Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Энесай

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Энесай

Энесай — Түштүк Сибирдеги б. з. ч. II кылым жана б. з. ч. X кылымга чейин жашаган кыргыз доору жана маданияты.

V-IX кылымдарда сай-сайлаган кыргыз элинин башын бириктирген кагандары, баатырлары чыгып, кыргыздар согуш өнөрүн өздөштүрүп, черүү күтүп, өркөнү өсүп, дөөлөттүү эл болуп калган. Алар көчмөндөрдүн ичинен биринчилерден болуп, кен казуу, темир иштетүүнү билишкен, жерди сугарып, мол түшүм алып, дыйканчылыкты өздөштүрүшкөн. Жоого минер аттары короодо, кылычы колдо болуп турган.

Жалпы маалымат

Кытай окумуштуулары энесайлык кыргыздардын Тан доорундагы жайдары жашоосу жөнүндө кийинкидей баяндама берген:

«...Апай Тоонун астындагы тектирде аппак боз үйлүү айыл четинен төөлөргө жүк жүктөлүп, аттардын куйругун түйүп, жолборстон кээжим жаптырып, жолоочулар узап баратышат... Жайкы саратанда закымдаган теребел учу-кыйырсыз кең жайлоодо балкыйт, төрт түлүк мал тоо этегинде, кыркаларда, мелүүн күндө салкындап жатты. Ак калпакчан, шырылган чапан, бирок атка жабыша минген алп мүчөлүү атчан укуругун сүйрөтүп, колунда камчы, жайлоодогу малын айдап, аркы-терки чапкылап жүрүшөт. А кышкысын болсо жаа жебесин асынып, найзасын жанга алып, кушун колуна кондуруп, тайганын ээрчитип көз жеткис жайлоодо аң уулап жүрүшөт... Ал эми Энесай маданиятындагы балыкчылары болсо себетин жонго асынып, балык сайчу айрысы менен Энесайдын бетиндеги музду көзөп, балык кармашат. Кечте балык кармап кайткан кыргыздар, топ-тобу менен чанага түшүп, муз менен кардын үстүндө куштай сызып, оюн тамаша курганга өтүштү...»

Энесайдагы кыргыздар мал-мүлктүү, оокаттуу, бай жашаган, ак сөөктөрү кырлуу, чокчогой учтуу, алтындан зээр баскан калпак кийген. Жоокерлери, эрлери киселүү кур курчанышкан. Эркек, аял дебей бирдей сырга тагынышкан.

Таш доорунун башталышынан бери жылкынын башы же сөлөкөтү жасалган кичине коло тумарларды тагынышкан. Бул — Энесайлык кыргыздардын жылкы жаныбарды башка жандыктардан «Ат — эр жигиттин канаты» деп жанындай көргөндөрүн далили. Эр менен аттын кошо көмүлгөнү азыркы күндө археологдор тарабынан далилденип турат. Санжыра боюнча тогуздап мал берип, кыз алуу, куда түшүү, айып тартуу энесайлык кыргыздардын доорунан бери келе жаткан адеп.

Муну кээде «тогуз-тогуз сыйлык» деп айтышчу экен. Мындай өтө кадырлуу учурда — каган алдына барганда, же тегиндер куда-сөөк күткөндө, же чоң олжолуу жеңиштерде элге олжо бөлгөндө колго түшкөн кулдар, күңдөр тартууга кеткен.

Айтсак: каганга тартуу алып бара турган болсо, тогуздап — тогуз кыз, тогуз эр, тогуз тон, тогуз бүркүт, тогуз аргымак ж. б. деп отуруп, белек башын санаса жүзгө жеткирген экен. Көчмөн элдердин социалдык турмуштун жашоо тажрыйбасын жана жазма тарыхты карасак, башка элдерден мурда эки кабат боз үйдү, шымды, ат жабдыктарын-үзөңгүнү, чынжырлуу жез коңгуроолуу ооздукту, жүгөндү, ээрди, аяк капты, сабаны, чаначты, кара аякты, тулганы, арча бешикти, арабаны, кайкы кылычты, жаанын жебесинин түрлөрүн кыргыздар биринчи пайдаланган (Энесай маданиятынын кол өнөрчүлүгү). Мунун көбү байыркы көчмөн кыргыздардын энчисине тиешелүү, башкача айтканда «Энесай» маданияты деп койсок да болот.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2017-08-15, Көрүүлөр: 881, Өзгөртүлгөн: 2024-05-04, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо