1916-жылдагы Кыргыз элинин улуттук боштондук күрөшүндө Аалы ата-энеси менен Кытай жерине качып барган. Кыргызстанга кайра келе жатканда ата-энесинен, бир туугандарынан ажырап, жетим калат. Ал кайыр тилеп, айылдан айыл кыдырып, эптеп жан багат.
Күндөрдүн биринде бала Ташкен деген шаарда жетимдерди окутуп, оокат, кийим бере турган жер бар экенин угат. Ошол жерге барсам, мен да окусам деп самай баштайт. Ошол мезгилде Ташкенге мал айдап бараткан соодагерлерди көрүп калат да, аларга жалдырап, малын айдашып барууга макулдашат.
Бул 1922-жылы эле. Бир жарым ай бою мал айдап, талаада конуп-түнөп жүрүп Ташкенге жетет. Аалынын багы ачылып, ал жердеги жетимдер үйүнө алынат. Кат таанып, сабатсыздыгын жоюп, комсомолго өтөт. Алты айлык партиялык курсту, андан кийин Орто Азия коммунисттик университетине өтүп, аны бүтүрөт.
Өз жери Кыргызстанга билимдүү, маданияттуу жигит болуп кайтат. Өзүнүн башынан өткөргөн азап-тозогун кагаз бетине түшүрүп, анын негизинде кийин Жараланган жүрөк деген повесть жазат. 1924-жылы 7-ноябрда Кыргызстанда биринчи жолу Эркин-Тоо аттуу газета чыгат. Бул газетанын чыгышы кыргыз элинин турмушундагы чоң тарыхый окуя болгон.
Ошол биринчи чыккан газетага Аалы Токомбаевдин Октябрдын келген кези деген туңгуч ыры жарыяланат. Алгачкы ыр жыйнагы Ленин тууралуу деген ат менен 1927-жылы жарык көрөт. Аалынын акындык таланты курчуй берет.
Анын Туткун Марат, Күүнүн сыры, Акай мерген, Акылмандын жообу, Даат деген чыгармаларын окурманадар зор кызыгуу менен окушат. Аалы Токомбаев булардан башка көптөгөн поэма, повесть, романдарды жазган. Көптөгөн чыгармалары башка тилдерге да которулган.