Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Илбирс

Баш барак | Жаныбарлар | Илбирс

Илбирс, ирбис, барс же ак илбирс (латынча Panthera uncia, мурда — латынча Uncia uncia) — Борбордук Азия тоолорунда жашаган мышык сымалдуулар бүлөсүндөгү ири сүт эмүүчү жырткыч.

Мазмуну
Илбирс
Илбирс
Илимий классификациясы
Домен:Эукариоттор
Падышалык:Жаныбарлар
Тиби:Хордалуулар
Класс:Сүт эмүүчүлөр
Түркүм:Жырткычтар
Тукуму:Мышык сумалдуулар
Тукумча:Пантералар
Түрү:Илбирс
Эл аралык илимий аталышы
Panthera uncia (Schreber, 1775)
Синонимдер
Uncia uncia (Schreber, 1775)
Ареалы
Илбирстин ареалы
Коргоо абалы
Жоголуу алдындагы түрлөр, IUCN 3.1 Vulnerable: 22732
Тизмектер
ITIS933420
NCBI29064
EOL328676
FW224097

Жалпы маалымат

Мүмкүн, силер зоопарктан, кинолордон кара темгил тактары бар саргыч түстүү жырткычты көргөндүрсүңөр. Ал мышык сымалдар тукумундагы сүт эмүүчү жаныбар — «илбирс». Алгач илбирс жөнүндө жалпы маалымат берели. Жыш жүнү сары же саргыч кара темгилдүү. Бул — өтө күчтүү жана шамдагай келген сымбаттуу жырткыч. Кулагы кичине, тырмагы курч, буту кыска.

Алар көбүнчө ак карлуу бийик тоолордун корум таштуу, тик зоокалуу беткейлери менен тик кыяларында жүрөт. Кар калың түшкөндө гана ылдыйлап, тоо этегиндеги токойлорго чейин келет. Илбирс азыгын түн жамына издеп жөнөйт, ачка болсо күндүз да ууга чыга берет. Негизинен тоо эчки, аркар, элик, доңуз, кээде үй айбандары менен тамактанат. Ошондой эле улар, кекилик сыяктуу канаттууларга, суур менен кемирүүчүлөргө да аңчылык кылат.

Азыгын жашырынып барып же жолун тосуп аңдып жатат да, мышыкча секирии басып калат. Ал жараланган же күчүктөрүн коргогон учурда, жолунан капысынан чыкса, адамга да кол салуудан кайра тартпайт. «Илбирс» бийик тоонун барууга кыйын жериндеги үңкүргө тукумдап, ошол жерди бир нече жыл бою мекендейт. Май, июнь айларында 2-4 мышык тууп, адегенде эмизип багат. Балдары көзүн ачып, басып калган соң, ар түрдүү айбандардын эти менен тамактандыра баштайт.

Төрөлгөн мышыктар аң уулоого чоңдору менен бирге чыгат, кийинчерээк азыгын өз алдынча таап жей башташат. Илбирстер өтө азайып кеткендиктен Кызыл китепке жазылып, аңчылык кылууга тыюу салынган. Зоопарктар үчүн гана тирүү кармалат. Кыргызча «Ак илбирс» деп дагы аташат.

Ак илбирс ичке, узун, ийкемдүү денеси, салыштырмалуу кыска колдору, буттары, чоң эмес башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен 200—230 см узундукка жетип, 55 кг чейин салмакка ээ. Түгүнүн өңү ачык-боз келип, шакек сымал жана бүтүн кара тактары бар.

Адам жетүүгө татаал жерлерде жашаганына жана жыштыгынын төмөндүгүнө байланыштуу ак илбирстин көптөгөн биология аспектилери аз изилденген бойдон калууда.

Бүгүнкү күндө илбирстердин саны катастрофалык деңгээлде аз — 2003-жылы ак илбирс түркүмүнүн популяциясы 4төн 7 миңге чейин болчу, 2020-жылы 2,7ден 3,4 миң. XX кылымда Эл аралык табиятты коргоо бирикмесине (IUCN), Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Тажикстандын жана башка өлкөлөрдүн кызыл китебине киргизилеген. Ак илбирске аңчылык кылуу ал жашаган бардык өлкөлөрдө тыюуу салынган, Кыргызстанда ик албирсти аткандарга 1 миллион сомдук айып каралган (2021), ошондой эле ак илбирс CITES (the Convention on International Trade in Endangered Species of Wild Fauna and Flora) конвенциясынын I тиркемесине киргилизлген. 2013-жылдан тарта ак илбирс жердеген 12 өлкөдө «Илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программа» кабыл алынган, мында жаныбарды сактоо боюнча атайын чаралар каралган (браконьерчилик менен күрөшүү, өзгөчө коргоого алынган табигый аймактарды түзүү, илбирстин айынан үй жаныбарларын жоготууда фермерлерге субсидия берүү ж. б.).

Аталышынын келип чыгышы

«Ирбис» сөзү түрк аңчыларынан орустарга XVII кылымда тараган. Тувада жаныбарды ирбиш деп, Семиречьеде (Казакстан) ильберс, Алма-Атадан чыгышты карай, Кытай менен чектеш аймактарда — ирвиз, түрктөрдүн адабий тилинде — ирбиз, Кыргызстанда — илбирс деп аташат. Орус тилинде түрктөрдүн ирбиз аталышы убакыттын өтүшү менен өзгөрүп аякы «з» тамгасы «с» тамгасына алмашкан.

XVIII кылымда, бирок, балким андан дагы эрте Сибирде, андан соң Семиречьеде жана Орто Азияда леопардды атаган «барс» сөзү элдик колдонууда илбирске дагы пайдаланылып калган (Uncia uncia). Эки түрдүн окшоштугунан бул аталыш кадыресе нерсе десе болот. Ошондой болсо да, XVII кылымдагы жаныбарлардын терисин сатуу соодасында «ирбиз» дагы эскерилет. XIX жана XX кылымдын башында орус тилдүү зоологиялык адабиятта Uncia uncia түшүнүгүнө «кардуу барс» (снежный барс) (мааниси жагынан англис, немис жана француз аталыштарына окшош) жана ирбис (түрк жана монгол) аталышы бекемделген. Ал эми «барс» термини леопардга таандык бойдон калган (Panthera pardus).

Изилдөө тарыхы

Once аталыштагы илбирстин биринчи эске салуусу жана сүрөтү Жорж Бюффон тарабынан 1761-жылы берилген. Бюффон илбирс Персияда жердеп, аңчылык үчүн үйрөтүлөт деп айткан.

Felis uncia аталыштагы биринчи илимий баяндалышы немец медиги жана табиятчысы Иоганн Шребер тарабынан 1775-жылы берилген. Кийинчерээк, 1830-жылы Христиан Эренберг тарабынан Felis irbis деп баяндалган. 1855-жылы Томас Хорсфилд жаныбарды Felis uncioides аталышында баяндайт.

Орточо эки кылымдык мезгилде Илбирстин биологиясы жана жайылышы боюнча белгилүү бир маалыматтар топтолгон. Илбирсти изилдөөдө көптөгөн окумуштуулар катышкан, алардын ичинде Петер Симон Паллас жана Николай Михайлович Пржевальскийлер да бар. XX кылымдын башында бул түр жөнүндөгү маалымат А. Я. Тугарин, С. И. Огнев жана башкалар тарабынан толукталган. Кийинчерээк илбирске таандык маалыматтарды жаңылоодогу маанилүү баскычты В. Г. Гептнер жана А. А. Слудскийдин 1972-жылкы жыйынтыктары ойногон.

Систематика жана филогения

Алгач ак илбирстин таш болуп калган, кеч плейстоцен менен даталанган калдыктары Алтайда жана Монголиянын батыш чек арасында табылган. Бирок, Пакистандын түндүгүндө табылган андан дагы кеч табылгалар илбирстин бул аймакта жайылышы балким 1,2ден 1,4 миллион жыл мурун мезгилге тете болуп, бул анын байыркы тектүү түр экенин көрсөтөт.

Морфологиялык жана жүрүм-турумдук белгилеринин топтому боюнча ак илбирс башка чоң мышыктар (Panthera түрү) жана майда мышыктар тобунун ортосунда орун алган.

Алгач илбирсти башка чоң мышыктар менен бирге Пантералар түркүмүнө киргизишкен, бирок кийинчерээк өзүнчө ак барстар (снежный барс, Uncia) түркүмүнө которушкан, ошентсе да, кийинки изилдөөлөр түркүмдү пантералар түркүмүнүн ичинде классификациялоо керектигин көрсөткөн. Баш сөөгүнүн түзүлүшү боюнча ак илбирс, бардык Panthera түркүмдөрүнөн өз ара айырмалануусунун каалаган комбинациясында дагы айырмаланып турат. Ошону менен бирге, ак илбирс Пантералар, ошондой эле кичине мышыктар (Felinae) түркүмүнүн өкүлдөрүнө таандык бир катар морфологиялык жана этологиялык белгилер комбинациясына ээ. Мисалы, баш сөөктүн мээ жагынын түзүлүшү боюнча Felis тукумунун ири түркүмдөрүнө абдан окшош, бирок, Panthera тукумунун өкүлдөрүнө таандык болгон тил астындагы сөөгү бар.

Тышкы окшоштугуна байланыштуу ак илбирс көп убакытка чейин леопарддын тууганы деп саналып келген, бирок, өткөрүлгөн генетикалык изилдөөлөр анын жолборско туугандыгы бар экени аныкталган, ошондон кийин аны кайрадан Пантера (Panthera) тукумуна кайтаруу аракеттери болгон. Заманбап генетикалык изилдөөлөр Пантера тукумунун бардык өкүлдөрүнүн (анын иинде илбирстин) жакын тууганчылыгын тастыктаган, мында дагы, көгүлтүр леопард — бул тукумдарды мышык сымалдуулар бүлөсүндөгү сегиз генетикалык бутактын бирине таандык кылышат. Илбирстердин тектери жолборстун тектеринен 1,67 млн жыл мурун бөлүнүп кеткенин геном анализи көрсөткөн (95 % ишеним интервалы: 1,48—1,83 млн ж. м.).

McKenna & Bell, 1997 жана Nowak систематикасы, 1991
McKenna & Bell, 1997 жана Nowak систематикасы, 1991
Stephen O′Brien жана Warren Johnson систематикасы, 2006
Stephen O′Brien жана Warren Johnson систематикасы, 2006
Mazak, Christiansen жана Kitchener систематикасы, 2011
Mazak, Christiansen жана Kitchener систематикасы, 2011

Кеңири жана көп бөлүктүү ареалга карабастан, изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү ак илбирстин түркүмчөлөрүн белгилешкен эмес. Бирок, кээ бир систематикалар тарабынан түрдүү географиялык аймактарда жашаган бир нече түрчөлөрдү беглилөө сунушталган. Мисалы, Борбордук Азиянын түндүк-батышында, Монголия, Россияда жашаган U. U. Uncia, жана Кытайдын жана Гималайдын батыш бөлүгүндөгү U. u. uncioides. Бирок, бул түрчөлөр шартка ылайык таанылбайт жана жараксыз деп саналат.

Тышкы көрүнүшү

Салыштырмалуу ири мышык. Жалпы көрүнүшү боюнча леопардды элестетет, бирок, анын кичирээк, жапалдаш (жалпак, жерге жакын), узун куйруктуу, жана түшүнүксүз ири кара чекиттери, айры тешиктери бар өтө узун (калың) түктүү.

Илбирстин өлчөмдөрү

Тулку бою узартылган жана жапыз, куймулчак жагы кичине көтөрүлүп турат. Башын кошкондогу денесинин узундугу — 103—130 см, куйругунун узундугу — 90—105 см. Ийин жагынын бийиктиги болжолдуу 60 см. Эркектери ургаачыларына караганда чоңураак. Эркектеринин дене салмагы 45—55 кг жетет, ургаачыларыныкы — 22—40 кг. Арткы таманын узундугу — 22—26 см.

Жүнү (түгү) бийик, коюуу жана жумшак, арка белиндеги узундугу 55 мм (5,5 см) жетет. Муздак, шарты катаал жакшоо аймактарда төмөнкү температуралардан коргойт. Түгүнүн коюуулугу боюнча илбирс бардык чоң мышыктардан айырмаланып, майда мышыктардыкы менен окшошураак.

Түгүнүн жалпы түстүк фону сары жана саргыч түстүн аралашмасы жок күрөң тарткан боз (түгүнүн саргыч тарткандары капаста өлгөндөрүнөн белгиленген, балким бул артефакт болушу мүмкүн). Түгүнүн арка белдеги, капталдарынын өйдөңкү бөлүгүндөгү түсү ачык боз же бозомтук, дээрлик ак, жука көгүлтүр кабаттуу. Капталдарынын ылдый жагы, курсагы жана аяктарынын ички беттери белинен агыраак. Жалпы ачык боз фондо сейрек шакек сымал айрык тешик тактар жайылган, алардын ичинде андан дагы кичине так болушу мүмкүн, ошондой эле, кара же кочкул боз түстөгү майда бүтүн тактар бар. Тактуу саймалар салыштырмалуу кубарыңкы, даана эмес тактардан калыптанган, эң ирилеринин диаметри 5тен 7—8 см жетет. Түрдүү өлчөмдөгү бүтүн тактар башында (алардын эң майдалары), моюнунда жана буттарында (чоңураактары, ылдыйды карай майда болуп кетет) жайгашып, шакек тактар жок. Белинин арткы бөлүгүндөгү тактар кээде кыска узатасынан кеткен сызыктарды калыптандырып өз ара кошулуп кетет. Шакек сымал тактардын араларында көптөгөн майда бүтүн тактар жайгашкан. Куйругунун аякы жарымында ири бүтүн тактар көбүнчө туурасынан кеткен багытта куйругун толук эмес шакек менен курчайт. Куйругунун учу, өйдө жагында негизи кара. Кара түстөгү тактар, бирок, кара-боз өңдүү көрүнөт. Кышкы түгүнүн жалпы түсүнүн негизги фону абдан ачык, бозомтук, дээрлик ак, көгүлтүр жука кабаттуу, белинен жана капталдарынын өйдөңкү бөлүгүндө жакшы байкалат, ошону менен бирге ачык саргыч түс өнүккөн болушу мүмкүн. Мындай түс жаныбарды анын табигый жашоо чөйрөсүндө мыкты жашырат — кочкул аскаларда, таштарда, ак карда жана музда. Жайкы түгүнүн жалпы фону ачыгыраак, дээрлик ак түс жана кара тактарынын чукул көрүнүшү менен мүнөздөлөт. Түгүнүн көгүлтүр жука кабаты кышкыга караганда жайында азыраак байкалат. Убакыттын өтүшү менен жаныбардын түгүндөгү тактардан турган сүрөттөр бүдөмүк болуп калат деген тастыктоого муктаж болгон маалымат бар. Жаш илбирстерде тактардан турган сүрөттөр так, ал эми боёгу интенсивдүүрөөк. Жыныстык диморфизм түсүндө жок. Илбирстин түсүнүн географиялык өзгөрмөлүүлүгү анча билинбейт, эгер болсо да, өтө аз. Көрүнүп турган географиялык өзгөрмөлүүлүктүн жоктугу түркүмдүн салыштырмалуу анча чоң эмес ареалы менен аныкталат. Илбирс — өтө стенотоптуу түркүм, жана ареалдын бардык аймагында окшош шарттарды жана жашоо жерлерин карманат.

Башы денесинин өлчөмүнө салыштырмалуу чоң эмес, тогологураак формада. Кулактары кыска, мокок тоголоктолгон, учтарында чачылары жок, кышында дээрлик түгүндө жашырылган. Жалы жана бакенбардалары өнүккөн эмес. Вибрисстери (сезгич муруттары) ак жана кара, узундугу 10,5 см чейин. Көздөрү чоң, каректери тегерек.

Баш сөөгү салыштырмалуу кубаттуу, дөңсөөлүү жана кырлуу, жакшы өнүккөн бет сөөк догоолору менен, бирок, башка Пантера түркүмүнүн өкүлдөрүнө караганда азыраак масивдүү жана салмактуу. Эркектеринин баш сөөгүнүн узундугу 18—19 см, кондило-базалдык узундугу 16,5—17,3 см, бет сөөк жазылыгы 12—13,5 см, көз ортосундагы аралык 4,3—4,7 см, жырткыч азууларынын үстүндөгү тумшуктун (рострумдун) жазылыгы 4,8—5,3 см, өйдөңкү тиш катарларынын узундугу 5,8—6,3 см.

Бойго жеткен илбирс башка мышык сымалдуулар сыяктуу 30 тиши бар. Өйдөңкү жана ылдыйкы жаагында 6 кескич, 2 жырткыч азуу бар; өйдөңкү жаагында — 3 премоляр жана 1 моляр тиштери; ылдыйкы жагында 2 премоляр жана 1 моляр тиштери бар. Тиш формуласы:

Илбирстин тиш формуласы

Узун жана кыймылдуу тили капталдарынан өзгөчө дөмпөкчөлөр менен жабдылып, чордонгон эпителий менен капталган жана алар этти сөөктөн ажыратууга мүмкүндүк берет. Бул дөмпөкчөлөр «жуунууда» дагы жардам берет.

Куйругу абдан узун, денесинин төртөн үч бөлүгүнөн ашат, узун түктөр менен капталган, ошондуктан кыйла жоон көрүнөт (көрүнүшү боюнча дээрлик билегинин жоондугуна барабар). Секирүүлөрдө тең салмакты сактоочу катары кызмат кылат. Аяктары салыштырмалуу кыска. Илбирстин тамандары жазы жана массивдүү. Тамандарындагы тырмактары тартылма. Издери чоң, тегерек, тырмактарынын белгилерисиз.

Чоң мышыктарга ырылдоого мүмкүндүк берет деп эсептелген тил астындагы сөөктүн толук эмес сөөккө айлануусуна карабастан, ак илбирс башка чоң мышыктардан айырмаланып, ырылдай албайт. Жаңы изилдөөлөр көрсөткөндөй мышык сымалдуулардага ырылдоо мүмкүндүгү кекиртектин башка морфологиялык өзгөчөлүктөрү менен шартталат, а бул ак илбирсте жок. Гиоиддик аппараттын чоң мышыктардыкындай (Panthera) түзүлүшүнө карабастан, чакырык «ырылдоо-бакырыгы» жок. «Бырылдоо» майда мышыктардыкындай (Felis) дем алганда жана чыгарганда болот. Олжосун тытмалоо чоң мышыктардыкындай, ал эми тамактануудагы абалы майда мышыктардай.

Жайылуусу

Ак илбирс — артыкча азиялык түр. Борбордук жана Түштүк Азиядагы ак илбирстин ареалы, аянты 1 230 000 км² болгон тоолу аймактарды ээлейт жана кийинки өлкөлөрдүн аймагына жайылат: Афганистан, Мьянма, Бутан, Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Непал, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Географиялык жайылуусу чыгыш Афганистандагы Гиндукуштан жана Сырдарыядан Памир, Тянь-Шан, Каракорум, Кашмир, Куньлунь жана Гималай тоолору аркылуу Түштүк Сибирге карай, мында ареалы Алтай, Саян, Танну-Ола тоолорун каптайт. Монголияда ал Монгол жана Гобий Алтайында, ошондой эле Хангай тоолорунда табылган. Тибетте ал түндүгүндөгү Алтуньшанга чейин болгон.

Россияда ак илбирстин ареалы заманбап дүйнөлүк ареалдын болжолдуу 2—3 % түзүп, түндүк-батыш жана түндүк аймактарында.

Мурдагы СССР аймагындагы илбирстин ареалы Памир-Алай жана Тянь-Шан — бүткүл Памир, Дарваз кыркасы, анын ичинде түштүк-батыш тоо тармактары, Петр I кыркалары, Алай артында, Гиссар, анын ичинде Байсунтау тоолору, Пенжикент облусуна чейинки Зеравшан кыркасы. Түштүк чеги Түштүк Тажикстанда догоо сымал өтүп, Пянжадан түндүккө карай Куляб, Дашти-Жум, Муминабад жана Кызыл-Мазаар райондорун камтыйт, мында жырткыч тез-тез кезигип турат. Андан кийин чек ара түндүк-батышка өтүп, түндүгүнөн Душанбе шаарын айланып өтөт. Андан соң чек ара Гиссар кыркасынын түштүк бети менен өтүп, түштүк-батышка кетет.

Түндүк жана түндүк-чыгыш боюнча илбирс Тянь-Шан системасынын бардык кыркаларында кездешет, түштүккө карай Фергана өрөөнүн чектеген Курамин жана Фергана кыркалары, батышта — Чаткал Пскем, Угам жана Талас кыркаларынын батыш тоо тармактарына чейин.

Алтайда илбирс Чүй талаасын камтыган ареалдын четки түштүгүндө жайылган, ошондой эле жарым-жартылай же толук Алтайдын түштүк, борбордук, чыгыш жана түндүк-чыгыштардын негизги кыркаларын жана алар менен байланышкан массивдерди камтыйт.

Жашаган жери

Илбирс Орто жана Борбордук Азиянын бийик аскалуу тоолор фаунасына мүнөздүү жырткычтар өкүлү. Ири мышык сымалдуулар арасында илбирс бийик тоолуу аймактардын жалгыз туруктуу жашоочусу. Ал көбүнчө альп шалбааларды, токойсуз аскаларды, аскалуу аймактарды, таштак жерлерди, жарлуу капчыгайларды жердейт, жана кар баскан аймактарда көп кездешет. Бирок, ошол эле убакта, илбирс жыгач жана бадалдуу өсүмдүктөр зонасын жердеп, бир катар аймактарда анча бийик эмес жерлерде дагы жашайт.

Бийик тоолордун жогорку алкактарында жашап, илбирс аскалуу капчыгайлар, аска үймөктөрү жана тоо тектеринин сыныктары менен кезектешкен, альп өсүмдүктөрү менен капталган ачык бөксө тоолордун, жантайма беттердин жана кууш өрөөндөрдүн анча чоң эмес аянттарын артык көрөт. Ак илбирстер көп жүрүүчү кыркалар (же кырлар) шартка ылайык чоң чукулдуктагы жантаймалар, терең капчыгайлар жана тоо тектеринин чыккан жерлери менен айырмаланат. Бадалдар жана таштуу тоо тектери ага эс алууга жерлерди камсыз кылуучу түздүктүү аянттарда да кезигиши мүмкүн. Айрыкча токой алкагынан өйдөрөөк жүрүшөт, бирок, токойлордо дагы болушу мүмкүн (көбүнчө кыш мезгилинде).

Жашаган жерлери деңиз деңгээлинен 1500—4000 метрлик алкакта жайгашкан биотопторду камтыйт. Кээде түбөлүк кар чегинде кездешет, ал эми Памирде Аличурдун баш жагында анын издери бир нече жолу кышында дагы деңиз деңгээлинен 4500—5000 метр бийиктикте табылган. Гималайда илбирс деңиз деңгээлинен 5400—6000 метр жана деңиз деңгээлинен 2000—2500 метр бийиктикте белгиленген. Жайында көбүнчө деңиз деңгээлинен 4000—4500 метр бийиктикте жүрөт.

Түркстан кыркаларынын беттеринде илбирсти жайында болжолдуу деңиз деңгээлинен 2600 метр жана андан бийик бийиктикте байкашкан. Бул жерде ал аскалуу аймактарда жүрөт. Талас Ала-Тоосунда деңиз деңгээлинен 1200—1800 жана 3500 метрлик алкактардын арасында байкалат. Жунгар Алатауда ал деңиз деңгээлинен 600—700 метр бийиктикте кездешет.

Жайкысын Күнгөй Ала-Тоо кыркасындагы карагай алкагында илбирс сейрек (д. д. 2100—2600 метр), ал эми альп алкагында өзгөчө көп кездешет (д. д. 3300 метрге чейин бийиктикте). Жайында Илий Алатау жана Борбордук Тянь-Шанда 4000 метр жана андан жогорку бийиктиктерге чейин көтөрүлөт, кышында деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикке чейин түшөт. Бирок, илбирс бардык жерде эле бийик тоолуу жаныбар эмес — деңиз деңгээлинен 600—1500 метр бийиктиктердеги бир катар аймактарда, мисалы, бийик эмес тоолор аймагында жана тоо жактагы талааларда аркарлар жана тоо эчкилер жүргөн аскалуу капчыгайларда, жарларда ал жылы бою жашайт. Жунгар Алатау, Алтынэмел, Чулак жана Матай тоо тармактарындагы деңиз деңгээлинен 600—1000 метр бийиктикте ак илбирс жылы бою кадыресе шартта.

Жайында олжосунун артынан ээрчип отуруп субальп жана альпы алкактарына чейин көтөрүлөт. Кышында калың кар түшкөндө бийик тоолуу аймактан орто алкакка түшөт — көбүнчө ийне жалбырактуу токойлор аймагы. Мезгилдик көчүүлөр, жетишээрлик туруктуу мүнөзү жана илбирстин негизги олжосу болгон туяктуулардын мезгилдик миграциялары менен шартталат.

Биология жана экология

Айрыкча күүгүмдө активдүү, бирок, кээде күндүз дагы. Көпчүлүк учурда күн батуу алдында жана эртең мененки күн чыгышта аңчылык кылат. Ареалдын түштүгүндө, мисалы Гималайда, илбирс аңчылыкка күн батуу алдында гана чыгат. Күндүз илбирстер көбүнчө эс алышат, укташат, аскаларда жатат. Чээнин үңкүрлөрдө жана аска жаракаларында, аскалуу үймөктөрдө, көп учурда салаңдаган плиталарда, жана башка аналогиялуу жерлерде жайлаштырат, күндүз ушундай жерлерде жашырынат. Бир чээнди илбирс көбүнчө бир нече жыл ээлейт. Кыргыз Ала-Тоосунда илбирс күндүзгү жатак катары арчаларда жайгашкан кара жорулардын уяларын колдонгон учурлары белгилүү.

Аймактык жана социалдык жүрүм-туруму

Бойго жеткен ак илбирстер — көбүнчө жалгыз жашоо образын жүргүзгөн аймактык жаныбарлар (бирок, түгөйлүү топтор да кездешет), ошентсе да, ургаачылары балдарын узак убакыт бою багат. Ар бир илбирс белгилүү бир жеке аймакта гана жашайт. Бирок, илбирс өз түркүмүнүн өкүлдөрүнөн аймагын агрессивдүү коргобойт. Бойго жеткен илбирстин жашоо аймагы бирден үчкө чейинки ургаачы илбирстердин жашоо аймагы менен капталышы мүмкүн. Илбирстер жеке аймактарын түрдүү ыкмалар менен белгилешет.

Жеке аймактар аянты боюнча алда-канча айырмаланышы мүмкүн. Олжолору көп болгон Непалда мындай аймак салыштырмалуу кичинекей — 12—39 км² чейин, 100 км² 5—10 илбирс жашашы мүмкүн. Олжосу аз сандагы 1000 км² аянтта 5ке чейин гана илбирс жашайт.

Илбирс өзүнүн аңчылык аймактарын кышкы жайыттарга жана жапайы туяктуулар түнөктөрүнө баруу менен үзгүлтүксүз айланып карап турат. Ошону менен бирге ал бир гана маршутту кармануу менен жылып жүрөт. Жайыттарды карап чыгып же тоонун өйдөңкү алкактарынан ылдыйкы аймактарга түшүү менен ак илбирс дайыма кырка менен же аккан сууну бойлой өткөн жолду карманат. Негизи, мындай карап чыгуулардын узундугу чоң, ошондуктан илбирс тигил же бул жерде бир нече күндөн кийин кайрадан пайда болот.

Жаныбар терең жана борпоң кар үстүндө басууга начар ыңгайлашкан. Борпоң карлар жаткан аймактарда илбирстер айрыкча туруктуу чыйыр жолду таптап алат.

Тамактануу жана аңчылык

Жырткыч негизинен өзүнүн өлчөмүнө туура келген же андан чоң олжого аңчылык кылат. Өзүнүн салмагынан үч эсе чоң болгон олжого алы жетет. Илбирстин негизги олжосу дээрлик бардык жерде жана жыл бою — туяктуулар.

Жапайы табиятта илбирстер кийинкидей туяктуулар менен тамактанат: аркарлар, бугулар, гималай тарлары, горалдар, кабаргалар, камандар, көк кочкорлор, маралдар, серау, сибирь тоо текелери, такиндер, уюк мүйүздүү текелер, эликтер. Андан тышкары, мезгил-мезгили менен алар рационуна типтүү эмес майда жандыктар менен дагы азыктанышат, мисалы, суурлар, коёнчычкандар жана канаттуулар — уларлар, кыргоолдор, кекиликтер.

Памирде артыкча сибир тоо текелери, сейрек аркарлар менен тамактанат. Гималайда илбирс тоо текелерине, горалдарга, жапайы кочкорлорго, майда бугуларга, тибет коёндоруна аңчылык кылат.

Жапайы туяктуулардын саны төмөндөп кеткенде илбирс шартка ылайык мындай жерлерден кетип калат, кээде адамдардын мал-жанына кол салат. Кашмирде ал үй эчкилер, койлор, ошондой эле жылкыларга сейрек кол салат. Эки илбирстин эки жаштык тянь-шань күрөң аюусуна (Ursus arctos isabellinus) ийгиликтүү аңчылыгы да катталган.

Өсүмдүк азыктарын — өсүмдүктөрдүн жашыл бөлүктөрү, чөп ж. б. — илбирстер эт рационуна кошумча катары жайында гана жешет.

Ак илбирстер жалгыз аңчылык кылышат, жаныбарга жөрмөлөп келип же кыйыр жолдордо, суу ичкен жерлерде, аскаларда аңдып отуруп кол салат.

Качан потенциалдуу олжого бир нече ондогон метр калганда, илбирс жашынып жаткан жеринен чыга калып, 6—7 метрлик секириктер менен тез эле олжосуна жетет. Кармай албай калганда, олжосун 300 метрден ашпаган аралыкка чейин кубалайт, же такыр эле кубалабайт. Ири туяктууларды муунтуу же моюнун сындыруу максатында моюнунан кармоого аракет кылат. Жаныбарды өлтүргөн соң аска астына же башка жерге алып барып жейт. Олжосунун калдыктарын негизи таштап кетет, сейрек учурларда гана жоруларды же башка тарп жегичтерди жолотпостон жанында калат. Жайдын аягында, күзүндө жана кыштын башында илбирстер 2—3 санда болуп, көбүнчө үй-бүлөсү менен аңчылык кылышат, негизи мындай топтор ургаачысы жана анын балдарынан турат.

Ачкачылык жылдары калктуу конуштардын жанында аңчылык кылып, үй жаныбарларына кол салышы мүмкүн. Канаттууларды көбүнчө түнөк учурунда кармайт.

Каалаган жаш курактагы текелерге аңчылык кыла берет, бирок, көбүнчө ургаачыларына жана жашыраактарына кол салат.

Ак илбирс өзүнүн ареалындагы бардык аймакта азык пирамидасынын башында туруп, башка жырткычтар тараптан атаандаштыкка кабылбайт. Бир тамактанганда бойго жеткен илбирс 2—3 кг эт жей алат.

Көбөйүү

Түркүмдүн көбөйүү жөнүндө маалыматтары көп эмес. Жыныстык жетилүү 3—4 жашында келет. Күүлөө жана жупташуу мезгили кыштын аягына же жаздын башына туура келет. Ургаачы илбирс шартка ылайык 2 жылда бир тууйт. Бозуу мезгили 90—110 күнгө созулат. Чээнин татаал жеткиликтүү жерлерде уюштурат. Балдары ареалдын географиялык аймагына жараша апрель — майда же май — июнь айларында туулат. Бир төлдөгү балдардын саны — эки-үч, сейрек — төрт же беш. Башка маалыматтар боюнча бир төлдөгү 3—5 илбирсчелердин төрөлүшү кадыресе көрүнүш деп саналат. Балким, бир илбирстен ири уялоолор мүмкүн, анткени, жети илбирстен турган топтор менен кезигүү учурлары белгилүү. Эркеги балдарын тарбиялоого катышпайт. Балдары сокур жана алсыз туулуп, бирок, болжолдуу 6—8 күндө көздөрү ачылат. Жаңы туулган мышыктарынын салмагы болжолдуу 500 грамм, узундугу 30 см чейин. Жаңы туулган илбирстер түгүндөгү тактардын кара түсү менен айырмаланып, алар аз санда болот, өзгөчө шакек сымалдуулары өтө аз, бирок, белинде ири бүтүн кара же күрөң тактары бар, ошондой эле арты жагында кыска узатасынан кеткен сызыктар. Биринчи 6 жума энесинин сүтү менен азыктанышат. Жайдын ортосунда мышыктар аңчылыкта энесин коштоп калат. Толук өз алдынча аңчылыкка жаш илбирстер жашоосунун экинчи кышында даяр болушат.

Илбирстин табияттагы жашоосунун максималдуу узактыгы — 13 жыл. Капастагысынын жашоо узактыгы орточо 21 жыл, бирок, 28 жыл жашаган ургаачы илбирстин учуру белгилүү.

Популяция абалы

Жашаган жеринин татаал жеткиликтүүлүгүнөн жана илбирстин жашыруун жашоо образынан бул түркүмдүн саны боюнча маалыматтар эксперттик корутундуларга негизделип, болжолдуу деп саналат. Ошону менен бирге, адамдардын илбирске аңчылык кылуусунан анын саны азайып бараткандыгын дагы эске алуу керек. Терисин алуу үчүн мыйзамсыз аңчылык кылуу илбирстин популяциясын кыйла кыскарткан. Бир жагынан, жайыттардын жана үй жаныбарлардын кыскартылышы менен илбирстин негизги олжосу — тоо текелердин саны өстү; экинчи жагынан — жергиликтүү жашоочулардын жашоо абалынын начарлашы менен аңчычылык жерлерди активдүү колдонууга, жаныбарларды браконьерлик жол менен табуунун (анын ичинде илбирсти дагы) ыкмаларын үйрөнүүгө алып келди. Илбирстин терисинин жогорку баада болуусу жана суроо-талаптын көбөйүүсү XXI башында илбирске болгон браконьерлик аңчылык көбөйгөн.

Тибет тайпак тоолорунда айыл-чарба зыянкечтери деп саналган коёнчычкан жана суурларга уу химикаттарды колдонуу менен өткөрүлгөн каршы күрөш илбирстин санына олуттуу зыян келтирген. Илбирстер оңой олжо болгон кемирүүчүлөрдү табуусу татаалдашкан.

2003-жылга болгон маалымат боюнча түркүмдүн жапайы табияттагы жалпы саны 4080 менен 6590 жандык деп бааланган. Дүйнөлүк жапайы табият фондунун маалыматына таянсак 2010-жылы түркүмдүн бүткүл жашоо ареалы боюнча болжолдуу 3500дөн 7500гө чейин жандык деп бааланган, 2020-жылга — 2700дөн 3400гө чейин. Кошумча болжолдуу 2000дей илбирс дүйнө зоопарктарында кармалып, ийгиликтүү тукум улоодо.

Ареалдын түрдүү аймактарында популяция жыштыгы абдан айырмаланып турат — 100 км² 10 жаныбардан 0,5 чейин же андан да төмөн.

Өлкө аймагыАреал, аянты (км²)Бааланган популяция (болжолдуу)Баалоо жылы
Афганистан50 000100—2002003
Бутан15 000100—2001994
Кытай1 100 0002000—50001998
Индия75 000200—6001994
Казакстан50 000180—2002001
Кыргызстан105 000150—5002001
Монголия101 000500—10002000
Непал30 000300—5002009
Пакистан80 000200—4202003
Россия60 000150—2002003
Тажикстан100 000180—2202003
Өзбекстан10 00020—502003

Браконьерчилик менен бирге илбирстин популяция абалына терс таасирин тийгизүүчү факторлордун санына жаныбардын коргонуп жүрүүчү жүрүм-турумун киргизүүгө болот. Дээрлик табигый душмандары жок болуп, түгүнүн коргонуч түсүнөн улам коркунуч жаралганда илбирстер жөн гана жашынып калат, а бул ачык тоо аймагында жана жергиликтүү жашоочулардын ок атуучу куралы болгондо көп учурда жаныбардын өлүмүнө алып келет. Анын үстүнө, ак илбирстер башка жырткычтардын олжосунун калдыктары менен тамактангандан баш тартпай, көп учурда карышкырларга мыйзамсыз колдонулган уулуу татканткыч жемдерди (этттерди) жеп алып өлүп калышат.

Коргоо

Учурда илбирстердин саны катастрофалык аз. Мыйзамсыз, бирок, финансылык жактан кызыкчылыкты жараткан териси үчүн болгон аңчылык, илбирстин популяциясын кыйла кыскарткан. Илбирстин ареалы жайгашкан бардык өлкөлөрдө жаныбар мамлекет тарабынан коргоого алынган, бирок, браконьерчилик дагы деле коркунуч жаратып келет. Ак илбирс сейрек, аз санддуу, жоголуп кетүү коркунучунда турган түр. Эл аралык табиятты коргоо биримдигинин (ЭАТКБ) Кызыл тизмесне «жоголуп кетүү коркунучунда турган» түр катары киргизилген (2000) (EN C2A жогорку коргоо категориясы). Монголиянын Кызыл китебинде «өтө сейрек» абалы (1997) берилген, Россия Федерациясынын Кызыл китебинде (2001) «ареал чегинде жоголуп кетүү коркунучунда» (1-категория) деп белгиленген. Ошондой эле, ак илбирс Эл аралык жоголуп кетүү коркунучунда турган фауна жана флора түркүмдөрү менен соода кылуу (орусча СИТЕС, англисче Convention on International Trade in Endangered Species of Wild Fauna and Flora, CITES) конвенциясынын I тиркемесине киргизилген. Бирок, бул табиятты корго актылар жана документтер жеринде начар ишке ашырылган укуктук базаны гана түзүп, буга браконьерчиликтин жана контрабанданын өсүүсү күбө болууда. Ошол эле убакта, илбирсти узак мезгилдүү коргоо программалары жок.

Россияда корголушу

1984-жылы чыккан СССРдин Кызыл китебинде илбирске «салыштырмалуу анча чоң эмес ареалы бар сейрек түркүм» абалы берилген (3-категория). 1983-ж. РСФСРдин жана 2001-ж. Россия Федерациясынын Кызыл китебинде ак илбирске «ареал чегинде жоголуп кетүү коркунучунда турган түр» абалы берилген (1-категория).

2002-жылдын 22-июлунда Россия Федерациясынын табигый ресурстар министрлигинин, Алтай, Хакасия, Тува жана Красноярск аймагынын табиятты коргоо уюмдарынын, Россия Илимдер Академиясынын А. Н. Северцов атындагы экология жана жаныбарлар эволюциясы көйгөйлөрү институтунун, Россия Илимдер Академиясынын Териологиялык коомунун ири сүт эмүүчү жырткычтар боюнча комиссиясынын, Россиядагы Дүйнөлүк жапайы табият фондунун (WWF) өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун кеңешмесинде «Россияда ак илбирсти сактоо стратегиясы» кабыл алынып бекитилген.

2010-жылы Россия Башкармалыгынын Төр агасы В. В. Путиндин көзөмөлү алдында «Ирбис — Снежный Барс» аталган илбирсти изилдөө жана популяциясын байкоо боюнча программа башат алган. Программаны Орус географиялык коомунун колдоосу менен Россия Илимдер Академиясынын А. Н. Северцов атындагы экология жана жаныбарлар эволюциясынын көйгөйлөр институту ишке ашырат.

Илбирс жана адам

Илбирске аңчылык

Алгач илбирске аз санда гана аңчылык жасалып турган — аңчылыкка тыюуу салганга чейин дүйнөдө илбирстин терисин алуу жылына 1000 гана түзгөн. 1907—1910-жылдары илбирстин терисинин алуунун жылдык көрсөткүчү 750—800 тери болгон. 1950—1960-жылдары СССР аймагында жаныбардын териси ондогон санда гана дайындалчу. Ал эми даярдоо баасы өтө төмөн болгон — орточо 3 рубль. Аңчылык кылуунун негизги аймагы Тажикстан менен Кыргызстан болгон. Терилери килем, аялдардын ичигин, жакалардын жасоого жумшалган.

Көп убакытка чейин илбирс коркунучтуу жана зыянкеч жырткыч деп саналган, ошондуктан ага жылы бою каалаган ыкма менен аңчылык кылууга улуксат берилген. Илбирсти өлтүргөн адамга сыйлык дагы берилчү. Дүйнөлүк соодада тирүү илбирстер дайыма жогорку суроо-талапка ээ болуп, аны сатуу зооэкспорттун кирешелүү беренеси болчу.

Илбирстин аз санда болуусу жана анын адам аз жерлерде жашаганына байланыштуу, аңчылык чарбага жана мал чарбага зыяны алгылыктуу эмес.

Адамга кол салуулар

Илбирс адамдан тартынып турат, жарадар болгон күнү да адамга өтө сейрек учурларда гана кол салат. Адам үчүн жарадар болгон жырткыч гана коркунуч жаратат. Мурдагы СССР аймагында илбирстин кишиге кол салган эки учуру гана катталган: 1940-жылдын 12-июлунда Алма-Атанын жанындагы Кичи-Алма-Ата капчыгайында күндүзү эки адамга кол салып, олуттуу жарааттарга алып келген. Ал өлтүрүлүп, изилденген соң кутурма оорусу менен ооруганы аныкталган. Экинчи учур да Алма-Атадан алыс эмес жерде кышында болгон, мында тиши жок картаң илбирс өтүп бараткан адамга аскадан секирген.

Капаста кармоо

Илбирс Европада XVIII кылымдын аягында эле белгилүү болсо да, тирүү жаныбарды генерал-губернатор Константин Петрович Кауфман Түркстандан жаш эки жаныбарды 1872-жылы алып келгенде көрүшкөн.

Бүгүнкү күндө капаста багылган илбирстердин саны болжолдуу 2000 жаныбарды түзөт, көбүнчөсү Кытайда. Капаста багылган илбирстердин орточо 16 % жаратылышта кармалган, калгандары — зоопарктарда туулган. Бүткүл дүйнө боюнча зоопарктардагы илбирстердин саны, Кытайды эске албаганда 600—700дөй. Капаста кармалган жаныбарлар ийгиликтүү көбөйүп келүүдө, мисалы, 1996-жылы 179 кичикеней илбирстер туулган.

2002-жылга Россияда 8 зоопаркта 27 илбирс багылып, Новосибирс жана Москва зоопарктарында ийгиликтүү көбөйүүдө. Украинанын аймагында ак илбирстер 1950-жылдан тарта Николаев зоопаркында багыла баштаган. 2000-жылы Николаев зоопаркында оптималдуу шарттардын жоктугунан улам илбирстер багылган эмес. 2015-жылы кайрадан бул зоопарк өзүнүн коллекциясын эки илбирс менен толуктаган.

Кинодо

«Тиричиликке күрөш. Ак илбирстин тоолору / Mountains of the Snow Leopard» аттуу документалдык фильмде ак илбирс жөнүндө баяндалат (реж. Joel Nennett) (1994). BBCнин «Ак илбирс: мифтер жана реалдуулук / Snow Leopard — Beyond the Myth» (2007) жана National Geographic Channel каналдарынын «Ак илбирсти издей / Searching for the Snow Leopard» (2007) аталган документалдык фильмдер толугу менен илбирске арналган.

Илбирстер катышкан көрүнүштөр BBC компаниясынын бир катар документалдык фильмдеринде бар, мисалы: «Жер планетасы», «Табияттын зор көрүнүштөрү».

GEO журналынын «Бүткүл дүйнө менен диалог» теле берүү циклинде «Сибирь табышмактары» сериясындагы биринчи фильм илбирске арналып, «Алтайдын кар духу» аталат.

«Карлардын жолборсу» көркөм фильминин башкы каарманы илбирс болгон (режиссёрлор Лариса Мухамедгалиева, Вячеслав Белялов; СССР мамлекеттик телерадиосунун табыштамасы боюнча «Казакфильм» өндүрүмү), ал эми Иэн Макшейн тарабынан үндөлгөн Тай Лунг илбирси «Кунг-фу Панда» мультфильминин башкы терс каарманы (2008).

1984-жылкы режиссёр Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» кино тасмасында илбирс тукумунан чыккан Кожожаш жөнүндө баяндалат.

Нумизматикада

2000-жылы «Казакстандын күмүштөн жасалган эстелик тыйындары» сериясындагы «Казакстандын кызыл китеби: ак илбирс» аттуу тыйын 3000 даана тиражда 500 тенге номиналындагы тыйындары чыккан. Анын реверсинде аскалуу тоо чокусунун фонунда стилдештирилген ак илбирстин сүрөтү тартылган.

Ошол эле жылы Россияда «Дүйнөбүздү сактайлы» сериясында 50 рубль номиналындагы алтын тыйын чыккан. Тыйындын реверсинде ак илбирстин башы бастырыплып түшүрүлгөн. Ошондой эле, ушул сериянын курамында 100 рубль номиналындагы алтын тыйын да чыгарылып, анын реверсинде бактын сөңгөгүндө секирикке даярданып жаткан илибирс түшүрүлгөн. Андан тышкары, ушул серияда бир катар 25 жана 100 рубль номиналындагы илбирстин сүрөтү бар күмүш тыйындар чыгарылган.

Казакстандын 2003-жылкы үлгүдөгү 10 000 тенге номиналындагы банкнотасында ак илбирстин сүрөт түшүрүлгөн.

2012-жылы Кыргызстанда 10 сом номиналындагы реверсинде аскада жаткан илбирстин сүрөтү бар тыйын чыккан.

Геральдикада

Салттуу геральдикада илбирстин сүрөтү кездешпейт. Геральдикалык фигура катары бир гана леопард (барс) сүрөттөлгөн. Анын ак (күмүш) түстө болгондору да бар. Бул ал кездеги жаныбарлардын начар айырмалангандыгы менен түшүндүрүлөт, орустарда барс (пардус) жана леопард сөздөрү синоним катары колдонулуп, леопардды түшүндүргөн. Илбирс болсо сөзмө сөз кар барс (снежый барс) катары баяндалган. Леопардды белгилөө үчүн барс сөзүн колдонбой калгандан кийин, «ак барс» аталыншында «ак» сын атоочу жоголо баштаган. Жана геральдикалык «барстар», өзгөчө актары, ак илбирс же илбирс катары түшүнө башталып, постсоветтик мейкиндиктин гербтеринде сүрөттөлө баштаган. Ошентип, ак барс Алма-Ата шаарынын символу болуп, анын гербинде чагылдырылган. Стилдештирилиген канаттуу ирбис Хакасиянын (хак. парыс) жана Татарстандын гербинде түшүрүлгөн. Илбирсти борборубуз Бишкек шаарынын гербинде дагы көрүүгө болот. Сармарканддын гербинде (Өзбекстан) ак илбирс чагылдырылган.

Сыйлыктарда

Советтер Союзунун аймагында жети миңдик беш тоону багындырган альпинисттерге «Ак илбирс» аталган официалдуу эмес наам берилген.

Кыргыз Республикасынын «Эрдик» медалында ак илбирс сүрөттөлгөн.

Казакстанда өзгөчө эмгек үчүн үч даражадагы «Барыс» орнени берилет.

Спортто

Ак илбирстин наамына Континенталдык Хоккей Лигасинда (КХЛ) ойногон эки хоккей клубу аталган: 1956-жылы түптөлгөн «Ак Барс» жана Казакстандын борбору Нур-Султандан чыккан «Барыс».

Ак илбирстин баласы 2011-жылдагы Казакстандын Астана жана Алма-Ата шаарларында өткөн жетинчи Азиялык Кышкы спорт оюндарынын символу болуп тандалган.

Жайгаштыруу: 2018-03-29, Көрүүлөр: 7982, Өзгөртүлгөн: 2024-02-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо