уяты — тартуу.
Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт.
Ат чапкан киши — талапкер, аш берген киши — күнөөкөр.
Ат эрдин канаты.
Ат эриндүү болот, эр мурундуу болот.
Ат ээси жылкычы.
Ат, аттан кийин жат.
Ата — аска тоо, Эне — оргуган булак, бала — экөөнө тең шам чырак.
Ата — бала урушат, ага — ини жулушат.
Ата — балага сынчы.
Ата — мекен, эне — нур.
Ата арбагы ыйык.
Ата баласы — тон жакасы.
Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол.
Ата болдум деп мактанба, адам болдум деп мактан.
Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдүү бол.
Ата болуш — ардак, эне болуш — сыймык.
Ата данкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт.
Ата даңкы, эне баркы — балага дем.
Ата жакшы — уул жакшы, эне жакшы — кыз жакшы.
Ата журтуң — алтын бешик.
Ата каргышы — ок, эне каргышы — бок.
Ата каргышына учураган перзент оңолбойт.
Ата кебин эшиткен уул адеп тутат.
Ата конушу ардак, ата салты — сыймык.
Ата көргөн — ок бычат, эне көргөн — тон бычат.
Ата көргөн ат берет, эне көргөн тон берет.
Ата көргөн ок жонор, эне көргөн тон бычар.
Ата намысын арсыз уул кетирет.
Ата өлүп бала калса тилегине жеткени, бала өлүп ата калса арманы ичте кеткени.
Ата сөзү — акыл, ага сөзү — асыл.
Ата сөзү — алтын, көңүл коюп уксаң.
Ата сөзү уулга эм.
Ата сөзүн укпасаң, ажырайсың журтуңан.
Ата сыйлаган абийир табат.
Ата турган таңдын, чыга турган күнү бар.
Ата уулду билет, ат ээсин билет.
Ата уулу айтканынан кайтпайт, жоомарт бергенин айтпайт.
Ата, башты алып мага бере коюп, жамбашты өзүң албайсыңбы — дептир.
Атаандаштык — ал жакшы, акылдаштык — бул жакшы.
Атага (же энеге) баланын алалыгы жок.
Атага окшоп уул туулбас, энеге окшоп кыз туулбас.
Атадан алтоо болсо (туулса), ар жалгыздык башта бар.
Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башыңда.
Атадан алтоо туулса, ар жалгыздык башта бар.
Атадан алтоо туулса, сыйлашпаса жат болот.
Атадан алтоо элек, өлүп олтуруп жалгыз калдым.
Атадан жакшы туулса эшиктен төргө сүйрөөр, жаман туулса төрдөн көргө сүйрөөр.
Атадан калган мал барбы, аяна турган жан барбы.
Атадан таяк жеген балдар жакшы, энеден тил укпаган кыздар жакшы.
Атадан уул туулса — ийги, ата жолун кууса — ийги.
Атадан уул тууса — ийги, ата жолун жолдосо — ийги.
Атажурт — алтын бешик.
Атажуртуң — алтын бешигиң.
Атайлап кошчуң болбосо, жүгөнүң алып, атка бар.
Атакандын мүрзөсүндөй болсо керек.
Атактуу ууру ачтан өлөт.
Аталар сөзү — акылдын көзү.
Аталардын иши балдарга үлгү.
Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол.
Аталашым аттан түш, энелешим ээрге мин.
Аталуу бала арсыз жетим, энелүүжетим эрке жетим.
Аталуу бала кулак жейт, жетим бала туяк жейт.
Аталуу жетим — арсыз жетим, энелүү жетим — эрке жетим.
Аталуу уул — кожолуу кул.
Атам өлсө — өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн;
Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн, энем өлсө өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн.
Атам, энем бар болсун, оозу мурду жок болсун.
Атамды ажыга жиберип айныттык.
Атамдын өлөөрүн билсем, бир табак кебекке сатпайт белем.
Атамдын тапканы энемдин баракелдесине да жарабаптыр.
Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот, жаман киши мас болсо, жакшысы менен кас болот.
Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.
Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат.
Атанын азарында жакшы болот.
Атанын баласы азаарында бакшы болот.
Атанын баласы болбосоң да, адамдын баласы бол.
Атанын баркын көзү барда билбейт, балалуу болгондо билет.
Атанын жаман көргөн уулу түк күттү.
Атанын кадырын билбеген баланын башы кор болот.
Атанын каргышы — атылган ок.
Атанын каргышы балага ок, өрттөп ийчүчок.
Атанын кеби — балага, аганын кеби — иниге, эненин кеби — кыз — келинге, эженин кеби — синдиге эм.
Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада.
Атанын мээри түшкөнгө адамдын каары түшөт.
Атанын салган жолу бар, эненин бычкан тону бар.
Атанын сыймыгын арсыз уул кетирет.
Атанын тилдегени — баласын бил дегени.
Атанын уулу болуш — урмат, элдин уулу болуш — кымбат.
Атаң алтымышка чыкканда алдап — соолап күчүн ал.
Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.
Атаң жоо чапса кошо чап.
Атаң карыса кул кылба, энең карыса күң кылба.
Атаң кимди алса энең ошол, агаң кимди алса жеңең ошол.
Атаң конгон конушка сен да бир күн конорсун, мактанбагын уулум ай, сен да мендей болорсуң.
Атаң мурап болбосун, эгиниң суунун башында болсун.
Атаң мурап болгуча: жериң суулуу болсун.
Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн.
Атаң өлсө, тайлак бар, кому жерде калган жок.
Атаң этин оордобойт, султан сөөгүн кордобойт.
Атаңа көрсөткөндү балаңдан көрөсүң.
Атаңа эмне кылсаң, балаңдан ошону көрөсүң.
Атаңдан акча алсаң да санап ал.
Атаңды дегендин тилеги катат, айланайын дегендин тилеги ашат.
Атаңды көргөндөн акыл ал, энеңди көргөндөн тон ал.
Атаңды көргөндөн акыл сура, энеңди көргөндөн тон сура.
Атаңды көргөндөн акыл сура.
Атаңды өлтүргөнгө — энеңди алып бер.
Атасы балам десе, баласы балам дейт.
Атасы башка менен коён уулаба.
Атасы башка, аты кашка.
Атасы болушчаактын — уулу урушчаак, энеси болушчаактын — кызы ыйлаак.
Атасы жакшы айттырбайт, теги жакшы дедирбейт, сөөгүжакшы сөктүрбөйт.
Атасы жиндинин — бири жинди, энеси жиндинин — баары жинди.
Атасы козу бычпагандын, баласы өгүз бычаар.
Атасы көргөндүуулу көрөт, энеси көрбөгөндү кызы көрөт.
Атасы өлгөн киши уктаса да, ачка киши уктабайт.
Атасы өлгөн уул көбөт, энеси өлгөн кыз көбөт.
Атасы топко кирбеген сөзгө кулак салбайт.
Атасы топко кирбеген, сөздүн баркын билеби.
Атасыз уул (бала) жетесиз, энесиз кыз никесиз.
Атасына баласы аш ичкенди (аял алганды) үйрөтөт.
Атасынан баласы ашып түшпөсө, акыр заман болот.
Атасынын көзүн көрбөй калган соң ашыкканы курусун.
Ата-эне берген тарбиядан турмуш өзү берген тарбия он эсе артык.
Ата-эне кара мүртөз болсо, өз баласын каргайт, кан кара мүртөз болсо, өз башын өзү жалмайт.
Ата-энеге баланын алалыгы жок.
Ата-эненди сыйласаң өз балаңдан жакшылык көрөсүң.
Ата-эненин кадырын билген уул эл багар.
Ата-энеңди сыйласаң, өз балаңдан опаа (жакшылык) көрөсүң.
Ата-энеси жоктун эли бар, эли жоктун өлүмү бар.
Ата-энесине акаарат кылганды ташбараң кылат, шарият деп законун табат.
Атка (аттууга) жөө жете албайт.
Атка бербес кунан бар.
Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
Атка жапкан үркүттөн, жалгыз туумай бүркүттөн.
Атка жеңил, тайга чак.
Атка мингенде эле көчүгү кыйшык эле.
Аткан мерген эмес, тийгизген мерген.
Аткан ок таштан кайтпайт, элчи кандан тилин тартпайт.
Аткан ок таштан кайтпас, аттанган элчи жолдон кайтпас.
Аткананы күзөткөн, ашканадан кайтат.
Атпаса мылтык сай болбойт, анткор адам бай болбойт.
Атпастын огу алты кулач.
Аттан айрылганы, канаты кайрылганы.
Аттан айрылсаң айрыл, ээр токумдан айрылба.
Аттан айрылсаң да, абийирден айрылба.
Аттан аттын неси артык, аша баскан изи артык.
Аттан тай озоор.
Аттан түшсөң да ээрден түшпө.
Аттан түшсөң да, үзөңгүдөн түшпө.
Аттанганда эле көчүгү кыйшык болучу.
Аттууга жөө дос эмес.
Аттууга жөө жете албайт, экөөнө бирөө бата албайт.
Аттууга жөө жете албайт, экөөнө бирөө баталбайт, эки ат минген кеч калбайт.
Аттууга жөө жете албайт.
Аттууга тайлуу жетем дейт, тайлуудан төө ашам дейт.
Аттууга тайлуу жетем дейт, тайлуудан төөлүү ашам дейт.
Аттууну жөө демитет, эрди (кемпай) катын кемитет.
Аттууну жөө демитет, эрди кемпай кемитет.
Аттууну көрсө, жөөнүн аягы талыйт.
Атты аркан байлайт, эрди ант байлайт.
Атты арыганда көр, жигитти карыганда көр.
Атты арыганда көр, эрди (жигитти) карыганда көр.
Атты ашууда сына, эрди алааматта сына.
Атты баксаң ар жерде, жоого бербес тар жерде.
Атты билгенче ай керек, адамды билгенче жыл керек.
Атты достой сүйсөң, душмандай минесиң.
Атты камчы менен айдабай, жем менен айда.
Атты көрсө эшектин аягы талыйт.
Атты көрсө, жөө баскандын буту талыйт.
Атты мээнет чырмаса, аягынан басынат, төөнү мээнет чырмаса котур болуп кашынат, байды мээнет чырмаса ашканага жашынат.
Атты тайында такшалт, кунанында куурат, быштысында бышыр, асыйында асыра.
Атты такалаганча, жолду бакала.
Атты такаласа, эшек бутун көтөрөт.
Атты чапсаң алыска чап, чыкпай калса бактыңан тап.
Аттын ачуусу кулагынан билинет, иттин ачуусу куйругунан билинет.
Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт.
Аттын жаманы — аңги, адамдын жаманы — баңги.
Аттын жаманы акырды булгайт, уйдун жаманы казыкты булгайт.
Аттын жоргосу кызык, тондун торкосу кызык, козунун сорпосу кызык, чайдын кызылы кызык, суусундун тунугу кызык, төрдүн төбөсү кызык, аялдын сулуусу кызык.
Аттын көркү — жалында, кыздын көркү — чачында.
Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.
Атчабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт.
Аты арыса да өзү карыбайт.
Аты жакшы азамат, качса — кутулат, кууса — жетет.
Аты жаман мурун камчыланат, атасы жаман мурун айтат.
Аты жоктун буту жок.
Атын алба, тайын ал.
Атын атаса, куту сүйүнөт.
Атын аяган жер карайт, кушун аяган көк карайт.
Атын билгенче затын бил.
Атына жараша — заты.
Атына жараша ээри.
Атына кызыкпа, затына кызык (атын билгенче затын бил).
Атына кызыкпа, затына кызык.
Атың арык болсо — бир чап, отунуң аз болсо — бир жак.
Атың арык болсо бир чап, отунуң аз болсо бир жак, ашың аз болсо бир сал.
Атың барда — жер тааны, атаң барда — эл тааны.
Атың барда желип жүрүп жер тааны; атаң барда берип жүрүп эл (же дос) тааны.
Атың барда жол тааны, атаң барда дос тааны.
Атың жакшы болсо — жолдун ыраагы, уулуң жакшы болсо — көңүл жыргалы.
Атың жакшы болсо — жолдун ыраагы, уулуң жакшы болсо — көңүл чырагы.
Атың чыкпаса, жата калып ат үркүт.
Атың чыкпаса, жер өрттө.
Атыңжакшы болсо, камчынын кереги не.
Атыңжаман болсо айлаң кетет, алганыңжаман болсо тууганың кетет.
Ач — кекиртет, ток — секиртет.
Ач атым — бар атым, ток атым — жок атым.
Ач бала ток бала менен ойнобойт, ток бала ач болом деп ойлобойт.
Ач бала ток бала менен ойнобойт, ток бала эртеңкисин ойлобойт.
Ач бала ток бала менен ойногусу жок, ток баланын ичинде эчтемеси жок.
Ач бала ток баладай ойнобойт, ток бала ач болом деп ойлобойт.
Ач бийден ток ит жакшы.
Ач болсоң алда де, ток болсоң тобо де.
Ач болсоң ашык этин жебе, ток болсоң да томук этин жерибе.
Ач болсоң да ашык этин жебегин, ток болсоң да томук этин жебегин.
Ач итке тамак берсең, ток ит да кыңшылайт.
Ач иттин артын сук ит жалайт.
Ач иттин артын сук ит жалаптыр.
Ач кадырын билбесең, аччылык берет жазаңды.
Ач кадырын ток билбейт, оору кадырын соо билбейт.
Ач кадырын ток билбейт.
Ач кайгысын ток билбейт, жок кадырын бар билбейт.
Ач калардыкы кеч калар.
Ач калганга аш бербей, тамакты кантип ичесиң.
Ач калганда ток болууну унутпа, ток болгондо ач калууну эсте.
Ач карышкыр — ток күсөйт, ток карышкыр — кан күсөйт.
Ач карышкыр ийинге жатпайт.
Ач карышкыр ийинден чыгат.
Ач карышкыр ток күсөйт.
Ач кекирет, ток — секирет.
Ач кекирет, ток семирет.
Ач киши урушчаак, арык кой тырышчаак.
Ач койнунда нан болбойт.
Ач көз — тойбойт.
Ач көз адам тойбос, соргок соргоктугун койбос.
Ач көз байыса, ачка уктайт.
Ач көз кусканын билип, жутканын билбейт.
Ач көзгө баардыгы аз көрүнөт.
Ач көздөн айран сурасаң, акчаң барбы дейт.
Ач көздөн карыз сураба, сукка карыз бербе.
Ач көздөр өлсө да ач көздүү өлбөйт.
Ач көздүн айдаганы өнбөс, байлаганы семирбес.
Ач көздүн айдаганы өнбөс.
Ач кулагым, тынч кулагым.
Ач кулактан — тынч кулак.
Ач өлтүрбө, ток өлтүр, кыш өлтүрбө, жаз өлтүр.
Ач тоюнат, арык семирет.
Ач тоюнат, сук тойбойт.
Ач, ток өнөктөш.
Ачарчылык көчөгө чыгарат, калпычылык — үйгө камайт.
Ачарчылыкта туулган баланын эки көзү ашта.
Ачарчылыкты көп көргөн, өзү тойбой «ме» дебес, жетимчиликти көп көргөн, үч чакыртпай «ии» дебес.
Ачка болсоң да азанчыдан үмүт этпе.
Ачка болсоң жашоонун эмне экенин ошондо билесиң.
Ачка жүргөнчө айранга талкан чалып (кээде нан сындырып) жеген жакшы.
Ачка киши — урушчаак, арык киши — тырышчаак.
Ачка киши айылдайт, ток киши уктайт.
Ачка киши, аш ылгабайт.
Ачка кишиге таң атпайт.
Ачка кишинин ачуусу жаман.
Ачка короздун түшүнө актаган таруу кирет.
Ачка менен токтун ортосу жарты нан.
Ачка турганча айранга нан сындырып жеген артык.
Ачкага аш бышыртпа, үшүгөнгө от жактырба.
Ачкадан өлгөн наабайдын койнунан нан чыгыптыр.
Ачкалык — арам, адалды таңдабайт.
Ачкалык — аш тандабайт, ашыктык — жаш тандабайт.
Ачкалыкка өзүң чыдасаң да курсагың чыдабайт.
Ачкалыкта алтындан, бир жутум жарма артык.
Ачканы — аш менен коркутпа.
Ачканы аш берип коркутпа.
Ачканын аңы жүрбөйт.
Ачканын оюнан тамак кетпейт.
Ачкаңда жеген куйрукту, тойгонуңда унутпа.
Ачкачылык көчөгө чыгарат, калпычылык үйгө камайт.
Ачкачылыкта алтындан бир жутум жарма артык.
Ачта жеген куйканы токто унутпа, токто жеген куйканы түкта унутпа.
Ачта кеңеш табылбайт, жокто кеңеш табылат.
Ачтын — тогу, арыктын — семизи бар.
Ачтын көзү нанда, токтун көзү тондо.
Ачтын күчү — тамагында, жөөнүн күчү — таманында.
Ачтын оюн ток билбейт, жоктун оюн бай билбейт.
Ачтын тогу бар, сологойдун оңу бар.
Ачтын тогу болот, бардын жогу болот.
Ачтын тогу, арыктын семизи бар.
Ачтын токтугу бар, арыктын семизи бар.
Ачуу — акылдын душманы, напси — ыймандын душманы.
Ачуу — акылсыздыктын башталган жери.
Ачуу — душман, акыл — дос, акылыңа акыл кош.
Ачуу болуп, мурчтан өтпөйт, таттуу болуп, балдан өтпөйт.
Ачуу бычактын мизи, акыл — бычактын сабы.
Ачуу душман, акыл дос.
Ачуу менен таттууну — таткан билет, алыс менен жакынды — баскан билет.
Ачуу сөз — жылаандын зары, таттуу сөз — жүрөккө дары.
Ачуу суроо берип, таттуу жооп күтпө.
Ачуу тил — жыландын (дай) заары (арбайт), таттуу тил — жүрөккө дары.
Ачуу тил таттуу турмушту бузат.
Ачуулуу башта акыл жок.
Ачуулуунун алдына турба.
Ачуулуунун астынан чыкпа.
Ачуулуунун баары кас эмес, ардактоо бар мойнунда.
Ачуулуунун жанына жолобо.
Ачуулуунун сөзү ачуу.
Ачууну акыл жеңет.
Ачууну ачуу басат.
Ачууну ачуу баспайбы, алып келчи насыбайды.
Ачууну таттуу кылган — туз, алысты жакын кылган — кыз.
Ачуунун да таттуусу бар, таттуунун да ачуусу бар.
Ачуунун даамы ачуу.
Ачуунун даамын татпаган таттуунун даамын биле албайт.
Ачуунун даамын татпаган, таттуунун даамын билалбайт.
Ачуусу келген бай: «чөгөрүп, өлтүрөм» — деп, чортон балыкты көлгө ыргытыптыр.
Ачуусу келген чакчыгай айга ачууланыптыр.
Ачуусу келген чакчыгай өгүздүн жон терисин айра чокуптур.
Ачуусу келген чакчыгай, айга чапчыныптыр.
Ачуусу чукул — айыпка жыгылат.
Ачык ооздун душманы көп.
Ачык сөздүн даамы ачуу болот.
Ачыкканга — аш бышыртпа, үшүгөнгө — от жактырба.
Ачыкканга казан астырба, үпгүгөнгө от жактырба.
Ачыкканга мал көрсөт, адашканга жол көрсөт.
Ачыккандан каныккан жаман.
Ачыксаң алданы айт, тойсоң топук кыл.
Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар.
Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар.
Ачылган кабак жакшылык көрөт, бүркөлгөн кабак бир балээни көрөт.
Ачылгандын айыбы жок — өзү билип жапкан сон, адашкандын айыбы жок — кайтып үйрүн тапкан соң.
Ачынган — тилдүү, ачыккан — ууру болот.
Ачынганга мал көрсөт, адашканга жол көрсөт.
Аш - аттуунуку, той - тондуунуку.
Аш — ичкен оозго жарашат.
Аш — ээси менен, баш — мээси менен.
Аш (ашын) болсо, табак табылат.
Аш аз болсо, ээсин сыйлайт.
Аш акылы жокту алып урат, көөдөнү жокту көтөрүп урат.
Аш аттуунуку, той тондуунуку.
Аш берген киши айыптуу.
Аш бергенге муш берген — акылсыз, муш бергенге аш берген — намыссыз.
Аш болсо, казан табылат, жан болсо, жабуу табылат.
