Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жез

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жез

Эч нерсеге жараксыз буюмду: Жез тыйынга татыбайт - деп коюшат. Аңкоо адамды жез маңдай дешет. Кыскасы жез абдан барктуу деп айтыш кыйын. Бирок ушул туурабы? Бардык металлдардын ичинен электрди күмүш гана жезден жакшы өткөрөт. Бирок жерде күмүшкө караганда жез миң эсе көп. Ошондуктан электр приборлору менен машиналардын ток өтүүчү бөлүктөрүнүн көбү жезден жасалат. Жез жумшак, ийилчээк, женил иштелүүчү металл. Дагы бир сапаты - жездин көпчүлүк металлдар менен куймасын алуу оңой.

Мисалы коло - жез менен калайдын куймасы. Мындай куйманы алуу байыркы замандан бери эле белгилүү. Колодон статуя куюп, тыйын жасалган. Эгер жезди цинкке кошуп эритсе латунь алынат. Бул арзан жана чың куйма. Латундан химиялык аппараттар үчүн түтүк, автомобилдин радиатору жасалат. Жез тыйындар да латундан куюлган. Жездин ар түрдүү куймалары эмнеге гана колдонулбайт!

Кеме кыймылдаткычтарынын, суу бараларынын (турбиналарынын) жана станоктордун подшипниктеринде өзгөчө коло колдонулат, жез менен никелдин куймасы - мельхиордон идиш-аяк жана буу бараларынын бөлүктөрү жасалат. Жез менен бериллийдин куймасынан жасалган пружиналар эң сапаттуу. Бирок жез техникага гана керектүү металл эмес экен. Ал өтө аз өлчөмдө болсо да кыртышта (топуракта), өсүмдүктөрдө жана биздин организмибизде болуш керек. Кишинин организминдеги жездин баарын чогултса төөнөгүчтүн башын жасаганга да жетмек эмес.

Бирок ал болбосо, киши ооруп калат. Эгер кыртышта жез болбосо, өсүмдүктөр жакшы өспөйт. Барксыз жездин мааниси ушундай! Көрсө ал кишиге алтындан да керектүү металл турбайбы!

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1581, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу