Ынтымак — адамдардын, кайсы бир жамаатка, балким өлкөгө таандык болгон адам топторунун өз ара макулдаштык, түшүнүүчүлүк мамилеси. Ар бир өлкө — элдин, маданияттын ынтымагы десек болот. Бирок, «ынтымак деген эмне»?. Бул суроого жооп издеп көрөлү.
Ынтымактын көпөтөгөн түрлөрү бар, эң биринчи үй-бүлөдөн баштасак, үй-бүлөнүн ынтымагы дагы, бир нече топторго бөлүнөт, алар:
Ынтымак — бул «биримдик» деген сөздүн синоними десек да болот, ал эми биримдик кандайдыр бир нерсенин же кимдир бирөөлөрдүн максаттары, көз караштары бирдей болгон адамдарды бириктирип турган мамилелер жыйындысы. Адамдар биригишип, бир максатта болуп, кандайдыр бир бүтүн нерсени (мамилелер, максаттар) түзгөндө бул ынтымак болот.
«Ырыс алды — ынтымак» аттуу жомок эсиңердеби? Ал жакта дал ушул үй-бүлө ынтымагы жөнүндө, тагыраак айтканда биртуугандар арасындагы ынтымак көрсөтүлөт. Абышка чырпыкты туугандарга бирден бергенде оңой эле сындырып коюшат, ал эми топ чырпыкты бирөө дагы сындыра албайт. Бул жерде бир гана туугандар арасында эмес, жалпы адамдар ортосундагы ынтымактын болуусу керек дегенди туюндурат. Кээ бир адамдар муну «аа демек топ-топ болуп, ойдо жок душмандарга каршы чыгыш керек экен» деп туура эмес түшүнүп алышат. Ынтымак бул кыйратуу эмес, ынтымак бул жакшы нерсени куруу, түзүү, жаратуу.
Ынтымак деген сөз душманчылыкты эмес, тескерисинче достукту, ырашкерликти түшүндүрөт. Башкача айтканда биргелешип иш кылуу, биримдиктүү болуу, бөлүнүп-жарылуудан алыс болуу. Манас атабыздын ынтымакка байланыштуу осуяттары эсиңердеби? Манас атанын жети осуяты - макаласынан таанышып алгыла.
Биртуугандар бири-бири менен катышып турса, келиндери же күйөөлөрү жакшы мамиледе болсо, балдары дагы адилеттүү, айкөл тарбия алышат. Ынтымактын жолу кеңейет, жашоосу узарат. Ата-энелер урушпай-талашпай кеңешип иш жасашса, бойго жетип калган балдары аларды көрүп өсөт. Мындай ынтымактуу үй-бүлөөнү көрүп, кошуналары, алыскы туугандар дагы ынтымактуу болууну каалашат. Кыскасы ынтымак жугуштуу келет.
Ынтымакка терс таасирин тийгизүүчү сезимдер: ачкөздүк, көрө албастык, адилетсиздик, бирөөнүн эмгегин колдонуп ортодон жеке пайда алуу максаттары, тарыныч, туура эмес тарбия мунун баары ынтымаксыздыкты жаратат. Демек, ынтмакта болуу үчүн билимдүү болуп, дайыма ынтымак айланасына кирген адамдардын ойлорун эске алуу зарыл. Бул жерде «кеңешип кескен бармак оорубайт» макалы эң мыкты мисал боло алат.
Шексиз, ынтымактын түрлөрү көп мисал катары айта кетсек, социалдык ынтымак, албетте, бул бардык ынтымак түрлөрүнө дагы тиешелүү, бирок мунун өзүнүн түрлөрү бар:
Билесиңерби, бир аймакта чогу өсүп-чоңойгон адамдар, кандайдыр бир себептер менен бири-бирине жакыныраак болушат. Бири-бирин жакшы түшүнүшөт. Мисалы, башка өлкөдө жүргөндө өз жердешиңди көрүп калсаң, биртуганың көргөндөй сүйүнөсүң.
Ынтымактуу мектеп, унивеситет, окуу жай болобу, мындай жерде дайыма өнүгүп-өсүү байкалат, окуу-жайдын кадыры, материалдык абалы көтөрүлүп, мындай мектепти же университетти бүткөн окуучу-студенттер дайыма акыл-эстүү, жогорку билимдүү, ички дүйнөсү бай келет.
Класста ынтымак жакшы болсо, билим деңгээл жогорулап, артта калып бараткан окуучулар алдыга жылат. Мындай класста дайыма тынчтык, адилеттүүлүк өкүм сүрөт, класс өнүгөт. Түрдүү сынактарда дайыма алдыңкы орундарда болот.
Алыскы туугандан, жакынкы кошуна дегендей, ынтымактуу кошуналар бири-бирине кам көрүп, дайыма бири-бирине болгон ишеничи жогорку деңгээлде болот, жашоочулардын жашоо шарты күндөн күнгө жакшыра берет. Бирок ынтымак десе эле, мажбурлап бирөөнү ашарга салып, жеке кызыкчылыктар үчүн иштетүү болбойт. Ооба, ушундай учурлар дагы кээде кездешет, «Ынтымак» деген сөздү бетине жамынып алып, пайда көргөндөр дагы тарыхта көп эле кездешет. Ынтымак — ар бир адамдын шартын түшүнө билүү дегенди билдирет. Эгер кайсы бир адам ынтымак тобуна кошулууну каалабаса ал өзүнүн эрки. Жана бул адам бизге кошулбай койду, демек бул биздин каршы деп түшүнүү туура эмес. Бул нерсе тарбиясыздыкка жатат.
Ынтымактуу достор, дайыма бири-бирине көмөктөшүп, жардамдашып, көңүл ачууда дагы дайым бирге болушат. Ашына, шерине деги эле кандай гана майрам болбосун. Дайыма, ынтымак ичиндеги адамдарга адилет мамиле жасалганда, ошол достор, жоро-жолдош, курбу-курдаш ынтымагы деп аталат. Албетте, достор арасында дагы ичи тар, көрө албас адамдар болот. Мындай адамдар кайсы бир досун жамандап, жалган жалаа жаап отуруп ынтымакты бузат, буга тарых көп эле мисал келтире алат болушу керек. Ынтымакка кошулбаган адам эмес, бирөөгө жалаа жапкан адам «ынтымак бузаар» болот. Бирок, көпчүлүк адамдар мындай нерсени билбестиктен жасап коюшу мүмкүн, ошондуктан сөзсүз эле «бул жаман адам экен» деп тыянак чыгаруу дагы туура эмес, андай нерсени түшүндүрүп, «бирөөнү жамандоого болбойт» деп айтып коюуу жакшы. Айтмакчы, ынтымак ичинде көбүнчө лидер адам болбойт, эгер болуп калса ал ошол жамааттын оюн калган жамаат катышуучуларына маалыматты жеткирүүчүнүн гана ролунда болот. Достук, түшүнүгү дагы ынтымакка түздөн-түз тиешеси бар түшүнүк.
Кесиптерштер ынтымактуу болгондо иштеген мекемеси өнүгүп өсөт. Бул жердеги чоң рол мекеме башчысына таандык. Анткени, башчы мыйзам чегинде дайыма ар бир жумушчуга адилет мамиле жасашы керек. Айрым жумушчулар башчысына жагаалданып жакшы сөз сүйлөп, ал гана эмес белек бечкектерди тартуулап, моралдык жактан колдоо көрсөтүп мекеме башчысын алдап коюшу мүмкүн. Андан соң өз максаттарына жетүү үчүн кесиптештер арасындагы көңүлүнө жакпаган адамга жалаа жаап жамандап, кесиптештерди уруштуруп-чабыштырып башташы ыктымал. Бул жерде алгач дароо бетке айтуулар эмес, жасаган ишинин аныктыгы керек, анткени жөнү жок (аныктыгы жок) адамды жамандай берүү болбойт. Эгер чындыгында андай нерсе аныкталса, эгер акырындык менен күндөн-күнгө, жумадан-жумага, айдан-айга бирөөнү жамандап, бирөөнүн кадырына шек келтирген болсо мындай нерселерге мыйзам тарабынан жоопкерчиликтер каралган. Кесиптештер арасындагы ынтымакты бузган адамды мекеме башчысы дагы билбей калышы толук мүмкүн. Албетте, ынтымак жок жерде иш алга жүрбөйт, ынтымак ыдырайт, мекеменин көрсөткүчтөрү төмөндөйт. Мекеменин иштөө шарттары начарлайт, мекеме ичиндеги чыңалуу көбөйөт. Башчысына доо кетет. Ошондуктан кесиптештердин арасындагы ынтымактын бирден бир негизин түзүүчү нерсе бул: башчынын адилеттүүлүгү, билимдүүлүгү, кароолчу болобу же мекеме башчысынын орун басары болобу, баарын адилет мамиле жасоо зарыл. Болбосо, адилетсиз башчы кол астында иштегендерди «моралдык» жактан башкара албай калат. А буга ким күнөөлүү? Албетте, билип же билбей жасаган адам күнөөлүү. Бул жерден эң маанилүүсү сөзсүз аныктамалар же тастыктамалар зарыл, жөнү жок бирөөнү «ынтымакты бузуп жатасың» деп айыптай берүүгө дагы болбойт.
Ынтымак деген сөз кандай сонун, бул сөздө адилеттүүлүк нуру чагылып турат. Ынтымак, улутка, адамдын социалдык абалына, жашына, гендердик теңсиздигине карабайт. Ынтымак бар жерде бардык адамдар бирдей. Бардык адамдар өз оюн айтууга укуктуу, жана оюн айткан адам куугунтукталбайт. Ынтымак үй-бүлөдөн башталат анан социалдык чөйрөгө тарайт, кошуналарга, көчөгө, айылга, шаарга, өлкөгө. Ынтымак бар жерде эч ким, эч кимди кемсинтпейт, улутуна, уруусуна карата бөлбөйт. Өлкө ынтымактуу болсо, гүлдөйт.
Ынтымактын эң жогорку баскычы деcе болот, анткени, өлкөлөр арасында ынтымак болсо, маалыматтык жана аскер согуштары, ресурс талашуулар, геосаясаттар болбойт. Адам баласы глобалдык мааниде, бир чоң акыл болуп иш жүргүзөт. Манас атабыз айткандай бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгат.
Ынтымактуу болуу үчүн эң биринчи өзүбүздөн башташыбыз керек. Адилеттүү, адамкерчиликтүү, толенранттуу болууну үйрөнүшүбүз керек. Терс ойлордон арылуу: ичи тарлык, көрө албастык, бирөөнүн оокатына же эмгегине көз артпоо. Качан гана пайдалуу сезимдерди чогултуп, пайдасыздарынан арылганда адамдар арасындагы ынтымак күчөйт. Ал эми Ынтымак болбосо адамдар урушат, түшүнбөстүк көбөйөт, кастык, душмандык өнүгөт. Ошондуктан, ар бир адам ынтымак бузарды ылгай билгилүүсү абзель.
Адамдардын бири-бирин түшүнүүсү, ынтымак ичиндеги ар бир адамга адилет мамиле, бир максаттуулук, эгер бир нече максат болсо, максаттардын так белгиленип алышы, адамдардын шарттарын эске алуу, адамкерчилик.
Ынтымак сүйүү деген сөз менен дагы бирдей кадам шилтеп жүрөт десек ашык болбос. Мекенге болгон сүйүү, адамдарга болгон сүйүү, ата-энеге, аял менен эркектин ортосундагы сүйүү дагы ынтымактан пайда болот. Эгер ынтымак болбосо түгөйлөр бирге болушпай ажырайт, бул жерден бири-бирин түшүнүү дегенди дагы ынтымактын синоними катары кабыл алсак болот.