Поэзия (грекче ποίησις, «чыгармачылык, жаратуу») — жазма ыр түрүндөгү идеалдуу сүрөттөлүштү камтыган адабияттын жанры, поэзия оригиналдуу форма жана жаңы мазмунду камтып, сезим боёктору менен гармониялуу айкалышта жаралат. Ал, ар кайсы доорлордун жана муундардын дүйнөлүк адабиятында маанилүү ролду ойнойт.
Жазма ыр түрүндөгү лирика же роман, драма же поэма мунун баары прозадан өзгөчө көркөм сөз жана ритм менен айырмаланып турган ыр түрүндөгү чыгармалар. Поэзияда жазма ыр формасынын сөздөр менен болгон карым-катнашында назик боектор жана чебер көркөмдүк маанини берет.
Көптөгөн сөз чеберлери, белгилүүсү, белгисизи, өзүнүн сөзү, муңу, суктануусу, толкундануусу, айкөлдүгү, чечкиндүүлүгү же коркуусу дал ушул ыр саптары менен айырмаланып турат.
Поэзия көркөм, сулуу гана болбостон, өтө ар түрдүү. «Хокку» же «ханка» чыгармаларында эч кандай рифма жана белгилүү бир ритмдин жоктугуна карабастан буларды да поэзия деп атоого болот. Мындай эркин ыр саптарында ошол эле адам сезимдери, табият сулуулугу жана башкалар көрүнүп турат.
Бүгүнкү күндө да поэзия адам баласынын ишенимдүү жолдошу десек болот. Жаз жана күз, күн чыгышы-батышы, романтика жана сүйүү, канаттуулардын сайраганы, деңиздин, көлдүн үндөрү, мунун баары күнүмдүк жашоодо биз байкабай жүргөн поэзия.
Көбүн эсе күчтүү сезимдерди билдирүүдө колдонулат. Шартка ылайык лирикалык чыгармалар өтө узун эмес, көбүнчө бир нече саптардан турат. Жазуучу өзүнүн оюн билдирет дагы калемин ордуна коет. Эгер сезимдер муздап калганына карабастан жаза берсе, анда лирикалык чыгармалар окурмандарда тиешелүү маанайды жаратпай калат. Лирикада чыныгы сезимдер гана берилет.
Көбүнчө баатырлык жөнүндө айтып берүүчү узун баяндама поэма, башкача айтылышы - эпос. Эпикалык поэзиянын булагы тарыхка чейинки кудайлардын жана башка табияттан тышкаркы каармандарда. Буга жакшы мисал катары биздин Манас эпосубуз.
Жашоо жөнүндөгү ыр саптар. Адамды байыртадан эле жашоо маселелери, өлүм, айлана-чөйрө менен болгон мамилеси толкундатып келген, мына ушулар менен философиялык поэзияны түшүндүрүү же түшүнүү оңоюураак болот. Мындай жанрда жазып жаткан адам өз жашоосуна сейрек ыраазы болгондордун катарында. Автор көбүнчө жакшы менен жамандын, чындык менен жалган темаларында ойлорун чагылдырып, көбүнчө Жараткандын ролу, адам жашоосун башкаруу жөнүндө көп ойлойт. Ыр саптардын темалары, автордун жеке тагдыры болуп калат.
Бул коомдук-саясый жашоо маселелерине таандык поэзияны түшүндүрөт.
Чыгармачылыктагы комедиялуу, күлкүлүү көрүнүштүн жаралышы. Кубулуштардын түрдүү кемсинтүү аркылуу бетин ачуусу менен жаралган поэзия. Сатирада кийинкидей мыскыл каражаттар колдонулат: какшык, шылдың келеке, апыртуу же гипербола, аллегория же каймана сөз, пародия же тууроо жана башкалар.
Бардык эле адамга педант болбосо жакшы мыскылдар жакса керек. Тамаша сезими бар адам, жашоонү сүйүүгө түнт пессимистке караганда себептери көбүрөөк. Албетте бул жанр айтпаса деле түшүнүктүү болсо керек.
Балдарга арналган поэзияда таза лириканы кездештирүү өтө сейрек болот. Балдар поэзиясынын мазмунун автордун ички жашоосу жөнүндө эмес, тышкы чөйрөдө эмне болуп жаткандыгы тууралуу. Ал субъектке эмес объектке багытталган. Ошондуктан балдар поэзиясынын артыкчылыгы жагынан эпикалуу десек ашык эмес, ар бир ыр саптары — бул өзүнүн сюжети бар кичинекей окуя.
Айтылган поэзиялардын ар бири өз ичинен жанрларга бөлүнөт, төмөндө алфавиттик тартипте поэзиянын белгилүүлөрүн жайгаштырдым.
Италиялык ballata деген сөзүнөн, бийлөө дегенди түшүндүрөт. Лирикалык поэзиянын жанры, буга баяндоо компоненти бар чыгармалар таандык. Бул жанр түштүк-роман элдеринин, биринчилерден Прованста, андан соң Италияда элдик сүйүү мазмунундагы ыр-бийлеринен жаралган. Болжол менен 7-кылымдарда анча чоң эмес, 3-4 көбүнчө 8-10-12 строфадан туруп, кайырма менен алмашылып турган ырлар баллада аталчу. Башында мындай ырлар бийлерди коштоо үчүн ырдалган.
Француздун heroide сөзүнөн келген. Белгилүү бир тарых же легенда каарманынын ыр түрүндөгү каттары. Канааттандырылбай жана сагынган сүйүү кудайлардын жана каармандардын ууртундагы эллегиянын өзгөчө түрү. 18-кылымдын аягындагы адабияттын кеңири таралган поэтикалык жанры. Жалган классицизмдин урашы менен күчүн жоготкон.
Улуу Британияда жаралган кыска, мыскыл ыр саптарынын формасы. Маанисиздикти тууроодо негизделген. Салтка ылайык лимерик AABBA схемасында куралып, 5 саптан турат. Каноникалык мааниде акыркы саптын аягы биринчи саптын аягын кайталайт. Сюжет жагынан болжолдуу кийинкидей болот: биринчи сапта ким, каяктан экени айтылат, экинчисинде, эмне кылды, кийинкилери андан эмне чыкканы.
Грек тилинен «лира үндөрү менен аткарылган, сезимталдуу» деп туюндурулат. Автордун жеке субъективдүү сезимин же маанайын чагылдырат. Башкача айтканда лирика бул — адамдын жеке жана коллективдүү санаасын түздөн-түз сезимдер формасы аркылуу берилүүсү.
Классикалык поэзияда көлөмү боюнча анча чоң эмес, лирикалык мактоо ыры. Элдик тилде музыка-поэтикалык чыгарма, негизинен сүйүү-лирикалык мүнөздөгү. Башында италия тилиндеги бир үндүү ыр. XIV — XVI кылымдарда поэтикалык мадригалдар музыкалык калыптануу үчүн жаралчу. Кийинчерээк адабий мадригал музыка менен байланышта болбой, салондук жана альбомдук поэзияны мүнөздөп калган.
Лирикалык каармандын (негизи баатырдын) кой багуучу кыз менен жолугушун, жагынуусун, тийишүүсүн, жана бул кезигүүнүн койчу кыздын досунун агрессивдүү кийлигишүүсүн баяндоочу ыр.
Баяндоочу жана лирикалык сюжетте болгон ири ыр саптар чыгармасы. Поэма деп ошондой эле аты жок жана автордук байыркы жана Орто Азиялык эпопеяны айтышат.
Романга тиешелүү композиция, каармандар системасын ыр түрүндө камтыган адабий жанр.
Көптүк түрдө рубайат — төрт сап ырлар; Жакынкы жана Орто Чыгышта кеңири таралган лирикалык поэзиянын формасы.
Баатырлар жагынан дүйнө байкоосун бирден-бир жаркын мүнөздөөсү. Провансаль трубадурларынын поэзиясы.
Французча stance, италиянча stanza — бөлмө дегенди билдирет. Лирика-эпикалык чыгарма, бири-биринен өзгөчөлөнгөн композициялык жактан бүткөн строфтордон турат. Бул анын маани которууларына бир строфтон экинчисине тыюуу салуу, жана өз алдынча рифмалардын сөзсүз болуусу, башка строфтордон кайталанбагандыгы менен аныкталат. XVIII — XVIV-кылымдын поэзиясындагы стансылар - татаал эмес строфикалык курамдагы (4 стоп ямбалуу 4 сап ырлар) чоң эмес элегиялык (азын эсе сүйүү, көбүн эсе медитациялык мүнөздөгү) ыр саптар. Мисалы, Лермонтовдун «Аул Бастунжиси», Пушкиндин «Айылдагы үйү»
Италиянын travestire, кайра кийиндирүү деген сөзүнөн. Мыслкыл (кээде сатира) поэзиянын түрү. Мында олуттуу поэтикалык сюжет мыскыл түрдө берилип, формасы ага туура келбеген калыпка келип (аталышы да ушундан), ошол эле кезде олуттуулугу сакталат. Поэзиянын түрүнө карата травести эпикалык, лирикалык жана драмалык боло алат.
Философиялык адабияттын жанры.
Мурда хокку — макаланын башында бул тууралуу сөз болду эле, салттуу япон лирикалык поэзиясынын жанры.
Лирикалык поэзиянын жанры. Эрте антика поэзиясындагы ыр саптар, мазмунуна карабастан элегиялык дистих менен жазылчу. Кийинчерээк (каллимах, овидий) санаалуу ойго батуу мүнөзүндөгү ыр саптар. Жаңы европа поэзиясинда элегия кийинкидей туруктуу мүнөздөрүн сактап калган: интимдүүлүк, көңүл калуу себептери, бактысыз сүйүү, жалгыздык, жашоонун жалгандыгы.
Грек тилинен жазуу дегенди билдирет. Чоң эмес кимдир бирөөнү же коомдук көрүнүштү шылдыңдоочу сатиралык ыр саптар.