Курманбек дастаны, Курманбек, ошондой эле, Курманбек эпосу — кыргыз элинин баатырдык дастандарынын ошондой эле кенже эпосторунун бири. Бул сыяктуу дастандарды эбегейсиз зор Манас эпосунан айырмалоо үчүн кенже эпостор деп да коюшат. Кыргыз эли өз тарыхында эркиндик, көз каранды эместик үчүн тынымсыз күрөшүп келген.
Бул күрөштөрдө кээде жеңишке жетишкен, кээде жеңилишкен. Мына ушундай окуялардын бири Курманбек эпосунда чагылдырылган. Тейитбек аттуу хандын баласы Курманбек баатыр болуп чоңоёт. Бир нече жолу өзүнүн жерин жоодон сактап калат. Ал өз эрки менен Айганыш аттуу кызга үйлөнөт. Буга Тейитбек каршы болот. Мына ушундан баштап, ата менен баланын ортосундагы келишпестик ырбайт.
Атасы менен каршылашкандан кийин, күчсүз болуп калды деп эсептеген калмактар капарсыз Курманбектин чебин курчайт. Курманбек урушка минип чыкчу Телтору атты атасы бербей коёт. Телтору аттын жоктугунан улам кырк жигит да, Курманбекти ээрчибейт. Буга карабастан Курманбек жоого каршы аттанат, бирок минген атынын начардыгынан оор жарадар болот. Ушул абалында аны таап алган досу — Аккандын колунда дүйнөдөн кайтат.
Дастанда чыккынчылык, арамзачылык айыпталып, эл үчүн өлүмгө баш байлаган Курманбектин баатырдыгы, адилет достук даңазаланат. Курманбек эпосунун сюжетин пайдаланып Кыргыз эл жазуучусу Касымалы Жантөшев Курманбек аттуу төрт актылуу драма (1942) жазган. Ал орус тилине (1944) да которулган. Драма ушул күнгө чейин театрларда ийгилик менен коюлуп келе жатат. Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын кире беришине Курманбекке арналган Курманбек кылымдар мурасы аттуу ансамбль — эстелик жана салтанаттуу дарбаза курулган.
Кеңири вариантын көчүрүү (1970-жылкы «Курманбек — Жаныш, Байыш» китебинин негизинде) ZIP-архивдин ичинде MS Word форматында