Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Cалбырын (Салбурун)

Баш барак | Кол өнөрчүлүк | Cалбырын (Салбурун)

Айрыкча байыркы кыргыздардын хандары, баатырлары шаан-шөкөт менен кийик, жырткыч бар жерге салбырынга чыгышкан. Топ-топ болуп кийик, бугу, аюу, жолборс атышкан. Эр азаматтар күч сынашкан. Салбырын бир айдан үч айга чейин созулуп кеткен.



Бул тынчтык күндө жоокерлерди чыдамкайлыкка, шамдагайлыкка, амалга, мергенчиликке машыктыруу эле. Кыргыз эр-азаматтарынын эр сайыш, эңиш, жамбы атмай, көкбөрү, күрөш, аркан тартмай, тыйын эңмей, ордо, шабиет, теке чабыш, укурук салмай, кыз куумай, найза ыргытмай, жөө оодарыш, кылыч чабышуу, оодарыш, төө басты, кара казык ж. б. жоокердик ыкмаларды үйрөтүүчү оюндары болгон. Бул жөнүндө «Манас» эпосунда кызыктуу сүрөттөлөт. Кыргыздын жоокерлери жаштайынан согуш өнөрүн да улуулардын, акылмандардын, баатырлардын сөздөрү, акыл насааттары менен өсүп чоңойгон. Улуу сөздөр алар үчүн жобо, ант, мыйзам менен тете болгон. Жоодон качкандын башы алынган.

Жайгаштыруу: 2017-08-10, Көрүүлөр: 1208, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу