Ар элдин өткөн тарыхы жана энчилүү маданияты болору чындык. Тарых - элдин эзелтен берки баскан жолун, өткөн жашоо тиричилигин, тагдырын жана азыркысын кабарласа, маданият ошол элдин рухий жана материалдык казынасынан кабар берет. Маданият - адам баласынын жашоосундагы ой-санаасынын, кыялынын, таалим-тарбиясынын, тиричилигинин, эмгегинин сулуулугун жана жаратылыш менен болгон мамилесин аныктаган түшүнүк. Ошол доордун, элдин жана жеке адамдардын акыл-эси, рухий өсүш деңгээли маданият аркылуу маалымдалат. Кыргыз тилчилеринин берген аныктамасында маданият араб сөзүнөн кирген, ислам доорунан бери колдонулат. Байыркы эне тилибизде маданият түшүнүгү жалпы мааниде айтылган. Маданият рухий жана материалдык маданият болуп экиге бөлүнөт. Рухий маданиятка болсо: адамдардын аң-сезиминин зээндүүлүгү, адеп-ахлагы, дүйнө таанымы, агартуучулугу, тарбия-таалими, укугу, философиясы, жүрүм-туруму, эстетикасы, илими, өнөрү, адабияты, аңызы, диний ишеними ж. б. кирет. Ал эми материалдык маданиятка адам баласынын кол менен жасаган бүткүл турмушу, эмгек куралы, кийимдери, үй-жайы, мындайча айтканда, архитектура, дизайн жасалгалары, байланыш, техникалык өсүштөрү, жол байланышы ж. б. камтылат. Маданияттын алтын казынасын эл түзөт жана кылымдан кылымга көкүрөгүндө сактап келет.
Ар элдин саясий-социалдык өсүшүнө, коомдун өнүгүшүнө жараша башкалардан өзгөчөлөнгөн маданияты болот. Эл ичинен маданиятты алгач баштоочулары, таланттары чыгат, алардын ысымдары кийинки муундарга даңаза болуп айтылып калат. Маданияттуу, зээндүү муундун өкүлү улуулардын жараткан эмгегин асыл мурас деп айтышып ардакташат. Байыркы тарыхы мол кыргыз эли башынан бай маданият күткөн. Кыргыз маданияты негизинен Орто Азия жана Батыш Сибирдеги көчмөн элдердин орток жаралган маданий мурасынан калыптанган.
[ushka=seredina]Кыргыздардын рухий дүйнөсү башкаларга деле ачык болгон, андыктан алар бөлөк элдин маданият үлгүсүн да тез кабыл алган, байыркы маданиятынын өсүшүнө ар түрдүү көчмөн жана кошуна элдердин таасири тийген. Болжолдоп айтканда, отуздай уруулар менен катнашта жашаган байыркы кыргыздардын маданиятынын алтын доору VII-IX кылым болгондугу такталган. Кыргыздар Таң сулалеси, сактар, хундар, дөөлөстөр, үйсүндөр, жужандар, тибеттиктер, түргөштөр, түрк, уйгур сыяктуу көчмөн жана отурукташкан элдер, уруулар менен мамиле курган. Ошондой эле Жибек жолу аркылу өткөн Иран, Афганистан, Индия, Сирия, Византия, араб ж. б. батыш өлкөлөрүнүн маданияты менен да кабардар болушкан. Далилге таянсак: кыргыздардын тил байлыгына эзелтен башка тилдерден кирген сөздөр арбын, кытай, түрк, монгол ж. б. элдердин сөздөрү жолугат.
Кыргыздардын элдик бедериндеги (орнамент) оюктарында Чыгыш менен Батыштын жана башка көчмөн элдердин кол өнөрчүлүгүнүн таасири бардыгын байкоого болот. Ошондой эле дин ишениминен да, каада-салт, алгачкы жазуу боюнча да биргелик, ортоктоштук, окшоштуктар кыйла көп. Улуттук маданияттын өнүгүп-өсүшүнө, калыптанышына далай мезгил жана тарыхый, социалдык шарт керек. Байыртан берки кыргыз тарыхын изилдеп көрсөк, элибиз кайсы доордо кандай материалдык жана рухий маданиятка жетише алганын же кабарсыз калганын азыр ачык абайлай алабыз. Биздин бабаларыбыздын байыртан берки түзгөн, укумдан-тукумга калтырган аялуу рухий асыл мурастары бар: кунарлуу сөз өнөрү, орошон оозеки чыгармачылык, ырлар, дастандар, эпостор, накыл, акылмандык, бай санжыра, дин ырасымы, сырдуу эпиграфика, таштагы руна керээз жазуулар, ар кандай балбалдар, эзелки шаар калдыктары, асемдүү архитектура, куттуу боз үй, кооз күмбөздөр, кол өнөрчүлүк, чебер уздардын өнөрү, көчөттүү оюулар, залкар күүлөр жана башкалар - бул элибиздин накта тарыхы, дүйнөгө ызааты, көз карашы жана элибиздин нарктуу бай маданияты. Улутубуздун байыркы тарыхын жана маданиятын оозеки санжыралардан, элибиздин аңызынан, уламыштын байыркы кытай, араб, тибет, монгол жазууларынан, таштагы чийүү сүрөттөрдөн жана рун жазуулардан табабыз. Тарыхчылардын, изилдөөчүлөрдүн маалыматында кыргыз элинин. эзелки маданиятынын узак жолдорун: байыркы Энесай доору жана орто кылым (Караханийлер) деп бөлүп караган жөндүү.
Дүйнөлүк тарыхты карасак, кайсы доорду, кандай өлкөнү албайлы, аалам колумда, мен күчтүүмүн деген не бир менменсиген империянын, кагандыктын ордосу акыры жүрүп чабылган, адамдары кырылган, дүйнөсү таланган. Баягы эрдемсиген күчтүн, баягы опсуз байлыктын дареги жок, тыйпыл болгон. Ал эми талкаланган элдин мол маданияты сакталып калган, аны кырып жоготконго душмандын күчү, чама-чаркы жеткен эмес. А маданият булак башатындай жылжып, секин гана токтобой аккан улуттук ырыскы кут, ал өтө бек жерде - адамдардын жүрөгүндө сакталган, анын алтын тамыры Көк Теңирде, Жер Эне кучагында. Бабаларыбыз байыркы рухий маданиятыбызды кайда, кантип сактап калууну билишкен. Бир жарымын кара таш бетине түбөлүккө чегип калтырса, калганын жүрөгүнө жашырыптыр, ырга айлантып калың калкка жар салыптыр. Адамзаттын рухий дүйнөсү оттон күчтүү, башкага баш бербеген жеңилбес касиети, элге канат болгон энчиси бар экен. Азыркы заманда маданият деген рухий улуу кенч жашайт.
Буга кичине да, үлкөн эл да, өлкөлөр да салымын кошкон. Ал адамзаттын байыртадан азыркы мезгилге чейинки маданият үлгүсүнүн табылгасы. Байыртан улуттук соболосу оболоп, эл, мамлекет жана өз маданиятын сактап келген кыргыздар аздыр-көптүр дүйнөлүк маданиятка рухий табылгасын кошо алды. Археологиялык изилдөө. Биздин элибиздин эзелки жашоосун жана маданиятын таап, эскилигин өлчөп, жашын эсептей турган археология деген илим багыты бар. Аны грек тилинен которгондо, байыркы жөнүндө илим деп окулат. Кылым сырын билген археологдор жер астында жер каймактагандан бери көмүлүп жаткан кабырды таап, казып, байыркы адамдардын ата конуштарын, оокат-тиричилигин, элдин кайсы доордо жашагандыгын, турмушун, кандай адамдар болгонун жана коом тарыхын, аныктап айтып беришет. Археологдор байыркы адамдардын жер үстүндө эки миллиондон ашык жыл жашагандыгын кабарлайт, таш доорунан берки мезгилден камтыйт. Дүйнөлүк илимий чөйрөгө кадыр-баркы бар окумуштуу археологдор С. В. Кисиев, А. П. Окладников, А. Н. Бернштам, С. М. Абрамзон жана башкалар Түштүк Сибирди жана Ала-Тоону кыдырып, кыргыздардын байыркы тарыхы менен маданиятынын жаңы даректерин таап, ачылыштарды жасашып, улуттук илимдин өсүшүнө зор салым кошту. Доорлор жөнүндө.
Эрте палеолит доорунда (б. з.ч. 800-140 миң жылдыктар) - адамдар үңкүрүндө топтошуп жашап, жалаң кара курсактын камын гана көрсө, ортоңку палеолит доорунда (б. з.ч. 14-40 миң жылдыктар) адамдын акыл-эстүү боло баштаганы сезилет. Алар аңчылыктан улам териден кийим кийип, найза, бычак жасаган жана жаратылышка сыйына баштаган. Соңку палеолит доорунда адамдардын жашоого карата күрөшү күч алат, айбанаттан коргонот, бириндегендер баш кошуп, урукка уюшуп, акыл-эс кирип, ойлонуп күн көрөт, бара-бара теңсиздик күчөйт, аял-заттын, эненин (матриархат) бийлигинин доорону сүрөт. Ортоңку таш доору. Ортоңку таш доору (мезолит б. з.ч Х-VI миң жылдыктар) адамдардын акылы жаа менен жебени табат. Эл жер тандоону билип, журт которуп көчө баштаган. Алгачкы көчмөндөр пайда болгон. Неолит доорундагы маданият. Кыргыз жеринин неолит мезгилинен (б. з.ч. V-III миң жылдыктар) Сары-Жаз дарыясынын боюндагы Ак-Чуңкур чоң үңкүрүндө сакталган букалардын, эчкилердин жана жыландардын кызыл боёк менен тартылган бабалардын эң алгачкы өнөрү - сүрөттөрү табылган.
Андан тышкары малдын сөөктөрү, жаа, жебе сыяктуу куралдар, таштан жасалган балта, балка, кетмен, орок жана коломтонун орду чыккан. Ошол кезде эле сөөктү, ташты жылмалоо, сайкалдоо, аркалап кесүү, көзөө чеберчилиги болгон экен. Жыгачты, кайышты иштетип, чоподон идиш жасаптыр. Адегенде жезди, бара-бара колону иштетишкен. Аялдар жерди иштеткен, дыйканчылык кылууга өтүп, жан-жаныбарды өздөрүнө үйүр кылып багып, мал чарбачылыгын өстүргөн. Коло доорундагы маданият. Доорлорду улам берилеп жакындатып сүрүштүрсөк, узакка созулган таш доорунан кийин коло дооруна (б. з.ч. III миң жылдыктан б. з.ч. Х-VIII кылымга чейинки мезгил) туш келебиз. Бул доордун артыкчылыгы - таштан темирге, уруктан урууга өтүү учуру. Коло доорунда кыргыз тоолорунда, аскаларында чегилген Саймалуу-Таш чийүү-сүрөттөр пайда болгон.
Ташка көчмөндөр малчылыгы, аң улоосу, жер которуусу ж. б. иштери чегилген. Коло доорунда элдин өнүккөн мезгили болгон, жез, калай, күмүш, алтын казуу, карапа жасоо, найза, айбалта, шамшар, араба, таш чегүү жана аялдардын жасалгаларын жасоо өнүккөн. Көрүстөндөрдөн колодон жасалган канжар, орок, кыма, көсөө жана башка эмгек куралдары табылган. Каза тапкан үй-бүлө көрүстөнгө чогуу көмүлгөн. Ата бийлигинин (патриархат) үстөмдүгү орногон. Уруулар куралып, бай жана жарды болуп бөлүнө баштаган. Бул доордо ташка, аска бетине сүрөттөр (петроглиф) пайда болгон мезгил.