Аш болсо, табак табылат.
Аш бышкан казанда таш бышпайт.
Аш бышканда пайда бол.
Аш бышырган даамын (тузун) билет.
Аш десе ала — була, иш десе ийру — буйру.
Аш жебедик таш жедик, этегиң жапчы, кудагый.
Аш ичкен оозго жарашат.
Аш ичсең — акылың менен, тон кийсең — сактыгың менен.
Аш ичсең акылың менен.
Аш кадырын ачыккан билет, жок кадырын тарыккан билет.
Аш кадырын билбеген, үй ээсин уялтат.
Аш катыгы ак болот, эл катыгы бек болот.
Аш койгонго аш кой, таш койгонго таш кой.
Аш көп болгон жерде каада көп.
Аш көп болсо, каада көп.
Аш көп болсо, кедей ток.
Аш кылам деп таш кылат.
Аш менен — ээси, баш менен — мээси (мактанат).
Аш менен ээси мактанат, баш мээси менен мактанат.
Аш сунгандын баары дос эмес, таш ургандын баары кас эмес.
Аш турган жерге оору турбайт.
Аш ээси менен, баш мээси менен.
Аша байлык жоону көбөйтөт.
Ашаарын ашаган, жашаарын жашаган.
Ашаарын ашады, жашаарын жашады.
Ашаткысы жеткенде алды мындай катарбы.
Ашка жүк, башка жүк.
Ашка тоймок бар, башка тоймок жок.
Ашка тоймок бар, жашка тоймок жок.
Ашкабакты бирөө дарбыз деп жептир.
Ашказандын кебин кылып, Ата Журттун даңкын чыгара албайсың.
Ашканада аял көп болсо, аш бышпайт.
Ашкере сынчы бузат, ашкере жеген кусат.
Ашпоз ачтан өлбөйт.
Ашпоз аш жытына семирет.
Аштан качкан акмак ачтан өлөт.
Ашты кордосоң — кустурат, эрди кордосоң — шаштырат.
Аштык айда жазында, айдабасаң жазында, ачка өлөрсүң кышында.
Аштык бер, аштык берсең баштык бер, баштык берсең артып бер, артып берсең тартып бер.
Аштык жеген арыбайт, ак (тык) ичкен карыбайт.
Аштык көп болуп эки жыл ичпейт... Төө көп болуп конокко сойбойт.
Аштык көп болуп, эки жыл ичпейт.
Аштын (тамактын) даамы тузунда (туз менен).
Аштын даамы туз менен, адамдын даамы сөз менен.
Аштын таттуусун таткан билет, жолдун алысын баскан билет.
Аштын тузун — таткан билет.
Ашуудан ат алмаштырбайт.
Ашуудан көрбөй, торпудан көрдүм.
Ашуусу болбой тоо болбойт, аркары болбой зоо болбойт.
Ашы бар (же аш ичкен) аяктан аттаба.
Ашы бар аяктан аттаба.
Ашы бардын карды ток.
Ашы жок үйдү ит да сүйбөйт.
Ашы кордун — башы кор.
Ашы кордун өзү кор.
Ашыгып айтсаң да, ашыра айтпа.
Ашыгып жооп берген — аз ойлойт.
Ашык болгон адам акын болот.
Ашык дүйнө баш жарбайт.
Ашык ойногон азар, топ ойногон тозор.
Ашыккан — азат, тойбогон — тозот.
Ашыккан — аштан куру калат.
Ашыккан (сабырсыз) калар уятка, саргайган жетер муратка.
Ашыккан (шашкан) кыз эрге жетпейт, эрге жетсе, этеги жерге жетпейт.
Ашыккан адашат, тойбогон тозот.
Ашыккан алыс узабайт.
Ашыккан ашка бышат.
Ашыккан ашка жеткенче, ашы текке кетет.
Ашыккан аштан куру калат.
Ашыккан калар уятка, сабырдуу жетээр муратка.
Ашыккан калар уятка, саргайган жетер муратка.
Ашыккан кыз эрге жетпейт, эрге жетсе (этек жеңи) жерге жетпейт.
Ашыккан ууру ачка өлөт.
Ашыкканга лаппай табылбайт.
