Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ислам

Баш барак | Башкалар | Ислам

Ислам (арабча الإسلام – «баш ийүүчүлүк», «момундук», «[Бир] Кудайга өзүн тапшыруу») – жактоочуларынын саны боюнча христианчылыктан кийинки жана эң жаш дүйнөлүк, ошондой эле, монотеисттик (бир гана кудайга сыйынуучулук) авраамикалык дин.

Мазмуну
Ислам
Аллах сөзү араб тилинде
Аллах сөзү араб тилинде
Жалпы маалыматтар
Түзүлүү жериХиджаз
Түзүлүү датасы610-жыл
НегиздөөчүМухаммед
Жазуулар, китептерКуран
Башынан өткөргөн таасирханифизм
Дин тутуу
Динге ишениммонотеизм
Укук булагыКуран, сүннө
Жайылуусу
АймактарЖакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Борбордук, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия, Балкан, Кавказ, Поволжье ж. б.
Этникалык топторарабтар, түртөр, перстер, казактар, курддар, кыргыздар, таджиктер, пакистандыктар, бенгалдыктар, индонезиялыктар, өзбектер ж. б.
Тутунгандар саны1,8 млрд адам айланасында (2015)
Башкаруу
Негизги мечитКааба, аль-Харам мечити
Түзүм
Башкаруу органдарыдин, вакфа боюнча министрлик ж. б.
Жогорку окуу жайлараль-Азхар, аль-Карауин, Медина университети, Деобанд жана башкалар

Туткандардын саны болжолдуу 125тен ашык өлкөлөрдө жашаган 1,8 млрд адам (2022). 28 өлкөдө Ислам мамлекеттик же официалдуу дин катары саналат. Мусулмандардын басымдуу бөлүгү (85—90 %) сунниттер, калгандары шииттер, ибадиттер. Ошондой эле, агымдар мазхабдарга (мазхаб — жол) бөлүнөт.

Ислам дининин негиздөөчүсү — Мухаммед пайгамбар (570—632). Ыйык китеп — Куран. Ислам дининин негизги эрежелер жыйындысынын жана укуктарынын экинчи маанилүү булагы — Мухаммед пайгамбардын санаттары жана жасагандары тууралуу баяндарынын (хадистеринин) жыйындысынан турган сүннөтөр (сунна).

Ибадат (сыйынуу) тили — арабча. Динди тутунгандарды мусулмандар деп аташат.

Кыргызстанда болсо, өлкө эркин жана светтик болгондуктан Ханафи мазхабындагы «Салттуу Исламды» колдоп, экстремисттик, радикалдык, адамды жолунан адаштыра турган ишенимдерди колдобойт жана бардык нерселер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында так көрсөтүлгөн.

Дээрлик Евразиянын түндүгүндөгү мусулмандар, (анын ичинде Кыргызстанда дагы) Исламдын Ханафи мазхабындагы (жолундагы) бутагын тутушат.

Тарыхы

Жаралышы

Ислам VII кылымдын башында, бутпарастык үстөмдүк кылган Батыш Аравиядагы Меккеде пайда болгон. Ар бир уруунун өз кудайлары болуп, алардын буттары (Бут — жасалма Кудай, орусча идол) Меккеде болгон. Бул мезгил акырындык менен патриархалдык тукум-уруулук түзүмдүн бузулуусу жана класстык коомдун пайда болуусу менен мүнөздөлөт. Христианчылык жана иудаизм менен бирге ал ревелятивдик салттагы айтылуу «авраамикалык диндерге» таандык. Авраамикалык диндер өзүнүн тамырлары менен жакынкы чыгыштын монотеизминин эң байыркы формаларынан келип чыгат, натыйжада, өзүнүн негизинде жалпы тарыхый-мифологиялык мурас жана негизинен бирдиктүү дүйнө көрүнүшүнө ээ. Ислам дининин негизги эрежелеринин жыйындысынын эрте калыптануу баскычындагы христианчылык жана иудаиздин таасири бираз апыртылган делет. Христиан жана иудей диндеринин түздөн-түз таасири VII—VIII кылымдардын чегинде байкалат, мында Ислам дининин көйгөйлүү жээгинин калыптануу процесси жүрүп жаткан, жана мусулман теологдоруна, христиан жана иудей жактоочуларында да пайда болгон суроолоруна жооп берүүгө туура келген убак эле. Исламдын өнүгүүсүнүн эрте баскычтарынан баштап, Мухаммед пайгамбардын насыяттарында белгиленген алгачкы авраамиялык монотеизм бирдиктүүлүгүн баамдоо байкалат. Мухаммеддин насыяттарынын негизги идеясы иудей, христиандар жана көп Кудайлуулар тарабынан киргизилген бурмалоолордон бир кудай (таухид) чындыгынын тазалануусу болгон. Эрте жана классикалык Исламда динди жана укукту бөлгөн так чек болгон эмес, натыйжада, теориялык-дин маселелерине саясый-укуктукка караганда азыраак көңүл бурулган.

Аравия жарым аралындагы Исламдын түздөн-түз мурдагысы автохтондук аравия монотеизми (ханифия) саналат, мунун тамыры Ибрагим (Авраамга) пайгамбарга чыгарылат. Бүгүнкү учурдагы коюлуп жаткан концепцияга ылайык, Исламга чейинки Аравияда, мүмкүн, эки салыштырмалуу көз карандысыз араб монотеизмдик салттар болгон: Йемен жана Ямамдагы «рахманизм», ошондой эле, Аравия жарым аралынын түндүк-батышында жана батышындагы миллет/дин Ибрагими. VII кылымдын башында эки салт кыязы кошулуп кеткен, натыйжада, изилдөөчүлөр атаган «аравиялык пайгамбардык кыймыл» пайда болгон өңдүү. Түндүк авраамикалык салттан кыязы кечирээк пайда болгон Рахманисттик салт, VII кылымда жок дегенде эки монотеисттик «пайгамбарды» берген — Йемендеги аль-Асвада жана Ямамдагы Мусайлим. Мухаммедтин доорунда Аравияда бардыгы болуп, жок дегенде беш аравиялык пайгамбарлар иш алып барган. Мухаммеддин каршылаштары булардын жана кээ бир диний мааниси бар башка «пайгамбарлар» жана поэттер (шаир) ортосундагы кыйла айырмачылыктарды деле көргөн эмес. Бирок, идеялык жана саясый планда Мухаммед өзгөчө инсан болуп, бул Исламдын ийгилигинин маанилүү себептеринин бири болгон.

Мухаммед активдүү меккелик ханифтердин (Ханифизм — диний монотеизмдин формаларынын бири) бири эле. Ал Меккеде төрөлүп, курайшит урууларынан чыккан, кой багып, кербен соодасы менен алектенген делет. 610-жылы 40 жаш чамасында өзүн бирдикдиктүү же жалпы Кудай Аллахтын өкүлү (расул) жана пайгамбары (наби) катары жарыялап, Мекеде Ислам аталган жаңы монотеисттик динди үгүттөй баштаган. Өзүнүн үгүттөрүндө Мухаммед жалпы Кудайга ишенүүгө чакырып, ишенгендердин боордоштугу жана моралдын жөнөкөй нормаларын кармануу жөнүндө айткан. Бирок, Мухаммеддин идеялары Меккелик ак сөөктөр тарабынан кеңири колдоого алынбай, тескерисинче душман катары карашкан. 622-жылы Мухаммед өзүнүн анча көп эмес жактоочулары менен бирге көп кудайга ишенгендердин куугунтугунан улам Мекеден Мединага кетет.

Мединада Мухаммед шаардын араб калкын өзүнүн айланасында ынтымакка чакырып чогултуп, биринчи мусулман жамаатын (умма) түзөт. Сегиз жыл бою мединалык мусулмандар жана мекелик көп кудайга ишенгендер ортосунда ачык диний боёкко боёлгон айыгышкан күрөш жүрөт (газават). Мухаммеддин сүткорлукту жана адамдар арасындагы теңсиздикти айыптаган окуусу Исламдын атагынын өсүүсүнө жана анын тез жайылуусуна түрткү болгон. 630-жылы мусулмандар тарабынан Мекени жеңип алуусунан кийин Ислам жалпы арабтардын дини болуп калган, ал эми Меке шаары Исламдын борборуна айланган. Аймактын тез исламдашуусунуна V кылымдын алдына — VII кылымдын башындагы Набатей, Химьяр, Саба, Пальмир, Лахмид падышалыктары, Гассанид жана Киндит байыркы мамлекеттеринин кулашы түрткү болгон.

Мухаммед өлгөндөн кийин теократиялык мамлекет — Халифат түзүлгөн. Светтик жана рухий бийликтин толулугу халифтердин колуна топтолгон. Биринчи халифтер Абу Бакр, Умар, Усман жана Али болгон. Алардан кийин Халифатты Омейяддар (661—750) жана Аббасиддер (750—1258) династиялары башкарган. VII—VIII кылымдардагы Ислам мамлекети жүргүзгөн жеңип алуучулук же басып алуучулук согуштар Исламдын Алдыңкы жана Орто Азияга, Түндүк Африкага, Индиянын жана Закавказьенин бөлүгүнө чейин жайылууга алып келген. Түркия аркылуу Ислам Балкан аралдарына дагы кирген.

Ислам дининин көз карашында биринчи адамдар Адам менен Хавва (Ева), биринчи мусулмандар болушкан. Ислам пайгамбарларына Нух (Ной), Ибрагим (Авраам), Давуд (Давид), Муса (Моисей), Иса (Иисус) жана башкалар кирет. Ошондуктан мусулмандар Мухаммед пайгамбарды Исламдын негиздөөчүсү эмес, чыныгы ишенимди калыбына келтирген эң акыркы пайгамбар («Пайгамбарлар мөөрү») катары санашат. Мусулмандар иудейлер жана христандарды «Жазуу адамдары» (Китаби) аташат. Пайгамбарлар, дүйнө жана адамды жаратуу, дүйнөлүк суу каптоо ж. б. жөнүндөгү Библиялык тарыхтар Куранда анча-мынча транформацияланган түрдө чагылдырылган.

Дин негиздери

Мусулмандык диний ырым-жырымдардын жыйнагынын негизинде (аркан ад-дин) Мухаммед пайгамбар жашап турган кезде негизделген беш негизги ырым-жырымдык миледеттемелер жатат: дин тобосу (шахада), сыйынуу (арабча салят, персче намаз), рамазан айындагы орозо (арабча саум, персче орозо), садага (зекет — кирешенин 2,5 % өлчөмүндө) жана Мекеге зыярат (хадж).

Кээ бир дин үйрөтүүчүлөр «Исламдын беш милдетине» дагы бир милдетти кошушат — Исламды жайылтуу боюнча ыкыластык, ынтаалык саналган джихад (арабча «күч аракет», «ишеним үчүн күрөш»). Бирок, бул нерсени көптөгөн мусулмандар туура эмес түшүнүүнүн айынан туура эмес иштерди жасагандары аз эмес. IX кылымда ислам догматикасында (догма — каалаган учурда өзгөрүүгө жатпаган ишеним катары кабыл алынуучу абал) джихадды түшүнүүнүн беш формасы бекемделген: рухий джихад (Аллах жолунда ички жан дүйнөнү жакшыртуу), кылыч джихады (ишенбегендерге болгон куралдуу күрөш), жүрөк джихады (жеке кумардуулук менен күрөшүү), тил джихады (жакшыны буйруу жана уюттуунуу, сөгүштүүнү тыюуу), кол джихады (кылмышкерлерге карата тартиптик чаралар). Учурда (2022) джихаддын куралдуу түрү мусулмандар арасындагы террористтик жана экстремисттик топтору тарабынан өзүнүн ишмердүүлүгүнүн идеологиялык негизинин шылтоосу катары колдонушат.

Ишеним же дин далили

Динге тобо кылуу (шахада) — бул Кудайдын жалгыз (бир) экенин жана Мухаммеддин пайгамбардык вазийпасын таануу саналат. Шахада ырым-жырымдык формуласын айтуу («Алладан [Аллахтан] башка кудай жок жана Мухаммад [Мухаммед] — Алланын элчиси [өкүлү]», арабча «Ашхаду ан ля иляха илля Ллаху, ва ашхаду анна Мухаммадан расулю Ллах») анын маанисин түшүнүү жана анын аныктыгына чын дили менен ишенүү менен коштолушу керек. Мусулман болуу үчүн жүрөктөгү ишеним менен үн чыгарып шахада формуласын айтуу жетиштүү делет. Шахаданы бала төрөлгөндө, адам өлөөрдө, күнүмдүк сыйынуу же намаз окуу учурунда, жана андан (намаздан) тышкары учурда дагы айтуу керек.

Сыйынуу же Намаз

Ритуалдык сыйынуу (намаз окуу) орнотулган ритуалга ылайык (ар өлкөдө айырмаланышы мүмкүн) белгилүү убакта ишке ашырылат. Милдеттүү намаз күнүнө беш жолу окулат: эртең менен (фажр [багымдат]), күндүз (зухр [пешин]), күүгүм же күн батаар (′аср [дигер]), кечинде (магриб [шам]) жана түн ичинде (′иша [куптан]). Намаз окуу алдында момун мусулман суу менен (вуду′) же таза топурак (таяммум) менен ритуалдык даарат алуусу (жуунуусу) зарыл. Намазды жабык кийим менен Мекени (кыбыланы) карап окушат.

Бешинчи күнү мусулмандар башкы мечиттердеги биргеликтүү намазга (жума намаз) барышат. Жума күндүк намаз негизинен моралдык, социалдык же саясый үгүттөр менен коштолот. Исламда миледеттүү сыйынуулардан тышкары майрамдарда, адамды акыркы сапарга узатууда, тиричиликтеги оорчулуктарда, даарат алуудан кийин, мечитке кирүү алдында ишке ашырылуучу бир катар милдеттүү эмес сыйынуулар бар.

Исламдагы диний жашоонун түйүнү катары мечит кызмат кылат. Исламдын жашоосунун биринчи кылымдарында мечит же мечиттер, сыйынуу үйлөрүнүн, диний мектептин, мейманкананын, бийликтин элге кайрылуу кафедрасы, шариат сотунун отурум залы сыяктуу функцияларын айкалыштыруу менен мусулман жамаатынын маданий борбору жана коомдук-саясый жашоосунун функцияларын аткарган. Акырындык менен мечиттер дин маанисинде светтик функцияларын (саясый жана юридикалык) жоготушкан. Мусулман салтында мечит имаратын касиеттөө ырым-жырымы жок бирок, анын мейкиндигинин сокралдык мүнөзүн мечитке баруу алдында тазалануу (даарат алуу) ритуалы тастыктайт.

Орозо

Рамазан мусулман жылнаамасынын 9-айындагы орозо учурунда мусулмандарга күн чыккандан батканга чейин каалаган тамактан, суусундуктан, тамеки чегүүдөн жана башка сезим кумарларынан, анын ичинде жубайлар ортосундагы жакындыктан кармануу керек (ооз бекитүү). Орозо кармагандарга күн чыгаарга бир нече мүнөт калганда (сухур) жана күн баткандан кийин (ифтар) тамактанып алуу керек (айрыкча атайын убакыттары көрсөтүлгөн ырааттама менен). Бойго жете элек адамдар (18ге чыга элек), оорулуулар, улгайгандар, кош бойлуулар жана эмчектеги баласы бар аялдар, жолоочулар жана башка категориядагы мусулмандар орозодон бошотулат.

Айдын ыйык мүнөзү, 27-рамазан түнүндө (Ляйлят аль-кадр) Курандын Мухаммед пайгамбарга келиши менен байланыштуу. Орозо кармоонун максаты — момун мусулманда жан-дүйнөлүк (рухий) башаттардын ойгонуусуна жана физикалык өзүн-өзү чектөө мүмкүндүгүнө түрткү берүү. Рамазан айындагы жалпы милдеттүү орозодон тышкары Исламда түрдүү индивидуалдык (жеке) орозолор бар — убада боюнча (назр), күнөөлөрдү жууш үчүн орозо (каффара) же сопулук орозо.

Садага-зекет

Милдеттүү кайыр (зекет) жыл сайын кедей-кембагалдардын, төлөмөрлөргө (карызы барларга), жолоочуларга жана башка муктаж болгон адамдардын пайдасына берилет. Салыктын өлчөмү шариатта иштелип чыгып, колунда барларга жылдык кирешесинин 1⁄40 (кырктан бир) бөлүгүн түзөт (нисаб). Зекет, жеке жаргалчылыктарды канааттандырууга жана чарба жүргүзүүгө арналбаган каалаган мүлктөн жана жер ишетүүнүн жемиштеринен алынат. Жыл сайын Орозо майрамы келгенге чейин ар бир мусулман закят аль-фитрди (зекетти) төлөөгө милдеттүү. Милдеттүү кайырдан тышкары Ислам дини «садага» аталган өз эрки менен берген кайырды колдойт.

Зыярат

Физикалык жана материалдык мүмкүндүктөр жол берсе, Мекеге жок дегенде бир жолу зыярат кылуу (Хадж) аткарылат. Зыярат зуль-хиджа (Зуль-хиджа — Ислам жылнаамасынын 12-айы) 12-айынын 7чи жана 10чу күндөрүнүн ортосунда жүргүзүлөт. Зыярат, Парыздык мечитке, ас-Сафа жана аль-Марва дөңсөөлөрүнө жана башка Мекенин ыйык жерлерине баруудан, ошондой эле түрдүү тазалануучу ырым-жырымдарды аткаруудан турат. Милдеттүү эмес бирок, сунушталган иш-аракеттерге Мединадагы Мухаммед пайгамбардын мүрзөсүнө баруу кирет. Зыярат жасап келген адам ардактуу хадж (ажы) наамына, мусулмандар коомунда өзгөчө сый-урматка ээ болот. Жамааттык зыярат (хадж) менен бирге «умра» жеке зыяратчылыгы дагы сунушталат, муну жылдын каалаган мезгилинде жасоого болот.

