Музыкалык аспаптар — эстетикалык жактан музыкалык деп саналган үндү чыгаруучу буюм же аспап.
Тарыхта музыкалык аспаптарды классификациялоого көптөгөн аракеттер жасалган. Академиялык чөйрөдө аспаптардын кылдуу, үйлөмө, урма, элдик, клавишалык ж. б. деп бөлүштүрүү кеңири таралган. Мындай классификация көптөгөн кемчиликтерге ээ, биринчи кезекте мунун критерийи түшүнүксүз: кылдуу жана үйлөмө аспаптар үндүн булагынын негизинде өзгөчөлөнүп, урма аспаптар — ун чыгаруу түрүнүн негизинде, элдик аспаптар — тиричилик чөйрөсүнүн негизинде, клавишалуулар — үн тууралоонун негизинде бөлүнгөн. Андан тышкары кээде элдик аспаптарга элде жайлбаган аспаптарды дагы таандык кылышат (клавишалуу, аккордеон, баян, гусли сыяктуу); клавишалууларга кылдуу жана урма аспаптарга кирген фортепианону киргизип коюшат.
Музыкалык аспаптардын илимий классификациясы Хорнбостель — Закс системасы (Hornbostel-Sachs system) саналат. Буга ылайык, бардык музыкалык аспаптар биринчи кезекте үндүн булагына жараша бир нече топторго бөлүнөт: кылдуу, үйлөмө, мембраналуу жана өзү ун чыгаруучулар (үн булагы: кыл, аба мамысы, мембрана же катуу тело).
Негизги макала: Кылдуу музыкалык аспаптар
Кылдуу музыкалык аспап — бул үндүн булагы катары кылдардын термелүүсү (дирилдеши) булак болгон музыкалык аспап. Кылдуу аспаптардын типтүү өкүлдөрүнө классикалык скрипка, виолончель, альт, контрабас, арфа жана гитара, ошондой эле көптөгөн түрдүү элдик аспаптар: комуз, кыргыз кыл кыягы, домбура, гусли, балалайка жана башкалар кирет.
Кылдуу чертме аспаптарга арфа, комуз, домбура, гусли, балалайка, гитара, лютня, бузуки мандолина, укулеле, ситар жана башка ушул сыяктуулар таандык.
Жаалуу кылдуу (орусча смычковый) аспаптарга классикалык кыл кыяк, кыргыз кыл кыяк, альт, виолончель, контрабас, виола да гамба, виола д'амур, баритон, шведдик элдик аспап никельхарпа жана норвегиялык салттуу кыл кыяк хардингфеле кирет.
Негизги макала: Үйлөмө музыкалык аспаптар
Үйлөмө музыкалык аспаптар — үндүн булагы аспап түтүгүндөгү термелген (дирилдеген) үн мамысы булак болгон аспаптарды айтабыз.
Үйлөмө жез музыкалык аспаптар — амбушюрдук (же мундштуктуу) музыкалык аспаптарга таандык аспаптар, башкача айтканда термелүүлөр музыканттын эриндери менен жаралат, мындай термелүүлөрдү жасоо үчүн эриндерге атайын мундштук талап кылынат. Үндүн бийиктиги, эриндердин абалы (амбушюр), абаны үйлөө күчү жана клапандарды (вентилдерди) басуу, аспаптын кошумча ачуучу жана жабуучу түтүктөрү менен туураланат.
Мындай аспаптарга төмөнкүлөр кирет:
Жыгач үйлөмө аспаптар — багытталган аба агымын атайын тешикке үйлөө менен, жана үндүн бийиктигин, клапандуу тешиктерди ачып жабуу акрылуу үн чыгарууга негизделген аспаптар тобу.
Негизги макала: Тилчелүү музыкалык аспаптар
Тилчелүү музыкалык аспаптар — жалгыз же кош болгон уруучу тилчеси бар аспаптар; кеңири мааниде тилчелуу аспаптарга уруучу тилчеси металл болгон органдын түтүкчөлөрү дагы, ошондой эле эркин өтүп кетме металл тилчелүү аспаптар кирет: мисалы, ооз кыяк, ооз комуз, темир ооз комуз, эрин органдар.
Кыяктар — тилчелери жайгашкан өтмөктөрүндө абанын агымы аркылуу тилченин термелүүсүнөн улам түрдүү үндөрдү чыгарган аспаптар.
Гармоника түрлөрүнө кийинкилер кирет:
Саксофон сыяктуулар
Темир ооз комуз, варган, дрымба жана башка аталыштар. Ошол эле убакта булар чертме аспаптарга дагы таандык болуп кетет.
Негизги макала: Урма музыкалык аспаптар
Музыкалык аспаптар түрүнүн эң көп сандаган түрү. Урма аспаптар 3 негизги түргө бөлүнөт:
Негизги макала: Клавишалуу музыкалык аспаптар
Клавишалык музыкалык аспаптар — үн чыгарууну башкаруу клавиатура аркылуу жүргүзүлүүчү аспаптар.
Орган, фисгармония, баян, аккордеон, гармонь, шотландиялык волын.
Кылдуу клавишалык аспап — вертикалдуу (пианино) жана горизонталдуу (рояль) түрүндө болгон бардыгына белгилуу фортепиано, ошодой эле клавесин, вёрджинел, спинет, клавикорд.
Механикалык музыкалык аспаптар Орто кылымдардан бери белгилүү. Алгач, музыка чыгарган механизмдер сааттарга орнотулган (мындан немисче Spieluhr термини), кийичерээк функционалдык жактан көз карандысыз музыкалык автоматтар (англисче music box, немисче spieldose) жаралган. Көптөгөн композиторлор механикалык музыкалык аспаптар үчүн музыка жазышкан (Г. Ф. Гендель) же музыкалык автоматтардын үн чыгаруусун имитациялашкан (А. К. Лядовдун музыкалык кутучасы).
Механикалык музыкалык аспаптарга шарманка, карильон дагы кирет.
Негизги макала: Электрондук музыкалык аспаптар
XX кылымдын башында электрониканын өнүгүүсү электро музыкалык аспаптардын өнүгүүсүнө алып келген, бирок ага чейин эле биринчи электрондук музыкалык аспап катары 1753 жылы чыккан Denis d'or клавиатурасы болгон. Заманбап үн синтезаторлору бардык музыкалык аспаптардын үндөрүн имитациялай алат, андан тышкары мүмкүн болгон табият үндөрүн дагы (канаттуулардын сайраны, чагылган, автомобиль ж. б.) кайталайт. Көпчүлүк учурда синтезаторлор фортепиано түрүндөгү клавиатура менен жабдылган.
Электрондук синтезден тышкары XX кылымда акустикалык музыкалык аспаптардын жабдуулары адаптерлери, башкаруучулары, жана башка электрондук түзүлүштөрү кеңири жайылган. Мындай аспаптардын тобу электроакустикалык деген аталышка ээ болгон.