Сүймөнкул Чокморов | |
---|---|
Туулган датасы | 9-ноября 1939-жыл |
Туулган жери | Чоң-Таш айылы, эски Ворошилов району, азыркы Аламүдүн району, Кыргыз ССР, СССР |
Өлгөн датасы | 26-сентябрь 1992-жыл (52 жаш) |
Өлгөн жери | Бишкек, Кыргызстан |
Гражданство | СССР |
Кесиби | актёр, сүрөтчү |
Карьерасы | 1969-жылдан |
Багыты | Социалисттик Реализм |
IMDb | ID 0158924 |
Сүймөнкулдун чыгармачылык таланты эки багытта өнүгүп келген. Сүрөт тартуу жанрында көп эмгектенүү менен, кино жаатында да көптөгөн фильмдерде ийгиликтүү актердун жүзүн көрсөткөн. Анын «Караш ашуусундагы атыш» кинофильминдеги биринчи чыгышы, ошондой эле андан кийинки ролдору да белгилүүлүктү алып келген.
Сүрөтчү катары Сүймөнкул Чокморов пейзаждарды, натюрмортторду тарткан, бирок портрет искуствосуна өзгөчө кызыгуу менен карачу. Анын моделдери негизинен чыгармачыл адамдар болгон. Белгилүү Манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн, эки жолу тартып, динамикалуу, таланттуу акындын образын ийгиликтүү жараткан. Ошондой эле актер Жумадыловдун, Кыргыз ССРинин эл артисти Жанкорозованын да сүрөттөрүн жараткан. Өзгөчө көңүл жана жылуулук менен «Апа» жана «Менин балам» образдары сүрөтчүнүн колунан жаралган.
Чокморовдун чыгармачылыгындагы эң маанилүүсү, бул чет өлкөлөрдөгү атактуу кино ишмерлери менен кезигүүсү болгон. Япон жергесиндеги кино-искусствонун чеберлери менен болгон кезигүүсүндө, япон кинорежиссеру Акира Куросава жана актер Тосиро Мифуненин, итальялык актриса Моника Виттинин сүрөттөрүн тарткан.
Бала кезимде мен абдан катуу оорудум, 3-класста окуп жүргөндө сыркоолоп, ал эми 4-класска көчкөндө ушунча каттуу ооруп, өмүрүм ушу менен бүтөт го деген ойлор келди, төшөктөн тура албай калдым. Ар бир кыймыл мага адам чыдагыс азаптарды алып келчү.
Сүймөнкул Чокморов
Азыркы убакта Сүймөнкулдун артында 400дөй живопис эмгектери жана 20 фильмде тартылып эң мыкты образдарды жараткан эмгектери калды. Анын негизги сүрөт чыгармалары Кыргыз Мамлекеттик искусство жана сүрөт музейинде сакталып турат.
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылдын 9-ноябрында Чоң-Таш айылында төрөлгөн (Кыргызстан, Чүй облусу, Аламүдүн району). Жетиген уруусунунан.
Өсүп чоңойгон үй-бүлөсүндө тогуз биртуган болгон, эки кыз жана жети бала болгон. Бала кезинде көп ооруган. Ооруну жеңүү үчүн спорт менен машыгып, волейбол ойноп, кийинчерээк Кыргызстандын жана Ленинграддын курамасында ойногон.
Ошондой эле сүрөтчүлүк менен алектенген. Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын аяктап (1953—1958), андан соң И. Е. Репин атындагы Ленинград сүрөт, скультура жана архитектура институтунун сүрөт бөлүмүндө окуп, 1964-жылы аяктаган.
1964—1967-жылдары — Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайында сүрөт мугалими.
Киного 1967-жылы келген. Биринчи жана дароо башкы ролду ойногон тасмасы режиссер Болот Шамшиевдин «Караш ашуудагы атыш» (1968). Тарыхый, окуялуу («Жетинчи ок», «Дерсу Узала», «Касиеттүү Ысык-Көл»), ошондой эле заманбап темадагы драмаларда да («Кызыл алма») роль ойногон. 1970—1980-жылдары тарыхый-революциялык темадагы советтик орто азиялык окуялуу тасмаларда эң белгилүү актёрлордун бири болгон. Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын экрандаштыруусунда фильмдерге көп тартылган.
Белгилүү кино артист катары чет өлкөлөрдө советтик киноискусствону көрсөткөн.
Сүрөтчү катары пейзаждарды, натюрмортторду, портреттерди тарткан (орточо 400дөй эмгек). Анын моделдери — негизинен чыгармачылыктын адамдары. Негизи сүрөт чыгармалары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сакталат.
Кыргыз ССРинин кинематографисттер союзунун мүчөсү. СССР кинематографисттер союзунун мүчөсү (1971-жылдан баштап). Кыргыз ССРинин сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1974-жылдан баштап). СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1967-жылдан баштап).
1975-жылдан тарта КПССтин мүчөсү. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 10—11-чакырылышынын депутаты.
1992-жылдын 26-сентябында узакка созулган оорудан улам каза болгон. Бишкек шаарындагы Ала-Арча көртөнүнө коюлган.
Агалары — Султан (темир уста), Чолпонкул (чабан), Эсен (геолог), Намырбек (экономист, Сүймөнкул жаш кезинде ооруганда, ушул агасы спорт менен машыгып ден-соолугун чыңдоого түрткү болгон), Сүйөркул (тренер), Бакыя (музыкант).
Эжелери — Насыйкат (педагог, англис тил мугалими), Гүлжан (үй кожойке).
«Апа» (1967), «Портрет аякбай Каралаев» (1971), «Актёр Жумадылов» (1971), «Менин балам» (1972), «Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозованын портрети» (1973), «Арноо. Саякбай Каралаев» (1974), «Айылдагы жаз» (1985), «Айылдагы таң» (1985), «Кыргызстандын кинематографисттери» (1986), «Ардагер Садыбакастын портрети», япон кинорежиссёру Акира Куросава (1987) жана актёр Тосиро Мифуненин портреттери, «Курманжан датка» (1988).