Негизги эрежелер жыйындысы же дин таануу

Исламдын дин таануу боюнча негизги абалдары (ыйман) Куранда жана Мухаммед пайгамбардын сүннөттөрүндө (сунна) берилген. Мусулмандардын көз карашы боюнча эрежелер түрдүү ачылыштарды туюндурат — Кудайдан чыгуучу («Кудай [Алла] сөзү») жана Мухаммед пайгамбардын өзүнө таандык («Кудайдан [Алладан] шыктанган»). Сүннөтчүлүктө (суннизм) кандайдыр бир каноникалык (каноникалык — канонго туура келген, бекем орнотулган кабыл алынган үлгү) дин тануу калыптанган, алар кийинкидей негиздерден турат: бир Кудайга, периштелерге, Жазууларга, пайгамбарларга, Кыямат күнүнө жана алдын ала аныкталгандыкка ишенүү.

Курандык дүйнө сүрөттөлүшү теоцентрикалуу (Теоцентризм — негизинде Кудайды абсолюттук, кемтиги жок, эң жогорку болмуш, бардык жашоонун жана каалаган жыргалчылык булагы катары болгон философиялык концепция) жана белгилүү бир мааниде антропоцентрикалуу (Антропоцентризм — философиялык идеалистикалык жана дүйнө көз карашынын берилиши, буга ылайык, адам Аалам түйүнү жана дүйнөдөгү болгон окуялардын бардык максаттары). Ислам антропологиясы христианчылыктан айырмаланып «биринчи күнөөгө» анча маани бербейт, анткени, Адам менен Еванын күнөөсүн Кудай (Алла) кечирип, Иса пайгамбардын күнөө кечирүүчү өзүн-өзү курмандыкка чалуу зарылдыгында кечирген делет.

Кудай

Куран боюнча Кудай (Аллах) — конкреттүү образы жок, Исламдагы сыйынуунун жалгыз объектиси болгон, жалпы, колунан бардыгы келген, бардык чындыктын (бар нерсенин) Жаратуучусу. Алла-таала бардыгын көрүп-билип турган жана бардык жерде болуучу, укугу чектелбеген дүйнөнүн абсолюттук кожоюну. Мээримдүү жана ырайымдуу Алла-Таала дайыма өзүнүн жараткандарына тынымсыз көңүл буруп, дайыма аларды камкордукка алып, багынбагандарга (ишенбегендерге, күнөлүүлөргө) Ал каардуу жана заардуу делет. Ар бир нерсе анын абсолюттук жалгыз экенин, айкөл жана мыктылыгын күбөлөндүрөт.

Ислам бир Кудайлыкка катуу ширелентип келет (таухид). Кудайдын жалгыз экенине жана ага баш ийүү ишеними, ишенимдин негизиси саналат. Башка бирөөгө ишенүү (ширк) күнөө делет. Ислам, унитардык негизди жүргүзүүдө иудаизм жана христианчылыкка караганда чоң тартиптүүлүккө жана ырааттуулукка талапкер. Ислам, Троица жана Кудай өңдүүлүк сыяктуу христианчылыктын догматтарын чыныгы монотеизмден четтөө катары көрүп, аны кабыл албайт. Идолго (Идол же Бут — жасалма Кудай) сыйынуудан тартынуу менен ислам Кудайды гана эмес, адамдарды жана жаныбарларды дагы сүрөттөөгө тыюуу салат.

Периштелер

Периштелер (малак) — Кудайдын (Аллахтын) эркин баш тартпастан аткарган жарыктыктан жаратылган маңыздар. Эң белгилүү периштелер: Жабраил (Жебреил же Гавриил) пайгамбарларга кудалык Ачылыштарды берип, аларды сактайт-коргойт; Микаил бардык жаратылгандардын сиңишине кам көрөт; Исрафил Кыямат-кайым жана өлгөндөрдүн тирилүү күнүнүн келгенин айтат, жарыялайт; Азраил (Азреил) өлүм периштеси, өлгөндөрдүн жанын алып кетет. Бейишти Ридван периштеси башкарат, тозокту — Малик периштеси. Ар бир адамга сактоочу же коргоочу периштелер, ошондой эле Кыймат-кайым күнүндө ала турган адамдын ар бир жакшы-жаман кылык-жоруктарын китепке жазып турган эки периште дайындалган болот деп саналат.

Периштелерден тышкары, арбактар дүйнөсүн жиндер жана шайтандар түзөт, алардын башчысы Иблис (Сатана, Шайтан) жин. Иблис, Кудай (Аллах) тарабынан жаратылган Адамдын (Адам жана Ева деген мааниде) алдында баш ийүүдөн баш тартып, бул үчүн Аллах ага наалат айтып бирок, Кыямат-кайым күнүнө чейин адамдарды азгырууга, кызыктырууга бийлик берген делет.

Ыйык Жазмалар

Пайгамбарлар Кудайлык Ачылыштарды негизинен Жазуу формасында алышат деп айтылат. Ислам Ыйык Жазуулар катары Муса пайгамбарга берилген Тауратты (Тора), Давудуга берилген Забурду (Псалтирь), Ыйсага берилген Инджилди, бир нече пайгамбарга берилген Сухуф, Мухаммед пайгамбарга берилген Куранды тааныйт. Исламдын көз карашында Таураттын, Забурдун жана Инжилдин түп нускалары (оригиналдары) сакталбай калган. Ислам окууларына ылайык Курандын берилгенинен кийин Таурат, Забур жана Инжилдеги диний абалдар Аллах тарабынан алынып салынган делет.

Пайгамбарлар

Ислам догматикасынын борбордук абалдарынын бирин пайгамбарлар аркылуу кудай ачылыштарын окуу түзөт. Кудай адамдарга өзүнүн өкүлдөрүн жөнөтүп, алар аркылуу өзүнүн сырларын жана ыктыярын (каалоосун) ачып, бейишке алып баруучу туура жолго багыттайт.

Пайгамбарлар эки топко бөлүнөт: пайгамбарлар (наби) жана өкүлдөр (расул). Куранда 25 пайгамбардын ысымдары кездешет, анын ичинде Адам, Муса, Нух, Иса жана башкалар. Уламыштардын бирине ылайык Жерге бардыгы болуп 124 миң пайгамбар (наби) жиберилген, анын 300ү өкүлдөр (расул) болгон. Ар бир пайгамбар өз элине насаат айтуу үчүн жиберилген жана бир гана Мухаммеддин вазийпасы бардык урууларга жана элдерге багытталган. Мусулмандар мурунку пайгамбарлардын окуулары алардын жолдоочулары тарабынан бурмаланган дешип (тактоо, кайрадан бардыгына жооп берилип жатат), ошондуктан, Мухаммед пайгамбар гана чыныгы ишенимдин акыркы жарчысы делет.

Кыямат күнү

Куранга ылайык, акыр замандан (орусча конец света) кийин кыямат күн (орусча судный день) келет. Кыйматтын жакындаганынын күбөсү катары Мекедеги Кааба таштын жоголушу, Курандын унутулушу, Даджжалдын (антихрист) пайда болуусу, Иса пайгамбардын экинчи жолу келиши ж. б. аталат.

Кыямат күнү Кудай (Алла-Таала) адамдарды суракка алып, же тозок отуна түшөт (джаханнам), же бейиш бакчасына (джаннат) жөнөтүлөт. Адамдын өлгөндөн кийинки абалы анын жашоосундагы жасагандарынын (жакшы-жаман) жыйындысынан көз каранды. Бардык диний жазмаларды карманган мусулмандар бейиште түбөлүк ыракатта болушат, ал эми күнөлүүлөр жана ишенбегендер тозокто азап тартышат. Куранда бейиш бүт нерсеге мол болгон кереметтүү жер катары көрсөтүлөт: мыкты тамак-аштар, таза салкын суу жана мүмкүн болгон ыракаттар. Дене ырахаттары рухий, жогорку ырахаттар менен коштолуп, алардын эң жогоркусу — Кудайдын (Аллахтын) Жүзүн көрүү мүмкүндүгү. Күнөлүүлөрдү тозокто кайнаган чайырдагы жана оттогу чексиз кыйноолор жана азаптар күтөт. Алардын тамагы заккум дарагынын өтө сасык делген мөмөлөрү, суусундугу — күйгүзүүчү кайнак суу.

Пайгамбарлардын жана такыбалардын шапааты (колдоосу) тозок азабынан кутулууга же жеңилдик алууга жардам берет. Күнөөкөр мусулмандар тозокто аздыр-көптүр узакка созулган убакыт болгондон кийин, Аллахтын ырайымы менен бейишке өтүшү мүмкүн.

