Болот Миңжылкыев, Абдылдаевич (орусча Минжилкиев Булат Абдуллаевич) — кыргыздын, орустун, ошондой эле советтик опералык коңур үндүү (бас) ырчы, педагог. СССРдин Эл артисти (1976). СССР Мамлекеттик сыйлыгынын (1985) жана Ленин комсомол сыйлыгынын (1975) лауреаты.
Болот Миңжылкыев | |
---|---|
Төрөлгөн датасы | 1940-жыл, 23-апрель |
Кыргызстан, Фрунзе шаары (азыркы Бишкек) | |
Кесиби, адистиги | камералык жана опералык ырчы, музыкалык педагог |
Ырчылык үнү | бас |
Жанрлар | Классикалык музыка |
Каза болгон датасы | 1997-жыл, 16-август (57 жаш) |
Шакирти | Садыр Жумашов |
Болот Миңжылкыев 1940-жылдын 24-апрелинде (айрым маалыматтар боюнча 23-февраль) Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. Көп өтпөй эле Болотту Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылындагы чоң энеси Урумкандын колуна берилет, ошол жакта өсүп-чоңоёт, апасы болсо заводго кирип иштөөгө аргасыз болот. Ушул себептен, Болоттун туулган жери Ысык-Көл деп адаштыргандар аз эмес. Фрунзеде төрөлгөн, бирок, Ысык-Көлдө чоңойгон.
Орто мектепти аяктагандан кийин 1957-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театры алдындагы вокалдык-хордук студияга тапшырган. Опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисти. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрынын студиясында окуган. КРнын Эл артисти, С. Юсуповдон, С. К. Шеховдон сабак алган.
1962-жылы Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин жолдомосу менен өзбек консерваториясынын (Ташкент) вокалдык бөлүмүнө жөнөтүлүп, аны 1966-жылы аяктаган. Окуу учурунда А. Навои атындагы Өзбек опера жана балет театрынын стажёру болгон. Навои атындагы опера жана балет театрында коюлган П. Чайковскийдин «Евгений Онегининен» Греминдин (маалымат үчүн: макалада чыгармалардын койгон адамдардын ысымы айтылат, ал чыгарманын автору дегенди билдирбейт, мисалы Евгений Онегиндин чыныгы автору Пушкин), С. Рахманиновдун «Алекосунан» Алеконун, Н. Римский-Корсаковдун «Падыша колуктусунан» Собакиндин, С. Прокофьевдин «Монастырдагы нике кыюусунан» Мендозанын партияларын аткарган. Ташкент мамлекеттик консерваториясында окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруучулардын биринчи конкурсунун лауреаты болгон.
1966-жылы Ташкент консерваториясын бүтөргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү академиялык опера жана балет театрынын солисти болуп эмгектенет. Башкы партиялары: Конурбай (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере «Манас»), Пётр (Алетров «Пётр I») ж. б. Ошондой эле, Ш. Гунонун «Фауст» операсынан Мефистофелдин, М. Мусоргскийдин «Борис Годунов» операсынан Борис Годуновдун, ж. б. ролдорду аткарган. 1971-жылы искусство институтунда окутуучу, профессор, кафедра башчысы болуп эмгектенген.
Италиянын Милан шаарында «Ла Скала» аттуу атактуу опера театры бар. Ал дүйнөлүк опера маданиятынын ири очокторунун бири болуп саналат. Бул театрдан дүйнөнүн көптөгөн таланттуу ырчылары таалим-тарбия алып, өз өнөрлөрүн өркүндөтүшкөн. Тубаса кооз, коңур тембрлүү (бас), диапазону кенен үндүү Минжылкыев 1968-жылы дал ушул «Ла Скала» опера театрында чеберчилигин өркүндөтүү үчүн стажировкада болгон.
Тагыраак айтканда, 1968—1971-жылдары «Ла Скала» театрында стажировкадан өткөн. Үндү коюуу классында Дженнаро Барра жана Артуро Мерлиниден билим алган. Опералык партияларды Энрико Пиацца жана Ренато Пасторинонун жетекчиликтери алдында үйрөнгөн.
Дүйнөлүк операнын жылдыздары, Италиялык ырчылар Капучилли, Джани Раймонди, болгариялык Николай Гяуров менен бирге «Ла Скаланын» сахнасында Дж. Вердинин «Дон Карлос» аттуу операсынан Италия тилинде Король Филипптин партиясын аткарган. 1973-жылы Софияда өткөн вокалисттердин эл аралык сынагында алтын медалга жана лауреат деген наамга, Тулузада (Франция) Гранпри сыйлыгына татыктуу болгон. СССРдин чоң театрында, Ленинграддын академиялык опера жана балет театрында иштеген.
Ошол кездеги алдыңкы опера театрларында гастролдорго чыккан (Болгария, Польша, Венгрия, Югославия, ГДР, Чехословакия, Батыш Берлин, Германия Федеративдик Республикасы, Швеция, Сирия, Иордания, Вьетнам, Лаос, Япония, Корея Элдик-Демократиялык Республикасы), анын ичинде СССР шаарларына дагы концерттик ишмердүүлүк менен алектенген. Камералык репертуар опералардагы арияларды, чет өлкөлүк жана орус вокалдык классикасын, кыргыз жана орус элдик ырларын, романстарын камтыган.
Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында режиссёр катары Дж. Пуччининин «Богема» операсын койгон.
1972-жылдан тарта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз искусство институтундагы соло ырдоо кафедрасында окутуучу болгон.
1975-жылы Чоң театрдын труппасы менен кошо АКШдагы «Метрополитен-опера» сахнасындагы гастролдорго катышкан.
1979-жылдан тарта — доцент, 1983-жылдан тарта кафедра башчысы, 1986-жылдан — процессор.
1989-жылдан тарта — С. М. Киров атындагы Ленинград опера жана балет театрында (учурдагы Мариинский театры) солист.
1992-жылдан өмүрүнүн акырына Санкт-Петербургдагы Мариинский опера жана балет театрында иштеген.
СССР Жогорку Кеңешинин XX чакырылышынын депутаты. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин IX чакырылышынын депутаты.
1997-жылдын 16-августунда Санкт-Петербург шаарында (Россия) каза болгон. Cөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
Партиялар, оркестрди койгондордун ысымы менен белгиленет, жана чыгарманын автору дегенди билдирбейт. Мисалы, Евгений Онегиндин автору Пушкин, а бирок төмөндө Чайковский деп берилет: