Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Асанкан Жумакматов

Баш барак | Биографиялар | Асанкан Жумакматов

Асанкан Жумакматов (орусча Асанхан Джумахматов) — кыргыз дирижёру, музыкалык педагог, профессор, академик. Кыргыз Республикасынын Баатыры (2003). СССРдин Эл артисти (1976).

Мазмуну
Асанкан Жумакматов
Асанкан Жумакматов
Төрөлгөн датасы1923-жыл, 16-июнь
Төрөлгөн жериКыргызстан, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ысык-Ата айылы
Кесибидирижёр, музыкалык педагог
Каза болгон датасы2008-жыл, 21-июнь (85 жаш)
Каза болгон жериБишкек, Кыргызстан

Өмүр баяны

Кыргыз оркестринин атактуу дирижёру Асанкан Жумакматов 1923-жылдын 16-июнунда (башка маалыматтар боюнча 16-июль) Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу, Ысык-Ата айылында төрөлгөн.

Атасы Жумакмат билимдүү жана оокаттуу адам болгон. 1926-жылы атасы камалып Сибирге айдалып, үйү, мал-жаны конфискацияланат, ошондон кийин Асанкан 6 жаш кезинде үй-бүлөсү менен (апасы жана агасы Мураткан) Украинага жөнөтүлүп, ал жактан музыка менен олуттуу алектене баштайт — өз алдынча оркестрда гитарада дагы ойногон, кийин — урма аспаптарда. 1938-жылы Украинада дээрлик сегиз жыл жашаган соң мекенге кайтып, педагогикалык техникумдун даярдоо бөлүмүнө окууга тапшырат, ошол эле убакта биринчи Кыргыз музыкалык драма театрынын (учурдагы Абылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет академиялык театры) оркестринде музыкант болуп иштейт.

Асанкан Жумакматов

1941-жылдын сентябрь айында СССРдин Мамлекеттик симфоникалык оркестри Фрунзе шаарына (учурдагы Бишкек) эвакуацияланып, мында Асанкан урма аспаптарда ойногон.

Улуу Ата-Мекендик согушка катышып (18 жаштамын деп 17 жашында барган,), Сталинградда ок сыныгы төшүнөн кирип, далысынан чыгып, оор жарадар болот, контузияга да учурайт. Төрт жолу хирургиялык операция жасалып, колду кесиш керек дегенде, мен музыкантмын, дирижёрмун деп колун кестирбейт коёт имиш.

1944-жылы аскерден бошогондо А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын оркестринде артист болуп эмгектенет.

1945—1948-жылдары П. И. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын алдындагы студияда дирижёрлук факультетинде окуган, 1957-жылы дирижёрлоо классы боюнча консерваторияны бүтүргөн (педагогдор Л. М. Гинзбург жана Б. Э. Хайкин). Студент кезинде студенттик оркестрда дирижёрлук кылып жүргөн.

1948-жылдан тарта — А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында дирижёр, 1958—1962 жана 1972—1983-жылдары — театрдын башкы дирижёру.

1953-жылдан 1957-жылга чейин Москва шаарындагы Моссовет атындагы театрда башкы дирижёр.

1962—1972-жылдары — Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру, 1970-жылдан тарта — Кыргыз радиосунун жана теле көрсөтүүсүнүн симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру.

1980-жылдан тарта «Насыйкат» Мамлекеттик камералык оркестрдин башкы дирижёру.

Гастролдорго көп чыгып, мурдагы СССР шаарларында жана чет өлкөлөрдө концерт берген: Швеция, Исландия, Германия федеративдик республикасы, Япония, Монголия, Кытай, Турция ж. б.

Бүткүл союздук радио жана теле көрсөтүүнүн Чоң симфониялык оркестри, Москва филармониясынын Академиялык симфониялык оркестри, ошондой эле Латвия, Украина, Казакстан, Өзбекстан Мамлекеттик симфониялык оркестрлери бирге дирижёрлук кылган.

1995-жылдан тарта — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз консерваториясынын профессору. Көп жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгүндө көптөгөн профессионалдуу музыкант-оркестрчилерди тарбиялаган, мисалы, Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, Дарика Жалгасынова, Керим Турапов ж. б.

Ири коомдук иштерди алып барган: Кыргыз Республикасынын музыкалык ишмерлер биримдигинин президенти (1987-жылдан), Эл аралык музыкалык ишмерлер биримдигинин вице-президенти, Эл аралык чыгармачылык академиясынын Кыргыз бөлүмүнүн президенти болгон. Дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан бардыгы болуп 50дөн ашык опера жана балеттер коюлган, алардын арасында:

С. Прокофьевдин «Ромео жана Джульетта» балети (1962), Вердинин «Аида» опералары (1960), Мусоргскийдин «Борис Годунов» Мусоргского (1960), Пуччининин «Кусалыгы» (1962), Бойтонун «Мефистофели» (1978), Вердинин «Дон Карлосу» (1979), Равелдин «Бала жана сыйкыры» (1982), Перголезинин «Кызматчы кыз жана кожоюн аялы» (1982), Леонкаваллонун «Паяцысы» (1982), Стравинскийдин «Петрушкасы» (1983), Ряузовдун «Ак Шумкары» (1957), Власов, Малдыбаев жана Фаренин «Токтогулу» (1958), Книппердин «Мураты» (1959), Раухвергердин «Жамилясы» (1961), Хаджиевдин «Июль түнү» (1975), Молчановдун «Бул жердин таңдары тынчы» (1974), Петровдун «Пётр Iи» (1976), Юдаковдун «Майсардын жоруктары» (1960), Гулак-Артемовскийдин «Запорожчу Дунай артындасы» (1961) ж. б.

Ошондой эле, «Айчүрөк», «Көкүл», «Кармен», «Көл боюнда» операларын, «Ажал ордуна» жана «Алтын кыз» музыкалык драмаларын, «Ким кантти» музыкалык комедиясын, Карамолдо Орозовдун «Ибарат», «Сынган-Бугусун», Атай Огонбаевдин «Ой булбул», «Күйдүм чок» чыгармаларын оркестр үчүн тууралап иштеп чыгып, ага дирижёрлук кылган.

Асанкан Жумакматов

1944-жылдан тарта КПССтин мүчөсү. Кыргыз, орус жана украин тилдеринде эркин сүйлөгөн. Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган.

Гүлчахра Валиулина — «Мен Асанкан Жумакматович менен көп жылдар бирге иштеп калдым. Биздин маэстробуз ишти ушунча чын көңүлү менен, өзүнүн пеили менен жакшы көргөн адам...»

Асанкан Жумакматов 2008-жылдын 20-июлунда (башка маалыматтар боюнча 21-июлда) Бишкек шаарында каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Үй-бүлөсү

Сыйлыктары жана наамдары

Түбөлүктөө

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-10-03, Көрүүлөр: 1123, Өзгөртүлгөн: 2023-10-03, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо