Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Темир ооз комуз

Баш барак | Музыка | Темир ооз комуз

Темир ооз комуз (кыскача — темир комуз, жалпы аталышы — ооз комуз) — темирден жасалган кыргыздын тилчелүү чертме музыкалык аспабы (идиофон).

Темир ооз комуз
Темир ооз комуз
АбалыКыргыз эл музыкалык аспабы
Классификациясытилчелүү музыкалык аспаптар, идиофон
МатериалМеталл (темир, болот, жез)
Узундугу5-7 см
Жазылыгы1,5-2 см

Бул макала темир ооз комуз жөнүндө гана, жалпы ооз комуз жана жыгач ооз комуз өзүнчө макалада.

Жалпы маалымат

Догоо сымал формага ээ болуп, узундугу 6—7 см, бир учу ичкерип кетет. Тилчеси чарасынын жана жаактарынын ортосунда жайгашкан. Жасалуучу материалы көбүнчө темир, бирок сары жезден, колодон, жезден жана күмүштөн жасалгандары дагы бар. Түзүүчү бөлүктөрү: чарасы (догоо сымал), чарасынан жаактары уланат. Чарасынын жана эки жаагынын так ортосуна болоттон жасалган тилчеси төмөн жагына бекийт. Тилчесинин учу чертүүгө ыңгайлуу болуш үчүн илмек сымал ийилип турат.

Аспаптагы аткаруучуларды ооз комузчу же темир ооз комузчу дейт. Мурда ооз комузда ойноочулар негизинен аялдар жана балдар болчу, бирок XX кылымдын 30-жылдарынан тарта эркектер дагы ойной баштаган.

Аспаптын тембри жумшак, жеңил, флажолет түспөлүндө. Темир ооз комуз — байркы аспаптардын бири. Ал Кыргызстандын бардык аймактарында белгилүү. Дүйнөнүн башка аймактарында 800 жүздөн ашык аталыштарга ээ. Орусча аталышы — варган, немисче — maultrommel, италияча — scaccia-pensieri, француздарда — guimbarde, испандарда — birimbao, украиндерде — дрымба, молдовандарда — дромбуле, казактарда — шаң комуз, өзбекте — чанг кобуз.

Темир ооз комузда ойноо, тилчесин сөөмөй менен термелтип, обертондорду терүү менен ишке ашат, үндөр ооз көңдөйүнүн формасын жана көлөмүн өзгөртүү менен туураланат. Ар бир үнгө, өзүнө ооз көңдөйүн, эриндер, кекиртек жана өпкөнү камтыган, аткаруу аппаратынын өзүнчө орду туура келет. Буга байланыштуу темир ооз комуздун үндөрүндө кыргыз тилинин фонемдерин угууга болот.

Pizzicato ыкмасы (тилчесин чертүү) негизинен оң колдун сөөмөйү менен аткарылат, ортончу же бамак менен аткаруу сейрек. Ошону менен бирге, аткаруучу эффекттүү пасстарды жүргүзүшү мүмкүм (угуучуларга кошумча таасир берүүчү, көркөм фигуралык кыймыл-аракеттер).

Үн катарлар

Аспаптын негизги тону, болот тилчесинин жоондугу, узундугу жана жазылыгы менен аныкталат. Темир ооз комуз партиясы реалдуу угулушунан бир октавага төмөн ноталанат. Жалпы үн диапазону — диодецима, жумушчу диапазону — октава. «Соль» темир ооз комузунун катарынын негизги тону чоң октавада жайгашкан. Обон экинчи-үчүнчү октавада чыгат, мында акустика мыйзамдарына ылайык табигый үн катарынын кадамдык обертондору орун алган.

Айтылгандар, темир комуздардын реалдуу үн катарларын чагылдырат, жана бул тегиз темперацияга эмес (дал ушул нерсе менен кадимки ноталык жазуулар ассоциацияланат), айтылуу табигый үн катарына жана кеңири түшүнүктөгү таза катарга баш ийет. Мисалы, негизги тондун квартага турукташып калган бардык үндөрү («соль» катарындагы до, «ля» катарындагы ре ж. б.), темперацияланган аспаптарга караганда бийигирээк чыгат, башкача айтканда, сегинзинчи да, он бирирчи да обертондорго туураланат. Ошондуктан мындай аспаптар тобу табигый, жаратылыш үндөрүнө, интонацияларына жакын үндөрдү алууга мүмкүндүк берет. Кеңири жайылган терминология менен айтканда, темир ооз комуздун ладдык түзүмү же үн катарын (жыгач ооз комуздукун дагы) лидиялык деп айтууга болот, ал эми изделүүчү интервалды — чоңойтулган кварта деп.

Обертондордун кезектешүүшүсүнөн улам темир ооз комуздун тембрлик спекрин калыптандырган обон менен кошо, бийиктиги боюнча төмөн болгон тон дайыма чыгып турат. Ошондуктан, бул аспапка арналган пьесалардын музыкалык фактурасы сөзсүз түрдө өзүнө эки катмарды камтыйт — обонду же күүнү жана бурдондук басты. Бурдон мында өзгөчө фондук үн катары кетип, көркөмдүк гана компонент катары кабыл алынат, бирок негизги тондун функциясын акустикалык жана ладдык маанисинде аткарат.

Элдик аспаптардын белгилүү устасы О. Кенчинбаев темир ооз комуздун жети түрүн жасап чыккан («до» нотасынан «си» нотасына чейин). Негизги тону до, ре жана ми болгон чоң темир ооз комуздардын узундугу айтылганга ылайык 7, 5 жана 7 см. «Фа» темир ооз комуз (6,5 см) сейрек колдонулат. Орто (кичине) темир ооз комуздар — «саль» (6,2 см) жана «ля» (5,8 см) — аткаруучулук тажрыйбада эң көп жайылгандары. Жана кичинекей темир ооз комуз «си» (5,6 см) сейрек аспап болуп саналат. Аспаптын түрү чертүү түрүнө туура келет. Мисалы, «ре» катарындагы чоң темир ооз комузунда көбүн эсе жай пьесалар ойнолот.

Акыркы жылдары (2023) темир ооз комуз аткаруучулугунда жана репертуарында байкалаарлык жылыштар болду. Биринчиден, элдик аткаруу (нотасыз) ыкмасы менен катар, ноталык аткаруу ыкмасы жаралды.Экинчиден, бир колго баткан ар кандай катардагы эки-үч аспаптын жардамы менен хроматикалык система киргизилүүдө. Үчүнчүдөн, өлкөбүздө жайылган темир комузчулардын моно аспаптык унисон ансамбльдары көп үндүү ойноо ансамбльдарынын тажрыйбасы менен толукталууда.

Түрдүү үн катарындагы темир ооз комуздарды киргизүү менен төрт-беш ар кайсы партиялардын ойноосун аткарууга мүмкүндүк жаралды. Ал эми аткаруучулук тажрыйбага темперацияланбаган полифонияны киргизүү көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-07-10, Көрүүлөр: 1803, Өзгөртүлгөн: 2023-07-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо