Тоо (көптүк санда — тоолор) — рельеф формасы, боорлору жана этеги бар, кайсы бир аймактын обочолонгон чукул көтөрүлгөн жери. Жөнөкөй сөз менен айтканда — жер үстүндө көтөрүлүп турган рельефтин геологиялык формасы.
Чокулары мүнөзү боюнча чокчогой, кумпа, дөңсөө сымал болот. Суу астындагы тоолордун чокулары арал сыяктуу.
Тоолор кургактыктын 40 % элеп, алардын эң көбү Азияда (бардык тоолордун 64%), эң азы Африкада (3 %). Тоолорду океандын түбүндө да көрүүгө болот. Андагы тоолордун кээ бири толугу менен суу астында, кээ бирлерлеринин чокулары суу бетинин үстүндө чыгып турат.
Урал сыяктуу жапыз тоолордун капталдары жантайыңкы келип, айрым жерлеринде чокуларына чейин чытырман токой өсөт. Дарыялары өрөөндөр аркылуу жай агат. Жер шарындагы эң бийик тоо - Гималай. Анда дүйнөдөгү эң бийик чоку - Жомолунгма (Эверест) жайгашкан.
Бийик тоодо аба өтө суюк болгондуктан адам тез күйүгүп, ар бир кадам өтө кыйынчылык менен шилтенет. Ошондуктан чокуга чыгуучулар көбүнчө ичине кычкылтек толтурулган баллонду пайдаланышат.
Жер жүзүндөгү эң узун тоо тизмеги Түштүк Америкадагы — Анд тоолору. Ал түндүктөн түштүктү карай 9000 км созулат. Анд тоолорунун эң бийик чокусу — Аконкагуа (6960 м).
Кавказ тоолорундагы эң бийик чоку - Эльбрус (5642 м) жана Казбек (5047 м). Кыргызстан тоолу өлкө болгондуктан, аймакта көптөгөн кырка тоолор, тоо тоомдору бар. Алар Кантеңиртоо тоому, Какшаалтоо, Теңиртоо, Күнгөй Алатоо, Тескей Алатоо, Сарыжаз кырка тоосу жана башкалар. Биздин өлкөдөгү эң бийик чоку Теңир тоодогу Жеңиш чокусу (7439 м). Ал дүйнөдөгү эң бийик тоолордун катарына кирет.
Тоонун негизги бөлүктөрү:
Тоо этеги көбүнчө так сызыгы менен айырмаланат, боорлору жетишээрлик тик жана ар түрдүү кырлары менен, чокулары ар кандай болот: учтуу, дөмпөк жана тегиз (мисалы Африкадагы столдук тоо [дасторкон деген сыктуу]).
Тоонун сырткы көрүнүшүнөн болжолдуу жашын аныктоо мүмкүн. Эгер чокулары учтуу, боорлору тик жана бийик болсо — булар жаш тоолор (болжолдуу акыркы 50 млн жылда калыптанган), чокулары дөмпөк же тегиз, бийиктиги жапыз болсо — картаң тоолор (болжолдуу жашы 300—400 млн жыл). Мындай картаң тоолор жүздөгөн миллион жылдарда жаан-чачын, шамал, жер титирөө ж.б. табигый кесепеттердин айынан ушундай абалга келген.
Тоолордун бийиктиги эки ыкма менен өлчөнүшү мүмкүн:
Тоолор дүйнөдөгү бардык таза суунун 80 % чейинкисин камсыз кылып, көптөгөн дарыя-сууларга башат берип, пайдалуу кендердин кенчи.
Тоолор жалгыз же бүтүн аймакты ээлеген системадан турушу мүмкүн. Жылгыз тоолор аты айтып тургандай жалгыз болуп, көбүнчө жанар тектүү. Көп кездешкендердин арасында тоо кыркалары турат. Бул бир сызыкта созулган тоолордун тобу. Мисалы, Эверест тоосу Гималай тоо кыркасынын бөлүгү.
Жөнөкөй тоо топтомдору да көп кездешет. Булар жөн гана белгисиз формадагы тоолор тобу.
Түзүмү жана жашы боюнча окшош тоо кыркалары жана топтору — тоо системасын түзөт.
Тоо системаларынын көптүгү (тобу) — тоо өлкөсү аталат.
Ал эми эң ири тоо калыптануулары — тоо тизмектери (алкактары), алар бүтүндөй континентер боюнча созулат. Мисалы, Альпы-Гималай тоо тизмеги бүткүл Евразияны кесип өтөт, ал эми Анд-Кордильер тизмеги Түндүк жана Түштүк Америка аркылуу өтөт.
Тоолор жер шарында мындан миллиондогон жылдар мурун пайда болгон. Келип чыгышы боюнча тектоноденудациондук жана жанар тоолор болуп айтылат. Жер бети магмада өтө жай ылдамдыкта калкып жүргөн тектоникалык плиталар менен капталган. Плиталар ортосунда көптөгөн жаракалар бар. Жарака жеринен эки тектоникалык плиталар кагылышканда бири-бирине түртүшүп жер кыртышын көтөрүп, гигант бүктөлмөлөрдү калыптандырат. Ушундай ыкма менен бүктөлмө же бүктөлмөлүү тоолор жаралат (мисалы, Гималай же аскалуу тоолор).
Кээде тектоникалык плиталар чоюлуп, жер кыртышында жаракалар жана сыныктар пайда болот. Натыйжада гигант кесектердин бири ылдый карай түшүп, экинчиси өйдө көтөрүлөт. Ошентип, бир жагынан узун жантаймалуу, экинчи жагынан тик жарлуу кесек тоолор жаралат (мисалы, Түштүк Африкадагы Ажыдар тоолору же АКШнын Калифорния штатындагы Сьерра-Невада).
Кээде тоолордун катып калган бүктөлмөлөрү ири блокторго бөлүнүп, бөлүнгөн жеринен бири өйдө же экинчиси ылдый көтөрүлөт. Мындай ыкма менен бүктөлмө-кесектүү толоор жаралат (мисалы, Тянь-Шань же Алтай).
Ошондой эле, тоолор жанарлардын атылуусунан дагы жаралат. Эриген лава жанардын оозунан чыгып, катып калат, бул процесс кайра-кайра кайталанып, катыган катмарлар уламдан улам бийиктей берет. Ошентип, жанар тоо калыптанат (мисалы, Япониядагы Фудзияма же АКШдагы Сенд-Хеленс).
Жер астында ири көлөмдөгү магма топтолуп, шишик сымал өйдө карай көтөрүлөт, бирок жанар тоодой атылбайт. Акырындан магма муздап катып калат, ал эми жер үстүндө тоо пайда болот, булар — кумпа тоолор (мисалы, Бразилиядагы Педра-да-бока же АКШдагы Шайтан мунарасы).
Тоолордо, өзгөчө бийик тоолордо, жер бетинин түздүктүү аймактарына мүнөздүү эмес көп сандаган микрорельеф түрлөрү кездешет (туурасынан жана бийиктигинен бир нече метрден ашпаган рельефтин майда формалары).
Тоо микрорельефинин элементтирине кирет:
Бийик тоолуу жерлерде микрорельеф элементтеринин көпчүлүгү (мисалы, морендер) мөңгү тектүү мүнөзгө ээ, ошондуктан, мөңгүлөрү мурда болгон, жана болгонуна көп болгон орто тоолуу жана түздүктүү жерлерде кездешпейт.
Тоолордун салыштырмалуу жана абсолюттук бийиктигине жараша кийинкидей бөлүштүрүшөт:
Антропогендик мамиледе тоолор кыйла ар түрдүү жана сейрек эмес татаал географиялык шарттардын комплексине ээ. Бул шарттарды анализдөөдө антропогеография тигил же бул тоо ландшафттын жеке-географиялык шарттарын алдыңкы планга чыгарат, ошондой эле, алардын тарыхый, экономикалык жана башка шарттарынын байланышы менен бирге. Мисалы, тигил же бул ашуунун каттам жолдорун тандоодо табигый шарттарга караганда тарыхый, экономикалык жана стратегиялык шарттар чоң рол ойногону сейрек эмес. Антропогеография үчүн орто гипсометрикалык жана климаттык маалыматтар дагы маанилүү, өзгөчө деңиз деңгээлинен орто бийиктиктер, анткени, калктын бөлүштүрүлүшү буларга жараша турат.
Кээ бир тоолор эзелтен эле адамдар менен отурукташкан. Альпыда римдиктер тарабынан өздөштүрө электе эле лигурлар, кельттер, реттер, иллириялыктардын конуштары болгон. Тоолордо жашоонун татаалдыгы калктын сейректигине жана анын жай өсүүсүнө алып келет, ал гана эмес эмес азаюуулары да сейрек эмес, бул өзгөчө айылдардан шаарларга миграция өнүгө баштаганда жакшы көрүнөт. Мисалы, Франциянын бийик тоолуу департаменттери өлкөдө калктын азаюуусу менен өзгөчө айырмаланат.
Европада дээрлик бардык өнөр-жай аймактарды ойдуңдар жана бийик эмес адырлуу өлкөлөр ээлейт. АКШ калкынын көпчүлүгү деңиз деңгээлинен 300 метр төмөн жашашат; ал эми, соода жана өнөр-жай, пахта, шаалы жана кант камышы менен алектенгендер деңиз деңээлинен 150 метр төмөн жашайт. Бийиктикти калк акырындык менен гана ээлөөдө. 1870-жылкы АКШнын калкы жашаган орточо бийиктик 210 метр болгон, 1890-жылы — 240 метр (АКШ аймагынын орточо бийиктиги — 750 метр). АКШда 900 метрден ашык бийиктикте жашагандар: 1870-жылы — 0,4 млн, 1880-жылы — 0,8 млн, 1890-жылы — 1,5 млн, 1900-жылы — 2,1 млн адам. Калк жыштыгынын бийиктикке жараша азаюуусу климаттык шарттардан гана эмес, тоо шартында коммуникациянын татаалдыгынан дагы көз каранды.
Бийиктикке жараша өзүнчө климаттык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүүчү адамдын чарбалык кызыкчылыктарынын көз карашында дайыма эле терс боло бербейт. Бийиктикте температура төмөндөйт, бирок, жаан-чачындын санын белгилүү бийиктикке чейин өсөт. Мелүүн климаттагы тайпак тоолор муздак климатка ээ, ысыкта — мелүүн, кургакта — нымдуу. Ушундан улам Орто Азия тайпак тоолорунда шалбаалар, Борбордук жана Түштүк Америкада, Африкада (Эфиопия, Кения, Уганда, Бурунди, Руанда ж. б.) бийик тоолуу өсүмдүктөр, жана Азияда, Жаңы Гвинеяда көптөгөн тоолуу жер иштетүүлөр өнүгүүдө.
Жакшы жактары — орографиянын ар түрдүүлүгү менен түзүлүүчү климаттык шарттардын көп түрдүүлүгү. Ысык алкакта (Индиянын түндүк чети, Американын тропикалык аймактары) 3—4 км чейинки бийиктиктерде биринин артынан бири болуп ысык, мелүүн жана муздак алкактар жатат.
Тоолордогу климаттык шарттардын ар түрдүүлүгү орографиянын аба агымдарына жана күн нуруна таасир этүү менен күчөйт. Жаан-чачындын тоонун шамалдуу бетинде көп жааганынын натыйжасында далдоо бетинде алардын саны азаят. Шамалды тосуу менен тоолор аба агымынын алардын кырлары аркылуу агып, бети аркылуу ылдый түшүүчү өзгөчө шарттарды (фён, бора, мистраль, нордост) түзөт. Альп өрөөндөрүндөгү айылдар күн жак бетке жайгашууга аргасыз, анткени, көлөкө жагы өтө эле муздак. Тоолордун климаттык таасири басымдуулук кылган шамал багытынын туурасынан кеткен тоолор климаттык тосмону жаратып, шамалдуу бетинде жаан-чачындарды кармап, тоолордун шамалдан далдоо бетинде жана ошол бетиндеги өрөөндөрдө кургактыкты жаратып, муздак шамалдардын таасиринен сактоосу менен дагы маанилүү. Мисалы, Альп системасы эки климаттык провинция ортосунда чукул климаттык чек араны калыптандырат: Жер ортолук деңиздик субтропикалык жана калган Европанын мелүүн климат провинциясы.
Чыгыш климаттык аймактуулук менен өсүмдүк, аны менен удаалаш — чарбалык аймактуулук, кээде этнографиялык аймактуулук аныкталат.
Борбордук Азияда түздүктүү талаалар, тоолуу чет жакалар жана тоо чокулар аймактары ар кандай пайдаланылат: талаалар көчмөндөр тарабынан ээленген; тоолуу чет жакалар болсо жыш жайгашкан: бул жерде жер чарбасы менен алектенген айылдар менен кошо кол-өнөрчүлүк жана соодада иштеген калкы бар шаарлар көп; тоолордун өзүндө болсо примитивдүү жер иштетүү жана мал-чарбасы иш алып барган калк сейрек. Айыл-чарба элементтеринин вертикалдык аймактуулугунун жакшы мисалы Завкавказьени айтса болот. Ушундай эле бөлүштүрүү Атлас тоолору жайгашкан өлкөлөрдө байкалат, бирок бул жерде ал этникалык дифференциация менен татаалдашат: чөлдөрдө туарегдер, тоо жакаларында жана тоолордо — берберлер. Альп тоолорунда виноградарчылык, жер иштетүү, мал-чарбанын кабатталып жайгашуусу байкалууда. Этне тоосунда (38° түндүк кеңдик) бийиктик багытында маданий, токой жана чөл аймактары айырмаланат. Маданий аймак 1550 метр бийиктикке чейин созулат (дан өсүмдүктөрүнүн чек арасы), ал эми нандын суррогаты болгон жегиликтүү каштанды эске алганда 1850 метрге чейин. Маданий аймактын төмөнкү бөлүгү жүзүмдүктөр, апельсин, лимон жана зайтун (олива) токойчолору менен ээленген; булардан өйдө, 800 метрге чейин, зайтун дарактары көтөрүлөт. Андан кийин мелүүн климаттын бакча дарактары жана дан өсүмдүктөрүнүн аймагы кетет. Этна тоосунда айылдар же кыштактар зайтун аймагында бүтөт. Кыйла бийиктикте токойчулардын үйлөрү жайгашкан (1400—1500 метр).
Альп тоосундагы Тироль жана Швейцариядагы кыштактар дээрлик 2000 метрге чейин көтөрүлөт, бирок, мындай бийиктикте көбүнчө малчылар жана сыр бышыруучулар жай мезгилинде ээлеген үйлөр жайгашкан, туруктуу кыштактар орточо 1000—1300 метр бийиктикте бүтөт.
Бирок, эгер мелүүн климатта бийиктиктин жогорулашы жашоочулардын чукул кыскарышы жалпы эреже катары болсо, тропикалык аймактарда төмөндүктөрдө жашоо ден-соолукка зыяндуу келип, калктын чоң бийиктиктерде топтолуусу байкалат. Тропиктеги шаарлардын көбүнчөсү, анын ичинде ирилери 2000 метрден өйдө бийиктикте жайгашкан. Мелүүн алкакта эң бийик адам жашаган жерлер Кавказда, бирок, бул жерде дагы алар 2,5 км өйдө чыкпайт (Уруш кыштагы); 1,5 км бийиктиктеги шаарлар да бар (Шуша — 1547 м, Гюмри — 1548 м, Карс — 1776 м). Эки эсе чоң бийиктиктер Тибетте, болжолдуу 30-жарыштарда: Лхаса 3630 метр бийиктикте, Гарток — болжолдуу 4,5 км. Эфиопияда дан жана туруктуу жашоо жерлеринин чек арасы 3900 метрге чейин жетет. Ушундай эле жана андан да бийик бийиктиктер Түштүк Американын тропикалык бөлүктөрүндө бар: Перудагы Серро-де-Паско 4350 метр бийиктикте жатат, Боливиядагы Потоси кыштагы — 3960 метр бийиктикте, ал эми андагы кен казуучу жер (күмүш кендер) — деңиз деңгээлинен 5000 метр бийиктикте.
Тоолордун түздүк үстүндө чукул көтөрүлүүсүнүн сейрек болушу тоолу аймактарда калк жайгашуусун жеңилдеткен маанилүү учуру болгон. Шамалдан жемирилүү, жаандан жуулуу жана аккан суулар менен түздөлүүнүн артынан тоо беттери түздөлүп, чукул эмес жантаюуулар же тепкич түзүлүштөр пайда болот, өрөөндөр тереңдеп, тоону көздөй өйдө көтөрүлүп, тоого чыгууга ыңгайлуу жолдорду жаратат. Ошондуктан, таптакыр бара алгыс тоолор сейрек. Түздүк өсүмдүктөрү жантаймалар жана өрөөндөр аркылуу тоолордун арасындагы терең бийиктиктерге чейин кирип келе алат, жана тескерисинче, тоо өсүмдүктөрү ылдый түшөт. Эңкейиш тоо беттеринде жана тоо өрөөндөрүндө өсүмдүктөр ушундан улам өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланып турат. Бийик эмес жантаймалар, өзүнүн өсүмдүгүнүн ар түрдүүлүгүнө жана жакшы сугарылышына, ошондой эле, жакшы катташка байланыштуу, дайыма адам баласынын тоолу аймактарынын сүйүктүүсү болгон; катташуу ыңгайлуулуктары менен табигый шарттардын ар кандай комбинациясынын айынан анча чоң эмес мейкиндикте эле ар кандай эмгекти бөлүштүрүү үчүн шарттар түзүлгөн. Кууш өрөөндөрдө калк, тоо этегиндеги жантаймаларды, климаттык себептер боюнча да артык көрөт: мындай жерлер жарык жана жакшыраак желдетилет, ал эми кууш өрөөндүн тереңинде күн нуру аз тийип, буулануулар туруп калып, коюуу туман көпкө турат.
Деги эле, тоолу өлкөлөрдө адам баласынын жашоосу көбүнчө өрөөндөрдө топтолот. Алар аркылуу каттамдар өтүп, аны бойлой калктын эң жыш саны чогулат. Эшилмелердин жана шилендилердин айынан мындай өрөөндөрдө жер түзүрөөк жана түшүмдүүрөөк; шамалдан далдоо жана деңиз деңгээли жапызыраак болгонуна байланыштуу — климаты тоо кырына караганда жумшагыраак; мындай жерде негизги өрөөндөр жана алардын бутактары боюнча жеңилирээк каттам шарттары түзүлөт. Ушул себептен тоону өздөштүрүү үчүн ал өрөөндөргө бай болуусу жана алардын жайгашуусу маанилүү.
Бүктөлмө тоолордо, тоо системасы узун жана көпчүлүк бөлүгү кең узатасынан кеткен өрөөндөр менен кесилген. Көптөгөн мындай өрөөндөрдүн каттыштарынын салыштырмалуу жеңилдиги, түшүмдүүлүгү жана кеңдиги, аларды тарыхый жактан маанилүү кылган (Верхнерон жана Верхнерейн, Инна жана Адидже [Эча] өрөөндөрү). Массивдүү тоолор, узатасынан эмес, туурасынан кеткен, кыска, кең эмес, туюк өрөөндөр менен кесилет. Мындай өрөөндөр анын чет жакаларын ички бөлүгү менен байланыштырып, көбүнчө жергиликтүү мааниге ээ.
Өрөөндөрдөгү кеңейген ойдуңдар өзгөчө антропогеографиялык мааниге ээ. Негизи бул ойдуңдарга каптал өрөөндөр туура келет, жана бүткүл өрөөн каттам жолу болуп, кең бөлүгү анын түйүнү болуп калат. Мындай ойдуңдардын бөлүгү чуңкурлуу болот (чуңкурлуу ойдуңдарда Флоренция, Вена, Майнц жана Любляна шаарлары жайгашкан), бирок, көбүнчө ойдуң өрөөн байламтасы, айрыктарга бутактанышы, каптал сууларга түшүшү менен калыптанган кең бөлүгү менен болот. Негизи өрөөндүн кең бөлүгүнө калк жайгашкан жерлер туура келет, калганы жылып-жүрүү үчүн кызмат кылат. Турук пунктары жалпак, кеңейген аймактарда.
Бирок, өрөөндөр өзүнүн бүткүл созулушунда мыкты жол боло албайт. Кең аймактар кууш капчыгайлар менен алмашканы сейрек эмес; тоолордогу суу ташкында өрөөндүн түбү менен жүргөн жолдорду өткөрүмсүз кылат. Кууш өрөөндөр аркылуу жол жүрүү өз убагында талап-тоноо чабуулдары маанисинде кооптуу болгон, ошондуктан, топурак жолдор мезгилинде, тоо аркылуу өткөндөрү да болгон. Мындай тоо аркылу өткөн жолдор шаарчалар менен коштолуп, андагы күзөттүк мунаралар, мурдагы тоо трассалары жөнүндө билдирет. Жашоо бейкапар боло баштаганда, өрөөндөргө тоо үстүндөгү шаалардын четтери түшө баштаган. Ал жакка шаар жашоосунун борбору көчүп, негизги каттамдар түшкөн. Мындай айылдардын жана жолдордун ылдый карай көчүүлөрүнүн издерин азыр деле (2021) Вогездерде (Франция) жана Шварцвальдда (Германия) байкаса болот. Ири конуштар көбүнчө тоолордун четинде – өрөөндөр түздүккө жакындаган жерлерде жаралчу. Мында товар алмашуунун бөлүштүрүү пункттары пайда болгон. Ушул эле жерде түздүктө жашагандар, тоодон түшкөндөрдүн чабуулдарынан сактануу үчүн коргондорду түзүшкөн. Тоо өрөөндөрүнө чыгуу жерлери, түздүктөгү тоо этегин бойлой өткөн жолдор менен кесилишкен жеринде, жетишээрлик түрдө чоң соода шаарлар жаралган (Закавказьедеги Тблиси, Түндүк Италиядагы Милан, Бавариядагы Мюнхен, Перудагы Лима).
Ар кандай адырларды басып өтүү кошумча энергияны сарптоону талап кылып, булар жылып-жүрүүнү татаалдантат. Адырлардын (түздүк эместердин, тоолордун) массалык топтолуусу өзгөчө кыйынчылыктарды жаратат, ошодуктан кыймыл, негизинен түздүктөр аркылуу багытталат. Тоолордо кыймыл чукул көтөрүлүштөрдөн оолак болуп, өрөөндөр боюнча жүрөт, бирок тоолордун жылып-жүрүүгө жараткан кыйынчылыктары абсолюттук эмес, салыштырмалуу. Альп тоолору римдиктердин түндүк жана батыш тарапка жайылышы үчүн түбөлүк өтпөс тосмо боло алган эмес. Индостандагы Виндия кыркасы ариялыктардын кыймылын убактылуу гана кармаган. Кайсы бир мамлекетке отурукташканда, тоолордун жээкке карата жайгашуусу өзгөчө мааниге ээ.
Түндүк жана Түштүк Американын чыгыш жана батыш четтерин бойлой созулган тоо кыркалары узак убакыт бою (өзгөчө Түштүк Америкада) ички мейкиндиктердин өздөштүрүүсүн кечеңдеткен. Австралиянын чыгыш жээгинен салыштырмалуу анча бийик эмес Австралия Альпы кыркаларынын арткы жагынан кирип келүү үчүн англис конушчуларына жарым жүз жылдык талап кылынган, бирок жээк тоолор топурак жолдор мезгилинде чоң тоскоол болчу. Техниканын заманбап деңгээлинде темир жол курууга мүмкүн болбогон тоо кыркалары жок.
Тоолор аркылуу кыймылдын чоң же кичине маселеси алардын массивдүү же суюктугуна (бөлүнгөнүнө) жараша болот. Бүктөлгөн тоолордун артыкчылыгы узатасынан кеткен өрөөндөрүнүн байлыгында, алар, тоо өлкөсүнө терең кирүүгө мүмкүндүк берип, узатасынан кеткен өрөөндөр менен бирге, кырка аркылуу туурасынан жылып-жүрүүнү жеңилдеткен кырка ойдуңдар, ашуулар да бар.
Эгер тоолордо каттамдар үчүн ойдуңдар болбосо, анча чоң эмес абсолюттук бийиктикте да алар кыйла тоскоолдуктарды жаратат. Мындай тоолорго кийинкилер кирет: Юр мезгилинин тоолору, 15° созулушта кыйла ойдуңдары жок Скандинавия тоолору, жетишээрлик бийик кыркасынын созулушунда бир гана ойдуңу бар Аппалач тоолору. Айрыкча, Скандинавия тоолорундагыдай туурасынан кеткен кыймылды жеңилдеткен ойдуңдардын жоктугу чоң өзгөчө кыйынчылыктарды жаратат.
Тоолордун жеткиликтүүлүгү жана өтүмдүүлүгү ашуулар же өтмөктөрдүн көптүгүнө жараша болот. Тоолордун өтмөктөргө жарды болуусу дүйнөлүк мааниге ээ, мисал катары Индиядан Афганистанга алып барган Хайбер өтмөгүн айтса болот. Өтмөктөрдүн бөлүштүрүлүшү өтө бир тектүү эмес. Вогездерде Больфор менен Цаберн өтмөгүнүн бүткүл созулушунда бир дагы чыныгы өтмөк жок. Батыш Альпыда, өтмөктөргө бай Котт Альпыларынын жанында (муну байыркы римдиктер кеңири колдонушкан) өтмөктөргө жарды Грай Альпылары жатат. Каттамдардын жандуулугу өтмөктүн бийиктиги жана жазылыгына жараша болот. Альп тоолорунда өтмөктөрдүн бийиктиги батыштан чыгышка карай өсөт.
Пиренеяда өтмөктөр Альпыга салыштырмалуу бийик. Альпыга салыштырмалуу Пиреней өтмөктөрүнүн азыраак пайдаланылышы анын чоңураак бийиктиги менен гана түшүндүрүлбөстөн, Альпынын эки бети дагы Пиреней тоолоруна караганда өлкөнүн чарбалык өзгөчөлүктөрү жакшыраак жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Өтмөктөрдү колуна алган мамлекет же уруу ал өтмөктөрдү колдонгон кошуналарына караганда пайдалуураак абалда болгон. Эң маанилүү тоо өтмөктөрүнө ээ болуу бир убакта кичинекей Швейцариянын маанилүү артыкчылыгы болгон. Афганистандын түштүк-чыгыш чек арасындагы Афридийлер мурда Хайбер өтмөгүнөн өтүү үчүн алым алышкан.
Өзүнчө өтмөктөр менен бирге бүтүндөй тоолуу өтмөктүү өлкөлөр бар. 7000—8000 метрге чейин көтөрүлгөн тоолор арасында жайгашкан, бийиктиги 4000 метрге чейин жеткен Памир тайпак тоолору, эзелтеден өтүүгө ыңгайлуу жак болгон. Абсолюттук түрдө, Памир, каттам үчүн чоң кыйынчылыктарды жаратат, бирок, айланасындагы тоолор менен салыштырмалуу, жылып-жүрүү шарттар кыйла жеңил. Бул мамиледе, тоолу өтмөктүү өлкөлөр тоо өтмөктөрүн элестетип, татаал, бирок, аскалуу кыркаларга караганда өтүү үчүн жеңил. Бирок өтмөктөрдөн тоолуу өтмөктүү өлкөлөр кеңдиги менен айырмаланат. Өтмөктөр аркылуу бир гана жол өтсө, тоолуу өтмөктүү өлкөлөрдө бир нече же андан көп.
Тоодогу калктын катнаштарынын татаалдыгынан, алар сырткы дүйнөдөн ажырап көпкө чейин эски адеп-ахлактык жана салттык абалда калып, аз санда болсо дагы, өз тилин сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Ингур менен Цхенисцхалинин башында жашаган Свандар 60 миңдей гана киши болсо да, этникалык жана лингвистикалык мамиледе өзгөчөлөнгөн элди түзөт. Ушундай эле нерсе тушиндер, пшавдар, хевсурлар, ошондой эле Казбектин айланасында бийик өрөөндөрдү ээлеген осетиндерге таандык.
Жүрөккө, булчуңдарга жана нервдерге жогорулатылган физиологиялык талаптарды коюуу менен, тоолор, ошол эле учурда орто тиричилик булактарын гана берет. Байыркы жазуучулардан тарта биздин күнгө чейин чыңалган тоолук жашоочуларды төмөндүктө (түздүк менен алмаштырбайлы, деңиз деңгээлинен бийик жерде турган түздүктөр дагы болот) жашаган назик жашоочуларга каршы коюп келишкен, өзгөчө тропикалык аймактардын жашоочуларын (мисалы, Индияда Гималай тоолорунун зирек жашоочулары ысык төмөндө жашагандардан чукул айырмаланат дегени), бирок, тоолук жашоочулар түздүктөрдө жашагандардын үстүнөн жеңген аз гана учурлары белгилүү. Мунун себеби, тоолордун орографиялык өзгөчөлүгүнөн улам алардын жашоочуларынын турмушу да бытыранды. Тоолу өлкөлөрдө жайылган кичинекей жайлардагы жашоо шартынын бир түрдүүлүгү, жана каттамдардын татаалдашкандыгы, өзүнчө калктар менен байланышты өнүктүрүүгө мүмкүндүк бербейт же жакшы өнтүктүрбөйт.
Майда тоо ойдуңдарынын тар чегинен кеңири мейкиндиктерге чыгууда гана эмгекти биритирүү жана кеңири коомдук бөлүштүрүүгө жагымдуу шарттарды табууга мүмкүндүк жаралат. Мындай шарттарды тоолор арасындагы түз беттүү тайпак тоолор бере алат.
Алар эч качан толугу менен түп-түз бетүү боло албайт жана тоо кыркалары менен курчалбастан, кесип дагы өтөт. Бул кыркаларда жаан-чачындар топтолгондуктан тайпак тоолор жетиштүү сугат алып, дарыялар жана көлдөргө ээ; мунун барын жасалма сугатка пайдаланса болот эле. Мындай тайпак тоолуу аймактар эрте маданияттын очоктору болгон. Негизинен, бул эки чоң топко бириккен америкалык тайпак тоолорго тиешелүү: бири Мексикадан Юкатанга чейин барат, экинчиси Колумбиядан Андия тайпак тоолору менен созулуп Боливияга чейин жетет. Америкада алгачкы маданияттын очогу Лаплат түздүктүү талааларында эмес, тропикалык токойлору бар түшүмдүү төмөндүктөрдө эмес, ушул тайпак тоолуу аймактарда түзүлгөн. Ушундай эле алгачкы маданият очоктору Алдыңкы Азиянын жана Эфиопиянын тайпак тоолорунда түзүлгөн.
Тоолор канчалык бийик болсо, өсүмдүктөрү ошончолук жарды келип, жер адам баласын бакканын токтотуп, калк тиричилик каражаттарын кол-өнөрчүлүк жана жөнөкөй өнөр-жайдан издөөсү керек. Ушундай ыкмада Шварцвальд жана Юрада саат өндүрүшү, Кендүү Тоолордо гүлдүү кездеме өнөр-жайы, Судеттерде жана Кашмирде токуучулук, Богем токоюнда айнекти ийлөө жана Кавказда металл буюмдарын ийлөө өнүккөн. Мындай иштер соода-сатык үчүн жүргүзүлгөндүктөн, кол өнөрчү өз өндүрүмүн төмөндүктөгү шаарларга сатуу максатында мезгил-мезгили менен тоодон түшүүсү зарыл.
Бирок, жакырлык тоодон кол өнөрчүлөрдү гана эмес, дыйкандарды, чабандарды да сүрүп чыгарып, жалпысынан бул сейрек конуштуу аймактар ошол эле убакта эмиграциянын маанилүү очокторунун бири.
Тоо чарбасынын өндүрүмдөрүнүн бир жактуулугу жана төмөндүктөрдө өндүрүлгөн бир катар өндүрүмдөрдүн жетишсиздиги, тоолор менен ага жанаша турган түздүктөр менен жандуу алмашууларга алып келет. Төмөндүктөрдүн жашоочулары малдарын тоодогу жайкы жайлоолорго айдап келишет. Байыркы Грецияда эле төмөндүктөр тоолорду вино, зайтун майы жана туз менен камсыз кылып, ордуна жыгач жана мал-чарба азыктарын алышкан.
Каттамдардын татаалдыгы менен бирге айыл чарбасынын ар кандай түрлөрүнө болгон табигый мүмкүнчүлүктөрдүн ар түрдүүлүгү салыштырмалуу анча чоң эмес мейкиндикте айыл чарбасынын ар кандай түрлөрүнүн айкалышына алып келет. Тоодогу жерди пайдалануунун баштапкы формасы мал чарбачылыгынын мезгилдик жер которушу болгон ыктымалдыгы өтө жогору. Римдиктер Альп тоолоруна жүзүмдү жана тоо шалбааларын жасалма сугарууну киргизген. VI кылымда славяндардын басып кириши мал чарбасын кайрадан биринчи планга алып чыккан. Түштүк Альпылардын туюк өрөөндөрүндө бир нече сааттык жөө басыш аралыкта, бир эле айылдык жамааттын чегинде виноградарчыдык жана өрөөндүн төмөнкү бөлүктөрүндө мал багуучулук, ортосунда жер иштетүү, ошондой эле, мезгилдик конуштар менен бардык үч баскычта, бир конуштан экинчи конушка мезгилдик жер которуу менен мал багуучулук айкалышат. Мында, жогорку баскычка анча көп эмес калк менен мал чыгып, эң төмөнкү баскычка калк малсыз эле түшөт. Альпы тоо этектеринде, швейцариялык түздүктөргө ачык өрөөндөрү, жана ыңгайлуу кесилишкен жолдору менен, сүт жана эт азыктарын шаарларга жана чет өлкөлөргө сатуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша бардык чарбалар өтүмдүү товарларды өндүрүүгө багытталган: чийки жана коюлтулган сүт, «ымыркайлар уну», шоколад, сыр. Чарбанын азыраак пайдалуу тармагы катары жер иштетүү түздүк менен каттамдардын жакшыртылышында кийинки планга өтүп же таптакыр каралбай калган.
Ошентип, тоодогу айыл-чарба эң примитивдүү форма болгон көчмөн мал багуудан баштап, учурда ыңгайлуу жайгашкан тоолуу аймактарда эң интенсивдүү формаларга — сүт жана эт чарбачылыгына өткөн. Өнөр-жай дагы ушундай, чаң баскан сарайда эптеп-септен колго жасоочу примитивдик формадан баштап, учурда, кайра эле жагымдуу шарттагы абалда, электрлешкен фабрикалык өнөр-жай формасына өткөн.
Тоодогу өнөр-жайдын жаралуусунда, ал казылуучу кенге; токой байлыктары (жыгач көмүр металлургияга, жыгач — түрдүү буюмдарга); күчү устаканалардын дөңгөлөктөрүн тегереткен тоо сууларынын байлыгына; жүн кездемелерге иштетилген койлордун жүнүндө негизделген.
Кен казуу (тоо-кен, тоо-кен өнөр жайы) тоодогу өнөр жайдын эң байыркы түрлөрүнүн бири болгон. Тарыхка чейинки мезгилде эле туз жана металлдар кен казуучуларды Альп тоосунун өрөөндөрүнө тартып турган. Учурда алтын, күмүш, темир, жез жана башка түстүү металлдарды казуу жерлери кыйла өзгөрүп, жаңы жерлерде тоо байлыктарын иштеп чыгуу ири көлөмдө жана заманбап техникалык негизде жүрөт. Башка тоо-кен байлыктарын пайдалануу да бир топ өзгөргөн. Эми жыгач, көмүрдөштүрүүгө эмес, кагаз массасын жана целлюлозаны даярдоого кетүүдө (2021). Жергиликтүү жүндү кайра иштетүү, сатып алма чийки затта иштеген фабрикалык кагазпахта өндүрүш менен алмашылган. Суу энергиясы ГЭСтерде колдонулат. Өзгөртүлгөн гидроэнергияны пайдалануу тоодогу металлургиялык өнөр-жайдын чыныгы революциясына алып келген. Көмүр же кокс менен иштеген домендик мештер түтүнсүз электр мештери менен алмашылып, алар түрдүү эритмелерди жана болоттун атайын сортторун алууга мүмкүндүк берген. Электр энергиясы менен иштеген химиялык өнөр-жай, өзгөчө анын эң баалуу тармактарында (жасалма селитра, дары-дармек, боёк, алюминий ж. б. алууда) ири масштабдарга жетти. Гидроэлектрэнергия алыскы аралыктарга шаарларга жана өрөөндөрдөгү заводдорго жеткирилип, тоо менен түздүктүн ортосунда жаңы байланышты түздү.
Тоолорду түздүк менен байланыштырган тоо ландшафтын чарбалык эксплуатациялоонун салыштырмалуу жаңы түрлөрүнө тоо жана тоо-лыжа туризмин кошсо болот. Мисалы, Швейцариядагы тоолуу мейманканалар бир гана жатакана, тамак-аш маселеси эмес, туристтерди чокуларга чыкканга чейин кам көрөт.
Бул рельефтин формалары уникалдуу климатка ээ болуп, түрдүү бийиктиктерде ар кандай өсүмдүктөрдүн түрлөрү кездешет. Этегинде көбүн эсе жыш жалбырактуу токойлор өсөт, андан өйдөрөөк — ийне жалбырактуу токойлор, андан кийин өсүмдүктөр азыраак кездешип, мох жана эңилчек сыяктуу өсүмдүктөр басымдуулук кылат.
Тоолордо жашаган жаныбарлар суукка көнүп, ал жакта жашоо үчүн эволюциянын натыйжасында ар кандай ыңгайлашуулары бар. Мисалы, Азия Гималайинин кызыл пандасы коюуу түгү менен айырмаланат. Илбирстер эволюциянын натыйжасында кичинекей кулактарга ээ болуп, жылуулукту жоготууну азайтуу үчүн ыңгайлашкан, узун куйругу тең салмактуулукту сактоого жардам берет.
Тоо гориллалары түздүктөгү тектештерине караганда көлөмү боюнча чоңураак, бою жапалдаш, узун түктүү жана колдору кыска. Аркарлар жана тоо текелердин тоолу аймактарда жылып-жүрүүгө ыңгайлашкан туяктары бар.