Ашыккандык — шайтандык.
Ашыкпаган адам араба менен коен уулаптыр.
Ашыкпаган араба менен коёнго жетет.
Ашыкпаган тез жетет, ашыккан адашып кетет.
Ашыктык жаш тандабайт, ачкачылык — аш тандабайт.
Ашыктык өлүмдөн күчтүү.
Ашыктыкка алдастап, жетим көпөлөкчө өрттөнүп өлүүгө болбойт.
Ашым калса калсын, ишим калбасын.
Ашына жараша табагы, ишине жараша тамагы.
Ашынан табагы кымбат.
Ашың болсо, казан табылат.
Ашың жогуна кайгырба, ишиң жогуна кайгыр.
Ашың жок болсо да, кашың болсун.
Ашың калса калсын, ишиң калбасын.
Ашыңды бербесең бербе, ташың менен урба.
Ашыңды ичейин, арыңа чычайын.
Ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын болбо.
Ашып барып нары өлбөй, же аша электе бери өлбөй, бейпай болуп белде өлдүң, бей сарамжал жерде өлдүң.
Аюу — аманын тилейт, адам — жакшыны тилейт, акмак жамандыкты тилейт.
Аюу менен алышкан, арыстан менен кармашат.
Аюуга карышкыр ажайып көрүнөт.
Аюудан — аюу, бөрүдөн — бөрү. Ат казыгын айланат.
Аюудан (карышкырдан) корккон отунга (токойго) барбайт.
Аюудан качсаң — дөңгөккө, дөңгөктөн качсаң — аңгекке.
Аюудан корккон токойго (же отунга) барбайт.
Аюунун чучугун жеген жатпайт.
Аюунуң жанында жолборс, жылмакай жигит турбайбы.
Аяарга малы жоктун, аяарга жаны да жок.
Аяган көзгө чөп түшөт.
Аягы жаман төрдү булгайт, оозу жаман элди булгайт.
Аягы жебей башы жейт, аркандап койсо жакшы жейт, туягы жебей башы жейт, тушап койсо жакшы жейт.
Аягы кысканын, арышы кыска.
Аяк (бут) жүгүрүгү ашка, ооз (тил) жүгүрүгү башка.
Аяк желдүү болсо — ташка тиет, ооз желдүү болсо — башка тиет.
Аяктагы сууга агып өлөйүн, чөйчөктөгү сууга чөгүп өлөйүн.
Аякталбаган иш — бүтпөгөн иш.
Аяктуу сөзгө аргасыз жооп кайтарат.
Аяктууга жол бербеген, ооздууга сөз бербейт.
Аял — үйдүн куту.
Аял — үйдүн туткасы.
Аял — эрдин жарым өмүрү.
Аял болбосо ашкана жетимсирейт.
Аял жакшы — эр жакшы, вазир жакшы — хан жакшы.
Аял жакшы — эр жакшы.
Аял жакшысы — ырысы мол, аял жаманы — кайгысы зор.
Аял жакшысын — эри сүйөт, эр жакшысын — эли сүйөт.
Аял намыс үчүн кара киет.
Аял сергегинен жумуш бүтөт, эркек сергегинен ырыс түтөт.
Аял турмушу — заман күзгүсү.
Аялды ашынан тааны, баланы башынан тааны.
Аялды ашынан тааны.
Аялдын азабы көп, түйшүгү түмөн.
Аялдын акылын жесиринде көр, баланын акылын жетиминде көр.
Аялдын анткорү улуу болбой кичүү болот, ага болбой жеңе болот.
Аялдын жаманы атыңды булгайт, эрдин жаманы элди булгайт.
Аялдын сулуулугу — ажарында, эркектин сулуулугу — акылында.
Аялдын чачы узун болгон менен акылы кыска.
Аялсыз үй — суусуз тегирмен.
Аялсыз үй суусуз тегирмен менен тең.
Аялың мыкты болсо — бактың, аялың кыйды болсо — каттың.
Аялыңды атым дебе камчы салып, балаңды өзүм дебе эрке багып.
Аярлап сүйлөгөн кишинин амалы көп.
Аяш жолу бир башка, адаш жолу бир башка.
Аяшар тууган болбосо, акырын сүйлөп жатка жак.