Алдын-ала аныкталуу же тагдыр

Кудайдын алдын-ала аныкталган нерселерине ишенүү — негизги догматтардын бири, буга ылайык ааламды жаратуу алдында Кудай ар бир нерсе эмне болоорун алдын-ала аныктаган. Алланын эркинен көз карандысыз эч нерсе жок жана Ал (Кудай) тарабынан күн мурун белгиленген окуялардын жүрүшүн эч ким жана эч нерсе өзгөртө албайт. Алдын-ала аныкталгандык чыныгы ишенүүчүлөрдү фатализмге (фатализм — дүйнөдө бардыгы кандайдыр бир күч менен алдын-ала аныкталгандыгына, качып кутулгус тагдырга болгон мистикалык ишеним) жана бардык өзүнүн жасагандарын Кудайга «артып» коюууга алып келбеши керек. Ар бир мусулман эркин эркке ээ жана өз жасагандары үчүн жоопкерчиликтүү.

Жандын түбөлүктүү экенине ишенүү өзгөчө субстанциянын (жандын) болушун жоромолдойт, дене өлгөндө жан денеден чыгып, кайра жаралууга (тирилүүгө) чейин барзах аталган белгилүү бир жерде болот. Ислам окуусуна ылайык «акыр заман» сөзсүз келет, анын келүү мезгили бир гана Аллага белгилүү. Акыр заман келгенде Кудайдын акыркы сурагы үчүн бардык өлгөндөр кайрадан тирилет. Суракта Кудай ар бир адамдын жасагандарын карап наркына жараша баа берет, андан кийин адам же тозокто азап тартат же бейиште кубанычтуу жашоо өткөрөт. Христианчылыктан айырмаланып Исламда ар бир адам күнөөсүз таза төрөлүп, Суракта өзүнүн гана жасагандары үчүн жооп берет.

Доктриналар

Доктрина — бул окуу, илимий же философиялык теория.

Укук

Шариат (араб тилинен — туура жол, мыйзам, милдеттү жазылмалар) — Куранда жана сүннөттө бекемделген эрежелер комплекси, мында бул бирдиктүү системага келтирилип, ишенгендердин жашоосунун бардык тармактарын жөндөйт: диний ишмердүүлүктө, нравалык аракеттерде, экономикалык, саясый, социалдык, тиричилик, үй-бүлө-никелик ж. б. мусулмандардын мамилелеринде. Мусулман өлкөлөрүндө шариат нормалары диний мыйзам абалына ээ. Башка диндердин нормативдик токтомдорунан айырмаланып шариат конкреттүү адамдын жашоо абалдарын эске алат, а бул шариаттын нормативдүүлүгүн абсолюттук кылбайт.

Шариаттын түзүүчү бөлүгү мусулмандык укук саналат. Алгач мусулмандардын бардык иш-аракеттери тыюуу салынган (харам) жана макул табылган же жактырылган (халал) деп бөлүнгөн, бирок, шариаттын биротоло калыптануу учурунда иш-аракеттер бир бөлүмгө бөлүнгөн:

Өз алдынча илимий дисциплина катары «усул аль-фикх» укук теориясы жана методологиясы жаралган, мунун алкагында укуктун төрт «булагы» жөнүндөгү окуу калыптанган: эки «материалдык» булак — Куран жана Сүннө; жана эки «формалдык» — консенсус (иджма′) жана аналогия боюнча ой жүгүртүү (кияс). Мындан тышкары шарият укуктарынын булактарына пайгамбардын сахабаларынын (тилектештеринин) пикирин, жергиликтүү үрп-адаттарды ж. б. таандык кылышат.

Ырым-жырымдык жана укуктук тыюуулар мусулмандарга чочконун жана өлгөн жаныбарлардын (тарп) этин, алкоголдук ичимдиктерди, баңгизаттарды жана башка акыл-эсти маң кылуучу каражаттарды колдонууга улуксат бербейт. Кумар оюндарга, ысырапкорчулукка жана сүткорлукка тыюу салынган. Исламга чейинки Аравияда жайылган жаңы төрөлгөн кыздарды тирүүлөй көмүү салтына, ошондой эле, жакын туугандар арасында кан аралашууга (туугандар арасында никелешүү), өзүн-өзү өлтүрүүгө, башка адамдарды өлтүрүүгө тыюуу салып, чоң күнөө катары карайт.

Экономика

Мусулман өлкөлөрүндө жеке мүлк (хумс) салыгы бар, бул кирешенин 20 % (достор эске салып койсок бул макала жалпы Ислам дини жөнүндө, Исламда көптөгөн багыттар, ошондой эле көптөгөн өлкөлөр бар) түзөт, орозо убагындагы салык (зекет аль-фитр) жана башка динге ишенгендерге болгон салык (джизья).

Социалдык доктрина

Исламдын социалдык доктринасы эгалитаризм, солидаризм, активизм жана антиаскетизмге каныккан. Мухаммед пайгамбар төмөнкүдөй дечү: «Силердин эң жакшыңар ааламдык үчүн жердегиге көңүл бурбаганыңар эмес, жана тескерисинче жасаганыңар дагы эмес; эң жакшыңар экөөнөн тең алганыңар». Мындай мамиле менен мусулман этикасы ак эмгек менен таза байлыкты колдоп, кечил өтүүнү (аял албоо же күйөөгө тийбөө) кабыл албайт. Классикалык Исламда активисттик багыт Кудайлык алдын ала аныкталгандык догматы менен айкалышканы сейрек эмес. Көпчүлүк мусулман уламачылары жеке ниеттерди ишке ашыруу, учурдагы нерслердин абалдарын өзгөртүү үчүн Кудайдын жардамына үмүттөнүп бардык күч аракетти жумшоого чакырып келген, ал эми адам баласынын колунан келбей калган нерсени алдын ала аныкталгандык катары кабыл алуу керек дешчү. Убакыттын өтүшү мусулмандардын диний аң-сезиминдеги кудайлык детерминизм (детерминизм — бардык окуялар жана кубулуштардын мыйзамченемдүүлүктөрү жана себептик шарттуулуктары жөнүндөгү окуу) көбүнчө демилгесиз фатализм (фатализм — сөзсүз боло турган тагдырга мистикалык ишеним, дүйнөдө бардыгы кандайдыр бир күч менен алдын ала аныкталгандыгына ишенүү) жана квиетизм (квиетизм — мистика-сырттан байкоочулук, жашоого катышсыз мамиле) духунда кабыл алынган.

Агымдар

Исламдагы биринчи диний-саясый бөлүнүү VII кылымдын экинчи жарымында пайда болгон. Халифаттагы бийликтин мүнөзү жана ишин улантуучулук маселесиндеги ача көз караштар мусулмандардын сунниттер жана шейиттер (арабча «жактоочулар», «партия») жана хариджиттер (арабча «чыгып сүйлөө») болуп бөлүнүүсүнө алып келген. Сунниттер биринчи Такыба халифтердин бийлигинин мыйзамдуулугун таанышкан, ал эми шейиттер мусулмандар жамаатынын жалгыз мыйзамдуу башчысы катары төртүнчү Такыба халифти жана биринчи шейит имамы Алини (ум. 661) санашкан, ал өлгөндөн кийин анын тукумдарын (Алиддерди). Бул бөлүнүүнүн натыйжасы катары Араб халифатындагы жарандык согуш болгон.

Негизги агымдар картада
Негизги агымдар картада

VII кылымдан баштап ислам ишениминде төмөнкүдөй теориялык маселелерге кызыгуу пайда болгон: ишеним маселеси, чоң күнөө кетирген адамдын абалы, алдын-ала аныкталгандык, кудайлык маңыздын жана атрибуттардын катыштыгы, Курандын «жаратылгандыгы» ж. б. Бул маселелер боюнча ача көз караштар бир катар агымдардын пайда болуусуна алып келген, алардын ичинде сунниттер, шейиттер, хариджиттер, мурджииттер жана мутазалиттер белгиленет. Натыйжада, исламда расмий ортодоксия иштеп чыгарылган эмес, ал эми ишенимдик полемика (полемика — илимий, адабий, саясый маселелерге жооп издөө талкуулоолорундагы талаш) кылымдар бою исламдык диний жашоонун бөлүнгүс бөлүгү болуп кала берген. Аздыр-көптүр стихиялуу түрдө калыптанган көз караштар жана кызыктар тең салмактуулугунун бир мүнөзү мусулмандардын рухий жана цивилизациялык биримдигин сактоо менен исламдын локалдык (аймактык жана этникалык) интерпретацияларынын көптүгү менен берилет.

Сунниттер

Суннизм исламдагы эң чоң багыт (болжолдуу мусулмандардын 85-90 %). Ал «мажоритардык» ислам катары болуп, жамаат мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн ойлорун жана салттарын, теориясын жана тажрыйбасын көрсөтөт. Суннизм үчүн «туура» доктринага багыт алуу мүнөздүү, ал четкиликтердин ортосунда болуп конформизм (же прагматизм), статус-квону легитимдештирүүгө орнотмо, тастыкталган салттарды, ишенимдерди жана институттарды мыйзамдаштырууга багытталган десе да болот. Эки калам (калам — орто кылымдык мусулман адабиятында: диний-философиялык темага ар кандай талкуу) мектеби (ашарит жана матуридит) тарабынан иштелип чыккан суннисттик теология, «ортолук» катары өнүккөн.

VIII—XI кылымдарда суннизмде юридикалык мектептер (мазхабдар — жолдор же багыттар) пайда болгон. ханафи, маликит, шафии жана ханбалий мазхабдары. Мазхабдар арасында кээ бир маселелерде карама-каршылыктар болгонуна карабастан, бардык сунниттик мазхабтар мыйзамдуу жана теңдеш деп эсептелет. Эң кеңири таралган мазхабдарга (дүйнө мусулмандардын төртөн үчү) ханафизм кирет, бул мазхаб XVI башында Осмон империясында официалдуу түрдө кабыл алынып, мурдагы СССР өлкөлөрүнүн мусулмандарынын арасында басымдуулук кылат. Ханбализм болсо бир убакта кудай сөзүнүн мектебин дагы туюндурат, ал эми анын жактоочулары, өзгөчө ваххабиттер башка ойлорго терс көз караштары, ыйык жазмаларды сөзмө-сөз түшүнүүсү, ар кандай жаңылыктарга чыдамсыздыгы, диний салттарды жана нормаларды кармануудагы өтө катуулугу менен айырмаланат.

Шейиттер

Имамит-шейиттер Али ибн Абу Талибдин түз тукумдарынын арасынан 12 имамды таанышып, алардын акыркысы Мухаммад аль-Махди IX кылымдын аягында сырдуу абалдарда жок болуп кеткен. Шейиттер Сурак алдында аларга Махди келип, жерде теңдештикти жана адилеттүүлүктү орнотооруна ишенишет. Шейиттер сунниттер сыяктуу эле Курандын ыйыктыгын таанышып, ал эми сүннөдө жеке хадистер жыйнагын таанышат. Андан тышкары шейиттердин жеке «ыйык жазуулары» (ахбар) бар, мында Али имам тууралуу хадистер камтылган. Мекеден тышкары шейиттердин сыйынуу жерлерине Неджеф жана Кербела ирактык шаарлар, ошондой эле, ирандык Кум жана Мешхед шаарлары кирет. Шейиттердин эң таасирдүү рухий адамдары катары ири муллалар (муджтахиддер) саналат, алардын арасындагы эң авторитеттүүлөрү аятолл жана улуу аятолл наамына ээ болушат.

Шейиттер убакытылуу никени (мута) мыйзамдуу дешип, диний ишенимин такыбалык жашырууну (такыя) тажрыйба кылып келишет. Шейиттерге түшкү жана түштөн кийинки, ошондой эле кечки жана түнкү намазга бир убакта түшүүгө улуксат берилген. Сунниттер намазды жолдо жүргөндө гана бириктире алат.

Харижиттер

Учурда (2022) Ибадиттер аталган бир гана хариджит жамааты бар. Калган хариджит жамааттары (аджрадиттер, азракиттер, маймуниттер, наджиттер, язидиттер ж. б.) мурдагы кубатын жоготуп, учурда (2022) дээрлик ишмердүүлүгү билинбейт.

Мазхабдар картада
Мазхабдар картада

Суфизм

Суфизм — исламдагы мистикалык багыт болуп саналат. Суфий кыймылы Омейяддар мезгилинде пайда болгон, жана алгач, мусулман жамаатынын чукул дифференциациясына (Дифференциация — процесстер жана көрүнүштөрдүн түзүүчү бөлүктөргө бөлүнүүсү, ажыроосу), жогорку жакта отургандардын жыргал жана майрамдуу жашоосуна социалдык нааразычылык көрсөткөн аскетикалык формаларга ээ болгон. VIII—IX кылымда суфизм мистикалык кудай таанууга багытталып, өзүлөрүн кудай сөзмөрдүгүнүн схоластицизмине, ритуализмине жана фикха юридизмине каршы коюшкан агымга айланган. Кийинки эки кылымда бытыранды болгон суфий жамааттар жана мечиттер дербиш ордендерине же боордоштуктарга (тарикат) бириге баштап, буларда мистикалык тажрыйбалар, ырым-жырым инициациялары жана инвеституралары, тышкы айырмалоочу белгилери бар жеке системага ээлик кылышкан. Тарикаттардын ишмердүүлүгүнүн артынан суфизм XIII кылымдан тарта «элдик» исламдын негизги формасына айланган.

Суфий окуусуна ылайык, ар бир адам өзүнөн баш таруу, аскетизм жана рухий устаттын жетекчилиги алдында сыйынуу аркылуу Кудай менен сүйлөшүүгө жете алат делет. Суфизм 4 баскычтан турат:

  1. шариат — ислам мыйзамдарын так аткаруу;
  2. тарикат — окуучунун ролунда баш ийүү мезгили, өз эркин окутуучу менен Кудайдын эркине баш ийдирүүгө умтулуу;
  3. марифат — иррационалдык жол менен жетишилген тажрыйбасыз билим;
  4. хакихат — Кудай чындыгын түшүнүү.

Суфийлик тажрыйбанын маанилүү элементи зикр саналат, анын жүрүшүндө сыйынуу формулалары көп жолу кайталанат. Зикрлер тынч (хафи) жана катуу (джахр) болушат, анын ичинде музыка жана добулбастарды колдонуу менен.

Дин илими же Кудай сөзмөрдүүлүгү

Ислам укугу менен тыгыз байланышта куранистика (өзгөчө экзегетика) жана хадис таануу сыяктуу дисциплиналар өнүгүп келген. Кудай ачылыштык маалыматтарды терең түшүнүү зарылдыгынан калам аталган спекулятивдик теология жаралган. Кудайлык атрибуттар жана кудай маңызынын катыштыктары, ошондой эле алдын-ала аныкталгандык жана эркиндик каламдын негизги көйгөйлөрүнө айланган. Антикалык философиянын, өзгөчө аристотелизмдин ассимиляциясынын натыйжасында араб тилдүү перипатетизм пайда болуп, анын эң ири өкүлдөрү аль-Фараби, Ибн Сина (Авиценна) жана Ибн Рушд (Аверроэс) болгон.

Фикх

VIII кылымдын биринчи жарымына чейин мусулман мамлекетинин коомдук, анын ичинде юридикалык нормаларынын системасы көбүнчө исламга чейинки нормаларга ээ болуп иштеп келген. Халифаттын укук системасы алгач римдик-византиялык, сасаниддик, талмудиялык, чыгыш-христиандык укуктардын тигил же бул элементтерин, арабдар тарабынан жеңип алган аймактардын өзүнчө аймактык салттарын өздөштүргөн, буладын көпчүлүгү кийинчирээк исламдашып, фикхге кошулган.

VIII жана IX кылымдын биринчи жарымында фикх-юриспруденциясында өзүнүн тили жана методологиясы калыптанган; укуктук чечимдердин негизги булактары Куран жана сүннө болгон. Укуктук чечимдердин өз алдынча чечими катары иджма мусулмандык жамааттын жалпы ою таанылган. Факихтер Куран жана сүннөдөн каалаган тажрыйбалык суроолорго жооп алуусу керек экендиги жөнүндө чечим кылышкан, жана акырындык менен мындай жооп алуунун ыкмалары (аль-истинбат) калыптанган. Алар иджтихаддын негизине кирген. Белгилүү чечимдерден ratio legis (иллях) алып чыгаруу же алуу аналогиясы боюнча жаңы нормалардын калыптануу шарттары орнотулган, ошентип, укуктук чечимдердин дагы бир булагы кияс таанылган. Киястын таанылышы фикханын өзгөчө багыты — «усуль аль-фикхтин» пайда болуусу менен белгиленген.

Болжолдуу X кылымда фикх-юриспруденция өз алдынча диний дисциплина катары биротоло калыптанган. IX—X кылымдарда төрт негизги сунниттик мазхабдар калыптанган: Ханафи, Малики, Шафии жана Ханбали. Шейиттер Исламында учурда (2022) джа′фариттик (имамиттик), зейдиттик, жана исма′илиттик мазхабдар иштейт. Ар бир мазхабдардын окуусу чыгармаларда баяндалган, алардын көбүнчөсү эрте жана классикалык орто кылымдарда мазхаб негиздөөчүлөрү, алардын жакынкы окуучулары жана жактоочулары тарабынан жазылган.

IX кылымдын жарымынан тарта суннизмде өткөндүн ири укукчулары гана иджтихадга укуктуу деген идея акырындык менен бекиле баштаган. X кылымдын жарымында унчукпас консенсуска келишип, ал өзүнүн укуктук чечимдердин (фатва) калыптануу ыкмаларынын системасы менен жаңы мазхабдын жаралышына мүмкүндүк берген эмес. Белгилүү бир мазхабдын окууларын кармануу зарылдыгы таклид деген аталышка ээ болгон. Ушундан тарта фикханын өнүгүүсү таанылган мазхабдардын чегинде уланган.

