Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз тили

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргыз тили

Кыргыз тили — түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна таандык кыргыз элинин улуттук жана Кыргызстандын мамлекеттик тили.

Мазмуну

Кыргыз тили
Кыргыз тилинин жайылуу ареалы
Кыргыз тилинин жайылуу ареалы
Официалдуу абалКыргызстан, Эл аралык уюмдар: Түрк кеңеши, Евразия экономикалык биримдиги (ЭАБ)
Көзөмөлдөөчү уюмКР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия
Сүйлөөчүлөрдүн жалпы саны4 568 480 адам. (2009)
Абалыкоопсуздукта
Классификация
Алтай тилдери > Түрк бутагы > Кыпчак тобу > Кыргыз-кыпчак топчосу
Жазуукириллица (мурда: латын, араб)
Тил коддору
  • ГОСТ 7.75–97: кир/кыр 305
  • ISO 639-1: ky
  • ISO 639-2: kir
  • ISO 639-3: kir
  • WALS: kgz
  • Ethnologue: kir
  • IETF: ky
  • Glottolog: kirg1245

Тарыхы

Тил — улуттун баа жеткис зор байлыгы. Тил — улуттук ру­ханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт. Кылым каарыткан «кыргыз тили» мамлекетти, кыргыз улутун жоголуудан сактайт. Кыргыз тили лексикалык байлыгы мол, грамматикалык курулушу өркүндөгөн, өсүп-өнүккөн тилдердин катарына кошулат. Өзүнүн чыгыш теги боюнча кыргыз тили түрк тилдерине кирет. Анткени, ал лексикалык курамы, синтаксистик түзүлүшү жана морфологиялык каражаттары жагынан түрк тилдерине (казак, озбек, татар ж. б.) жакын турат. Мүрзөнүн үстүнө коюлган таштарга, айрым буюмдарга жазылган кыргыз жазуулары Енисейдин жогору жагынан, Түштүк Батыш Монголиядан жана Түштүк Сибирден табылган.

Эстеликтерде баяндалган окуялардан улам жазуулардын көбү VII кылымдардын аягына таандык экенин билсе болот. Бул Енисей-Орхон жазуулары илимде XVTI кылымдын аягынан бери белгилүү болсо да, анын мааниси XIX кылымдын аягында гана чечмеленген.

Академик В. Радлов алардын баарын которуп, 1897-жылы бастырып чыгарган. Өзүнүн мазмунуна караганда, Енисей эстеликтеринин эң эскиси — Торопа Ичкеринин урматына коюлган бегре жазуусу. Бул — кыргыз элинин эң байыркы адабий текстин, Бегре жазуусун, Радлов 648-жылга таандык деп эсептейт.

Енисей жазууларын кыргыз адабиятынын башталгыч булагы катары караса болот, анткени анда көркөм адабиятка таандык каражаттар (уйкаштык, метафора, гипербола ж. б.) орун алган. Орхон-Енисей жазуулары ислам дининин таралышы (X—XI к.) менен акырындап колдонулбай, унутулуп калган. Түрк тайпалары араб алфавитин колдонууга өткөн. Араб тамгасында иш кагаздарын, тарыхый документтерин, адабий чыгармаларын ж. б. жазып калтырышкан. XX кылымда, тагыраагы 1924-жылы Кыргыз эли өзүнчө бөлүнүп, өз эне тилинде окуу китептери жазыла баштаган. Алгач улуттук жазуу реформаланган араб алфавитинде жүргүзүлгөн. Мисалы, биринчи кыргыз тилиндеги чыгарма «Кысса-и Зилзала» (жер титирөө же зилзала) араб арабинде жазылган. Бирок, буга чейин эле кыргыз тили араб арибинде жазылып келгендиги тууралуу маалыматтар бар, мисалы, 1913-жылы жарыяланган «Мухтасар Тарих-и Кыргызийа» («Кыргыздардын кыскача тарыхы») китеби, ошондой эле, 1914-жылкы — «Тарих-и Кыргыз Шадманийа» («Шабданга арналган Кыргыздардын тарыхы») китеби; булар кыргыз тилинде бирок, араб арабинде жазылган.

Араб ариби кыргыз тилинин фонетикалык түзүлүшүнө ылайык келбегендиктен, 1928-жылдан баштап латын графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы алфавит колдонула баштайт. Андан кийин, 1941-жылдан (айрым маалыматтар боюнча 1940-жыл) тартып, орус графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы жазууга (кирилицага) өткөн. Азыркы кыргыз жазуусу фонетика-морфологиялык принципке негизделген. Анда орус алфавити толук пайдаланылып, Ң, Ү, Ө тамгалары кошумча киргизилген.

Кыргыз тилинин алып жүрүүчүлөрүнө кыргыздардан тышкары Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кытай, Россия, Афганистан жана башка айрым өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар да кирет.

1989-жылы кыргыз тили мамлекеттик статуска ээ болуп 23-сентябрь — Кыргыз тил күнү болуп кабыл алынып, бул күн ал жыл сайын белгиленип келет. Кыргыз тили жөнүндөгү мыйзам, ошондой эле Кыргызстандын Конституциясы жана башка мыйзамдар жана токтомдор кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө мамлекеттик камкордук көрүүнү, кыргыз тилин түбөлүккө сактап калууну көздөйт. 2006-жылдын 10-февралында кыргыз тилине арналган «Кыргыз тил гимни» кабыл алынат.

Жазуу

Заманбап кыргыз тили кириллица негизиндеги жазууну колдонуп ө,ү,ң тамгалары менен кошо 36 тамгага ээ жана төмөнкүдөй тамгаларды камтыйт:

ТамгаларЭл аралык фонетикалык алфавит боюнча
А aa
Б бb
В вv
Г гg~ɣ
Д дd
Е еe, je
Ё ёjo
Ж ж
З зz
И иi
Й йj
К кk~q
Л лl
М мm
Н нn
Ң ңŋ
О оo
Ө өø
П пp
Р рr
С сs
Т тt
У уu
Ү үy
Ф фf
Х хx
Ц цʦ
Ч чʧ
Ш шʃ
Щ щʃ
Ъ ъ
Ы ыɯ
Ь ь
Э эe
Ю юju
Я яja

Фонетика

Кыргыз алфавити өзүнө 39 тыбышты камтыйт. 14 — үндүү (а, аа, о, оо, у, уу, ү, үү, ө, өө, ы, и, э, ээ), булардын ичинен 8 — кыска үндүү, 6 — созулма үндүү, 25 үнсүз тыбыш (б, в, г, г[и], д, ж, ж[и], з, й, к, к[и], л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ) 22 тамга менен белгиленет. Өзгөчө тыбыштар — г[и], ж[и], к[и]. Ичкертүү (ь) жана ажыратуу (ъ) белгилери тыбышты билдирбейт. Йоддошкон тамгалар — я, ю, ё, е.

Үнсүз тыбыштар үн менен шыбыштын катышына карай каткалаң (к, к[и], п, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ), жумшак (б, в, г, г[и], д, ж, ж[и], з) жана уяң үнсүздөр (й, л, м, н, ң, р) болуп бөлүнөт.

Лексика

Кыргыз тили жакшы өнүккөн мал-чарбалык, ат-спорттук, кол өнөрчүлүк лексикага (сөздүк курамга) ээ. 1984-жылдагы кыргыз тилиндеги ат-спорттук лексикасынын изилдөөсү жылкылардын ондон ашык жаш-курактык аныктамаларын көрсөткөн.

Тууганчылык терминдер системасы — бифуркативдүү-коллатералдык, башкача айтканда атасы жана энеси тарабынан ар башка: атасы жагынан — чоң ата, энеси жагынан — тай ата. Ошондой эле, улуулугуна жараша айырмачылыктар бар: кичи биртуган — ини, улуу биртуган — байке. Улуу биртугандын (же жөн гана тугандын) аялы — жеңе, кичи биртугандын аялы — келин. Улуу эженин же биртугандын күйөөсү — жезде, күчүүнүкү — күйөө бала.

Лексикада бир катар араб, перс, монгол, орус тилинен өздөштүрүүлөр бар. Буга карабастан кыргыз тили — көз карандысыз түрк тилдүү өлкөлөрдөгү, титулдук түрк тилдеринин арасынан араб-перс таасирине азыраак тартылган.

Өздөштүрүлгөн сөздөр мисалдары:

Грамматика

Атоочтор

Кыргыз тилиндеги атоочтор: зат атооч, сан атооч, ат атооч, сын атооч

Көптүк сан 12 фонетикалык вариантка (-лар, -лер, -лор, -лөр, -дар, -дер, -дор, -дөр, -тар, -тер, -тор, -төр) ээ болгон суффикстен калыптанат. Суффиксти тандоо үндүүлөр үндөштүктөрүнүн мыйзамы менен аныкталат (караңыз: үндөштүк мыйзамы, сингармонизм), ошондой эле, акыркы үн негизинен көз каранды: дос — достор; китеп — китептер; гүл — гүлдөр; шаар — шаарлар.

Эгер зат атооч сан атооч менен коштолсо, анда ал жекелик санда колдонулат: эки күн, беш үй.

Жөндөмөлөр

Кыргыз тилинде 6 жөндөмө бар:

  • Атооч жөндөмө — негизги жөндөмө, ээнин жөндөмөсү деп дагы аталат, атайын көрсөткүчү жок. Ким?, Эмне? деген суроолорго жооп берет: Бул телефон; Жеңем бүрсүгүнү келет.
  • Илик жөндөмө — көрсөтмөлөрү менен (-нын, -нин, -нун, -нүн, -дын, -дин, -дун, -дүн, -тын, -тин, -тун, -түн) бир нерсенин жана бирөөнүн экинчисине таандыгын көрсөтөт. Кимдин?, Эмненин? деген суроолорго жооп берет: эшиктин туткасы, Каныбектин досу.
  • Бары жөндөмө — көрсөтмөлөрү менен (-га, -ге, -го, -гө, -ка, -ке, -ко, -кө, -а,-е, -о, -ө, -на, -не) адамга же нерсеге болгон иш-аракеттин багытын көрсөтөт. Кимге?, Кайда? деген суроолорго жооп берет: Айылга барабыз; Ал жездесине жазып жатат.
  • Табыш жөндөмө — көрсөткүчтөрү менен (-ны, -ни, -ну, -нү, -ды, -ди, -ду, -дү, -ты, -ти, -ту, -тү) түз толуктоо жөндөмөсү болот. Кимди?, Эмнени? деген суроолорго жооп берет: Айчүрөк эшикти ачты, Аары балды ташыды.
  • Жатыш жөндөмө — Кайда?, Кимде? деген суроолорго жооп берип, -да, -де, -до, -дө, -та, -те, -то, -тө көрсөткүчтөрүнө ээ: Бишкекте, мекемеде, машинеде.
  • Чыгыш жөндөмө — кыймыл аракетти алгачкы пуктуна көрсөтүп, -дан, -ден, -дон, -дөн, -тан, -тен, -тон, -төн көрсөткүчтөрүнө ээ. Кайдан?, Кимден? деген суроолорго жооп берет: талаадан, Нарындан.

Кыргыз тилинде агглютинативдик түзүм басымдуулук кылат. Бул, тилдеги сөздөр аффикстердин кошулуусу менен калыптанаарын билдирет. Мындай түзүм грамматиканы ачык жана ийкемдүү кылат.

Кыргыз тилинде таандык ат атоочтон тышкары, түрк тилдерине мүнөздүү айтылган аффикстер дагы бар, жана мындай учурда таандык ат атоочтор көп учурда калып кетет: (анын) машинеси, (биздин) өлкөбүз.

Атоочтордун жакталышы

Зат атоочтор жакталышы мүмкүн, башкача айтканда жеке этиштик мүчөлөргө ээ болуп, этиш сыяктуу өзгөрөт, жана өзүнүн маңызы боюнча роман жана герман тилдеринде кеңири болдонулуучу «болуу» этишинин аналогу. Ошону менен бирге жеке ат атооч калып кетиши мүмкүн. Мисалы, (сен) мыктысың, (биз) айдоочубуз ж. б.

Башка түрк тилдер менен байланышы

Тилдер арасындагы лексикалык айырмачылыктардын пайыздык деңгээлин орнотуу үчүн жүз сөздүк Сводеш тизмеси колдонулат. Бул тизмеге дүйнө тилдеринин тарыхый өзгөрүүлөргө туруктуураак келген айтылуу базалык лексикага таандык сөздөр кирет. Тилдердин дал келген (же окшош) сөздөрүнүн пайызы канчалык жогору болсо, тектештик деңгээли жагынан ошончолук жакын.

Кыргыз тилинин башка түрк тилдер менен болгон тектештиги лексика-статистикалык анализдин негизинде 215 сөздүк Сводеш тизмеси менен:

85% жогорку болгон лексикалык окшоштук эки салыштыруучу тилдин бири-бирине таандыгын билдирип, болжолдуу бир тилдин диалектиси менен байланышкан делет. Кыргызстанда, буга ылайык кыргыз тилинде дагы, бир нече диалекттер бар. Булар өз ара айырмаланып, бирок жалпысынан бири-бирине түшүнүктүү.Диалекттердин болуусу кыргыз тилинин ошондой эле, кыргыз маданиятынын көп кырдуулугун чагылдырат.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 14415, Өзгөртүлгөн: 2024-06-01, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу