Баш барак | Адабият | Табышмактар: өтө чоң көлөмдө, бардык учурлар үчүн
Табышмактар: өтө чоң көлөмдө, бардык учурлар үчүн
Акыркы оңдоо:
Табышмактар жыйнагын ушул макалага жыйнадык, жана бул макалада ар бир табышмак атайын бөлүмдөргө бөлүп, издөөгө ыңайлуу болуусу үчүн тескери иретте жасадык. Мазмунундагы каалаган сөзгө бассаңыз ошол жөнүндө табышмактарга алып барат.Достор, бул макалага Сиз дагы жеке өзүңүз ойлоп чыгарган же бул жерде жок табышмакты кошуп койсоңуз болот. Заманбап табышмактар дагы кабыл алынат. Сөзсүз автордун аты жөнүн жазууну унутпайлы.
Табышмактар
Саны
1672
Классификация
Алфавиттик, жообу, табышмактар
Авторлор
Элдик
Тили
Кыргызча
Көңүл бургула! Табыштмактардын ирээттелиши: алгач жообу кетет, андан соң табышмактар кетет, жооптору алфавиттик ирээтте жайгаштырылган. «Бир нече жооптуулар» жана «Логикалык» бөлүмдөрүндө гана биринчи табышмактар андан соң жооптору кашаанын ичине жазылган.
Мазмунунда бөлүмдөр берилген, бөлүмдүн ичинде жооптор, жооптордун ичинде табышмактар. Бир жооптун ичинде бир нече табышмак болушу толук мүмкүн. Ар бир бөлүм тез шилтемелер менен камтылган, ошондуктан, каалаган бөлүмгө же жоопго басып койсоңуз дароо ошого тиешлүү табышмактарга алып барат.
Ал эми, табышмак өзү эмне экенин «Табышмак» атту макаладан окуңуз.
Адам тууралуу
Адам өмүрү
Эртең менен жүрөт төрт аяктап,
Түшкө жакын жүрөт эки аяктап,
Кечке жакын жүрөт үч аяктап.
Үчөөнүн түйүнүн чечип кетсең,
Мени ургун чоң таяктап.
Адам сөзү
Бир калта буудайым бар,
Жеген менен түгөтө албайм.
Адамдын жашы, курагы
Отуз чидер, кырк кишен,
Алтымыш — жолборс, жетимиш — аюу
Алты — аркар, он сегиз — калтар,
Жыйырма — жылачын,
Жыйырма беш — уядан учкан ылачын.
Адамзат
Каламын жүрүшүнө мен таң түңүлүп,
Бир заттын дүнүйөдө жандан күлүк.
Башында болгон эле бир айбандай,
Бактысы келе жатат эч байланбай.
Күндөн күн басып барат алдын карай,
Бүткөн жок шондо иши көп бир далай.
Акылман киши
Эл ичинде миң дайра,
Миң дайранын ичинде,
Эң абзели бир дайра.
Көбүк кысып көп түшсө,
Бөгөй турган кул кайда?
Бул сөзүмдү чечерге,
Акылы ашкан шум кайда.
Асан-Үсөн
Жаандан кийин куралат,
Жети түрдүү түс алат.
Мунун атын ким табат?
Атчан киши
Алты аягы бар,
Эки башы бар,
Бир куйругу бар.
Бала
Табиятка жаралса, эң бир таттуу,
Табияттан жоголсо, өтө ачуу.
Кичинекей бомпошка,
Аны баары жактырат.
Бешиктеги бала
Там-там элек, там элек,
Тамдан чыккан коенек.
Гүлү шаар ичиден,
Күлүп чыккан коенек.
Тыкыр-тыкыр, тыкырчак,
Тыкырчактын ичинде бакырчак.
Башы менен казанга түшөт,
Суюгун таштап, коюусуң сүзөт.
Казан
Кара кожокем аттан түштү.
Кулагы бар, башы жок,
Курсагы бар, чачы жок.
Өзү бирөө,
Кулагы төртөө
Күн үстүндө кара таш.
Кулактуудан кагылбас.
Капкара курсагы бар,
Укпаган кулагы бар.
Сүйлөбөгөн тили бар.
От жанында каралуу катын олтурат.
Казан кыргыч
Капталды капталдай чапкан баяк баатыр.
Казан-аяктар
Карагул аттан жыгылды,
Калкы-журту жыйылды.
Жеңем жерге түштү,
Балдары аны күтүштү,
Кара катын аттан жыгылды,
Балдары апакелеп чуркады.
Кашык
Чөөкөр атым чөгүп кетти,
Куйругу сорок этти.
Кула бээм кундуга кирсе.
Куйругу сорок дей түштү.
Топусу бар, башы жок
Суудан башка ашы жок,
Томпок курсак бөйтөгөй
Өрдөк көлдө,
Куйругу сыртта
Бир малым бар тамга жармашып сиет.
Башы бартмак,
Учу бөртмөк.
Сууга салмак,
Сууруп алмак,
Суусу таммак,
Сумсайып калмак
Жомогум жомок,
Куйругу чомок.
Кичинекей бечел,
Сүңгүп барып суу ичер.
Жаркыраган кашка баш,
Жаралгандан ашка маш.
Көөкөр
Кочкор мүйүз кодогой,
Башы ичке шордогой.
Куургуч (аралаштыргыч)
Миң койду аралай чапкан Чокчолой баатыр
Кыргыч
Эки ээги бар.
Бир тээги бар.
Самоор
Эки тоонун арасынан
Бөөн-чаян күйүп турат.
Күйгөнүнө чыдабай
Бөйрөгүнөн агып турат.
Эки кулактуу,
Такалуу жылкы сыяктуу,
Уй курсактуу.
Эки кулагы бар,
Төрт туягы бар,
Маңдайында күйүп турган чырагы бар,
Ортосунда кайнап турган булагы бар.
Эки ийнинде медери бар,
Үстүндөгү калканы куп жарашкан.
Чын күмүш чинди күмүш,
Чын дөбөгө конду күмүш,
Элге салам берди күмүш.
Оргочордон от күйөт,
Ысык-Көлдөн ит үрөт.
Төрт аягын теңдей баскан,
Төпөсү төпөсүнө куп жарашкан,
Ортосуна тилмеч коюп кулдурашкан.
Оозунан жалын чачкан
Төрт аягын тең баскан.
Төө моюндуу, уй курсактуу,
Тегереги булактуу, орто жери чырактуу.
Сырты сары саламат,
Ичи кызыл кыямат.
Өзөнү жок, сайы жок,
Суусу чыгар мөлтүлдөп.
Ортосунда кызарып,
Башы чыгар кылтылдап.
Кокон бөркү башында,
Кош куржуну кашында
Чуу деп кеткен бир жумбак.
Өзөн эмес сай эмес,
Суу агады зырпылдап,
Ортосунда бир нерсе
Кызарады кыпылдап.
Кожом бөркү башында
Жакшылардын барысы
Мына ошонун кашында
Оозун ачкан,
Жалын чачкан,
Ойлогондор
Бат эле тапкан.
Жазаганга жазган,
Оозунан заар отун чачкан.
Мойну кооз,
Ортосу бооз,
Түбү илмек,
Аны акылдуу киши билмек.
Карасам бир тоодон, бир тоо бийик,
Коюптур ортосуна чаян ийип.
Чаяндын заарына чыдай албай
Бутуна жибереди сийип-сийип.
Калаада бир буюм бар тоту куштай,
Кандай адам жасаган ичи бышпай.
Биринен бири бийик турат,
Ичинен жалын күйүп турат,
Каалаганда саан болуп,
Уйдан бетер ийип турат.
Базардан сатып келген кобул сандык,
Он жигит оозун ачып, кулпу салдык.
Суу ичип, куу отун жеп, көмүр таштайт,
Сандыктын өнөрүнө айран калдык.
Базардан алып келген сары сандык,
Кулпусун он кишилеп араң салдык.
Чамынды чайнап, күл чычкан,
Мунусуна айран калдык.
Тегереги от,
Ортосу — суу,
Бир аздан соң,
Көтөрүлүп буу,
Салат чуу,
Тезинен тап,
Эмне экен бу?!
Сыр аяк
Биздин үйдө бир килем,
Түрдүү түстүү сыр килем.
Термос
Жаңыдан демдеп кайнатпай,
Энемден ичтим кайнак чай.
Туткуч
Эки башы муштумдай,
Ортосу кылдай.
Үй баш сайын кол куржун.
Үбөлүк
Белен-белен, белен ат,
Бели жоон күрөң ат,
Аштан тойдон калбаган,
Арам өлгөн күрөң ат.
Белине ак тон оронот,
Сүйрөлөңдөп тоголонот,
Тоголонуп тонун чоет,
Заматта ийлеп коет.
Чайнек
Башында топу,
Боорунда кулак.
Оозунан ичип,
Мурдунан куят.
(Токтосун Самудинов)
Кичинекей келинчек,
Мейман келсе таазим этет,
Күйөөсүнө колун берет.
Дүңк кемпир, дүңгелек кемпир,
Кайда барса азиз кемпир.
Чака
Эки жакшы жолдош,
Сууга киринбеген күнү болбос.
Эки дос,
Сууга түшпөгөн күнү жок,
Баратып ач, келатып ток.
Ийилип турат кулагы,
Ичи тойсо, салмактуу келет бу дагы.
Эртели кеч адамга,
Жардам кылар убагы
Болсо да эки кулагы
Бир гана иймек тагынат.
Келатса суудан жутканы
Көбүнчө экөө кабылат
Сууга бараткандай ырдайт,
Суудан келатканда ыйлайт.
Челек
Эзели курчанганын чечпеген,
Ичинен жыты кетпеген.
Чөмүч
Суудан башка ашы жок,
Томпок курсак бөйтөгөй.
Чөөгүн, кумган
Карды бар, калтасы жок
Шосу бар, дорбосу жок.
Кароолчунун катыны
Көрдөй болуп отурат.
Тарайын десе чачы жок,
Таздай болуп отурат.
Чакалап сууну берсе — ичет, кусат,
Оюнда жок тоюп коймок.
Уй курсак тумшугу узун, бото мойнок,
Күйбөстөн өрт-жалынды кечет ойноп,
Чалкалап сууну берсе — ичет, кусат,
Ысапсыз, оюнда жок тоюп коймок.
Курсак тумшугу узун бото мойнок,
Күйбөстөн өрт-жалынды кечет ойноп.
От жанында дөңгөлөк,
Тура калып сийгелек.
От боюнда очоет,
Такыясы чочоет.
От башында ойрон шалпык.
От башында күйбөс чанач.
Мурду бучук,
Карды катта,
Жөө жүрбөс,
Атка минбес.
Карды карсак,
Мурду барсак,
Атка минбес,
Жөө жүрбөс
Мурду мур таз,
Карды кар таз.
Эшикке чыгып от жебейт,
Башатка барып суу ичпейт.
Жатса жамбашы талыйт,
Турса суусу чууруйт.
Чук-чук, чук терек,
Чук терекке суу керек.
Чоң энемдин көмөчү
Күйбөдү да бышпады.
Кара кемпир какылдайт,
Сөөктөрү шакылдайт.
Ичи бар ичегиси жок.
Букардан келген боз тайлак,
Боздоп туруп суу ичет.
Кокондон келген коң карга,
Буту-колу жок карга.
Кытайдан келген лөк,
Эки көзү көк,
Күлгө келип чөк
Кашкардан келген лөк,
Күлгө келип чөк.
Эки оозу бар, бир боосу бар,
Жоголсо, козулу койлук доосу бар.
Жөө, бир мүйүзү кер
Оозу эки, көзү бир.
Жабык үстү,
Оозу эки, түбү бир.
Чөөлү
Башы менен казанга түшөт,
Суюгун таштап, коюусун сүзөт
Чыны
Эзилген таш,
Чийилген таш,
Абакка түшүп
Ийилген таш.
Элек
Өзү бир, көзү миң.
«Тап-туп» этет
Алдынан кербен өтөт.
Каптан сугунуп,
Кар жаадырды.
Тегирменден келгенде,
Уй саадырды.
Жапжаңы идиш,
Бирок баары жыртык.
Эл устасын мактаса,
Такыр жок кынтык.
Аякка өтсөм урасың,
Быякка өтсөм урасың,
Нанды бирөө жейт,
Мени неге урасың?
Аласа бою бар,
Арчындаган тону бар,
Ыйласа кар жаайт,
Ыйлабаса не жаайт.
Ак күчүгүм бырт-бырт чычат.
Эки тоонун арасы,
Эбей-себей күн жаайт.
Эт туурагыч
Оозу толо эт чайнап,
Элестетет кыргызды.
Бирок жебейт ал этти,
Чайнап-чайнап майдалайт.
Башкалар
Албарсты
Чыга элек чийдин түбүнөн,
Туула элек коен качты.
Жасала элек токмок менен уруп ийсем,
Казыла элек ийинге кире качты
Билим
Өзү жеңил өзү аз,
Асман-жерге кабарлаш.
Саргайсаң көп күн, жетесиң чегине,
Эптесем десең, кулайсың тесинде.
Агыны катуу бир дарыя агып жатыр,
Эрикпей өзү барган адам баатыр.
Кудукту кирпик менен казганга окшоп,
Акылым барган сайын ашып жатыр.
Дандыр
Илеби кара, ичи кызыл,
Өлдөп чапса, кургак чыгат.
Ичи кызыл аламат,
А тышы кара кыямат.
Аны абтап жымдап ургандын,
Атасына ырахмат.
Оозу кара алаамат,
Ичи кызыл кыямат.
Суулап келип урду эле,
Кып-кызыл болуп,
Чыгып келди саламат.
Дин
Айланпаңыз айланды,
Зым кара таш жарылды.
Дөңгөлөктүн изи
Урун аркан,
Жыйып ала албайм.
Дубана
Аталап учкан булдурук,
Этегин итке жулдуруп.
Дүкөндөгү буюмдар
Сары запаста бир сарай,
Сырты бирөө ичи жүз.
Ал сарайдын ичинде,
Алмадай болгон толгон кыз.
Акча берген адамдар,
Ал кыз менен аралашып жата тур!
Бул бербеген адамдар,
Көзү сокур, көңүлү түз.
Ошо азыр кыз болсо да,
Катын болор келер күз.
Жан алгыч
Канжыгасын кан кылбай,
Каз бөктөргөн бар бекен.
Из
Качса түлкү алдыга,
Калтырат экен артына,
Кайдан билет түлкү анын
Керектигин аңчыга.
Казык
Бутун учтап,
Башка муштап,
Токмок менен койгон экен,
Буту жерге житти бекем.
Кан
Жер жүзүндө жандуунун,
Эң керектүү заты бар.
Үч тамгадан куралган,
Анын кандай аты бар?
Кар
Аппак шейшеп, ак шейшеп,
Асмандан түштү баарына.
Кышында жылдыз, жазында суу.
Кара чыйырчыктын уясы
Тал-тал, тал башы,
Тамдарымды карачы.
Таба албасаң уят бол,
Тапсаң кана таап алчы.
Кат
Аягы жок, жүрөт,
Тили жок сүйлөйт
Китептин бетиндеги жазуу
Жылга толгон чаар ат.
Бир коктуда миң чаар ат.
Козу карын
Жамгыр күнү туулган,
Жылмакай, тоголок, жана бир буттуу.
Кой-эчкинин корголу
Короого конок чачтым,
Койкоңдоп кайра качтым.
Кичик эжем туруп кетти,
Киши мончогу төгүлүп калды.
Коломто
Сары атым турган жерге чөп чыкпайт.
Көч кетти,
Көмөч калды.
Коңгуроо
Быягы зоо, ал жагы зоо,
Ортосунда шыңгыр зоо.
Көз жаш
Көпкө турбайт, бат эле кургайт.
Боор ылдый боз баштык кулады.
Карача нардан суу чыкты.
Көзгө түшкөн чөп
Көлгө тубан түштү,
Тубан убара эмес, көл убара.
Көзгө төө түштү,
Төө убара эмес, көз убара.
Кудук
Бар экен ай талаада бир жалгыз үй,
Сыр найза эшигинде тартады күү.
Барында карайганды жыйнап алып,
Аларга үмүт менен береди сый.
Куркулдайдын уясы
Бүлбүлдөккө май куюп,
Бүйрүп талга байладым.
Үйү сонун кутудай,
Кирип алсаң чыккыстай.
Бир үй жасалыптыр жүндөн,
Устасы талдын учуна илген.
Алды суу, тиет же тийбейт,
Андагылар коркунучту билбейт.
Кушсүтү
Сенде жок, менде жок,
Сеңир тоодо жок.
Отто жок, ташта жок,
Кыпчакта жок.
Күл
Алоолонгон от болду,
Андан кийин жок болду.
Магнит
Темир аны жакшы көрөт.
Намаз
Бар эле бир жумбагым табасыңбы,
Беш алма алакандын арасында,
Экөө күндүз бышкан күн майыз,
Үчөө көлөкөнүн саясында.
От
Баарын жейт тойбойт,
Суу ичсе өлөт.
Жалт-жулт этет,
Жалмап жутат.
Кызыл жоолук дирилдейт,
Эскиргени билинбейт.
Оттук
Кичине бүкүр,
Турган түкүр
Сакал
Зоо башында бир түп чаңгал.
Бакпай, тикпей бак болгон,
Өз боюна сак болгон.
Тамеки
Аргез,
Мойну бир кез,
Чакырса келбес,
Пияда жүрбөс.
Башына кызыл жалын топу кийип,
Соргондо кургак сүтү турат ийип,
Акырын билгизбестен орной берет,
Өмүрдүн моторуна уусу тийип.
Тараза
Төрт аягы бар,
Эки табагы бар,
Бир таягы бар.
Таяк
Тык-тык этет,
Тыйындай жерди басат.
Бара берет, бара берет,
Теңгедей жерди ала берет.
Жүрүп барат оймок,
Оймоктой изи калат.
Барат, барат
Тегерек орду калат
Аттаган жери атандай,
Баскан жери бармактай.
Телефон зымы
Ичкелиги кабарчымдын кумурска бел,
Ич калаадан кабар берген, билишет эл.
Төөнүн изи
Жолго көмөч көмдүм.
Төөнүн корголу
Топ этти, тоголонуп кетти.
Тоодон томолонот,
Ойго карай омолонот.
Түтүн
Үрпөк-сөрпөк үн торпок,
Баштан чыккан көк торпок.
Узактан узак,
Асманга тузак.
Көк атым көктү карай жүгүрөт.
Тиги айылдын буурасы,
Бул айылдын буурасы,
Желпилдейт го чуудасы.
Ийри-буйру көк келтек.
Түш
Сары ат минип суу кечтим,
Салкыны мага тийген жок.
Сары кестик алып тон бычтым,
Мунун өөнү да мага тийген жок.
Уйдун жампасы
«Тап» этти табакка айланды.
«Тап» дей түштү,
Табактай боло түштү.
