Совет кинематографисти, театр жана кино актёру, Кыргыз Республикасынын эл артисти "Болот Бейшеналиев" Кемин районуна караштуу Чоң-Кеминдин Калмак-Ашуу айылында (кээ бир маалыматтар боюнча Токтогул районуна карашту Төрткүл айылы) 1937-жылдын 25-июнунда туулган.
Ташкендеги А. Островский атындагы театралдык-көркөм институтун бүтүргөн. Эмгек жолу Кыргызфильм студиясында башталган. Эң алгачкы ролду "Тайгак кечүү" фильминде аткарган. Кыргыз мамлекеттик драма театрында эмгектенген. Өмүр жолунда 103 кинофильмде роль аткарган. Ролдорду аткарууда көптөгөн элдик киностудиялар чакырган. Монголиянын ордени менен сыйланган. 2001-жылы Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин "Алтын көпүрө" сыйлыгына ээ болгон.
1957-жылы Кыргыз опера жана балет театрынын студиясын бүтүрүп, 1963-жылы Ташкентдеги көркөм театр институтун аяктаган. "Кыргызфильм" киностудиясында режиссёрдун жардамчысы жана ассистенти болуп иштеген.
2002-жылдын 18-ноябрында дүйнөдөн кайткан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Бейшеналиевдин түбөлүккө эсте калтыруу" токтомун кабыл алып, ага ылайык Чүй облусунун Кемин районунун шаар түрүндөгү Кемин кыштактагындагы "Спутник" кинотеатрына анын ысымы ыйгарылып, имараттын астында Кыргыз Эл артистинин бюсту орнотулат.
Айтып өтсөм Бейшеналиев Болотту,
Артист болуп бүт өмүрүн коротту.
Жүрө берет өз дүйнөсүн аралап,
Сөз сүйлөбөйт башкаларды каралап.
Зор талантты өз боюңа батырып,
Ролдорду аткарасың катырып.
Талашпадың жакшы рол бергин деп,
Мактанбадың мени келип көргүн деп.
Келатасың талантыңдын камын жеп,
Келатасың буйруп койгон наның жеп.
Кептешпейсиң башка менен ачылып,
Келбелбейсиң жоо келсе да качырып.
Өчөшсө да катаал тагдыр асылып,
Өз баркыңдан түшө элексиң басынып.
Өз баамда таң каларлык дербишсиң,
Өзгө элдин ханына да бергиссиң.
(Казакбай Абдышев)
Тартылган фильмдери
1964 — Ак тоолор
1965 — Биринчи мугалим — Дүйшөн агай
1966 — Аппапак аисттер — Каюм
1966 — Андрей Рублёв — татар ханы
1967 — Житие и вознесение Юрася Братчика — Мурза Селим
1967 — Жер эне — Касым (дублер В. Ферапонтов)
1967 — Жылдыздар жана жоокерлер — Чынгыз
1967 — Бул жерлер тынч — Стёпа Овчинников
1968 — Жамийла — сүрөтчү
1968 — Кызыл кумдар — Миршарапов
1968-1972 — Бошотуу — танкист
1969 — Колония Ланфиер — Гули
1969 — Где 042? — матрос якут Номоконов
1971 — Коркунучсуз — Усубалиев
1971 — Захар Бүркүт — Пета
1971 — Отко тизеңди бүк — Азизов
1972 — Горизонттор — Таир Мурзин
1972 — Жетинчи ок — Хасанов
1972 — Жылуу кар — Касымов
1972 — Акыркы форт
1973 — Дмитрий Кантемир — крым ханы
1973 — Күн сайын шамал
1973 — Ачык китеп — өлүп бара жаткан
1973 — Унутулган өтмөнүн сыры
1974 — Абу Райхан Беруни — Сиявуш
1974 — Кто был ничем…
1975 — Восход над Гангом — Маматкул
1975 — Это было в Межгорье — Каримбаев
1975 — Тот станет всем
1975 — Человек уходит за птицами — эпизод
1976 — Зеница ока — Эркин
1976 — Мен кеңешишим керек (кыскаметраждуу)
1977 — Апа, мен тирүүмүн (ГДР)
1977 — Карыз — Темирбай уста
1979 — Июлдагы үч күн
1979 — Сезимдердин кайтышы — Бакый
1979 — Шамалды изде — эпизод
1979 — Эхо далеких выстрелов
1979 — Ата жана бала — аңчы
1979 — Акыркы аң улоо — эскимос
1980 — От Буга до Вислы — партизан
1981 — Когда уходят киты — Ветлы
1981 — Через Гоби и Хинган — Исии, японский офицер
1981 — Эрдик — Кытайчы Фен
1981 — Ажыдаар жылы — Ван
1981 — Право на выстрел — шкипер «Мики-18»
1981 — Владивосток, год 1918 — Исато
1982 — Белый шаман — Черный шаман
1982 — Казачья застава — хунхуз Лю Фан Чин
1982 — Огненные дороги — казак
1982 — Профессия — следователь — Шурпетов
1983 — Семён Дежнёв — Сахей
1983 — Срок давности — бригадир
1984 — Чокан Валиханов — карыя
1984 — Первый
1984 — Позывные «Вершина»
1984 — ТАСС уполномочен заявить — Лао, кытай кеңешчиси
1986 — Золотая баба — вогуль шаманы Воюпта
1986 — Тайны мадам Вонг — Лу
1986 — Торо (кыскаметраждуу)
1987 — Даниил — князь Галицкий — беклярбек Куремса
1988 — На помощь, братцы! — Камкорчу
1988 — Гадание на бараньей лопатке — Батва
1989 — Маньчжурский вариант
1989 — Султан Бейбарс — Калаун
1989 — Гарем Степана Гуслякова — Смагулов
1990 — Очарованный странник — картаң татар
1990 — Духов день — Жадобин
1991 — Азиат
1991 — Последнее путешествие Каипа
1991 — Гибель Отрара — Чынгысхан
1992 — Печать сатаны (Кыргызстан)
1992 — Рэкет — Мустафа Калабаев
1994 — Замок — староста
1995 — Абай (Франция, Казахстан)
1996 — Тот, кто нежнее — Султан Хан-Гирей
1999 — Мама — эпизод