XIX кылымдын экинчи жарымында өнүккөн ислам өлкөлөрүндөгү укуктук системада фикх-укук жетектөөчү орунду көбүнчө батыш европалык үлгүлөрдөн көчүрүлгөн мыйзам чыгаруучулукка бошоткон. Натыйжада фикх өзүнүн позициясын негизинен жеке статус мамилелерин жөнгө салуу жаатында сактап калган. XIX кылымдын экинчи жарымында — XX кылымдын башында фикх-юриспруденциянын өнүгүүсү үчүн мыйзам проектилеринин формасындагы эмгектердин пайда болуусу мүнөздүү болгон, булар ошол кездеги бийликтер тапшырмасы менен дайындалып, бирок, мамлекеттик таанууга ээ болгон эмес.

XIX кылымдын экинчи жарымынан тарта фикха ролунун төмөндөө тенденциясына карабастан, мусулман калкынын басымдуулук кылган өлкөлөрдө тигил же бул деңгээлде өзүнчө тармактар, институттар жана фикха нормалары колдонулуп келүүдө. Заманбап шарттарда фикх-юриспруденциясы укуктун формалдуу булагы катары өзүнүн маанисин сактап келет. Учурда көптөгөн ислам өлкөлөрүнүн конституциясында фикханын негиз салуучу нормаларын мыйзам чыгаруучулуктун башкы булагы катары таанып келишет. Ошондуктан тиешелүү мыйзамдарды даярдоодо фикх боюнча классикалык эмгектер кеңири колдонулат. XX кылымдын жарымынан тарта фикх-укук институттары жана өзүнчө тармактары боюнча заманбап профилдеги юристтердин эмгектери кеңири жайылууга жеткен. Заманбап адабиятта маанилүү орунду фикхты салыштырмалуу жалпы жана анын өзүнчө тармактарын изилдөөлөр, заманбап мыйзам чыгаруучулук жана башка укуктук системалар ээлейт.

Акыйда

Мусулмандык диний ынандыруу (′акида, акыйда) өзгөчө догматтар, идеялар жана көз караштар фондун билдирет. Айкыда исламдык догмакттык-укуктук системасынын активдүү калыптануу мезгилинде пайда болгон (VIII кылым), буга чейин анын ордунда «төгүнгө чыгаруу» (радд) жанрында жазылган дилбаяндар турган. Ачык полемикалык мүнөзгө ээ болгон төгүнгө чыгаруудан айырмаланып акыйда прокламативдик мүнөздөгү кыскартылган так текстти билдирген, мында догматикалык мектептин же ислам догматикасынын жана укугунун суроолорундагы өзүнчө автордун позициялары берилген. Акыйдадагы постулатталуучу (тастыкталуучу) абалдар «[бир нерсеге] ишенүү» (аль-иман би...), «[экенине] биз ишенебиз» формулалар менен алдын-алынат.

Алгачкы акыйдалардын тексти сириялык кудай сөзмөрчүлөрүнөн (орусча богослов) чыгат (Умайя ибн Усман, Ахмад ибн Халид ибн Муслим, Мухаммад ибн Абдуллах), булар VIII кыдымдын башында сунниттердин атынан диний концепциянын кыскача баяндалышы менен сүйлөп чыгышкан. Исламдын негизги догматикалык мектептеринин калыптануу мезгилинде (IX—XI кылымдар) «аль-Фикх аль-акбар », «Китаб аль-васия», ошондой эле имам Абу Ханифага таандык кылышкан «′Акида» ат-Тахави сыяктуу акыйда боюнча белгилүү китептер пайда болгон, ошондой эле, мутазилимздин көрүнүктүү өкүлдөрүнө таандык бир катар акыйдалар. IX кылымдын ортосунда акыйдалар сериясы менен багдаддык салтчылар да чыгышкан, алардын белгилүүсү Ахмад ибн Ханбаланын алты акыйдасы. X — XI кылымдын башында биринчи ашариттик (Акида аль-Аш′ари), анти салтчылдык аль-Джувайнин «аль-′Акида ан-Низамия», маликиттик — Ибн Абу Зейд аль-Кайруванин «ар-Рисаля» акыйдалары түзүлөт.

IX кылымдан тарта акыйдаларга негизги абалдардын тастыктоо системасы киргизиле баштаган, мында алар өзгөчө «доксографиялык» бөлүктөрдү камтыган. X кылымдын исламдык догматиканын жана укуктун өнүгүүсү мусулман салтындагы «акида» же «и′тикад» аталган жыйнактардын пайда болуусуна алып келген. Бул жыйнактар өзүнө баяндарды жана негизги догматикалык түшүнүктөрдүн түшүндүрүлүшүн, укуктук, этникалык, ырым-жырымдык нормалардын жана эрежелердин жыйындысын камтыган. Мындай түрдөгү кыйла маанилүү эмгектер аль-Ашариге (X кылым), Ибн Баттага (X кылым), аль-Газалиге (XI кылым), аш-Шахрастаниге (XII кылым), аль-Джиланиге (XII кылым), ан-Насафиге (XIV кылым), Ибн Таймияга (XIV кылым) жана башка авторлорго таандык.

Кеңири түшүндүрүлгөн жыйнактардын пайда болгонуна карабастан, жөнөкөй, жеткиликтүү жана кыска акида, дин негиздерин коомчулукка «жарыялоонун» негизги формаларынын бири болуп кала берген. XI кылымда ал «динди бек кармоочуну» жогорку бийликтен («Кадирит ишеним символу») жарыялоо үчүн тандалат.

Тафсир

Куранды түшүнүү жана түшүндүрүү жөнүндө илим менен байланышкан дилбаяндар (′ильм аль-Кур′ан ва-т-тафсир) ислам диний доктринасынын калыптануусунда маанилүү ролду ойноп, араб-мусулман коомчулугундагы идеологиялык жана саясый күрөштүн негизги баскычтарын чагылдырган. Ислам доктринасына ылайык Куранды мыкты билген адам катары Мухаммед пайгамбар саналган, ал Жазуулардын маанисин өзүнүн тилектештерине түшүндүргөн. Пайгамбардын тилектештери көптөгөн аяттардын айтылуу кырдаалдарын, Пайгамбардын оппоненттери менен болгон полемика себептерин эстеринде сакташкан. Курандын чыныгы тарыхын чагылдырган бул байыркы катмар тигил же бул формада тафсирдин көпчүлүк бөлүгүнө кирген. Мухаммед пайгамбар каза болгондон кийин Куранды түшүндүрүү маселесин анын тилектештери (сахабалары) чечкен. Тилектештеринин арасынан түшүндүрүүдөгү өзгөчө авторитетке ‘Али ибн Абу Талиб, Ибн ‘Аббас, Ибн Мас‘уд, Убайй ибн Ка‘б ээ болушкан. Тилектештердин (сахабалардын) бөлүгү Куранды пайгамбардын сөздөрүнүн негизинде гана түшүндүрүшкөн. Башка бөлүгү (‘Умар ибн аль-Хаттаб, Ибн ‘Аббас ж. б.) булар менен катар өзүнүн тууралыгынын аныктамасы катары араб тилинен жана салттуу араб поэзиясынан мисалдарды келтиришкен. Алгач тафсир көбүнчө оозеки айтылган. Мечит имамдары көбүнчө жума кутбасынан кийин айрым аяттар менен сүрөөлөргө өзүлөрүнүн ойлорун айтышчу. Саякаттаган баяндамачылар жана үгүттөөчүлөр (куссас) түшүндүрмөлөрдү иудей-христиан маданий чөйрөсүнө чыккан (исраилият) кош материалдар менен байытышкан.

Тафсирдин өнүгүшүн Мухаммед пайгамбардын сүннөлөрүнүн калыптанышы менен байланыштырышат. VIII кылымдын экинчи жарымында «сүннө Куранды түшүндүрөт» (ас-сунна туфассиру ль-Кур′ан) деген негизди ишке ашырган, курандык тексттерди түшүндүргөн хадистер жыйнагы пайда болгон. Кийинчерээк аль-Бухари хадистеринин жалпы жыйнактарында атайын бөлүмдөр чыккан (мисалы, Сахихте). X кылымдан тарта Куранга түшүнүк берүү өзүнчө илимге айланып, хадис таануунун бөлүгү катары каралбай калган. Куранды башка тилдерге которууга тыюуу салуу шартында Ыйык жазууну коштогон пикирлер араб тили менен тааныш эмес мусулмандарга Куран менен таанышууда маанилүү ролду ойногон.