Орто жери оюла түштү,
Эки чети каймактай түштү
«Талп» этти,
Талып калды,
Табактай жерди алып калды.
«Талп» этти, талып калды.
Сүт тикендин түбүндө,
Салпаң кулак келет деп,
Ыйлап-сыктап олтурат.
Уйку
Түйдүм төргө таштадым.
Кичинекей мык,
Элдин баарын жык
Кичинекей мати, кан кожону жыгышты.
Базарда сатылбайт,
Таразада тартылбайт.
Өзү аселден ширин, жесе болбойт
Балдан таттуу,
Таштан катуу.
Сатсаң албайт,
Сурасаң бербейт.
Балдан таттуу, пахтадан жумшак,
Базарга алып барып сатса,
Бир тыйындык баасы жок.
Балдан таттуу, пахтадан жумшак.
Уя
Чий түбүндө чуңкур чөйчөк.
Үн пленкасы
Башы жок, ырдайт,
Буту жок, бийлейт.
Чимкирик
Көк улакты көтөрүп чаптым.
Жогортон келген эки калча,
Алыстан келген беш калча
Алып урса чил парча.
Чок
Алдыңда кызыл анар,
Кармарга адиң барбы?
Кыпкызыл алма,
Эр болсоң карма.
Алдым толо кызыл алма,
Баатыр болсоң барып карма.
Кызыл, кичинекей, жеңил,
Бирок кармап, көтөрө албайсың.
Чырактын билиги
Бир жылан суу ичинде от ашаган,
Ал жайды мекен кылган ар качандан.
От-суунун азабын бирдей тартты,
Бар беле жазыгы, ой жараткан?
Бир жылан ийинден чыгып от ашаган,
Куйругу төмөн жакта суу ашаган.
Жыландын тамагы от, мекени суу,
Дүйнөдө андай нерсе жок, көп жашаган.
Бир ташка бир байтерек, бүткөн терек,
Башына бир падыша мекен эткен.
Башында ал падышанын алтын тажы,
Акыры ошол тажысы түпкө жеткен.
Шайтан
Чегирткени ат кылып,
Черүүгө минген ким экен?
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган ким экен?
Шар
Сууга чөкпөйт,
Суук да өтпөйт.
Кое берсе учат,
Карматпай сызат.
Шилекей
Бир көз миңди карайт,
Миң көз бирди карайт.
Бир нече жооптуулар
Досторум зериксе да,
Душманым зерикпейт.
(Кол, бут, напси)
Бир такка төрт шиш жаратты,
Барча шиштин башына
Жыйырма мис жаратты.
(Кол, бут, тырмак)
Ормон Жарбанга берди
Жарбан жардан алыс ыргытты.
(Беш манжа, тил)
Он бүркүт, отуз аккуу көлдө жаткан,
Ал аккуу ар нерсенин даамын таткан.
(Кол, тиш)
Беш бир тууган бар эле,
Баары бирдей жаш эле,
Ичинде бирөө баш эле,
Баарынан бою пас эле.
(Беш манжа, баш бармак)
Көсөө, көсөөнүн учу бешөө,
Бешөөнүн учу кылтырак.
Кылтырактын үстү жылтырак.
(Кол, манжа, тырмак)
Көсөө, көсөөнүкү бешөө.
(Кол, беш манжа)
О тоо, бу тоо,
Орто жери зыңгыр тоо.
(Таңдай, тил)
Бир аралды жайлады отуз бөрү,
Беш-бештен он жигити кызматкери.
(Тиш, кол манжалары)
Арийне-марийне менен озбойт экен,
Күнүгө беш-ондон кооздойт экен.
Болгондо алтын астов, күмүш казык,
Баргыча акырыга тозбойт экен.
(Сөз, эрин, азуу, тиш)
Кыяда жатат кырк аркар,
Уяда жатат бир шумкар.
(Каш, көз)
Шып карагай бутаксыз,
Эгиз козу сөөксүз.
(Чач, эмчек)
Эки тор бир биринен озбойт,
Ар бири түрдүү сөздөр козгойт.
Ичинде күмүш коргон алтын күрөк,
Ар канча күрөсө да түшпөй турган.
(Эки көз, тил, тиш)
Бир туурда беш куш бар,
Беш кушка бир куш
Экөө кырк күңгөйдү чабыттайт,
Экөө кызыл эттен бар койбойт.
Бирөө туурда турса ток,
Туурдан куласа жок.
(Эки көз, эки кол, баш)
Көлүм бар экен,
Кайың, тал чети.
Жалпайып акпайт,
Жалама бети.
(Көз, кирпик)
Жылт этти-жылгага түштү,
Кылт этти-кырдан ашты.
(Күндүн чыгышы, батышы)
Энем токуган килемди карай албадым,
Атам берген пулду санай албадым.
(Күн, жылдыз)
Карып калган энеси бар,
Майда сары баласы бар,
Жалгыз көздүү атасы бар,
Муну издеп табыңар.
(Асман, жылдыз, күн)
Дүйнөдө бир дарыя,
Көрдүк аны эки кыз мекен кылып жатат,
Анын үстүндө сармашанын балапаны.
(Асман, ай, күн, жылдыз)
Алтын табак,
Күмүш кашык,
Алты жүз шуру таш.
Ат-Башыдан ат качырдым,
Куюнчудан кунан качырдым.
(Ай, күн, жылдыз)
Бадыр-будур баш кармайт,
Төлөк баатыр төш кармайт.
Кушбек баатыр куш кармайт,
Белек баатыр бел кармайт.
(Жүгөн, көмөлдүрүк, куюшкан, басмайыл)
Жаннатта бардыр төрт тал
Бири алма, бири бал,
Бири курма, бири шекер,
Байымың жетсе үчөөн коюп бирөөн тап!
(Забур, тоорат, инжил, куран)
Кырк — кызыл короз,
Отуз — балбан тоок.
Беш мекиян
Чаң арасында кызыл тоголок.
(Кырк чилтен, отуз орозо, беш убак намаз)
Ал эмнедир канатынын саны жок,
Ал эмнедир теминерге жаны жок,
Ал эмнедир эки жүздүү каны жок.
(Жебирейил, кара жер, касам ичүү)
Кырк — кызыл тоодак,
Отуз — оор тоодак,
Беш — безбелдек,
Эки — кашкалдак.
(40 күн чилде, 30 күн орозо, 5 убак намаз, 2 айт)
Кырк — кырк булдурук,
Отуз — ооз булдурук,
Беш — безбелдек.
(40 күн чилде, 30 күн орозо, 5 убак намаз)
Беш токмок, отуз шак,
Бир бети кара, бир бети ак.
(Намаз, орозо, күн-түн)
Беш безбелдек
Эки тоодак, отуз каз
Бир-биринен аз.
(Намаз, айт, орозо)
Алты ала карышкыр,
Алты бала карышкыр,
Он эки карышкырдын жегени бир турна.
Турнаны кичинекей десе,
Эки алты атан төөгө жүк болот.
Төөнү кичинекей дебесин десе,
Теректин башын оттойт,
Теректи кичинекей дейин десе,
Эртеңки учкан торгой кечке башына жете албайт,
Бул эмне болот?
(Намаз, намаздагы он эки парз, алтоо ичинде, алтоо тышында)
Үч атчан келе жатат даңгыр жолдо,
Беш атчан айдап салат оңго-солго.
(Комуздун үч кылы, беш манжа)
Үч жигит жарышат даңгыр жолго
Он жигит кызмат кылат араң зорго.
(Комуздун үч кылы, он манжа)
Салдырдым үч боз жорго тайгак жолго,
Он киши кызмат кылат зордон-зорго.
Үч киши жатып алды казган орго.
(Комуздун үч кылы, он манжа, комуздун үч кулагы)
Түпсүз болгон чоң жолго,
Айдап алдым он жорго.
Бешөө сүйлөп келатса,
Бешөө бийлеп келатат.
(Комуз, колдун манжалары)
Атасы — узун сары
Энеси — желпиш тавак
Баласы — балдан майлуу.
(Жаңгак жыгачы, жалбырагы, данеги)
Атасы — Аалы бүкүр,
Энеси — каман кулак,
Кызы — татуу бийкеч,
Уулу — арамза бөрү.
(Алма жыгачы, жалбырагы, алма тикенеги)
Кызынын аты — татты бийке,
Атасынын аты — байбүкүрү,
Энесинин аты — жайма челек.
(Жүзүмдүн мөмөсү, сабагы, жалбырагы)
Минемин кара атымды кадаңдатып,
Басмайды карсыз жерге кадам басып.
Бутуну балчыкка илип алып,
Кетеди кар үстүнө кадам басып.
(Калем, кагаз)
Уңкур-уңкур энеси бар,
Убак сары баласы бар,
Ачуулу как баш атасы бар.
(Соку, аштык, сокбилек)
Уңкул-чуңкул энеси,
Убак сары балдары,
Урмак экен атасы
(Соку, аштык, сокбилек)
Кыргоолу кызыл экен,
Куйругу узун экен,
Сагызганы сайда экен,
Жоор аты кайда экен?
(Бычактын кыны, кайрак)
Экөө айдайт, жетөө колу менен казат.
(Эки ат, үч тиштүү соко, эки туткасы, эки кол)
Аркы өйүзгү жылкым,
Апар ылдый куюкту,
Берки өйүзгү жылкым,
Сапар ылдый куюкту,
Ортосунда бир бала
Кайтара албай буюкту.
(Эмгек, эмгек куралдары, эгин сапырык)
Шылдырым шырт,
Тизеден курт.
Күн жаайт,
Булут өтөт.
(Эмгек, эмгек куралдары, эгин сапырык)
Бир атым бар падышалар мингендей,
Бир атым бар сууга баштап киргендей
(Поезд, кайык)
Кочкор мүйүз көйкөлбөс,
Койгон жерден чайпалбас.
(Орогон чийдеги мүйүз)
Төрдө төртөө турат төрөйүн деп,
Эшикте экөө турат өлөйүн деп.
(Тактанын төрт буту, босогонун эки таягы)
Күндүз ылдый карайт,
Түндөсү жогору карайт.
(Боз үйдүн эшигинин чыкчыры)
Миң коюмдун кулагы шалпаң кула
(Ууктун боосу)
Кыркырак акем өлөм дейт,
Кырк уулу кырк жагынан жөлөйм дейт,
Элеман акем өлөм дейт,
Эки уулу эки жагынан жөлөйм дейт.
(Түндүк, уук, босого-таяк)
Кара бээм кардаң этет,
Кабыргасы дардаң этет
(Үзүк, уук)
Чүкчүгүй киши бүкчүгүй ээрге минет.
(Кереге-ууктун уланышы)
Кандын кызы капталдай көчтү,
Бектин кызы белестей көчтү.
(Керегенин, килемдин көчөтү)
Отуз омуртка,
Кырк кабырга,
Бир ооз омуртка.
(Кереге, уук, түндүк)
Өйүзгү элдин жылкысы,
Тебишкенде кагышат.
Бул өйүзгү элдин жылкысы,
Кылкуйругун салышат.
(Керегенин башы)
Ол өйүздүн жылгыны,
Жылгын эмей эмне?
Жездекемдин кийгени,
Күлгүн эмей эмне?
Күлгүнүнүн бүчүсү,
Күмүш эмей эмне?
(Кереге, керегенин топчусу)
Чыктым чынар башына,
Түштүм жеңе кашына
Жеңем чечек, мен чечек,
Жеңем берген кош бычак
Кош бычакты коюндап
Бото көздү моюндап.
(Боз үй тигүү, түндүк көтөрүү)
Түбү түптүү, түрткөнү күчтүү,
Баары кызыл, башы жашыл.
(Очок, казан, түтүн, чок)
Бир макулук жаратылды абал бактан,
Мойнуна чыйратмалап чынжыр таккан.
Аларды бир кара куш илемин деп,
Иле албай бирин-бири бу да кайткан.
(От, тулга, казан)
Жалбыр чечек,
Кызыл мончок,
Кайнар булак.
(Жалын, чок, казан)
Кызыл ат туруп кеткен,
Кара ат жатып калган.
(От, күл)
Көк коюм чыгып кетип,
Кызыл коюм жатып калды
(Түтүн, чок)
Жерден чыгып бир нерсе аба айланган,
Аба айланып эч жерге коно албаган.
Ордунан бир ажайып кала берсе,
Ага түшкөн бенде оңолболгон.
(Түтүн, от)
Узун узак,
Көккө тузак.
Карагай саадак,
Кайнар булак,
Жалбыр чечек,
Кызыл мончок
(Түтүн, туткуч, отун, казан, жалын, чок)
Гепшеп турган ташты көрдүм.
Митам бышкан ашты көрдүм.
(Тегирмен, сүмөлөк)
Бир палек, отуз анделек.
(1 ай, 30 күн)
Базардан сары сандык алдым,
12 ачкыч менен килитин салдым.
Алтын сандык,
Алтын сандык ичинде күмүш жатыр,
Аны тапкан акылман баатыр.
(Санаа, 12 ай, өз денеси, тапкан киши)
Дүйнөдө жети нерсе келип турар,
Ким келип ким кеткенин билип турар.
Ааламдан акыр кача алар өлбөс,
Башкалар тууп турар, өлүп турар.
Ааламда эч бир нерсе так калтырбай
Эсебин бул дүйнөнүн берип турар.
Нөөкөрү ар биринин 24,
Ар нөөкөргө 60 жигит ээрчип турар.
(7 күн, 24 саат, 60 минут)
Он беш дарак,
Он беш бак,
Он беши кара,
Он беши ак.
(30 күн, айдын караңгы-жарыгы)
Бир боз, он эки каз,
Отуз өрдөк, кырк сегиз чүрөк,
Үч жүз алтымыш дүрседеп.
(Жыл, 12 ай, 30 күн, 48 жума, 360 күн)
Бир коюм бар,
Анын он эки козусу бар,
Ар биринин төрттөн мүчөсү бар.
(Жыл, 12 ай, 4 жума)
Он эки бува, отуз шак,
Он беши кара, он беши ак.
(12 ай, 30 күн, айдын караңгы-жарыгы)
Он эки орок,
Отуз чалгы,
Жармысы кара, жармысы ак
(12 ай, 30 күн, айдын караңгы-жарыгы)
Бир теректе он эки ноода
Бир ноодада отуз жалбырак
(12 ай, 30 күн)
Он эки лаг-лаг уясы,
48 анын баласы,
Ичинде 5 даанасы.
(12 ай, 48 жума, 5 убак намаз)
Бир лек-лектин уясында,
360 баласы бар,
30 даанасы бар,
48 кара кучкач баласы бар.
(Жыл, 360 күн, бир айдагы 30 күн, 48 жума)
Бир дааттын салаасында,
Он эки илегилек уясы.
360 түр баласы
2 аласы сарасы
2 кем 50 даанасы
(Жыл, 12 ай, 360 күн, 2 айт намаз35, 48 жума)
Он эки бүркүт,
Кырк сегиз карга,
Үч жүз алтымыш беш чымчык,
Баары биригип бир жумуртка тууптур.
(12 ай, 48 жума, 365 күн, бир жыл)
Бир түп дарак,
Ал даракта бар он эки бутак.
Ол бутакта бар отуздан шак,
Ал шакта бар беш-бештен гүл
(Жыл, 12 ай, 30 күн, беш убак намаз)
Бир түп гүл,
Бир түп гүлдүн он эки шагы бар,
Он эки шагынын
Отуздан булбулу бар.
(Жыл, 12 ай, 30 күн)
Бир түп дарак,
Ал даракта он эки бутак,
Ал бутакта бар отуздан шак.
(Жыл, 12 ай, 30 күн)
Бир терек көрдүм он эки бутагы бар,
Ар бутакта төрттөн уясы бар,
Ар уяда жетиден жумуртка бар.
(Жыл, 12 ай, ар айда 4 жума, ар жумада 7 күн)
Бир терек бар, анын он эки бутагы бар,
Ар бир бутагында отуздан уя бар,
Ар уяда төрт чымчык, жетиден жумуртка бар.
(Жыл, 12 ай, 30 күн, 4 жума, андагы 7 күн)
Бир терек,
Он эки бутак,
Отуз жалбырак,
Он беши кара,
Он беши ак.
Муну ким ойлоп тапмак?
(Жыл, 12 ай, 30 күн, айдын караңгы-жарыгы)
Бир дарак бар,
Он эки шагы бар,
Отуз барки бар,
Бир жүзү ак, бир жүзү кара,
Бири качар, бири кубалар.
(Жыл, 12 ай, 30 күн, күн-түн)
Бир түп чынар терек,
Он эки шагы бар,
Үч жүз алтымыш барки бар.
(Жыл, 12 ай, 360 күн)
Бир уянын ичинде турат төптөгөрөк,
Учтары бар бөлөк-бөлөк.
Күндө жыйырма төрт бала тууйт,
Анын бири жарты бир көпөлөк.
(Жыл, 24 саат, күн, түн)
Бир боз, он эки каз,
Үч жүз алтымыш беш өрдөк,
Сегиз миң жети жүз алтымыш чүрөк.
(Жыл, 12 ай, 365 күн, 8760 саат)
Туу-туу, туу куйрук,
Тулпар өттү билдиңби?
Туусунан ажырап,
Шумкар өттү билдиңби?
О-оо-оо кызыл көз кабыланым,
Көрүп өттү билдиңби?
Кара чаар жолборсуң,
Кайтарып жатат билдиңби?
Жез каргылуу куу тайган,
Желип өттү билдиңби?
Эр башына бир дөөлөт,
Келип өттү билдиңби?
(Жыл, ай, күн, чилде, токсон, жаз)
360 амир кылган,
48 кызы бар, баары жубан,
12 уулу бар, баары кыраан.
9 уулдун пейли жакшы,
Үч уулдун пейли жаман.
(Жыл, 48 жума, 12 ай, 9 ай — жаз, күз, жай, 3 ай — кыш)
Төрт эшик көрдүм бир үйдөн, эй хаким!
Ар эшикте отурар үч кыз мукум.
Ар бир кызга отуз жигит болуп даакы.
Ар жигиттин башында беш даста гүл.
(Төрт мезгил, ар мезгилдеги үч ай, бир айдагы отуз күн, беш убак намаз)
Сегиз сайы кыраң
Үчта бе иман.
(Сегиз ай жаз, үч ай кыш)
Он эки — төө, он — жылкы,
Тогуз — уй, беш — эчки,
Бир жарым — коен, үч — түлкү,
Таба албасаң бол күлкү.
(Ичте бала көтөрүү мезгилдери)
Тогуз — томолок
Сегиз — семелек
Төрт — мардек,
Эки зардек.
(Чочко, ит, уй жана бээнин эмчеги)
Жүндүү жырбак
Жүнү жок жырбак.
(Жылкы, уй)
Үч буту бар аксабайт,
Жаагы бар жокшобойт,
Аркасы бар оонабайт,
Куйругу бар шыйпанбайт
(Тулга, жылкы, уй, кой)
Жапар колу жалгыз,
Эгем колу экөө
Аттан бийик, иттен жапыс.
(Төөнүн куйругу, өркөчү, мойногу)
Отузу ордунда,
Кыркы кыйноодо,
Төртү ойноодо,
(Жылкынын отуз омуртка, кырк кабыргасы)
Бир экөө отурады ай жабанда
Он экиси биригип бир чапанда
Он экинин колунда он эки токмок
Кармайды качанакты кырк укуруктап.
(Жылкынын 2 көзү, 12 мүчөсү, жилик башындагы томуктар, 40 кабыргасы)
Керип койгон бирөө,
Кедеңдеген бирөө,
Балталаган бирөө,
Басып куйган бирөө.
Карападан кабы бар,
Бурамадан сабы бар,
Айкөл деген көлү бар,
Аңдып турган эли бар.
(Желе, кулун, бышуу, куюу, саба, бишкек, кымыз, эл)
Керип койгон эмине?
Кекеңдеген эмине?
Чалып койгон эмине?
Чалпаңдаган эмине?
(Желе, кулун, саба, бишкек)
Жайлуу жалгыз,
Жакып чылгый экөө.
(Куйрук, кулак)
Дүбүр-дүбүр төртөө,
Дүйнө менен бешөө.
Эдир, Кадыр экөө,
Жапаркулу жалгыз.
(Ат, киши)
Өлөбай акем өлөм дейт,
Кырк баласы 40 жагынан жөлөйт дейт.
(Түндүк жана кырк уук)
Ордодогу көп чүкө,
Ортосунда бир сака.
(Жылдыз, ай)
Көп чүкө,
Көп чүкөнүн ичинде
Чоң чүкө.
(Жылдыз, ай)
Миң кочкор,
Миң кочкордун ичинде
Бир алп кочкор.
(Жылдыз, ай)
Учуптур Машырыктан эки булбул,
Булбулдун издегени бир кызыл гүл.
Булбул издеп бир кызыл гүл тапса дагы,
Конууга бакча таппай айланып жүр.
(Ай, күн)
Эки тулпар жүгүрөт, чаң чыгарбайт.
(Ай, күн)
Эки көзүм бар,
Дүйнөнүн баарын көрүп турат.
(Ай, күн)
Эзелден бери эки адам,
Бир-бирине жете албайт.
(Ай, күн)
Байдын кызы наадан,
Нааданга битта нан.
Битта нанды бөлүп жейт,
Ар бир адам.
(Ай, күн)
Ак боз аттын башы,
Алтын ээрдин кашы,
Муну тапкан киши
Жүз бешке чыксын жашы.
(Ай, күн)
Товдун бир жагына кар жаайт,
Бир жагына дөмбүр жаайт.
(Пахта менен чигит)
Бир жагына жамгыр жаайт,
Бир жагына кар жаайт.
(Пахта менен чигит)
Бир зоо бар:
Бир жагынан кар жаайт,
Бир жагына мөндүр жаайт.
(Пахта менен чигит)
О тоонун жагына кар жаап,
Бер жагында кургак жай.
(Пахта менен чигит)
Ак тоом ары ашты,
Кара тоом бери ашты.
(Пахта менен чигит)
Очором катын он айда,
Үрөгөн катын үч айда,
Жакшы катын жарым айда
(Аял, ит, түлкүнүн бойго көтөрүү мезгили)
Баа-баа бакырчак,
Кичинекей тыкырчак.
Эки тулуп азыгы
Көчүгүндө казыгы.
(Бешик, бала, эмчек, шимек)
Така-тука араба,
Ичинде мурава.
Артындагы казыгы,
Эки чанач азыгы.
(Бешик, бала, эмчек, шимек)
Кытыр-кытыр ыңырчак,
Ортосунда бакырчаак.
Эки тулуп азыгы бар,
Кыдыңдаган казыгы бар.
(Бешик, бала, эмчек, шимек)
Кыйкыр-кыйкыр кыйкырчак,
Ортосунда бакырчак,
Эки тулай азыгы,
Ортосунда казыгы
(Бешик, бала, эмчек, шимек)
Жарган жыгач, жаткан коен,
Эки көөкөр азыгы, астындагы казыгы.
(Бешик, бала, эмчек, шимек)
Үйүбүзгө элчи келди,
Сүйлөп берер алы жок.
Мингени бир сонун ат,
Бирок анын жаны жок.
Союш бердик эки кой,
Эти бар да сөөгү жок.
(Бала, бешик, эмчек)
Конок келди алсыз,
Ат байлады жалсыз,
Эки кой союп бердим кансыз.
(Бала, бешик, эмчек)
Аң ылдый кызыл көйнөкчөн кыз жүгүрөт.
(Мурундун каны)
Караңгыда кызыл көйнөкчөн кыз жүгүрүп келе жатат
(Мурундун каны)
Кырдан кызыл элик жүгүрөт.
(Мурундун каны)
Узун-узун уз кетти,
Узун бойлуу кыз кетти.
(Мурундун каны, беш манжа)
Эки аттуу келет аяктан
Беш аттуу барат быяктан.
(Мурундун каны, беш манжа)
Кырдан чыгат эки аттуу,
Көтөрүп алат беш аттуу.
(Мурундун каны, беш манжа)
Кырдан кызыл көйнөкчөн кыз жүгүрөт,
Алдынан беш жигит тосуп алат.
(Мурундун каны, беш манжа)
Чолок терек башында,
Беш сагызган жайлашкан,
Аларга беш курт жабышкан.
(Беш манжа, тырмак)
Бир жыгачтын башында беш сагызган,
Бешөөнүн тең мүрдуна курт жабышкан.
(Беш манжа, тырмак)
Он отузга берет,
Отуз желмаянга берет,
Желмаян жата калып ыргытып жиберет.
(Кол, тиш, тил)
Он алып, отузга берди,
Отуз жалманбетке берди,
Жалманбет жардан ары кулатты.
(Кол, тиш, тил)
Бир сепилде байлануу кызыл жаян
Булкунат да сепилден чыга албаган.
Буйрукту кандайча деп болбой турган
Бир жерде жатып алып иш аткарган.
(Тиш, тил)
Ал тегирмен ташы бар,
Бул тегирмен ташы бар.
Ону тапкан жигиттин,
Жүз жыйырма жашы бар.
(Тиш, тил)
Кызыл өгүзүмдү бош койдум,
Кыдырата таш койдум,
Ашасын деп аш койдум.
(Тиш, тил)
Казан толо чий боорсок,
Ортосунда чоң боорсок.
(Тиш, тил)
Кыдырата таш койдум
Кызыл өгүз бош койдум.
(Тиш, тил)
Кара тоонун башына
Кар жааганына канча жыл болду?
Кызыл тоонун башына
Таш ураганы канча жыл болду?
(Агарган чач, түшкөн тиш)
Кара тоонун башына
Кар жааптыр кетпей турган.
Алтындан ташкалаң бузулуптур,
Калкыңда уста барбы септей турган?
(Агарган чач, түшкөн тиш)
Капкалуу шаар бузулду,
Кайнар булак шор салды,
Ала-Тоо башын кар чалды.
(Чачтын агарышы, көздүн начарлашы, тиштин түшүшү)
Кар түштү кара тоого кетпей турган,
Ойдуң жерге суу түштү бүтпөй турган.
Берметтин отуз эки жиги ачылды,
Ушуну уста барбы эптей турган.
(Чачтын агарышы, көздүн начарлашы, тиштин түшүшү)
Бир кырдын ары жагы да чырак,
Бери жагы да чырак.
(Көз, мурун)
Эки көлдү бир тоо бөлөт
(Көз, мурун)
Эки жагы эки чөл
Ортосунда ашуу бел.
(Көз, мурун)
Оор килем кага албаймын,
Майда ташты тере албаймын.
(Жер, жылдыз)
Эгиз ирана, тегиз тирана.
Миң бир чечек, бир жапырмак.
(Асман, жер, жылдыз, ай)
Асты тагара,
Үстү загара,
Кырк миң чечек,
Бир гүлала.
(Асман, жер, жылдыз, ай)
Эгиз тырана,
Тегиз тырана,
Миң бир чечек,
Бир жапырмак.
(Асман, жер, жылдыз, ай)
Төрт айды, жыйырма төрт жылдыз менен бекиттим.
(Аттын такасы, мыктары)
Керки тамдын жолунан,
Келе жатып түш көрдүм.
Түшүмдө мүшкүл иш көрдүм,
Түшүмдө төрт ай, 24 жылдыз көрдүм.
(Аттын такасы, мыктары)
Анти – анти айдады,
Жүз жыйырма беш жылдызды,
Анти курман байлады.
(Аттын такасы, мыктары)
Төрт ай, жыйырма төрт жылдыз.
(Аттын такасы, мыктары)
Ант кылдым, бант кылдым,
Бир атка 24 жылдыз мант кылдым.
(Аттын такасы, мыктары)
Ээси жөө келет чаң чыгарбай,
Эки көрүнбөй кан чыгарбай.
(Жебирейил, Азирейил)
Колумда он жүзүгүм бар ал чыгарбай,
Эки доочу доо доолайт мал чыгарбай,
Көркоо кашкыр кой жейди кан чыгарбай
(Жебирейил, Азирейил)
Бир падыша сурайт, жан чыгарбайт,
Эки бөрү кой жейт, кан чыгарбайт.
(Жебирейил, Азирейил)
Бир палек, ок эки камак,
Он бирин жейт,
Бирөөн жейт, же жебейт.
(Орозо, намаз)
Ай-айга багышат,
Алтын табак кагышат.
Күн-күнгө багышат,
Күмүш табак кагышат.
(Күн күркүрөө, чагылган)
Алтын көкүл атасы Аалам көркүн ачып турат,
Күмүш нурдуу карындашы көлөкөлөп качып турат.
Атасын айланып жүрөт, карындашы байланып жүрөт.
(Күн, жер, ай)
Каңгыр-күңгүр үнү бар,
Чычкан кирчү ийни бар,
Айланасы кызыл жар
(Кумара, карапа)
Сойсо каны жок.
(Кумара, карапа)
Бап балпак,
Башы жалпак.
Сууруп алды,
Суусу тамды.
(Бишкек, саба)
Бап балпак, башы калпак,
Сууруп алмак, суусун канмак.
(Бишкек, саба)
Эки тоонун арасында
Эбей-себей күн жаайт
(Элек, ун)
«Тап-тап» этет,
Таманы жок лагалак.
Суудан өтүп баратат,
Сүйөгү жок лагалак.
(Элек, ун)
Өлөбай акем өлөм дейт,
Үч уулу үч жагынан жөлөйм дейт.
(Казан, тулга)
Бирөөнүн төшү күйүк,
Үчөөнүн өзү күйүк.
(Казан, тулга)
Бир заттын арты күйүк,
Бир заттын төшү күйүк.
(Казан, тулга)
Кулундары сары ала,
Куйруктары тору ала.
(Чайнек, чыны)
Иштен келсек чөгөлөшүп таазим кылат,
Ишке кетсең ал өзүнчө төрдө отуруп мейман болот.
(Чайнек, чыны)
Атасы бүкүрү кожо,
Энеси шапелек айым.
(Чайнек, чыны)
Бир ат бар ойноктогон,
Тайгылбайт жорголосо тайгак жолдо
Үч жигит баштап турат араң зорго,
Беш жигит түшүп турат терең орго.
(Калем, кагаз, манжалар)
Сыйыр мингендин зыяны бар,
Жөө жүргөндүн уяты бар,
Үч убаранын бир аты бар.
(Калем, кагаз, манжалар)
Узун-узун упарым,
Ичиндеги жыпарым,
Кара тору каркыным,
Ичиндеги жаркыным.
(Саба, кымыз)
Кара саңа каркыным,
Башындагы жаркыным.
Узун-узун упарым,
Учундагы жыпарым.
(Саба, кымыз)
Кара каркыным,
Ичиндеги жаркыным.
(Саба, кымыз)
Карападай кабы бар,
Токмогунун сабы бар,
Төрт анжылуу чөлү бар,
Көйкөлгөн ак көлү бар.
(Бишкек, саба, кымыз)
Бурамадан сабы бар,
Булгаарыдан кабы бар.
Чатыр-Көлдөй көлү бар,
Чардап ичер эби бар.
Эртең менен болгондо,
Сагалап ичер эли бар.
(Бишкек, саба, кымыз)
Кичинекей жетим кыз,
Жер тували, тували.
(Соку, сокбилек)
Бир дарыя ичинде тептегерек,
Үч жүз алтымыш бөлөк-бөлөк.
Күндө жыйырма төрттөн бала тубат,
Бири кара, бири жарык бир көпөлөк.
(Жыл, 360 күн, 24 саат, күн, түн)
Абада жаралыптыр бир дөңгөлөк,
Уясы үч жүз алтымыш бөлөк-бөлөк.
Түнөккө жыйырма төрт жумурткалап,
Ыйлады актуу, каралуу бир көпөлөк.
(Жыл, 360 күн, 24 саат, күн, түн)
Эже-сиңди,
Бирөө жарык,
Бирөө караңгы.
(Күн, түн)
Айланпаны айландырсам,
Кара таш жарылды.
(Күн, түн)
Ак киши, кара киши,
Анын жок адам менен иши.
(Күн, түн)
Ак коюм туруп кетти
Кара коюм жатып калды.
(Жаз, кыш)
Бир куу шыргый,
Бир суу шыргый.
(Жаз, кыш)
Бүлдүр-бүлдүр бүлдүркөн,
Жер айлана жүгүргөн,
Наясаттын баласы
Мылтык ала жүгүргөн.
(Мышык, чычкан)
Бүгүр, бүгүр, бүгүргөн,
Муз алдынан жүгүргөн
Шаанын уулу Шамурза
Мылтыгын ала жүгүргөн
(Мышык, чычкан)
Баркы жок өлүптүр,
Кунан чаап кетиптир.
(Ит жана тарп)
Он эки бээм бар:
Сегизи анык бооз,
Төртөө арсар бооз,
Экөө кынтык,
Экөө тантык.
(Малдын сегиз жилиги, 2 далысы, 2 жамбашы)
Он эки бээ:
Алтоо даана бооз,
Экөө даана кысыр,
Экөө бооз кысырдын ортосунда,
Эки бээ даана сокур.
(Малдын сегиз жилиги, 2 далысы, 2 жамбашы)
Он эки байталым бар,
Экөө кыйрактын кыйыры.
Экөө туура кысыр,
Сегизи бооз.
(Малдын сегиз жилиги, 2 далысы, 2 жамбашы)
Он эки байтал,
Андан сегизи бооз.
Төртөө кысыр,
Кысырдын ичинен экөө сокур.
(Малдын сегиз жилиги, 2 далысы, 2 жамбашы)
Он эки байтал, бир айгыр
Үйүрүн жерден алдырдым.
Алтоо анык бооз,
Төртөө туура кысыр,
Экөө арсар-күмөн.
(Малдын сегиз жилиги, 2 далысы, 2 жамбашы)
Эки үйдө — бир көсөө.
(Уйдун таноосу, тили)
Эки очокко — бир көсөө,
(Уйдун таноосу, тили)
Баракелде, баш карма,
Көсөө куйрук, көч карма,
Узун боо, төш карма.
(Жүгөн, куюшкан, басмайыл)
Балдыр-булдур баш кармайт,
Кудайберген куш кармайт,
Төлөберген төш кармайт.
(Жүгөн, куюшкан, басмайыл)
Жер жылат, асман көчөт.
(Асман, жер)
Тең-тең кийиз,
Эки арасы кең кийиз.
(Асман, жер)
Зар-зар килем.
Көтөрөйүн десем оор килем.
(Асман, жер)
Түр-түр килем, түр килем
Түрө албадым бир килем
Жый-жый килем, жый килем
Жыя албадым бир килем
Сал-сал килем, сал килем
Сала албадым бир килем.
(Асман, жер)
Жыйдым-жыйдым бир килем,
Жыя албадым бир килем.
Тердим, тердим бир килем,
Тере албадым бир килем.
(Асман, жер)
Жыйдым-жыйдым бир бөлөк,
Жыя албадым бир бөлөк.
Түйдүм, түйдүм бир бөлөк,
Түйө албадым бир бөлөк
(Асман, жер)
Бүт дүйнөдө көгүш төшөк.
(Асман, жер)
Узун-узун уч эле,
Учу менин колумда.
Чыйырчыктай чыпынган,
Чачи менин колумда.
(Жүгөн, үзөңгү)
Балдайкеси баш кармайт,
Төлөйкөсү төш кармайт.
(Жүгөн, көмөлдүрүк)
Отурганы ово жер
Басканы бакырчанак.
(Ээр, ат)
Сүйрү тоо, сүттүү көл,
Жарака жыгач, жаткан коен.
(Эне, эмчек, бешик, бала)
Минген атынын төрт буту бар жаны жок.
Сойгон коюнун сөлү жок, калы бар.
(Бешик, эмчек)
Тентек сайдын башынан
Темир тил комуз жоготтум.
Көмүркөйдөн каты бар,
Көз мончоктору дагы бар.
(Тамак, тил, көздүн сурмасы, кареги)
Ээгимдеги эчки,
Мурун жакта кирпи.
Мекен кылып бетти
Жылаан жылып кетти.
(Сакал, мурут, беттеги бырыш)
Оро, короо,
Тегереги бадал.
(Ооз, сакал, мурут)
Оро, оронун оозу шоро
(Ооз, сакал, мурут)
Шап-шапылдак
Шап-шапылдак үстүдө пыш-пышылдак
Пыш-пышылдак үстүдө кайнар булак
Кайнар булак үстүдө шам чырак
Шам чырак үстүдө кара пилик
Кара пилик үстүдө сары тескей
Сары тескей үстүдө кара токой
Кара токой ичиде кара доңуз.
(Ооз, мурун, көз, каш, маңдай, чач, бит)
Шапылдак,
Анын ары жагы жерге тал,
Анын ары жагы кызыл өгүз,
Андан ары бышылдак, калың токой,
Анын арасында кара доңуз.
(Ооз, мурун, көз, каш, маңдай, чач, бит)
Эп-эпилдек, жаа жапылдак,
Беш булак, беш булак,
Беш булактын үстүндө кайнар булак.
Кайнар булак үстүндө кара кыя,
Кара кыя үстүндө кара токой.
(Ооз, мурун, көз, каш, чач)
Эп-эпилдек,
Эп-эпилдек үстүндө пыш-пышылдак,
Пыш-пышылдак үстүндө кайнар булак,
Кайнар булак үстүндө кара кыя,
Кара кыя үстүндө кара токой,
Кара токой ичинде кара доңуз.
(Ооз, мурун, көз, каш, чач, бит)
Бир курсакта эгиз кыз,
Бир жатууга зар болот.
Бир учу көк тирейт,
Бир учу жер тирейт,
Ушуну ким билет?
(ай, күн, күндүн желеси)
Күндө көрдүм дарыя чалкар көлдү,
Эки каз мекен кылып жатыр аны,
Ортосунда жети сары балапаны.
(асман, ай, күн, жетиген)
Атам берген тыйынды санап алармын,
Энем берген килемди кечип калармын.
(жылдыз, жер)
Эки куланды бир кулан жеп келет
Аркасыны аптапка салып келет.
(булут, күн, ай)
Асманда койлор жайнайт,
артынан койчусу айдайт.
(жылдыз, ай)
Миң кочкор, миң кочкордун ичинде, бир алп кочкор.
(жылдыз, ай)
Миң чүкөдө бир томпой.
(жылдыз, ай)
Көп чүкө, көп чүкөнүн ичинде чоң чүкө.
(жылдыз, ай)
Ордодогу көп чүкө, ортосунда бир сака.
(жылдыз, ай)
Этегим толгон көп чүкө, ортосунда бир сака.
(жылдыз, ай)
Көк улагым көгөндө жатып семирет.
(Дарбыз, коон)
Букардан буурул айгыр кишинесе,
Жаркенттен жетимиш байтал боозуйт.
Кулундары көк ала,
Куйруктары сарала.
(күн күркүрөө, чөп чыгуу)
Очором жандык тогуз айда,
Үрөөнөк жандык үч айда,
Жакшы жандык жарым айда.
(Аял, ит, түлкүнүн туут мезгили)
Эртең менен төрт буттап басат,
Түштө эки буттап басат,
Кечинде үч буттап басат.
(Балалык, жаштык, карылык)
Кара тоо башын кар чалды,
Кайнар булак соолду,
Отуз эки аргымак
Ойноп жүрүп жоголду.
(Чачтын агарышы, көздүн күүгүмдөшү, тиштин түшүшү)
Кара өгүзүм карап турат,
Кызыл өгүзүм жалап турат.
(Казан, от)
Өйүзгүнүн жылкысы,
Бүйүз өйдө куюккан,
Топчу кулак боз уюк,
Айдай албай буюккан.
(Чий токуган таштар, аял)
Күр-күр буурам күркүрөйт,
Жерде жылтырайт.
Жесир ала корголойт.
(күн күркүрөө, чагылган, эчки)
Ыйлаак кыз, Тырмаак кыз,
Кызыл кыз, Узун кыз.
(жаан, чычырканак, табылгы, карагай)
Көтөрүлүп деңизден,
Асманга бийик барамын.
Бийиктен кайра түшкөндө,
Өңү кирет талаанын.
(буу, жамгыр)
Эки тулпар келе жатат чаң чыгарбай,
Бир карышкыр соруп жатат кан чыгарбай.
(ай, күн, эмчектеги бала)
Эки бөрү жеп жатат кан чыгарбай,
Эки күлүк келе жатат чаң чыгарбай.
(эгиз козу, ай, күн)
Дүбүр-дүбүр дүбүркан,
Дүбүркандан бууракан,
Бууракандан бугушкан,
Бугушуп терек жыгышкан,
Жаан-жаан жанаркан,
Колго түшкөн кедейкан,
Кул кулагын култуйткан
Кулагы чунак норускан.
(Чочко, жолборс, аюу, карчыга, бөрү)
Отуз эки баатырдын бир башчысы бар.
(Тиш, тил)
Кыдырата (же эки катар) таш койдум,
Кызыл өгүзүмдү бош койдум.
(Тиш, тил)
Отуз эки бүркүт, бир ак куу көлдө жаткан,
Ал ак куу ар нерсенин даамын таткан.
(Тиш, тил)
Тап-тап, тапылдак,
Тапылдактын үстүндө пышылдак.
Бышылдактын үстүндө кайнар кара булак.
Кайнар кара булактын үстүндө кыя жол,
Кыя жолдун үстүндө кара токой.
(Ооз, мурун, көз, каш, чач)
Сырткы көрүнүшү тоголок,
Бирок чоло жери жок
Чытырман токой.
(Баш, чач)
Калың токой,
Калың токойдун алды жар кабак,
Жар кабактын алды чийме саз,
Чийме саздын алды кайнар булак,
Кайнар булактын нары шаркыратма,
Шаркыратманын алды жалжайма,
Жалжаймадан тик барма.
(Чач, кабак, каш, көз, мурун, ооз, ээк)
Күңгөйдөгү таш кудук,
Тегереги ак кудук.
Тескейдеги таш кудук,
Тегереги ак кудук.
Бүркөлгөндө караңгы,
Түнү түшкөн таш кудук.
Ачылганда караңгы,
Ааламга жеткен ак кудук.
Ортосунда сары кыр,
Оргуштап агат булагы.
Жайкалып сонун көрк берет
Бетеге, шыбак тулаңы.
Ойлонуп муну ким табат?
Адамда болот бул дагы.
(Ооз, мурун, мурут, сакал)
Бир дөбөдө жети ийин.
(Ооз, көз, тиш, тил, мурун, кулак, каш)
Үйгө кирсем «чык-чык» дейт.
Эшикке чыксам «кир-кир» дейт.
(Тамчы менен жаан)
Өзү узун, көлөкөсү жок.
Өзү бар, көлөкөсү жок.
(дарыя, суу)
Узун сайда уй мөөрөйт,
Кыска сайда кыз ыйлайт.
(Дарыя, булак)
Үчүкөнүн үч уулу үшкү тартып отурат,
Айры сакал атасы атка минип отурат,
Тоголок кара баласы сууга тойбой отурат.
(Тулга, казан, кумган)
Болуптур эки бир тууган,
Бирин-бири карайт,
Бирок жетише албайт.
(Үйдүн шыбы, таманы)
Бири чөптү кыят,
Экинчиси жыят,
Үчүнчүсү үйөт,
Ушу үчөөнүн атын ким билет?
(Орок, тырмоок, айры)
Бирөө шуңкуюп курсагын тосот,
Бирөө койгулайт үстөккө-босток.
(Соку, сокбилек)
Боз үй
Бакан
Жалгыз буттуу,
Жандан күчтүү.
Үй баш сайын жырык атан.
Мурду жырык кара атан,
Сууга барат да, кайра келет.
Боз үй
Эшик ачса өпкө көрүнөт,
Түндүк ачса төбө көрүнөт.
Улар-улар улуу куш,
Улуп силкип отурат.
Канатына кар жааса,
Кагып силкип отурат.
Токсон койдун териси,
Тон чыкпаган була баш,
Сексен койдун териси,
Жең чыкпаган була баш.
Сөөктөрү бакча-бакча,
Жаркылдайт жалгыз көзү төбөсүндө.
Сөңгөктөрү тилим-тилим,
Сойсо каны чыкпайт,
Адамды тирик жутат
Өйүзгү элдин жылкысы,
Марган ылдый куюкту.
Бүйүзгү элдин жылкысы,
Самаркан ылдый куюкту.
Түлкү тумак боз уул,
Айдай албай буюкту.
Муун-муун, Мууну узун,
Муунунан да колу узун.
Жамынганы ала кийик териси,
Тагынганы алты кочкор мүйүзү
Жер менен түптөгөн,
Кийиз менен каптаган
Бир кыз бар жоолукчан,
Ичинде балдары бар от жаккан.
Күндүзү сыйрып ачылат,
Түнкүсүн кайра салынат.
Атасы баласын көтөрөт,
Баласы калпагын көтөрөт.
Кабыргасы балиш-балиш жоктур жаны,
Тирүү адамды жутканын көрдүк анын.
Адамды жутуп ийсе көрдүм дебейт,
Терисин сыйрып алса эч бир сезбейт.
Сөөктөрү шыгырап барча-барча,
Бөлүнөт бөлөк-бөлөк ажыратса
Адамды жутуп ийсе, көрдүм дебейт?
Терисин сыйрып алса, каны чыкпайт,
Сөөктөрү башка-башка.
Дүйнөдө бир ажыдаар көрөсүңбү?
Жаркырап жалгыз көзү чекесинде,
Сөөк жок бул жаныбардын денесинде.
Кабагы күндүз ачык түндө жабык.
Тартады жакындасаң оозун ачып,
Жолобой жакындабай чарасы жок,
Адамзаат кутула албас андан качып!
Желими жок, мыгы жок,
Чебер уста жасаган.
Ал кандай жай, төрт мезгил
Ата-бабаң жашаган?
Жерге бекем түптөдүм,
Кийиз менен каптадым.
Чыны-чыны, чыны кыз,
Чындап төө минди кыз,
Бет жабууну жамынып,
Тамашага чыкты кыз.
Кабагы күндө ачык, түндө жабык,
Тартып турат жакындасаң оозун ачып,
Жолобой коё турган чамасы жок,
Жакшылап көңүл бурчу, бул эмне зат?
Боз үйдүн эшиги
Адам кирсе ачылат,
Сыртка чыкса жабылат.
Кунан койдун куйругу,
Нары-бери миң келет.
Босого таяк
Үч жыгачтан кан да, бек да эңкейип өтөт.
Элебай атам өлөм дейт,
Эки уулу эки жагынан жөлөйм дейт.
Бир үйдө төрт адам жашайт,
Экөө өлөм дейт,
Экөө өлбө деп тиреп турат
Эй-эй десең качып чыгат,
Кенчир капты тешип чыгат.
Үй ичинде уялайт,
Бирин-бирин кубалайт.
Чыйылдашып ар дайым
Бирин-бири табалайт.
Түгү жокко түгү бар кирип кетти.
Декчеме-декче, Назаркул бачча.
Такта астында жүгүргөн
Музоо кашка тикилдек
Жума койдум журтуңа,
Тайгаланттым бутуңа.
Ана-муна дегенче,
Кирип кетти астыңа.
Жерден жик чыгат,
Эки кулагы тик чыгат.
Дүүр-дүүр дүрүлдөйт,
Жер астында жүгүрөт.
Үй ичинде болпок семиз.
Жер астында жорголок семиз.
Букардан келген мунаажын,
Куйругу чолок кунаажын.
Букардан келген мунажым кашка,
Такымынын тырышы кашка.
Биз, биз элек
Биз отуз-кырк кыз элек
Таң атканча биз ойноп,
Күн чыкканда кетчү элек
Жер астында борколдой семиз.
Бою кыска, куйругу узун,
Боз тону, курч тиши бар.
Элик
Эчкини куйругуна жапырган,
Эшекти башына көтөргөн.
Бөксө тоону жайлаган,
Чөп сарасын аймаган.
Эшек кулак, уй мурун,
Жазы маңдай кургуруң.
Ача туяк, казык бут,
Кескен өңдүү куйругун.
Жемиштер
Айва
Пас-пас бою бар,
Мала тону бар.
Алма
Жашылы бар, кызылы бар,
Бутакта өсөт жай бою.
Тоголок болуп топтолуп,
Баары аны жактырат.
Ак болуп гүлдөйт,
Жашыл болуп салаңдайт,
Кызыл болуп түшөт.
Алча
Арча терек,
Алтымыш бутак,
Бутак сайын уя,
Уя сайын жумуртка
Анар
Сырты толгон кутучак,
Ичи толгон топучак.
Сырты бирөө тоголок,
Ичинде миң сан томолок.
Өзү текче, ичи толгон мыкча.
Кичине текче, ичи толо мыкча.
Кичине гана кутуча,
Ичи толо мукуча.
Ашкабак
Тамдын башында чал олтурат,
Теспеси жерде турат.
Ай талаада туулган,
Тамагынан буулган.
Дарбыз
Чарбакта топтой таш бар,
Ичи толо бышкан гөш бар.
Өзү семиз, сөөгү жок,
Чылбыры бар, жүгөнү жок,
Жетелеп адам жүргөнү жок
Тышы көгөрөт,
Ичи кызарат.
Көп бир тууган,
Үйлөрү терезесиз, эшиксиз.
Башкалар кирбейт,
Анткени ал үй тетиксиз.
Үйдүн ичи кыпкызыл,
Кар үстүнө мал сойгондой,
Сырты болсо, түркүм жашыл,
Тукаба жаап койгондой.
Бир үйүм бар,
Эшиги да жок,
Тешиги да жок.
Бирок ичи толо адам.
Ары кызыл, ары таттуу
Жеген жанды таңыркатты.
Союп жатам, жаны жок,
Эти кызыл, каны жок.
Тааладан чаар сызыктуу топ келди.
Жаңгак
Туюк челегимдин ашы таттуу.
Оягы жантак,
Быягы
Орто жери сары як.
Кутуча-кутуча,
Кутучанын ичинде,
Төбөнүн бутуча.
Жыгач сандык тоголок
Ичи толо аш болот.
Ар тарабы таш,
Ортосунда бышкан аш.
Алыстан карасам, аңгыл-дүңгүл,
Жанына барсам, капкалуу кара темир,
Татып койсом, таптаттуу.
Жийде
Кызыл кап, ичи жык ун,
Бейнесиз тигилген,
Ортосунда жети кырдув сутум
Бейтешесиз чабылган.
Сапсары кап, сапсары кап,
Ичинде топтоло ун,
Ун ичинде узунчараак жыгач отурат.
Кап, каптын ичинде ун,
Ундун ичинде устун.
Жүгөрү
Үн баскан, айланасын жүк баскан.
Өзү кичине келин
Чачпагы ийге узун.
Кийгени кат-кат жашыл шайы,
Бетин ачып кишини карабайт.
Жашыл чачы саксайса да,
Эч качан жууп тарабайт.
Кат-кат тондуу, пастек бойлуу.
Барат-барат,
Башы ийрейип калат.
Ак төөм асманга карап суу ичет.
Азамат акем ичкери,
Сакалдары тышкары.
Жерден чыгат шып-шып,
Эки кулагы типтик
Жерден жик чыгат шайланып
Апдестесин байланып.
Жерден жик чыгат,
Эки кулагы тик чыгат.
Кылычын байлана чыгат,
Мынтыгын асына чыгат.
Селдесин ороно чыгат.
Бою бир карыш,
Сакалы миң карыш
Абдыкалык — мойну салык.
Жерден жек чыкты,
Эки кулагы тик чыкты,
Селдесин ороно чыкты,
Кылычын байлана чыкты.
Теңселип жерден туулган камыш сабак,
Чеңгелдүү таманынан тамактанат,
Кучактап, жылуу ороп кабат-кабат,
Капырай колсуз туруп бала багат.
Жүзүм
Жазындагы гүлистан,
Кышындагы гөристан.
Энеси ийри-буйру,
Баласы шекер-шербет.
Митин-митин мития,
Миң жыгачта мития,
Көнөк суусун көйкөлтүп,
Көп жыгачта мития
Калемпир
Биз бир топ кыз элек,
Шыпка илиндик,
Жипке тизилдик.
Капуста
Токсон кабат тону бар
Тоголок келген бою бар.
Кара өрүк
Бутакта шарлар турат илинип,
Ысыгында күн табы көгөрүп кетет чыдабай.
Карагат
Үлпүлдөккө кан куюп,
Үйлөп талга байладым
Үлбүрчөккө кан куюп,
Үйлөп талга байладым.
Картофель
Өзү семиз майы жок,
Териси бар сөөгү жок.
Жер турат ороп-курчап белин бууп,
Көчүгү жер алдында бала тууп.
Күн көрбөй жер түбүндө тууп келет
Шондо да адамзатка пайда берет.
Жер алдында төлдөгөн,
Төлүн өзү бөлбөгөн.
Конок (жүгөрү түрү)
Шагы сайын уялатып,
Өстүргөнбүз байтерек.
Уя башы жумуртка,
Башка терек не керек?
Бир дарак,
Бир даракта миң нече бутак,
Бутак сайын уя
Уя сайын жумуртка.
Алаша терек, алтымыш бутак
Бутак сайын 40—40 тан уя.
Уя сайын 40—40 тан жумуртка.
Чачаланган башы бар
Коймолжуган ашы бар.
Көлөкөсү көйкөлгөн,
Көк шиберде жайкалган.
Кичинекей чымбаш,
Жерге тийсе сынбас.
Кичинекей текечер
Аягы менен суу ичер.
Ачылуу сары атасы бар,
Майда сары балдары бар.
Оллоума ыңыраят,
Калласи аяк-быякка кыңыраят.
Буун-буун жаныбар,
Буунуп турат жаныбар.
Оозу-мурдун түк басып,
Ийрилип турат жаныбар.
Бул эмне муңаят,
Тегерегин түк басып
Мунун башы кыңаят.
Башы бир жагына кыйшаят.
Эки жагын түк басып,
Орто жери кызарат.
Коон
Чылбыры бар жүгөнү жок,
Жетелеп адам жүргөнү жок.
Эти семиз сөөгү жок,
Териси калың жүнү жок.
Маңдайыда жыртышы,
Тамагыда кыртышы.
Мен көрдүм бир дөбөдөн узун бир жол,
Шол жерде жуушап жаткан он сан миң кол,
Жигиттер акылың болсо ойлоп тапкын,
Негизинде ар жагынан кайыры мол.
«Кудайдын кудуретинин» даанасы,
Баласынын ичинде жатыр энеси.
Баласын өлтүр, энесин жерге көм!
Тирилер жана кылсаң байганасы.
Кашкардан келген пил,
Жонунан жоон кайыш тил.
Анжияндан келген алты пил,
Аркасынан кайыш тил,
Акылың болсо аңдап бил.
Териси калың, жүнү жок.
Көк улагым көгөндө туруп семирет.
Күрүч
Түшө албай бир нар турар тоо башында
Кыркалбай, эч ким барбайт аркасынан.
Турат экен күндүз-түндүр суу ичинде
Болгон соң мекени суу, жашайт экен ал үшүбөй.
Сексен күнү сабакта,
Токсон күнү табакта.
Күмүш мүйүз текечер,
Күндө туруп суу ичер.
Алтын мүйүз текечер,
Айда туруп суу ичер.
Жер тагида желер таш.
Адырашман актады
Ак төөгө жүктөдү.
Кызылча
Үстү жашыл,
Асты кызыл,
Жерде өсөт.
Жерге чокчо гөш койдум.
Жерге чексе көөмп койдум.
Жер астында кызыл эт.
Мейиз
Короого кой кирип кетти
Куйругун тартып калдым.
Мисте
Асты такта,
Үстү такта,
Ортосунда
Бышкан алча.
Өрүк
Бир аш көрдүм,
Аштын ичинен таш көрдүм,
Таштын ичинде аш көрдүм.
Пияз
Жер түбүндө жейрен ат,
Жейрен атты сойгондо,
Жер тепкилеп ыйлап жат.
Токсон кабат тону бар,
Тоголок тарткан жону бар
Бепбелекей бою бар,
Жети кабат тону бар.
Аласа гана бою бар
Алты кабат тону бар.
Жапыз бойлуу,
Тогуз тондуу.
Чоң ата отурат тонун кийип,
Тонун чечкендин баары ыйлайт.
Сабиз
Кырсаң жарымы кетет,
Жуусаң даамы кетет.
Сүрт жаныңа,
Ур кардыңа.
Кырып жесең жарымы кетет,
Жууп жесең даамы кетет.
Айымчасы ичкерде
Чачымчасы тышкерде.
Сарыбай акем илгери
Сакалдары тышкары.
Сары боом ичкери,
Сакалы тышкары
Кичине гана сары киши,
Өзү ичкери, сакалы тышкары.
Өзү бир карыш
Сакалы миң карыш.
Жер астында алтын казык.
Денесин жерге жашырган
Сабагын жерден ашырган.
Сары кыз караңгыда отурат,
Чачы тышта созулат.
Шалы
Кичинекей кызым бар,
Көчүгүндө кылы бар.
Биздин үйдө кырк кыз бар,
Кыркынын (тең) бигизи бар.
Ал өйүздүн жылкысы,
Бул өйүздүн жылкысы,
Кыл куйругун салышат.
Жууркан-төшөктөр
Ала кийиз
Буу-буу мундуз,
Мындан ары кундуз,
Ала кийик териси,
Алты кочкор мүйүзү,
Сокур кара буурасы,
Бучук кана энеси.
Жууркан
Эртең туруп керилет
Кеч туруп жыгылат
Түндө түздөй,
Күндүзү кыздай.
Күндүз кысыр,
Түндө бооз.
Күндүз бий,
Түндө кул.
Чалкаман жатам
Илевинен тартам.
Жыйсам жеңдей,
Жайсам көлдөй.
Кечеси жазылат,
Күндүзү жыйылат.
Күндүз ызаатта,
Түндө кызматта.
Жүк
Күндүз тизип койдум,
Түндө бузуп койдум.
Күндүзү перидей,
Түндөсү жиндей.
Көшөгө
Курап-сурап тон кылдым,
Кулундуу бээге бергисиз.
Мата
Кашкардан келген ак тайлак,
Мууздаса кан чыкпайт.
Сайма
Чатыр-бутур, чийден котур
Узун Үсөн үч кайгак,
Учу-түбүн билгисиз.
Кызыл, ала күйкөнөк,
Тукумуну билгисиз.
Салдым-салдым сал билекке,
Салып алдым жүрөккө.
Тоголок кочкор мүйүзүн,
Тагынып алдым жүрөккө.
Туш кийиз
Тамдын ичин ким көрсө,
Капкалдыктуу килемче.
Бардык үйдө ушу бар
Боорунда тамдын килемче.
Чырмаган чий
Конгондо кооз,
Көчкөндө бооз.
Жайсам — көлдөй,
Жыйсам — жеңдей.
Жерден чыккан жек элем,
Желпилдеген бек элем,
Кырга чыгып кырылдым,
Кырк тузакка илиндим.
Аркы өйүздүн жылкысы,
Шака-шука тебишет.
Берки өйүздүн жылкысы,
Бака-бука тебишет.
Шырдак
Үйгө чыккан гүлкайыр,
Жайы-кышы соолубайт.
Тепсесе да бул гүлдү,
Үй ээси такыр корубайт.
Зер буюмдар
Сөйкө
Жалама тоодо жалгыз ыргай калтырайт.
Каалгага камчы илдим
Кичинекей келинчек,
Күндө тебет селкинчек.
Шакек
Кичинекей бою бар,
Кешенеден куру бар.
Жездемдин үйү жез кырчоо.
Инфратүзүмдөр
Базар
Там үстүндө сандык,
Тамашадан калдык.
Жол
Узун-узун уч кетти,
Учун тапкан бар бекен?
Майшарак деген куш кетти,
Маягин тапкан бар бекен?
Кечинде жутту, санатта жүз кой,
Эртең менен кусту, санатта жүз кой.
Көпүрө
Али-али ал туя,
Бөрүнары эл туя.
Айдаса жүрмөк туя,
Байласа турбас туя.
Жолго салган төшөк,
Муну билбеген эшек.
Мончо
Адамдын черин таратат,
Терди өзүнөн өзү жаратат,
Эриксизден ал күнү,
Күзгүнү көздөй каратат.
Светофор
Өтө баалуу бир зат бар,
Сүйлөгөндү билбеген.
Кызыл, жашыл көздөрүн,
Ирети менен ирмеген.
Тегирмен
Учайын деп канатын ирмейт,
Же канаттуунун сапатына кирбейт.
Суунун башы,
Алтын ээрдин кашы30,
Муну тапкан адамдын,
Жүзгө жетсин жашы
Басалагы басып жатат,
Сугалагы сугунуп жатат.
Такыраң ташта така ойнойт,
Така ойносо жеке ойнойт.
Жүгүрөт-жүгүрөт,
Бирок кырдан аша албайт.
Каңгыр-күңгүр үнү бар,
Чычкан кирчү ийни бар,
Айланасы кызыл жар.
Жандан чыккан эки мыкты,
Ичине ачууланып темир тыкты.
Акырында алып келип жем таштаса,
Каарданып баары жоогун алып келип сайга тыкты.
Тогуз төөгө жүк келсе,
Тойбоду такыр чөнтөгүм
Кат-кат менин чөнтөгүм,
Каттайт менин чөнтөгүм.
Токсон жерден той келсе,
Тойбойт менин чөнтөгүм.
Караңгы үйдүн каманы,
Кара таштын таманы.
Караңгы үйдө каман күркүрөйт.
Телеграф
Жапанга бүткөн бир жигит,
Үстү — темир, асты — таш.
Учу Самаркан менен бутакташ.
Аягы Букар мен танапташ
Катар-катар, кара нар, карды өспөйдү,
Ар заманда аягын бир козгойду.
Баарын бирге тиркеген ак баш атан
Замананын төрт бурчун сап ойлойду.
Бу дүйнөдө чыгыптыр боз аргымак
Кет десеңиз кетеди уулап-чуулап,
Кел десеңиз келеди уулап-чуулап.
Бир жылан жердин жүзүн ороп жаткан,
Сурасаң өзү айтады бир тараптан.
О жаным, тапкын муну көп ойлобой,
Чыгады деп айтып турмуз, көңүл чактан.
Билбеймин аяктаарын неме менен,
Бир нерсе аркасында жалгыз кылдан.
Өзүнүн падышалары амир кылса,
Жер жүзүн бир саатта сайран кылган
Устакана
Оозу кызыл аламат,
Түбү кызыл кыямат.
Мыктап тиштеп согушат,
Атасына ырахмат.
Күш-күш күшүлдөп,
Оттор жаркылдап,
Темирлер жалтылдап,
Иштеп жаткан бир үй бар.
Искусство
Адамдын сүрөтү
Адамча тиктейт,
Адамдай өзү,
Ирмелбейт көзү.
Ала кийиз оймосу
Буу-буу мундуз,
Мындан ары кундуз,
Ала кийик териси,
Алты кочкор мүйүзү,
Сокур кара буурасы,
Бучук кана энеси.
Жылкы сүрөтү
Бир байдын бир айгыр үйүр жылкысы бар,
Кылт деп суу ичпейт, керт деп чөп жебейт.
Үйүрүм кана экен деп кишинебейт.
Башы каякка барам деп ойлоодо.
Кино
Көшөгө чакан,
Көп нерсе баткан.
Нурдан түшкөн сүрөт,
Сансыз элес берет.
Үйдөн чыккан эл,
Дүйнө жүзүн көрөт.
Сүрөттөр
Бири жылмайып, бири мостоет,
Тамдын боорунан.
Бирок жансыздай, кыймылсыз
Ушуга боорум ооруган.
Канаттуулар
Аңыр
Кыр башында кызыл короз.
Бөдөнө
Эвен дейди — эвен дейди,
Эвен жайлап биздин эл төмөндөйдү.
Акын болсоң алдыңа айтайын.
Чөп башына конбогонду немне дейди.
Топ-топ, топ камыш,
Топ камыш ичинде Токтомуш.
Тап-тап, тап жорго,
Таман аяк боз жорго,
Желип кетсе жеткирбейт,
Жерге түшсө көрүнбөйт.
Булбул
Өзү кичине чеңгелдей,
Үнү сонун аргендей.
Уккулуктуу сайраган,
Жаз айында жайлаган.
Кыш болгондо кетет да,
Жазында келет кайрадан.
Жайда бар да күздө жок,
Акын деп айтат элибиз,
Гүлдүү жерде, чөлдө жок,
Кай жан бул ойлоп көр.
Бүркүт
Тоодон токум ыргыттым,
Колдон чыкса күркүрөйт,
Ар азуулуу жырткычтар,
Аман калбай калдык деп,
Качып үркөт дүркүрөп.
Ондон камчы канаты,
Он эки ача куйругу,
Сегиз найза, төрттөн тырмагы.
Буттарында жарагы,
Бийик жерде жатагы,
Көзүнө топу кийбесе,
Көбөйөт экен чатагы.
Караңгы үйдө каралуу катын олтурат.
Тиши жок, тили бар,
Шаңшыган үнү бар.
ООзу курч ороктой
Алгырды билип ал.
Жарганат
Атасы куш, энеси чычкан дешет,
Муну өзү да оңойсуз сезет.
Жашынып күндүз кечке жарда жатып,
Кечинде кадалаңдап жерди кезет.
Күндүз жатып, түндө жүрөт,
Муну көргөн адам күлөт
Айсыз караңгыда көзү көрөт
Кыртышы кара жаргактай,
Канаты кадимки чатырдай.
Учат дайым талыкпай,
Күндүзү жатат жансыздай.
Күндүз учпайт, билинбейт,
түндө учса, көзгө илинбейт.
Түнү бою чымын-чиркейди,
Оозун ачып, илип жейт,
Ардактап багат баласын.
Ителги
Тепмейинче албаган,
Тепкенин албай калбаган.
Канаттуунун учкулу,
Канча жүрсө талбаган.
Ойлоп атын тапкыла,
Бул укмуштуу кандай жан?
Жүк бурчунда маңкайып,
Каралуу катын отурат.
Качан да болсо ордунда,
Кыймылдабайт кылт этпейт,
Бир жеринен былк этпейт.
Каз
Таманы жаргак үч салаа,
Жыйнала түшөт басканда.
Тизесин бекем өңөрүп,
Төөчө чөгөт жатканда.
Бул куштун атын эл айтат,
Бут шилтеп бала басканда.
Өзү меңсизден ак,
Эки кулагы сак.
Үшүбөгөн жүрөгү бар,
Эки кара күрөгү бар.
Өзү биз менен жүрөт,
Шамал болорун билет.
Чапаны ак же карала,
Дайым кызыл өтүк кийет.
Кара чыйырчык
Жоголуп кышта,
Жазында келет,
Жодурап таңшып,
Сайрап да берет.
Огородду айланып учуп,
Өсүмдүккө зыян курттарды терет.
Сайрап кетет ар түркүн:
Үнүн да кошуп күкүктүн,
Кишинеп куду жылкыча,
Үргөнүн туурайт күчүктүн.
Карга
Кара атым каңтаргалуу,
Кара ичигим бөктөргөлүү
Каркыра, турна же кытан
Күздүн күнү болгондо,
Өөдө чубайт
Жаздын күнү болгондо,
Ылдый чубайт.
Мойнун буруп ырдаса,
Бураган арген үндөнөт.
Кийимдерин карасаң
Боору кара сырты көк.
Канаттуу болот мындай жан!
Ойлонуп муну ким билет?
Желе тартып желпинет,
Жаз болгондо келишет.
Күз болгондо кетишет.
Жаркырап жаз чыкканда,
Абдан сонун көрүнөт.
Катар-катар учканда,
Эки жүргүн куш экен,
Мунун атын ким билет?
Ай асманда жүргөн жигит,
Алтын чоор тарткан жигит
Күн асманда жүргөн жигит,
Күмүш чоор тарткан жигит.
Сууну тиктейт бир буттап,
Издегени чар бака.
Кекилик
Чикең-чикең жорголойт,
Чикең ташка корголойт.
Топ-томолой чечен,
Тамактары ак ала чечен.
Куп-кумалай чечен,
Куйруктары ак ала чечен.
Сейил-сейил сейилчек,
Сегиз ала түйүнчөк.
Сегиз кыздын энеси
Алиям болсо келинчек.
Муун-муун муунчак,
Муун ала түйүнчөк.
Отуз кыздын энеси,
Он беш жашта келинчек.
Кеминде он беш, жыйырма уул-кыз бир атадан,
Анын ысмын баарысын бир атаган.
Ичинен бирөө бөлүнүп жалгыз калса,
Чакырат бир ат менен баарын тамам.
Букардан келген мунарым
Буту-колу кыналуу.
Куркулдай
Кичинекей учуп жүрөт,
Үйү бар, сууда түнөйт.
Күкүк
Дүйнөдө бир макулук бар,
Беш ай туруп, үйүнө өзү кайтар.
Күндө-күндө жаңылбастан бир сөз айтар.
Ал сөздөн башка сөздү таба албаган,
Кандай баласын өзү бага албаган.
Өз атын атам жадабай,
Жар салат ой-тоо кыяга.
Жумурткасын таштайт ал,
Бир кез келген уяга.
Күрп
Суксуйган узун мойну бар,
Саймалап кийген тону бар.
Кызарат башы, нурланат,
Кыйналса кээде кумсарат.
Кымындай болгон булчуң эт,
«Күлкү-күлкү» деп койсо,
Кере карыш узарат.
Кыргоол
Кын кыналы, кыналы,
Куйруктары кыналы.
Кызыл ала тон кийген,
Жайнап чыккан кыналы.
Өрдөк
Кыргоолу кызыл экен,
Куйругу узун экен.
Жолго түшсө жортор экен,
Жолдон чыкса оттор экен.
Сагызган
Эжекем эжил,
Чачпагы жашыл-алаке.
Эжекем асыр,
Чачпагы жашыл.
Чек-чек баскан,
Чек соор өтүк кийинген.
Жалаң кылыч байланган
Жоо келет деп шайланган.
Сексең-сексең секирип,
Кызылды көрсө айланган,
Жанына эмес кылычын,
Тумшугуна байланган.
Кишим-кишим жүгүргөн,
Күчала бай токунган,
Жан жагына каранган,
Жанына кылыч байланган.
Кидиң-кидиң жүгүргөн,
Кушмаш ээр токунган.
Жашыл ала жамынган (салынган)
Жакшынакай көрүнгөн
Бор менен актап өңдөгөн,
Пайдасын жай көрбөгөн.
Мезгилинде урунуп,
Керегин адам көп көргөн.
Топчу
Керегеде кекилик муунат
Тумак
Кулагы бар, эп келет,
Кийсем, төп келет.
Чокой
Катуу жерди оттогон,
Кайраттуу жерди суулаган,
Чылбырында тээги бар.
Чачпай турган кула атым бар,
Кызыл чийкил жаш бала
Бир нерсеге сугу бар.
Жаш бала бир кийүүгө кумар.
Шапке
Турсам кошо турат,
Отурсам башка отурат.
Такыр жер баспайт,
Аптаптан сактайт.
Шым
Бир зат бар эки жолу бар,
Туурасы кенен учу тар.
Урунуп адам тойлойт,
Ансыз жүрүүгө болбойт.
Эки ачакей түбү бир,
Бөксөгө кирсе шону бил.
Эртең менен тура калдым
Эки айрылыш жолго кире калдым.
Заар менен эки жолго кирдим.
Элечек
Чыктым чынар башына,
Түштүм жеңем кашына.
Кубулуштар
Аяз
Көзү жок, колу жок,
Терезеге сайма саят.
Ийнеси жок, жиби жок,
Тереземди саймалайт.
Тызылдатып эрте-кеч,
Бети-колум аймалайт.
Колу жок, бирок сүрөт тартат,
Тиши жок, бирок тиштейт.
Жамгыр
Тап-тап, тап жорго,
Таба албасаң боз жорго,
Желип кетсе жеткирбейт,
Жерге түшсө көрүнбөйт.
Кара-кара, кар тоо,
Кандар өтүп баратат.
Бийик-бийик, бийик тоо,
Бийлер өтүп баратат.
Бийдин уулу Шадыкан,
Шабыратып баратат.
Талаага таруу чачтым,
Тарпылдап үйгө качтым.
Музга буудай чачтым,
Буркурап үйгө качтым.
Чилдиң бут чий казат.
Жаңырык
Мен кыйкырсам чокудан,
Ал заңгырайт коктудан,
Өзү түгүл изи жок,
Бул эмне деп чочусам.
Тили жок, сүйлөйт,
«Ү» десең, «ү» дейт.
Караңгылык
Көрө албайсың көз менен,
Кармай албайсың кол менен.
Уга албайсың кулак менен,
Сезе албайсың жыт менен.
Падышалык кылат ааламда,
Жашынат ар бир чуңкурда.
Алгач болгон баарынан,
Кийин да болот баарынан.
Күлкү-шаңды жок кылат.
Көчкү
Күүлдөгөн үнү бар,
Коркунучтуу түрү бар.
Куюн
Он эки жылда бир балалайт.
Такырчаң жерде таз ойнор.
Жетсе, жеткен жерин желпип кетет.
Күн желе
Нөшөрлөп жамгыр басылды
Күн жаркып нуру чачылды.
Асмандан түстүү боёк жип
Ийилип жерге тартылды.
(Кыдыров Абзий)
Күн күркүрөө
Чуркагандай жылкылар,
Дүңгүрөйт да дүңгүрөйт.
Сандыктагы сары айгыр,
Сандап-сандап кишинейт.
Айдан азан чакырса,
Ааламга угулуптур.
Буура-буура буркурайт,
Буту колу титирейт.
Күндүн жарыгы
Ак сандыгым ачылды,
Ичинен жибек чачылды.
Сенде бар, менде бар, бүт ааламда бар.
Күндүн чыгышы, батышы
Жылт этти жылгага түштү,
Кылт этти кырдан ашты.
Мөндүр
Тоодон топ түштү,
Буту-колу жок түштү.
Көктөн түшкөн көк буурчак,
Көз ачырбайт сабалап.
Жемиш бакты кыйратты,
Денелерин жаралап?
Муз
Карагайсыз тактайсыз,
Көпүрө салдым балтасыз.
Агайлар келди балтасыз,
Көпүрө салды тактайсыз.
Өткүн
Дыбыр-дыбыр, тып чыкты,
Чыгар замат жып болду.
Сел
Бир эчки келатат,
Сакалын сууга салып,
Куйругун кумга малып.
Тиштин түшүшү
Калалуу коргон бузулду.
Туман
Уучтасам уучум толбойт,
Кое берсем, жерге сыйбайт.
Төмөнкү элдин буурасы,
Жайылып келет чуудасы.
Талаага талкан чачтым.
Оро-оро, ичи толо шоро.
Жерге түшсө буландай,
Көккө чыкса буландай.
Боору бүтүн теңи жок,
Эч биринде жаны жок.
Учкан жылдыз
Көктөн учкан от болот,
Талыганда жок болот.
Чагылган
Тоо борунда кылыч жаркылдайт
Капкара таш жарылат,
Караңгы сеңир айланат.
Жапкара таш жарылат
Караңгы сеңир жаңырат.
Шарт этип бакты жыгат чыңалган кылыч.
Ай-айга багышат,
Алтын табак кагышат.
Күн-күнгө багышат,
Күмүш табак кагышат.
Too борунда кылыч жаркылдайт.
Чатырдан салаңдаган муз
Башы менен жерге өсөт,
Кышта эмес жазда өсөт.
Чачтын агарышы
Кара тоо башын кар чалды.
Шамал
Жетсе, жеткен жерин желпип кетет.
Көзгө көрүнбөйт,
Ийинге илинбейт.
Бир нерсе бар учпайт бийик,
Жер менен көктүн бетин
Миң мертебе айланса да,
Эч бир жери кетпейт отко күйүп.
Кармаласам колго келбейт,
Көрүнбөй келип көзүмдү ирмейт.
Доошу кулагыма чуулдап турат,
Дүйнөдө жансыз учкул зат.
Буту жок, колу жок,
Эшик ачканга шок.
Колу жок буту жок дарбазаны ачат.
Үнү жок бирок үн чыгарат,
Канаты жок бирок учат
Оозу жок бирок ышкырат,
Тиши жок бирок, тызылдатып тиштейт.
Учат бирок куш эмес,
Уулуйт бирок бөрү эмес.
Электр ток
Көзгө тааныш бир куш бар,
Эч билинбейт акканы.
Кандай дөө кечсе да,
Өлүм болот тапканы.
Кылдай ичке жолу бар,
Түгөнбөгөн оту бар,
Табы күчтүү өзгөчө,
Түгөнбөгөн отун ал.
Курал-жарактар
Дүрбү
Алысты жакын кылат,
Жакынды алыс кылат,
Каалагандай көрө аласың,
Көз алдыңда чагылдырат.
Замбирек
Ичи бирөө, ичегиси экөө.
Капкан
Талаада бир ажыдаар уктап жаткан,
Ким басса, өз жанына ажал тапкан,
Ойготпосо, жайы-кышы жата берет,
Аягы чапма болот жерге баткан.
Жапанда бир ажыдаар бугуп жаткан,
Нерсеге не түрлүү себеп,
Аны ойготкон өз жанына каза тапкан.
Жаанда бир ажыдаар бар бугуп жаткан,
Ойготкон жан өз жанына каза тапкан,
Нерсеге нечен түрлүү буюм баткан,
Өзү тажаал, бирок чебер,
Кара жерге абдан баткан.
Кара күчүк кабаган,
Артына кийиз жамаган
Кара итим кабаган,
Оозуна кийиз жамаган.
Ай талаага бир падыша коргон салган,
Азаптуу менен ажалдуу шого барган.
Кудайдын кудуретин карап турсаң,
Адамзат шонусуна айран калган.
Талаада айбар жатты,
Жатып-жатып каза тапты,
Каза тапса да
Өзүнө пайда тапты.
Кишен
Жомогум жомок,
Толгон ай жомок.
Тогуз бир кыздын,
Баасы ай жомок.
Акылдуу адам,
Айткысыз жомок.
Чечен бир жигит,
Чечкисиз жомок.
Бурум-бурум, бурум токой,
Бурулушуп калган токой.
Аптыкайым алган токой,
Айкалышып калган токой.
Бурум-бурум, бурум коргон
Буралышып турат коргон.
Кылыч
Кара бээм калтырайт,
Кабыргасы жалтырайт
Мылтык
Бакырганы тайлактай,
Түшкөн жери бармактай.
Үнү заар кучкач бар,
Жеген жеми көмүрдөн,
Жумурткасы темирден.
Өмүр-өмүр, өмүрдөн,
Жаккан оту көмүрдөн,
Чыңыроо деген бир куш бар,
Жумурткасы темирден.
Бир кушум бар, чаар канат менен учар,
Тумшугу жарык, таш тешер.
Өлүү куш тирүү куштун канын ичер,
Ай жарандар кулак салың,
Өлүү куш тирүү куштан ылдам учар
Курт-кумурскалар
Аары
Тырна-тырналар,
Тоо бооруна жорголор.
Эти арам, сорпосу адал.
Төрт аягын бүйүргөн,
Ай талаага жүгүргөн.
Сорпосу адал, эти арам,
Бул эмине болучу?
Сандыктагы сары айгыр,
Сандап-сандап кишинейт.
Куйруктары карала,
Кулундары сарала.
Кытайдан келген кыңылдак,
Куйругунун учу жылтылдак.
Карайган менен карга эмес,
Кампайган менен жылкы эмес.
Артында тоголоткон немеси бар,
Аны оодарып карасаң,
Атаңдан калган мүлк эмес.
Карарган менен карга эмес,
Үстүндөгү каңкайы,
Аяган менен мүлк эмес.
Кара болуп, карга эмес,
Мүйүздүү болуп, бука эмес.
Буттарында идиреги бар,
Бирок анысы туяк эмес.
Учса оңулдап ыйлайт,
Отурса жер казып жыргайт.
Аноо жерден карга учту,
Учкан менен карга эмес.
Карайган менен жылкы эмес.
Алты аягы боорунда,
Аркалаган азыгы —
Эжигей эмес, курут эмес,
Аңтарган менен мүлк эмес.
Капкара бирок карга эмес,
Мүйүзү бар бука эмес.
Канаты бар куш эмес.
Көгөн
Чийдим-чийдим, чийдим куш,
Чий үстүндө конгон куш.
Канаттары кайкы куш,
Тумшуктары ийри куш.
Кытайдан келген лөк,
Эки көзү көк
Кыска-кыска, кыска жол,
Кырына чыккан бар бекен?
Узун-узун, узун жол,
Учуна чыккан бар бекен?
Ушунчанын ичинен,
Уясын билген бар бекен?
Желбир-желбир күл канат,
Жете албайт чапкан ат,
Жумурткасын ким табат?
Асмандан ак сары куш түштү,
Тумшугу менен жерден кан алат.
Асмандан ак сары куш таң салады,
Түшкө маал болгондо,
Туюк жерден кан алады.
Бир бутак,
Бир бутакта миң уя
Миң уяда миң тукум.
Бир арчада кырк бутак.
Көпөлөк
Ийри-буйру ивелик,
Учу кыйрын ким табат?
Көк ала чаар көк куштун,
Жумурткасын ким табат?
Элең-элең, эрте келет
Этек башы жерте келет.
Каровулга коно келет,
Кардын сувун иче келет.
Элең-элең этип келет,
Эки бутун салып келет.
Качкелең качып келет
Кардын суун ичип келет.
Элең-элең эте кел,
Этек-башың жыя кел.
Эбең-эбең, эбең деди,
Өйдө учуп, ылдый төмөндөдү,
Сөөгү жок бир куш бар,
Мунун атын ким билди?
Канаттары үлбүрөк,
Каалайт экен гүлдү көп.
Балдар көрүп кубанат,
Кармасак деп кубалап,
Түк жеткирбей аларга,
Учуп кетет көкөлөп.
Кел табалы экөөлөп,
Бул кайсы куш эле?
Калдаңдатып канатын,
Караңгыда уктаган.
Күндүз гүлдөн чыкпаган,
Көп алыска учпаган.
Жайлоодогу жалбырак,
Жумурткасын ким билет?
Бир куш бар адам билбейт ичкен ашын,
Пааналап жан сактайды карып башын.
Жүрсө да асманга учуп, жерге конуп,
Эч адам билбейт экен жумурткасын.
Бадыр-будур бадырак,
Батман экен топурак.
Учуп жүргөн жарганат
Мунун жумурткасын ким табат.
Гүлдөн гүлгө конушат.
Балдар кармап ойношот,
Бардык жерде болушат.
Кумурска
Бир падыша ай талаага шаар салган
Колуна жудуруктай алтын алган
Арасы аскеринин үзүлбөйдү,
Кетиптир аскеринен дүйнө жалган.
Алты буту бар,
Эки кирпиги бар.
Чымчыйын десе жүнү жок,
Чыңырайын десе үнү жок.
Топ караган, топ караган,
Топ караган түбүнөн,
Эсепсиз кой тураган.
Кой куйруктуу,
Найча белдүү,
Музоо баштуу.
Жолдо көчө кайнайт.
Кичинекей тору атым,
Ташка тийсе тайыбайт.
Музга тийсе бурулбайт
Берен-берен, берен ат,
Бели жоор күрөң ат.
Тоодон таштан тайбаган.
Көкөлөп уча алат,
Ызылдап обон салат.
Тастайган такырдан,
Кыпкызыл суу алат.
Бир куш бар:
Төрт аягы, куш канаты
Көзүнө көрсө илер адамзатты.
Колунда кылдан назик каруусу бар,
Оорутат тийип кетсе таштан катуу.
Чымын
Чийдим – чийдим, чийдим куш,
Чий башына конгон куш.
Канаттарын каркайтып
Кан башына конгон куш.
Чий-чий чийдим куш,
Чий башына конгон куш,
Каз чеңгелдүү кара куш,
Каш башына конгон куш.
Курулуш материалдар
Акиташ
Отко бышса как болот,
Дубалга сүртсө ак болот.
Мык
Түз болуш үчүн аны башка соккулайт.
Цемент
Уучтаса ундан майда,
Уютса таштан катуу.
Кыймыл аракеттер
Билим алуу
Жылан боор камчы алып дулдул миндиң,
Акылың болсо бир иш бар ойлоп билгин.
Суудан мен барамын суу алмакка,
Идишим кенен эмес бир табакка.
Табагым толор толбос, толуп койбос,
Түшөмүн сарсан болуп мен абакка.
Бүркүт салуу
Тоодон токум ыргыттым.
Өтүк, маасы кийүү
Саар менен турат
Эки илдинди кармап алып,
Ортосуга урат.
Таруу кууруу
«Башым» деп башын буудурду
Сан жылкыны куудурду.
Тон кийүү
Жүндүүмө жүнсүзүм оронду.
Түндүк жабуу
Заар кетет тык-тык,
Кеч келет тык-тык.
Заар кетет илегилек,
Кеч келет илегилек.
Тырмак алуу
Он колумда он шакек бар ал Чынарбай,
Он койду карышкыр жеди кан чыгарбай,
Аны тапкан адамга өзүм барам мал чыгарбай.
Беш койду жейт бир карышкыр кан чыгарбай,
Ону тапкан жигитке кыз бериш керек мал чыгарбай.
Чий чырмоо
Кичкине гана кал эчким,
Кыя-кыя жол баштайт.
Аркы өйүздүн жылкысы
Шака-шука тебишет.
Берки өйүздүн жылкысы,
Бака-бука тебишет.
Эгин басуу
Дөң жерди тегиздеп чаптым,
Дөмпөйтүп жыгач чачтым,
Атка чиркеп таш кулаттым,
Жыгачым саман болду,
Жолдошум шамал болду,
Саманым шуру болду,
Шуруга кабым толду.
Логикалык
Суу качан тик турат?
(Шишеге куйганда)
Энеңдин сиңдисинин жездесинин баласы ким болот?
(Өзүм)
Адамдар менен унаалар басып өтүүчү жаныбар кандай аталат?
(Зебра)
Акылың болсо аңдап бил
Эсиң болсо эстеп бил.
Энеңдин сиңдисинин жездеси ким?
(Өз атасы)
Үйдүн төрт бурчунда төрт мышык.
Ар биринин каршысында бирден мышык.
Баары бириксе, канча мышык?
(Төрт мышык)
Үч мышык олтурат.
Карама-каршысында экиден мышык.
Бардык мышыктар канча?
(Үч мышык)
Топ чымчык, топ чырпык.
Топ чымчык топ чырпыкка экиден консо,
Артып калат бир чырпык.
Топ чымчык топ чырпыкка бирден консо,
Артып калат бир чымчык?
Канча чымчык? Канча чырпык?
(Төрт чымчык, үч чырпык)
Кандай идиштен тамак иче албайбыз?
(Бош идиштен)
Кайсы өсүмдүк баарын билет.
(Хрен)
Жаан жааганда кимди чачы суу болбойт?
(Таз)
Жашыл адамды көргөндө эмне кылыш керек?
(Көчөдөн өтүш керек)
Жаан жааганда коён кайсы бактын түбүндө отурат?
(Суу бактын түбүндө)
Жылы бою жылаңач.
(Адам жүзү)
Кайсы жерде суу тикесинен турат.
(Кудук)
Медициналык аспаптар
Микроскоп
Текшерүүгө пайдалуу,
Айнекчеси бар дагы.
Айнегинен карасаң,
Кичинени чоңойткон.
Колума алып карасам
Турат андай болбостон,
Кандай нерсе болду экен,
Таба албадым ойлосом.
Термометр
Жылууда тоого чыгат,
Суукта ойго жылат.
Мелүүндө орто жерде турат,
Баскан жолун чотко урат.
Айнекке жатып бир чүрөк,
Көрүп өт дейт мөлтүрөп.
Аптапта бою узарат,
Аязда бою кыскарат.
Мезгил, убакыт
12 ай
Он эки бир тууган,
Аларды ким тууган?
Бүгүнкү күн
Эч качан болгон эмес,
Жана болбойт да,
Бирок ал азыр бар.
Жаз
Ыйласа жашыл сел болуп акты,
Ак тонду алып, жашыл тон жапты.
Жашыл тонго көз жашы жагып,
Түрдөп-түрдөп саймасын сайды,
Бул кандай сулуу, кана, ким тапты?
Жай
Коон-дарбыз желелеп,
Сары гүлдөр ачкан кез,
Сабиз-пияз баары өскөн,
Кайсы убак ушул кез?
Аалам жашыл кийинет
Элдин баары сүйүнөт.
Жылдын төрт мезгили
Бири ак ат,
Бири кара ат,
Биринин соңунан бири чуркап,
Жыл сайын куушат?
Төрт нерсе бири-бирине жете албаган,
Ажырап бири-биринен кете албаган.
Өздөрү бул дүйнөнүн камын ойлоп,
Ойлогон максатына жете албаган.
Дүйнөгө төрт падыша кылган сурак,
Экөө салар жумушка жанды кыйнап.
Бирөө букарага эрик берип,
Бирөө үчөөнөн да кыйыныраак.
Күз
Түштүккө кетирет канаттууну,
Бак-даракты чечинтет.
Алып келет түшүмдү.
Боёкчу келди, боёгу жок,
Жалбырактын баарысын сары түскө боёду.
Бак-дарактар чечинип, жалбырагын таштады.
Талаа бош,
Жер нымдуу,
Жаан тыбырайт,
Күн сууктайт.
Күн кыскарып, түн узарып,
Баба дыйкан бул мезгилде түшүм жыйнайт шашылып.
Кыш
Асман аппак, буласын чубап,
Бак-дарак башын каптады бубак.
Ой-тоонун баарын кумшекер каптап,
Кырс мүнөз күткөн, бул кайсы убак?
Аалам аппак кийинет.
Талаа аппак, сууда муз, бул кайсы мезгил.
Кыш чилде
Узуң-узун, уз келди,
Узун бойлуу кыз келди,
Жакалары жалтылдайт,
Бүткөн бою калтырайт.
Үч Карышкыр айгыр жейт,
Терисин бузбай дайын жейт,
Жилигин чакпай майын жейт.
Терисин сыйырбай, этин жеген,
Жилигин чакпай чучугун жеген.
Убакыт
Баарын жутат ал нерсе:
Жаныбарды, канаттууну,
Токой менен үй-жайды.
Болот кемирип, темир жейт,
Каттуу ташты жок кылат.
Бай-манаптар, падышалар,
Баарынан күчтүү бийлиги.
Канаты жок, буту жок,
Эч ким ага жете албайт.
Металлдар
Аллюминий
Ак топурактан жасалган,
Бардык жерде колдонулат.
Кашык, казан, мискей идиш,
Зым, тетиктер адамга керек.
Темир
Отто эрийт,
Ойсоң оюлат,
Оюңдагыдай чоюлат.
Музыкалык аспаптар
Балалайка
Дыңылдаган үнү бар,
Чычкан кирчү ийни бар,
Айланасы кызыл жар.
Барабан
Кош таяктап кандай урсаң
Дал ошондой бакырат.
Бирок ыйлабайт,
Балдарды чакырат.
Домбура
Салдырдым эки жорго даңгыр жолго
Он жигит кызматына жарап турду зорго-зорго.
Базардан сатып алдым кара аргымак,
Белинде тартбасы бар буунак-буунак.
Чуу дегенде кетти зырлап-зырлап.
Дутар
Он эки белбоо,
Эки аркан.
Эки казык,
Бир бакан.
Керней, сурнай
Узун сайда уй мөөрөйт.
Кыска сайда кыз мөөрөйт.
Комуз
Эки колду иштетсең,
Үндөр чыгат терметкен.
Узун терек жыгылды,
Учу менин колумда.
Булбулдары сайраса,
Тили менин колумда.
Баатыр кашка маңдай кан,
Чечен кашка таңдай кан.
Колго түшкөн керме аркан.
Бир эшек көтөрдү,
Үч катар кермемди.
Кермемди тытмалап,
Айта бердим сарменди.
Башында үч балбан,
Керишти кермемди.
Буудайдай оозу бар,
Булбулум сайрай берди.
Мамыга үч арканды байладым,
Беш камчылап, безелентип айдадым
Даңгыр жолдо үч жорго.
Үч жеринде жоору бар.
Жонунда жайдак ээри бар.
Курсагы бар учасынын тышында
Кулагы куйругунун учунда
Ичегиси тышында.
Кулагы бар куйругунун учунда
Курсагы бар соорусунун тушунда.
Ичи ичинде, ичегиси тышында.
Мандолина
Узун сайда уй мөөрөйт,
Кыска сайда кыз ыйлайт.
Куйругу кулагынын учунда,
Ичегиси сыртында,
Ичи арык, сырты семиз,
Муну тапкан кишинин акылы деңиз
Ооз комуз
Сагызганым шак этет,
Шагы менде калган жок.
Узун чыбык солк этет,
Учу менде калган жок
Сагызганым шакылдайт
Сагы менин колумда.
Узун чыбык солкулдайт
Шогу менин колумда.
Орус кыяк, гармонь
Дагы да жийделүү бай, жийделүү бай,
Сапсары омуробу түймөлү ай.
Биригип экөө-экөө обон салат,
Кандайын ал нерсенин билбедим ай
Жогорудан келет, түймөлүү бай
Омуроо жаркылдайт түймөлүү бай.
Кыз менен күйөө биригип өлөң айтса,
Булардын не дегенин билбедик ай.
Бир шаар бар капкасынын саны жети,
Сырдаган төрт бурчу бар эки беттүү.
Эки ак куу тили менен сүйлөшүшөт
Сайраган булбул көк тоонун бети.
Окуу куралдары
Бор
Өзү аппак жазылат,
Жер түбүнөн казылат.
Актан карага сайганы — сайма,
Ийне-жиби кайда?
Глобус
Өзү тоголок, топ эмес,
Шаары бар, үйү жок
Дайрасы бар, суусу жок
Дептер
Ичин тамгасыз койгон
Китеп дейин десем,
Он эки беттүү, тамгасыз, жолдон
Оңой нерсени окуучум ойлон.
Карта
Суусу бар, ичүүгө болбойт,
Жолу бар, жүрүүгө болбойт,
Шаары бар, басууга болбойт.
Келиптир бул дүйнөгө төрт көзү бар,
Кийингени атлас, шайы төрт кызы бар.
Сурасаң небереси жыйырма алты
Асынган жоо жарагы сегизи бар.
Ажайып бир нерсенин төрт көзү бар,
Атылас, шайыга бөлөнгөн төрт кызы бар.
Андан башкасын эркек- ургачы экенин
ажырата албайбыз.
Бир ажайып иш көрдүм төрт көзү бар,
Атлас, шайы кийген төрт кызы бар,
Жарак-жабдык салынган сегизи бар,
Эркек, ургаачысын билбеймин он алты бар
Китеп
Кат-кат тону бар,
Ичи толо кени бар.
Кат-кат жалбырагы бар,
Чынында жыгач эмес.
Тиккен тиштери бар,
Бирок кийим эмес.
Тил оозу жок туруп,
Киши менен сүйлөшөт.
Чындыгында киши эмес,
Кишиге акыл үйрөтөт.
Өзү ак, сөзү кара.
Ай Талаада бир дарыя бар, бети каткан,
Бетинде бетегеси чыгып жаткан,
Кор болбос ушул дарыянын даамын таткан.
Өзү сүйлөбөйт,
Бирок кишиге акыл үйрөтөт.
Там үстүдө терек,
Ону кесмекке эр керек.
Татынакай сырты бар,
Түркүн-түркүн нерсени
Таамай айтат чынчыл ал
Кабат-кабат каптама
Акылын болсо аттаба.
Бир нерсе ал билбегенди билгизген
Далай жолу мээге сезим киргизген.
Сандыгым бар өзгөчө
Колго алып жүрөмүн.
Ичин ачып антарып
Өмүр сырын билемин.
Бир куш бар дүйнөдө берери көп,
Өзү жансыз, адам менен акылдаш акылы көп.
Отуруп алып ичин ачам,
Баатырларча аралашам,
Аябаган кызыкка батам,
Аягына жеткенче шашам.
Өзү сүйлөбөйт, бирок кишиге акыл үйрөтөт.
Алып жүрсөң колуңа, акыл берет башына.
Оптика
Көлөкө
Алаң-алаң, алаң аяк,
Жете албаймын жалаң аяк.
Чапса чабылбайт,
Кессе кесилбейт.
Менин бир тонум бар,
Балка менен урса да айрылбайт,
Таш менен урса да айрылбайт.
Тоого чыктым, жазыны көрдүм.
Айрылбаган балээни көрдүм.
Бир адамды он адам кылам десе,
Башынан ойлоп жүрүп камын жесе,
Бир адамды он адам кылат экен,
Көрүнөө сандык алып өзү келсе.
Органдар
Баш
Кош кайкыда турагы бар,
Кош каухардан чырагы бар.
Керемети ааламга тиет,
Аалам ага башын иет.
Баш бармак
Беш бир тууган бар эле,
Баары бирдей жаш эле.
Ичинде бирөө баш эле,
Баарынан бою паз эле.
Беш манжа
Беш баламдын бою барабар эмес.
Беш бир тууган жылы бир,
Бойлору башка.
Бут
Эки туяктын бири алдына кетсе,
Бири артта калат.
Алды-кийин эки атым чуркайт.
Каркыра жолу кайык,
Турна жолу туюк.
Эки күлүк бар,
Биринен бири озот.
Желин
Эртең менен кетет чубалып,
Кечинде келет көнөккө суу алып.
Жылкынын куйругу
Жарга таяк сүйөдүм
Сууга кирсе миң,
Суудан чыкса бир.
Ичеги-карын
Ийирдим – ийирдим,
Ийри тамга кийирдим
Керим-керим, керим токой,
Керилишип келген токой.
Бурум-бурум, бурум токой,
Буралышып жаткан токой.
Абил акем айткан токой,
Айкалышып жаткан токой.
Токой толгон кийик,
Толгонуп жаткан кийик,
Атакем аткан кийик,
Айланып, жаткан кийик.
Атакем айткан жомок,
Айлана бүткөн жомок,
Токой толгон жомок,
Толгонуп бүткөн жомок.
Каш
Кайнар булак үстүндө кара кыя.
Кекиртек
Ойлосом жаман экен көңдөй терек,
Дем алган дүнүйөдө жанга керек.
Мун үчүн отко түштү, чокко түштү,
Болбосо дүнүйөдө жан-жаныбарга не керек.
Киндик
Өзүңдө бар, эсиңде жок.
Жаламанын боорунда жалгыз ыргай.
Жар боорунда жалгыз чуңкур.
Кирпик
Эки адам аякташат,
Бири бирин таякташат.
Аркы өйүздүн карагай
Берки өйүзгө жыгылат.
Берки өйүздүн карагай
Аркы өйүзгө жыгылат.
Аркы өйүздө көп жылкы,
Берки өйүздө көп жылкы,
Тебишет да кагышат.
Койдун шыйрагы
Атсаломуалейкум молдо чарык,
Эки тутам, эки эли башы жарык.
Кол
Күлүктү чабам, желдирем,
Камчы урбай катуу теминем.
Жем-чөп жебейт бул буудан,
Суу да ичпейт бир ууртам.
Көз
Эртең менен туруп
Эки таш ыргыттым
Эки суу бар,
Бирине бири кошулбайт.
Чуу-чуу чөлмөгүм,
Чөмүч кара жашыгым
Алты төөгө бербеген,
Алтын кара кашыгым.
Төөгө бербеген атым, кара кашым.
Кичинекей медерим, жер түбүнө жетерим.
Кичинекей каратай,
Жер түбүнө барат ай.
Ит-ити булак үстүндө кайнар булак.
Дүрбү десем дүрбү эмес,
Дүрбүнүн миңине бербес.
Дөң астында кош чырак.
Ала-буйла ааламга жетет.
Бир ала арканым бар,
Жетпеген жерге жетет.
Басса бармактан чыкбайт,
Кое берсе жер-сууну чайкайт.
Ачып ийсем, ааламдын баарын көрөт,
Жуумп алсам, эч нерсени болжобойт.
Ачып ийсем, алдымдын барын койбойт
Жыйып ийсем, жарты жаңгактын көзү толбойт.
Акырда ала тай ойнойт.
Кичинекей медерим,
Жер түбүнө жетерим.
Ачып ийсем ааламдын баарын койбойт,
Жыйып ийсем жарты жаңгактын көзү тойбойт.
Эки тууган бирин-бири көрбөйт.
Кыпын түшсө ооруган
Эки нерсе кичине,
Бирок, тоо, көл, токойлор
Батып кетет ичине.
Бул эмне билип ал,
Пайдасы зор кишиге.
Кулак
Эки бир тууган бирин бири көрбөйт.
Калдыр-кулдур жаргагым,
Карый көрбөгүн.
Калдыр-гүлдүр этти,
Карыгыча көрбөдүм.
Карасам жок,
Кармасам бар.
Жар түбүндө жарты алачык.
Баары ичинде.
Малдын буттары
Төрт киши:
Экөө басса,
Экөө турат.
Мамык
Аны жерден көтөрүү оңой, ыргытуу кыйын.
Мурун
Или булак-или булак.
Мүйүз
Эл жатса да, Элебайдын эки уулу жатпайт.
Ийри талга кар жукпайт.
Мышыктын көзү
Оймоктой жерден от чыгат.
Ооз
Ээ эпилдек,
Жаа жапылдак.
Таңдай
Кызыл кудук-кызыл кудук,
Турбаса суудан жутуп,
Соолуп калат, кандай шумдук?
Тил
Эгер болбосо ал, баары болмок дудук.
Дайыма ооздо, жута албайсың.
Сөөгү жок, эти бар,
Сүйлөгөн сөзү бар.
Казан толо чий боорсок.
Ортосунда чоң боорсок.
Тиш
Бир текче,
Бир текчеде жүз мыкча.
Биз-биз, биз эдек,
Отуз эки кыз эдек,
Бир тактага тизилдик,
Бирер-бирер үзүлдүк.
Биз ям, биз ям, биз эдек,
Биз ям байдын кызы дек.
Бизди бузган бузулсун
Ак мончоктой тизилсин.
Тооктун бөтөгөсү
Гөшү тышында
Териси ичинде.
Төөнүн буйлары
Жалама зоонун боорунда
Жаңгыз куурай кыштамыш.
Төөнүн куйругу
Асмандан таяк (көсөө) саңгилдейт.
Туяк
Ташка тийсе кетилбес,
Сууга тийсе эзилбес.
Суу түбүндө төрт токоч.
Тырмак
Эрмекей, эрмекейден озбойт экен,
Алтын аяк, күмүш табак,
Акыретке барганча тозбойт экен.
Жогор жактан соно келет,
Тал башына коно келет.
Үкөктөгү үзгөн эт,
Үзсөм, үзсөм түгөнбөйт.
Беш аттуу, бешөө тең кашка аттуу.
Белбоодо беш ат,
Бешөө тең кашка ат.
Беш колумда беш жүздүк,
Он колумда он жүздүк.
Букардан келген он ат,
Ону бирдей кашка ат.
Беш сарт муз көтөрүп баратат.
Уйдун эмчеги
Чапса ташты быркырайт,
Бир чуңкурда төрт нерсе ыркырайт.
Төрт сары чаначка ак суу толду,
Төртөөнү бошото турган убак болду.
Арбалаң-тарбалаң, чыйпы-чыйпы, шар-шар,
Айткылачы эмне болду жандырмагы балдар.
Төрт сарт бир ороого куят.
Төрт жолоочу бир үйгө ыйлайт
Төрт дарыя бир сайга куят.
Боорунда төрт упчу,
Мезгилдеп агат ак суусу.
Төрт наристе бир челеке сиет.
Чач
Топ терек, топ терекке суу керек.
Шып терек, шып терекке суу керек.
Тоо башына чөп чыкты,
Чыкканда да көп чыкты.
Сансыз жибек самсаалайт.
Кара кыя үстүндө кара токой.
Бурул-бурул, бурул токой
Бурулушуп калган токой.
Абылгасым алган токой,
Айкалышып калган токой.
Адырдын отун кулаттым.
Эки өрүм чач
Эки терек жуп терек.
Эмчек
Эки дөңдүн чокусунда,
Эки кара таш.
Эки таштын чокусунда,
Тешик бир пас.
Керегеде сасык эт,
Кескилесең түгөнбөйт.
Эрин
Ээ, эпилдек,
Жаа, жапылдак.
Тий-тий десем тийбейт,
Тийбе десем тиет.
Оюндар
Ак чөлмөк
Таптым,
Таманыма бастым.
Ордо
Короолоп тегерегин чийип койгон,
Ичине бир топ койду жайып койгон,
Короону теңдеп туруп ортосуна
Житирип бир казыкты кагып койгон,
Койлорду бир карышкыр айдап чыгат,
Калтырбай бир да бирин ошол бойдон.
Оюнчуктар
Куурчак
Ак чатыр,
Ак чатырдын ичинде
Агала көйнөк кыз жатыр.
Өсүмдүктөр
Апийим
Кулактан көтөрүп муну сыйлайт,
Бетин тытып ыйлайт,
Мунун жашына адам жыргайт.
Ийип кетип сүт берет,
Байып кетип дан берет.
Арча
Суу ичүүнү сүйбөгөн,
Куураганды билбеген.
Жыл мезгилин ылгабас,
Кыштыр-жайдыр кургабас.
Кубарбайт да, куурабайт,
Жайы дагы, кышы да.
Дайм кетпей сакталат,
Буркураган жыты да,
Бул эмне болучу?
Буурчак
Жерден чыкты,
Эки кулагы тик чыкты,
Көгөндөрүн тарта чыкты.
Жерден чыгат жалманып,
Сагактарын байланып.
Гүл
Медет аке башында,
Макмалдан кызыл такыя.
Жоогазын
Жерден жик чыкты,
Эки кулагы тик чыкты.
Бармактай жерге май каттым.
Куйруктары көк ала,
Баш жактары сарала.
Куйруктары карала,
Көчүктөрү сарала.
Камгак
Кокту келсе конот,
Жел келсе желет,
Бул эмне болот?
Учарымды жел билет,
Конорумду жер билет.
Камыш
Узун терек, ичи көвөк.
«Кудайымдын» келини
Куру бекер жүгүнөт.
Узун бою бар,
Курама тону бар.
Узун бою муунчак,
Муун сайын үлбүрчөк,
Өңчөй кыздын ичинде,
Ошол экен келинчек.
Муун-муун, муунчак,
Жети кыздын энеси
Селкилдеген келинчек.
Жым-жым, жым кийиз
Жымылдаган ак кийиз.
Белинде бел боо,
Башында үкү тумагы бар.
Бир эчким бар кыя-кыя жол баштайт.
Муун-муун муунчак,
Муун ала түйүнчөк,
Сегиз кыздын энеси,
Селкилдеген келинчек,
Узун-узун бою бар,
Курамалуу тону бар.
Коко тикен
Сегиз көздүү айбан түстүү,
Тоорунда жалгыз буттуу.
Курай
Эрбегей-сербегей,
Эшик ачып кирбегей.
Эрбегейден-сербегей,
Эки жакты билбегей.
Үйгө басып кирбегей,
Эки жакты бербегей.
Күн карама
Башы күндү ээрчиме,
Төлүн багат бетине.
Өзү көгөрөт, башы тегерек.
Күрүч
Сууда өнөт,
Сууда өсөт.
Сууда бышып,
Суу менен желет.
Кызгалдак
Талаага килем жайдым.
Лавр жалбырагы
Чийки түрүндө жебейт,
Бышкан соң таштандыга таштайт.
Пахта
Чыкканда карарып калат,
Бышканда агарып калат.
Жайында карарып чыгат,
Күзүндө агарып бышат.
Күз болгондо талаага бермет чачылат,
Бирок ал өсүмдүктөн ачылат.
Бир түп мыя,
Он эки кыя
А дүнүйө, бу дүнүйө.
Ундан ак,
Кардан жумшак.
Саман
Акырда ак мончок ойнойт.
Тикен
Чокою барды сыйлашат
Жыңайлакты ыйлатат.
Жол боюнда бай-бай чунак.
Уйгак
Ойлонгула кандай,
Кичинекей шардай,
Жармашат тийсең,
Акысы бардай.
Жумгактан жумгак, толгон ай жумгак.
Акылдуу киши айткандай жумгак
Чечен бир киши чечкендей жумгак.
Үрөн
Кезеги келгенде бир ууч таштап,
Күзүндө алам каптап.
Чалкан
Тийсең ачыштырат,
Биро от эмес.
Чий
Көчкөндө бөөз, өрүүдө кооз.
Жеримде жээр элем,
Жээрен кашка бээ элем,
Суурулдум, субанга түштүм,
Отуз эки кылтакка түштүм.
Мен букарга барып бул болдум,
Буурул сакал кул болдум
Кыркылдым кыпчакка,
Түштүм кырк эки тузакка.
Жерден чыккан жек элем
Желпилдеген бек элем.
Кырга чыгып кырылдым,
Кырк тузакка илиндим.
Адырдагы алты ыргай,
Алты ыргайды мен кыйбай,
Тешигин бүтөп үйүмдүн,
Тегереттим жылуулай.
Ары тоо, бери тоо,
Орто жери сары тоо.
Чөп
Кышында көрүнбөй калат,
Жазында көгөрүп алат.
Жазында жарыкка келди,
Күзүндө үшүп өлдү.
Чүкүрү
Жерден чыгар арып,
Супурасын жайып.
Чырмоок
Табышмак, табышмак,
Тал түбүгө жабышмак.
Шыбак
Мал-жан үчүн эрте бышкан кайсы тамак,
Жер жарып, чүчкүртүп жыты бурап.
Ышкын
Узун-узун узарат,
Башы муштумдай болуп кызарат
Спорт
Бильярд
Он төрт жоргосу бар,
Эки молдосу бар.
Алты тешиги бар,
Ачык турган эшиги бар
Лыжа
Жылгаяк тээп, жылып басат,
Кыш ичи иштеп, жай ичи жатат.
Алар жансыз, бирок төртөө,
Экөө бутта, экөө колдо,
Тогуз ай баспай,
Кыш түшкөндө болот жорого.
Кар үстүндө эки из,
Ким калтырды,
Табалачылы муну биз.
Тогуз коргоол
Эки атасы бар,
Он сегиз энеси бар,
Бир жүз алтымыш эки баласы бар
Эки айчык көл атасы бар,
Он сегиз сараң энеси бар,
Жүз алтымыш сегиз баласы бар.
Төлгөсү бирөөндө аз, бирөөндө артат,
Азы зыян, артканы олжолуу деп,
Тогуздап эки жактан төлгө тартат,
Ал төлгө аягында ачык айтат.
Тогуз табак эт жедим,
Эсебине жетпедим,
Карап туруп алдырдым,
Казынага салдырдым.
Биздин айыл эки айыл,
Өйүз-бүйүз конушкан.
Үй-бүлөөбүз барабар,
Үй башына тогуздан.
Эки чара боорсок,
Баарыбызды тойгузган.
Топ
Тийсе келет,
Тийбесе кетет,
Бирок аны кууса жетет.
Мен айтайын табышмак бар көп тилде,
Алсаң дагы түгөнбөй күндө-күндө
Жүктөсөм да оор келет жүз төрт пилге
Санасам чыга бербейт отуз бирге.
Бири кем отуз.
К
Кыргызстанда биринчи орунда, АКШда экинчи орунда.
Н
Менде бар, сенде да бар
Сен турмак бүткүл ааламда жок.
Ормондо бар да, кырда жок,
Мончодо бар да, үйдө жок.
С
Сенде бар, менде жок.
Аскарда бар, Алымда жок.
Жерде жок, сууда бар.
Койдо жок, серкеде бар.
Эшикте жок, сыртта бар.
Тетиктер
Арабанын дөңгөлөктөрү
Инисин кууп агасы жетпейт
Төрт бир тууган сапар чегет,
Бирин бири кууп жетпейт.
Изи бар кадамы жок аягынын
Тийбеди учу жерге таягынын.
Колдорун айбанга арта таштап
Анан салат экен баянын.
Буурсун
Кичинекей кенентай
Темир ыштан кийет ай.
Соконун тиши
Жер астында ай көчөт.
Тегирмендин барасы
Өзү ийри кожо,
Тебетейи темир кожо,
Үйү суунун боюнда.
Тегирмендин ноолусу
«Кудайымдын» кумганы,
Өйдө карап турганы,
А тарабын чаң басып,
Ал эмине кылганы?
Тегирмендин ташы
Темирден-темирден,
Ортосун чычкан кемирген.
Тегирмендин чакалдагы
Жалама тоодо кийик секирет.
Транспорт жана техника
Автомобиль
Маңдайында көзү бар,
Боорунда төрт буту бар,
Малдан озуп, жер оттобойт,
Бийликсиз эч токтобойт,
Ичкени суюк, кусканы түтүн.
Буту оорубайт, минсе жоорубайт
Аягынын, колуна жетер жетпес таягынын,
Эки аягын кошултуп жолго салып,
Анын салып бара жатат баягынын
Төрт буту бар тегерек,
Күлүк чуркайт тулпардан.
Бирок адам башкарат,
Буту менен камчылап.
Араба
Арбаят-тарбаят,
Асты үйгө кирбейт
Буту жыгач,
Темир чокой тартып алат.
Өзү жерде калса да,
Колун атка артып алат.
Эки бутун көтөрүп, ортосуна итерет.
Окшош-окшош тегерек,
Бирин-бири жетелеп.
Кубалашып жол тартат,
Арткысы такыр жете элек.
Бульдозер
Машина кош чоң дөңгөлөк,
Отурам минип, бут жөлөп,
Денеси туташ дуга тиш,
Кыймылы сонун бир бөлөк.
Иштесем аянт четинен,
Чыгарам түрмөк бетинен,
Көрсөң керек көп жолу,
Ойлоп көр чыкса эсиңден.
Тиши болот темирден,
Тийген жерин кемирген,
Түзөп аңын-дөңүн
Түйшүктүн баарын бүтүргөн.
Велосипед
Чапсам баспайт,
Тепсем басат.
Суу ичпейт да, жем жебейт,
Каалашыңча мине бер –
Чарчабайт да, тердебейт.
Дирижабль
Куйругу канаты жок,
Тамак ичпейт, карды ток,
Жүрүшүнө болжол жок.
Комбайн
Аргымактай жулунган,
Ак буудайды сугунган.
Тазаланган кызылдан,
Барасында чубурган.
Узун кулак,
Кыйык чунак,
Денеси кипкичине, күлгө ынак,
Жүргөнү кылтың-култуң жорго сымак
Туягы тыптырмактай, жаагы узун,
Кандай мал кара далы, узун кулак.
Үй конструкциялары
Мор
Ичи кара, тышы ак.
Терезе
Кирпиги жыгач, көзү көк,
Көзүнөн шоола төгүлөт.
Чатыр
Чоңду-чоңду, чоңду куш,
Чоң дөбөгө конду куш,
Канаттары кайкы куш,
Мурду жаман жайкы куш.
Эки босого
Элебай атам өлөм дейт,
Эки уулу эки жагынан жөлөйм дейт.
Эшик
Бир колу менен тосуп алат,
Экинчи колу менен узатат.
Кулагын баары кармалашат.
Адам кирсе ачылат,
Сыртка чыкса жабылат.
Философия
Азирейил
Баатыр жигит мал соет, кан чыгарбай,
Чечен жигит мал табат, бул чыгарбай.
Касап киши мал соет, кан чыгарбай.
Жан
Жеңимдеги сары алтын
Жерге түшсө табылбайт.
Жүрөмүн бир алтындуу кийик багып,
Мойнума үч жүз алтымыш тумар тагып.
Эки ууру карактап алам деди,
Бекиттим алтымыш эки казык кагып
Жаш баланын акылына киргени
Болдум мен бир заманда хандан тентек,
Чапчу элем көрүнгөнгө катуу келтек,
Бир башым экөө болду жүрүп-жүрүп,
Басылдым акырында мен да желдеп.
Ой
Каза берсе түбү жок,
Кайда жүрсө жүгү жок.
Бир нерсе бар эң күлүк
Адам менен бир жүрүп.
Каза берсе түбү жок
Кайда барса жүгү жок
Кадыры бар үнү жок
Сымаптай чайкалады куштан катты,
Бүтүн дүйнөнү карап келген.
Он сегиз миң ааламда көрбөдүм мындай күлүк,
Тынч алып бир ордунда кайдан жатты.
Сегиз ыйман
Көздө жөк, көкүрөктө нерсе сегиз.
Абал жалгыз, экөө эгиз,
Көз көрбөйт, көкүрөктө нерсе сегиз.
Сөз
Алаң-алаң, алаң аяк
Жете албадым жалаң аяк.
Чындык
Отко салсаң күйбөйт,
Сууга чөкпөйт,
Таптакыр кирдебейт.
Фурнитура
Кулпу
Бир ит бар үрбөйт,
Буттары жок, жүрбөйт.
Уруксаатсыз ал иттен,
Ээси да үйгө кирбейт.
Кулпу, ачкыч
Энеси үйдө калат,
Баласы айыл кыдырат.
Атасынын кулагын баласы чукулайт.
Эшиктин туткасы
Кирсе да көрүшөт,
Чыкса да көрүшөт.
Келген да кол берет,
Кеткен да кол берет
Электр техника
Граммофон
Изи бар, адамы жок, аягынын,
Тийбейт учу жерге таягынын,
Колго урунуп, бураса ийри сабын,
Обонун салат экен баягынын.
Патефон
Каламамды айландырып,
Учугумду жылдырдым.
Сандыгымдын жанында туруп,
Кайра кайра ыр уктум.
Кебетеси сандыктай,
Бурап койсо кишидей
Радио
Асты — тактай, үстү — тактай,
Ортосунда булбул сайрайт канат какпай.
Бир сандыкча ар тилде,
Сүйлөйт, ырдайт, күү чалат.
Там боорунда жабышып
Чоор тарткан ким экен?
Көрүнбөгөн адамдар,
Кутучада отурат.
Тынбай сүйлөп, ырдашып,
Жаактары басылбайт.
Москвада сүйлөсө бизде угулат.
Кичинекей кутуча, үнү чыгат булбулча
Телевизор
Тетигин койсоң бурап,
Алысты жакын кылат.
Дүйнөдөгү укмуштар
Көз алдыңда турат.
Телефон
Коңгуроосу шыңгырайт
Кулагыңа шыбырайт.
Сен сүйлөсөң, жооп айтат,
Бул эмне, билсең айт.
Кош балдагын басып турат,
Кабар келсе шашып турат.
Алысты жакын кылган эмне?
Үтүк
Көйнөктү күндө сылайт түптүз кылып,
Жүрөгү көөдөнүндө ысып туруп.
Жөпжөнөкөй жасалган,
Ысыктыкты ката алган
Бырыш-тырыш кийимдерим
Мына ошондон жасанган.
Фонарь
Чыгарсам колду чөнтөктөн,
Чындыкта жолду көрсөткөн.
Колду салсам чөнтөккө,
Көрсөтпөдү эчтеке,
Жумдугу мунун эмне эле,
Колдо бар эле бирдеме.
Чаң соргуч
Жакшы көрөт жегенди,
Бырыксыган боз чаңды.
Электр лампа
Тышы жалтырак,
Ичи калтырак.
Отсуз күйгөн,
Орун алган үйдөн.
Күйгөн жылдыз,
Кийгени кийим,
Ичкени чийим.
Илинип турат алмурут,
Жешке болбойт аны уруп.
Күндүз кечке уктап жатып,
Кеч киргенде көзүн ачат.
Бирдей карап баардыгына,
Үйгө тегиз мээрим чачат.
Ар бир үйдө от күйөт,
Чогу жок, бар жалыны,
Өзү ичте болсо да,
Тышка тиет жарыгы.
Түшүрбөй баштан калпагын,
Жарык кылат жан жагын.
Электр меш
Отунсуз күйгөн,
Сым менен жүргөн,
Кызаргыча күлгөн.
От жакпастан чай кайнатат,
Өлүп калган булбулду сайратат.
Эмгек куралдар
Алабакан
Эптедим-септедим,
Ак өгүзгө жүктөдүм
Араа
Боору толгон тиши бар,
Жыгач менен иши бар.
Бир киши бар,
Миң тиши бар.
Баан-баан, баани бар,
Отуз эки саны бар.
Муну тапкан кишинин,
Акылында кени бар.
Аякка өтөт чай-чай,
Быякка өтөт чай-чай.
Муну тапкан кишиге
Жүз жыйырма тай-тай.
Ар Этет,
Гүр этет,
Алып таштайт
Тез кемирет,
Майда чайнайт,
Өзү жебейт.
Аркан
Табылгы тартса, тоо бекийт.
Балка
Болсо дагы жыгач моюн,
Баатырдын башы чоюн,
Бир койсом — күм-жам кылат,
Салмактап сакадай боюн.
Балта
Баратып үйдү карайт
Келатып токойду карайт.
Чың билек, чымыр каруусу,
Чоюн баш, жалгыз азуусу.
— тиштей албайт жүгүнбөй,
Келсе да катуу ачуусу.
Бүлөө
Керегеде кесик төш,
Кесип жесем табылбайт.
Жыгач күрөк
Билегим ичке, алаканым чоң,
Бир пуд жүктү көтөрүп да коем.
Ийик
«Ылдам-ылдам чуркайлы,
Иш бүтөбү эринсек» —
Деп жүгүрөт тызылдап,
Кичинекей келинчек.
Учтуу терек үлпүлдөйт,
Учу менин колумда.
Кичинекей келинчек,
Жүгүрүп жүрүп боозуйт
Тегеренип ак үйдү,
Аппак улак жүгүрөт.
Кичинекей келин
Үй айланып боозуйт.
Жүгүрүп жүрүп бооз болду.
Ободо бир куш бар жалгыз аяк,
Тиштегени чөптөн таяк.
Урган сайын семирет,
Курчанган сайын теминет.
Жомогум, жомок,
Толгонай чомок.
Дүйнөдө бир кемпир бар жалгыз аяк,
Оозуна тиштегени чийден таяк.
Базарда бир макулук бар жалгыз аяк,
Оозуна тиштей турган чийден таяк.
«Чарп» этер шапалак менен салып калса,
Жүгүрөт өзүн-өзү аймай ак.
Бир кемпир бар жалгыз аяк,
Тиштегени чийден таяк.
Шапалакта болгон сайын семирет,
Белинде куру миң сексен кабат.
Ак улагым арканда жатып семирет,
Көк улагым көчөдө жатып семирет.
Ак улагым айылда жүрүп семирди.
Ак күчүгүм жүгүрө-жүгүрө бооз болду.
Ак дүйнөдө бир кемпир бар жалгыз аяк,
Оозуна тиштегени — чийден таяк.
Ийне
Жылт этти,
Жылгадан ашты.
Казык
Бутун учтап,
Башка муштап,
Токмок менен койгон экем,
Буту жерге жетти бекем.
Кайчы
Керегеге илинүү, асил кызга билилүү.
Тап, таппастан карап туруп калат.
Эки кылыч, эки шакек,
Ортосунда бурама.
Кетмен
Ыргытат жерди тиштеп,
Тыныгат иштеп-иштеп,
Жөнөрдө жумушка,
Шап эле ийинге минет.
Диң-диң чолок жер казат
Асманга чыкса жаркырайт,
Жерге түшсө такылдайт.
Койчунун таягы
Заар кетет тык-тык,
Кеч келет тык-тык.
Кырга чылым каттым
Коңгуроо
Быягы зоо, ал жагы зоо,
Ортосунда шыңгыр зоо.
Көөрүк
Күн күркүрөйт,
Күмөн шаркырайт
Кыл жуугуч
Өйүзгү элдин жылкысы,
Өйүз ылдый куюлат.
Бүйүзгү элдин жылкысы,
Бүйүз ылдый куюлат.
Жаман тумак боз бала,
Тосо албай буюгат.
Керегеде муштай гөш.
Капталды капталдай чапкан байбарак баатыр
Кычкач
От ичинде олоймон, отту чымчыйт
Суу ичинде сулайман, шардан ыргыйт.
Отту оролой чапкан Байбарак баатыр.
Олоңдоп долу келген,
От кармайт колу менен.
Чокту кармайт тайманбай.
Метр
Өзү өлчөп өз боюн,
Жазып алган бооруна,
Жакшы билет кызматын,
Кармай билсең колуңа.
Мөкү (чарык)
Керегеде кедей шалпык.
Оймок
Өзү бирөө, көзү жүз.
Кашкардан келген буурул ат,
Таманы ташка туурулат.
Казыктын башында, калдыргач ойнойт.
Орок
Керегеде ийри кабак,
Аны таба албагандын дарты тамак.
Көк өгүзүм көл жапырып баратат.
Шып-шып этет
Шылып кетет
Ак коюумду уштадым,
Көчүкө бир муштадым.
Көк өгүзүм кол жапырып баратат.
Шып-шып этет.
Шылып кетет.
Орус ийик
Куу-куу бараган,
Куу-куу келеген.
Алтын менен мадаган,
Темир менен кадаган.
Өрмөк
Кыл-кыбырды кыла берсе болот,
Эки четин кымырып ура берсе болот.
Кыл кыбырыны кыдыртып,
Кылса болот турбайбы.
Жилорунга жылдырып,
Урса болот турбайбы.
Кыл кыйрылуу болот
Эки чекесин ымырып-жымырып
Ура берсе болот.
Пахта ийре турган чыгырык
Узун терек үлпүлдөйт,
Учу менин колумда,
Сагызгандар шакылыктайт,
Шагы менин колумда.
Соко
Ат-өгүзүн парлап айдап,
Артында жүрүп келет.
Боз териңди болбой ийлеп,
Тасмадай тилип берет.
Кичинекей буурусун
Тегеректи куурсун
Сугаргыч
Короону араласа,
Өзүн каз моюндуу көрөт.
Эңкейген жерге,
Себелеп сууну төгөт.
Талкуу (орусча мялка)
Ачалакта жумалак,
Айры бутка кумалак.
Тараза
Бир таягы бар,
Төрт аягы бар.
Орто жеринде куйругу бар,
Өзү айтчу буйругу бар
Кеп айтууга тили жок,
Тилдүүлөрдөн бат сүйлөйт.
Көөнүңдөгү жалпыңды,
Жашырбастан так сүйлөйт.
Талдан таягы бар,
Темирден туягы бар.
Бу айылда буйругу,
Ол айылда буйругу,
Ортосунда куйругу
Алты аягы бар,
Эки туягы бар,
Бир таягы бар.
Алты буту бар,
Белинде куйругу бар.
Ай экөө, жылдыз үчөө.
А тоо, бу тоо,
Ортосунда саңгил тоо.
Темир күрөк
Тиши темир, денеси жыгач,
Айныбастан кызмат кылат.
Жумшасам жердин ичине кирип,
Ичегисин да илип чыгат.
Тигүүчү машина
Суу ичпеген бөдөнөм,
Жем жебеген бөдөнөм,
Түрдүү гүлдүн үстүндө,
Жөргөлөгөн бөдөнөм.
Ок жыландай шыпылдайт,
Арканын сүйрөп тыкылдайт.
Азуусу бар чайнайт,
Илгери карай айдайт.
Кара тоогум какылдайт,
Канаттары шакылдайт.
Жылганы жыландай,
Жылма кара кунандай,
Отурганы кишидей,
Оттогону куландай.
Бир нерсе бар жүгүрөт, тойбойт,
Астына келгенди бир саатта койбойт.
Бир кушум бар аңги,
Кулактары баңги,
От жебейт, суу ичпейт,
Ошонусуна балли.
Аш жемайди Лайликан
Көш жемайди Лайликан
Узун килем үстүдө
Отурады Лайликан.
Тулга
Үч буту бар,
Балаадай күчү бар.
Үч буттуу, бирок, аксабайт
Тырмоок
Тиши бар бирок тиштебейт.
Устара
Тийген жери жалтырайт
Кичине кана чилетир,
Төштүн отун кулатты.
Бир балта менен миң карагай кыйдым.
Чалгы
Узун жыгачка туурасынан кылыч аштадым,
Кылычымды кынсыз сактадым.
Көк жайыктын токоюн көрдүңөрбү?
Бир күндө кыйып таштадым.
Кыңырыкта кын болбойт,
Кын болсо да тыгыны болбойт.
Бир чыбык менен миң кой айдадым.
Чот (орусча счёт)
Он өрдөк коно калды балаганга,
Болоду сексен сегиз санаганга,
Үстүнө беш карчыга коно калса,
Жетеди адамзаат санаганга.
Арабам дөңгөлөйт, жер баспайт,
Канча, канча чатак чыкса,
Жакшылар жыйылып, кеп, акыл салса
Эч бирөөдөн акылы жанашбайт.
Эсепчи башы бар,
Токсон төрт жашы бар,
Ар биринде ондон,
Бирөө гана төртөө,
Бул эмне деген нерсе?
Ширеңке
Кичинекей сандыкча,
Ичи толо мыкча.
Сонун сарай ичинен,
Чыга келет шарт этип,
Күндүз дебей, түн дебей,
Күлүп берет жарк этип.
Тартып ийсең жалын чыгат.
Сандыкча, сандыкчанын ичинде жык балача.
Кичине гана кутуча,
Ичи толо мутуча.
Өзү сүрөт,
Сүрсө күлөт.
Кичине сандыкча,
Ичи толо мыкча
Ширеткич
Темирге турса тийгизип,
Тешип кетет күйгүзүп.
Шыпыргы
Ар эшиктин алдында,
Бир бели байлануу кул жатат.
Өзүн жыйнаткан,
Бекем байлаткан,
Шиштен башканы минбейт,
Короого чыкса бийлейт.
Эмеректер
Кол жуугуч
Киндигин бассаң, булагы аккан,
Жерде турбайт, кабарын уксаң,
Желкеси кетпейт темир мыктан.
Күзгү
Там-там таменек,
Тамдан чыккан коенек,
Күлү шаар ичинде,
Күлүп турган коенек.
Табышмак-табышмак,
Тай куйругуна жабышмак.
Көлөкөсүн көрүшмөк,
Көрүп туруп өбүшмөк.
Көлөкөсүнө көрүшмөк,
Көлдө жатып өбүшмөк
Көлөкөдө көрүшмөк.
Жалтырайт көңүлдү бөлөм,
Карасам өзүмдү көрөм.
Ой тобо муну кандай уста кылды?
Көрөт экен үйдө туруп тыштагыны,
Кокустан тийип кетсе өлөмүн дейт,
Өмүрүн мынча неге кыска кылды?
Бир адам бир адамга каршы келди,
Ортосуна бир кесек муз туш келди.
Адамдын бири өлүү, бири тирүү,
Тирүү айланып өлүккө келди эле,
Алиги өлүк айланып тура келди.
Орундук
Төрт бир тууган,
Бир калпак кийген.
Ат сыяктуу,
Адамдар минген.
Төрт буттун бирдей болуп аралыгы,
Бирок баспайт,
Таягычы бар эч ким таппайт.