Тафсир илиминин өнүгүүсү менен мусулман дүйнөсүндө тафсирдин негизни үч мектеби өнүгө баштаган: Ибн ‘Аббас (ум. 687) тарабынан негизделген меккелик мектеп; Ибн Мас‘уд (ум. 682) тарабынан негизделген куфий мектеби; Убайем ибн Ка‘б (ум. 643) тарабынан негизделген мединалык мектеп. Бул мектептердин өкүлдөрүнөн тышкары Халифаттын башка тармактарында да Курандын белгилүү түшүндүрүүчүлөрү болгон (мисалы, Даххак аль-Хорасани [ум. 723], Ата аль-Хузали [ум. 744], Ата аль-Хорасани [ум. 757] ж. б.).

Хадис таануу

Сүннө Курандан кийинки ишенимдин булагы делет. Ал Мухаммед пайгамбардын жасагандары жана сөздөрү жөнүндөгү баяндарда берилген. Хадистердин биринчи жыйнактары хиджранын I кылымында эле (VII кылым) чогула баштаган.

Исламдын түрдүү агымдарында өзүлөрүнүн хадистер жыйнактары авторитеттүү деп таанылат. Мисалы, сунниттер аль-Бухари (810—870), Муслим (821—875), Ибн Маджей (824—887), Абу Дауд (817—889), ат-Тирмизи (824—892) жана ан-Насаи (829—915) тарабынан түзүлгөн хадистер жыйнагын түзүк же тагыраак деп санашат.

Шейиттер болсо, Мухаммед пайгамбардын тукумдары (Алиддер) жана кээ бир тилектештери (Аммар ибн Ясир, Салман аль-Фариси, Абу Зарр ж. б.) тарабынан берилген хадистерди гана авторитеттүү дешет. Шейиттер хадистеринин каноникалык жыйнактары катары аль-Кулайдын (864—941), Ибн Бабавайх ас-Садуктун (923—991) эмгектери жана Мухаммада ат-Тусинин эки жыйнагы (966—1067) таанылган.

Хадистердин негизинде Мухаммед пайгамбардын ар кандай өмүр баяндары түзүлгөн (сира).

Калам

Ислам догматтарын акыл-эсте негизделген түшүндүрүүнү берген спекулятивдик дисциплина калам аталат (‘ильм аль- калам). Тигил же бул маселелерди чечүүдө акыл-эске жогорку инстанция катары кайрылуу калам менен фальсафаны бириктирген. Калам (мутакаллимам) менен фальсафанын жактоочуларынын ортосундагы айырмачылыгы, биринчилери өзүнүн көз караштарында динге спецификалуу келген маселеден негиз алган, ал эми экинчилери — философиялануунун антикалык моделдеринен башташкан. «Философтор» (фаласифа) өзүлөрү өзүнүн илиминин каламдан болгон айырмасын ой-толгоолорунун ыкмаларынан көрүшкөн: Фальсафада аподиктикалык ой-толгоолор колдонулат, ал эми каламда болсо — диалектикалык (терминдин аристотелдик маанисинде). Мутакаллим полемикасын алып барууда көбүнчө каршылашы тарабынан кабыл алынуучу, каалабаган же абсурддук чечимдерден турган (ильзам) тезистерден чыгарууга барышкан.

Калам алгач ар кандай диний-саясый топтор (хаджириттер, кадариттер, джабариттер, мурджииттер) менен болгон дискуссиялардын өтүшүндө жаралып, өнүккөн, ошондой эле, башка диндердин өкүлдөрү (зороастризм, христианчылык) менен болгон диспуттарда. Бул дискуссияларда Куранды символика-аллегориялык түшүндүрүүдө негизделген (та′виль) жана диний авторитеттерге болгон шилтемелердин тигил же бул тезистерин аргументациялоодо жокко чыгаруучу (таклид) каламга таандык ой-толгоолор ыкмасы иштелип чыккан.

Каламдын негизги маселеси (калам өзөгү) бул:

Каламдын «кылдат» нерселерине (дакик аль-калам, латиф аль-калам) табигый философиялык мүнөздөгү темалар (кыймыл жана тынч абал, субстанция жана акциденциялар, атомдор жана боштук, ээндик) таандык болгон.

Маданият

Араб халифатында өзүнө түрдүү маданий салттарды камтыган дүйнөлүк маданият калыптанган, анын ичинде антиканын философия-илимдик мурасы дагы. Эске салсак кеп жалпы Ислам жөнүндө болуп жатат. Араб-мусулмандык маданияттын жогоркуу өнүгүүсү IX—XII кылымдарда туу чокусуна жеткен. Бул мезгилди исламдын «алтын доору» деп аташат. Аббасид халифатынын урашынан кийин 1258-жылы монголдордун кысымы алдында мурда бирдиктүү болгон исламдык маданий мейкиндик акырындык менен көптөгөн салыштырмалуу өз алдынча ареалдарга бөлүнүп кеткен — араб, түрк, иран, индия ж. б.

Искусство

Исламдык көркөм чыгармачылык негизинен ислам табынуусун жана ырым-жырымдарын тейлөөгө багытталган. Ал (көркөм чыгармачылык) муруңку жана чектеш цивилизациялардын көркөм мурасынын таасирин башынан өткөрүү менен мусулмандардын диний жан-дүйнөсүнүн калыптануу процессинде түптөлүп, ошондон тарта өнүккөн. Монотеизмдин негизинде иштелип чыккан Ислам искусствосу типологиялык жалпылыгы жана идеологиялык багыттардын, ошондой эле эстетикалык негиздердин бирдиктүүлүгү менен мүнөздөлөт.

Куран жасалма кудайга (идол) сыйынууну колдобойт бирок, ислам искусствосунун чыгармалары тирүү жандыктардын сүрөттөлүшүнө тыюуу салат дегенди четке кагып, ислам өлкөлөрүндө ар кайсы доорлордогу көркөм сүрөт искусствосунун өнүгүүсү жөнүндө күбөлөндүрөт. Жаныбарлардын жана адамдардын сүрөттөрүнө тыюуу салуу темасы ислам уламачыларынын арасында көп кылымдык талаштардын предмети болгон. Аль-Бухари сыяктуу уламачылардын арасында сүрөттөрдү айыптоо, ат-Табари жана Абу-ль-Фариси сыяктуулардын каршы пикирлерин жараткан, акыркыларынын айтуусу боюнча тыюуу салуу сүрөттөрдүн өзүнө эмес, аларды сыйынуу объектиси катары колдонууда гана тыюуулар салынат делет.

Мусулман сүрөтчүсү үчүн Кудайдын мыкты жаратманы болгон табият, чексиз көңүл эргүүнүн булагы. Кудайды көрүү образында берүүнү жана Кудайдын адам же башка жан түспөлүндө болуу идеясын тааныбоо, көркөм искусствону, диний идеяларды пропагандалоо жана мусулмандардын диний жашоо чөйрөсүнөн алып салышкан. Кудайды кандайдыр бир конкреттүү образда элестетүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндөгү көз карашы Куранда кийинки маанидеги сөздөр менен берилген: «Ага көз жетпейт же көрүү мүмкүн эмес» — Куран (6:103). Мусулман сүрөтчүсү диний этиканы сактоого милдеттүү, ушундан улам мыкты көркөмдүүлүккө жетүүгө болот делет (аль-джамаль аль-камаль). Ислам искусствосунун чыгармаларынын көркөмдүүлүгүнүн башка маанилүү эстетикалык критерийи анын максатка ылайыктуулугу: пайда алып келген нерсе — көркөм. Чыгарманын бардык элекменттеринин идеалдуу ирээттелгендигин мүнөздөгөн танзим эстетикалык түшүнүгү (арабча — «түзүм», «уюшкандык») Жаратуучу тарабынан мыкты түзүлгөн дүйнөлүк тартипти же иретти мейкиндик иллюстрациялашы керек делет.

Сөздү сакралдаштыруу, жазуунун диний-көркөм каралып чыгышына алып келинген. «Жазуу илимин» (калиграфияны) билүү деңгээли билимдүүлүктүн, интеллектуалдуулуктун жана инсандын рухий сулуулугунун көрсөткүчү болгон. Бири-бирин органикалык толуктаган же бири-биринен ажырабай жашаган каллиграфия менен орнамент ислам көркөмдүүлүгүнүн түшүнүүнү чагылдыруунун жана мусулмандардын пластикалык чыгарма негиздеринин аспабы болуп калган.

Салттуу исламдык эстетикалык концепциянын негизинде искусствого тажрыйбалык билим формасы катары мамиле жасоо жатат. Орто кылымдык ислам философ-рационалисттери (аль-Кинди, аль-Фараби ж. б.) илимдер сыяктуу эле мейкиндиктүү искусстволор, гармония жана мыкты пропорцияларды издөөгө жол ачкан арифметика жана геометриядан башталат деп санашкан. Мусулман көрүүсүнө таандык болгон формаларды эки өлчөмдүү трактовкалоо сүрөтчү арсеналынан үчүнчү өлчөмдөгү (перспектива, жарык-көлөкө) ыкмаларды алып салган. Мейкиндикти убакыттан тышкары сызыктуу (эки өлчөмдүү) кабыл алуу, ыйык ориентация аркылуу (кыбыла) адам — Кудай түз сызыгын жүргүзгөн Ислам диний концепциясына дагы жооп берет.

Этика жана ырым-жырым

Жакшылык жасоочу (ихсан), ишеним жана Кудай эркин таануу (Ислам) менен катар диндин ажырагыс түзүүчүсү болуп саналат.

Исламдык үй-бүлө этикасы никени диний милдет катары көтөрүп, бойдоктуулукту кабыл албайт. Эгер эркек «бардык аялдарына бирдей адилеттүү боло алса» Куран эркекке төрт аял алууга мүмкүндүк берет. Бирок, ошондой болсо дагы көп аял алуу сейрек кездешет, ал эми бир катар өлкөлөрдө мыйзам тарабынан чектелген. Ислам никеси диний сырдуулук эмес, келишим деп саналат. Нике кыйуу негизинен дин өкүлдөрүнүн катышуусунда ишке ашырылат.

Адам төрөлүү жана өлүмү менен байланышкан ырым-жырымдар аймактарга жана доорго жараша айырмаланып турат бирок, жалпы көрүнүштөргө ээ. Бир нече күндүн ичинде жаңы төрөлгөнгө ысым берип, чачын кесишип, бала үчүн садага-зекет таратылып, мал союлат. Ошол эле убакта Исламдын ысырапкерчиликти колдобоорун эстен чыгарбоо зарыл. Бала бойго жеткенге чейин ырымдоо сүннөткө отургузуу (жынысынын четки этин кесүү) ырым-жырымы жүргүзүлөт. Бул ырым-жырым аравиялык исламга чейинки салттан келип чыккан жана ислам жамаатында инициация ролун аткарат. Маркумду жерге берүү шартка ылайык өлгөн күнү жүргүзүлөт. Маркумдун сөөгүн жууп, кепинге (саван) орошот. Маркумга азан айтылып, куран окулат. Маркуду көргө коюп, жүзүн Кааба ташты (кыбыланы) каратып коёт.

Ыйык жерлер

Мусулмандардын башкы жана жалпы ыйык жерлери Мекеде (Сауд Аравия) топтолгон. Биринчиден бул мусулмандардын рухий жана сыйынуу борбору болгон Насыят мечитинин (аль-Масджид аль-Харам) борборундагы Кааба. Жыл сайын миллиондогон адамдар ал жакка зыяратка барышат. Каабанын биринчи куруучусу Ибрагим пайгамбар саналат, башка версия боюнча — Адам. Ыйыктыгы боюнча экинчи жер Медина, мында Мухаммед пайгамбардын күмбөзү менен мечити (Масджид ан-Набави) жайгашкан. Үчүнчү ыйык жер — бул Иерусалимдеги Иерусалим ибадатканасынын ордунда курулган аль-Акса мечити, мында Мухаммед пайгамбар менен кошо мусулмандар сыйынып турушкан деп саналат. Уламыш боюнча, дал ушул жерден Пайгамбар асманга кереметтүү түрдө көтөрүлгөн (мирадж). Иерусалим менен кошо мусулман уламышы Дауд менен Сулаймандан, Яхьи жана Исага чейинки тиричиликтерди байланыштырышат.

Бир катар экинчи даражадагы ыйык жерлер да бар. Мисалы, зыяратчылар Хеврондогу Ибрагим, Исхак, Якуб жана алардын аялдарынын күмбөздөрүнө зыярат кылышат (арабча Эль-Халил). Шейиттер өзүлөрүнүн азапчы-имамдарынын күмбөздөрү жайгашкан шаарларды өзгөчө кадырлашат: Эн-Наджаф жана Кербелу (Ирак), Мешхед жана Кум (Иран) ж. б. Кеңири массалар үчүн байыркы пайгамбарлардын, көрүнүктүү уламачылардын жана такыбалардын күмбөздөрү ыйык жер катары кызмат кылат.

Календарь жана майрамдар

Мусулман жыл санагы Мухаммед пайгамбардын жана анын тарапташтарынын Мекеден Мединага көчүп келүү жылынан жүргүзүлүп келет (622-жылдын 16-июлунан). Жылнаама же күн санак (календарь) Такыба халиф Умар тарабынан 639-жылы киргизилген. Мусулман жылнаамасы ай санагы саналып, 12 айдан турат: мухаррам, сафар, раби аль-авваль, раби ас-сани, джумада аль-уля, джумада ас-сани, раджаб, шабан, рамазан, шавваль, зу-ль-када жана зу-ль-хиджа. Жылдын эң бактылуу же ыйык айы десе дагы болот – бул Рамазан орозо айы болгон тогузунчу ай. Зу-ль-када, зу-ль-хиджа, мухаррам жана раджаб айлары айтылуу «тыюуу» айларына кирет. Ай айы 29 же 30 күндөн турат. Ушундан улам, мусулман календары Григориан календарына салыштырмалуу жыл сайын 10-11 күнгө жылат. Жаңы жыл Мухаррам айынын биринчи күнү башталат. Жаңы сутка күн батканда башталат.

Исламда эки мыйзамдуу майрам бар:

Мындан тышкары мусулмандар Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн (12-раби аль-авваль), Иерусалимга саякатты жана пайгамбардын асманга көтөрүлүшүн (27-раджаб), шабан айынын ортосунда кечирүү түнүн (ляйлят аль-бараа), алдын-алгандык түнүн (27-рамадан)майрамдашат. Ашура күнү (10-мухаррам) шейиттер Имам Хусейнге аза күтүү күнүн белгилешет («шахсей-вахсей»). Ашура театрлаштырылган салтанаттуу жүрүштөр, ыр ырдоолор, насыяттар жана башкалар менен коштолот. Шейиттер ошондой эле «көлмө майрамын» (ид аль-гадир) белгилешет, мында Пайгамбар Алини өзүнүн жолун жолдоочу катары Хумм көлмөсүнүн жанында дайындаган делет.

Бешинчи (жума) күнү мусулмандар мечиттерде чогулуп, милдеттүү коллективдүү сыйынууну (жума намаз) ишке ашырышат. Бул күн кээ бир мусулман өлкөлөрүндө иш күн эмес болуп саналат.

Жайылуу

Исламдын салттуу жайылуу аймагы Жакынкы жана Орто Чыгышты, Түндүк Африканы, Борбордук Азияны, Түндүк Кавказды, ошондой эле Закавказье бөлүгүн, Борбордук Россияны (Поволжье жана Приуралье) камтыйт. Салттуу жайылуу аймагынан тышкары ири мусулман жамааттары Батыш жана Түштүк Европада, Түндүк Америкада, Тропикалык жана Түштүк Африкада бар. 35 өлкөдө мусулмандар калктын көпчүлүгүн түзөт, ал эми 29 өлкөдө таасирдүү азчылыгына кирет (2022). 28 өлкөдө, алардын ичинде Египет, Кувейт, Иран, Ирак, Марокко, Пакистан, Сауд Аравия ж. б. ислам мамлекеттик же официалдуу дин катары таанылган (2022). Мусулмандардын басымдуу бөлүгү Батыш, Түштүк, Түштүк-Чыгыш Азияда жана Түндүк Африкада жашашат.

Мусулман-сунниттердин төрттөн бир бөлүгүнөн көбү ханафиттик юридикалык мектептин жактоочулары. Алар Түштүк жана Борбордук Азияда, Кытайда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жашашат. Маликиттер Магриб өлкөлөрүндө жана Суданда басымдуулук кылат. Шафий мектеби Сирияда, Индонезияда жана жарым-жартылай Пакистанда жайылууга ээ болгон. Ханбалий мазхабынын таасири Араб жарым аралынын калкына тарап келет. Шиизмде жафарий мазхабы тараган. Учурда (2022) шиизмди кармангандар негизинен Иран, Ирак, Ливан, Йемен, Бахрейн жана Азербайжанда жашашат. Ооганстанда, Пакистанда, Индияда, Сирияда жана Тажикстанда шииттердин топтору бар.

Исламдын Чыгыш элдеринин турмушундагы ролу

Заманбап мусулман өлкөлөрүндө Ислам динге ишенгендердин жашоосунда чоң ролго ээ. Мааниси жагынан ал диний идеология гана болбостон, адамдардын жаран катары өзүн алып жүрүүсүндөгү баалуулуктарын жана мүнөзүн аныктап, светтик жашоонун дагы идеологиясы. Ушунусу менен Исламдын ислам өлкөлөрүндөгү кеңири жайылышы жана таасиринин күчөшү түшүндүрүлөт.

Чыгыш элдеринин жашоосундагы Исламдын ролунун бекемделишин батыш адистери кийинкидей себептер менен түшүндүрүшөт:

Сын-пикир

Тарыхтын жүрүшүндө ислам башка диндин өкүлдөрү (бутпарастык, христианчылык, иудаизм) ошондой эле, атеисттер жана агностиктер тарабынан сын-пикирлерге кабылып келет.

Жайгаштыруу: 2022-11-18, Көрүүлөр: 1505, Өзгөртүлгөн: 2024-02-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу