Кылдуу музыкалык аспаптар — үн булагы кылдардын термелүүсү болгон музыкалык аспаптар. Хорнбостел-Закс системасында булар хордофондор деп аталат. Кылдуу музыкалык аспаптардын типтүү өкүлдөрүнө классикалык кыл кыяк, виолончель, альт, контрабас, арфа, гитара, ошондой эле комуз, домбура, укулеле, гусли, балалайка сыяктуу көптөгөн элдик аспаптар таандык.
Бардык кылдуу аспаптар термелүүлөрдү бир же бир нече кылдардан өзүнүн кутусу аркылуу абага берет. Электрондук аспаптарда атайын үн алгычка өткөрөт. Негизинен булар кылдагы термелүүлөрдү дүүлүктүрүү техникасы боюнча бөлүштүрүлөт. Эң кеңири таралган үч ыкма: чертме (орусча щипковый), жаа ыкмасы (орусча смычковый) жана урма.
Чертме (италияча pizzicato) ыкмасы гитара, комуз, укулеле, добра, балалайка, гусли, уд, ситар, банджо, жетиген, арфа өңдүү аспаптарда сөөмөйлөр же плектр (медиатор) менен ойноодо ишке ашырылат.
Жаалуу (италияча arco — жаа, орусча — смычок) ыкма классикалык кыл кыяк, кыргыз кыл кыягы, виолончель, альт, сейрек контрабаста ойноодо пайдаланылат. Жаасы, жаа сымал жыгачтын учтарына топ кылдар байланып тартылат.
Кылдуу аспаптарда жайылган үчүнчү урма ыкмасы — бул кылдарга кичинекей балка сымал ургуч мен уруп үн чыгаруу ыкмасы. Мындай түрдөгү кеңири жайылган аспаптарга фортепиано, пианино, рояль кирет, мында кичинекей балкачаларды клавишаларга бекиген атайын механизм башкарат. Башка мисал катары цимбала аспабын айтууга болот, мында болсо аткаруучу өзү балкалар менен уруп үн чыгарат.
Урма ыкмалардын дагы бир варианты клавикорддо ойноодо колдонулат: жез тангеноттор кылдарды катуу бетке басат, бул алардын соккудан улам термелүүсүнө алып келет. Ушундай эле нерсени чертме жана жаалуу аспаптарда жасоого болот; гитаристтер муну көтөрүлүүчү легато дешет (англисче hammer-on - уруу). Гитараларда электрондук үн алгычтар пайда болгондо, бардык үндөрдөрдү толугу менен алып чыгып, ойноо жеңилдетилген. Муну эки кол менен жасоого мүмкүн болгондуктан көп учурда «эки колдуу тэппинг» деп атап коюшат.
Жаалуу аспаптарда ойногондор да кээде кылды урууну пайдаланат (жаанын сабы менен), «col legno» аталган ык. Бул каалаган бийиктиктеги урма үндү чыгарат.
Эол арфасында ойноодо өзгөчө үн чыгаруу ыкмасы пайдаланылат: кылдардын термелүүсү абанын кыймылы менен ишке ашырылат.
Кээ бир кылдуу музыкалык аспаптарга клавиатура орнотулуп, аны аткаруучу башкарат, бул адамдын түздөн-түз кылдар менен иштөөсүнөн алыс кылат. Эң белгилүү мисал катары фортепианону алсак болот, анда клавишалар кийиз балкачаларды татаал механизмдин жардамы менен башкарат. Клавишалары бар башка кылдуу аспаптар катары клавикорд (кылдар тангеноттор менен басылат) жана клавесин (кылдар кичинекей тилчелер менен термелет) саналат. Кээде бул аспаптарда ойноодо кылдар колго чертилет же жаа менен ойнолот.
Башка клавишалуу кылдуу аспаптар жетишээрлик түрдө чакан келип, өзүнө чертме автоарфаны, жаалуу никельхарпаны жана дөңгөлөктүү лираны (кылдар айланган дөңгөлөктүн сүрүлүүсү менен термелет) камтыйт.
Кылдары болоттон жасалган аспаптарда магнит талаасынын жардамы менен да ойноого болот. Мисалы, EBow аспабы, электрогитаранын кылдарынын термелүүсүн жарата алган батарейкалары бар кол аспап. Ал магнит менен кылды термелтип, созулма үндү чыгарат.
Кылдын узундугу (мензура) — чертме жана жаалуу аспаптардагы кылдардын өйдөңкү жана төмөнкү жагында бекилген учтарынын ортосундагы аралык. Ал аспаптагы ноталар ортосундагы физикалык аралыкты аныктайт. Мисалы, контрабастын кылынын узундугу болжолдуу 106 см, кыл кыякта — 33 см, комуздуку — 60 см (тепкесине чейин).
Жаалуу аспаптарда ойноодо, жааны аспаптын моюну менен кылдардын төмөнкү бекилүү чекитинин ортосуна перпендикулярдуу коюшат. Бирок тембрды өзгөртүү үчүн башка жерлерине коюп да ойнотот. Кылдын төмөнкү бекилүү чекитине жакын жайгашкан жаа чукул, кээде орой үндөрдү чыгарат, бул жогорку гармониканы тактайт.
Ушуга окшош тембр өзгөрүүлөрү чертме аспаптарда дагы мүмкүн, бирок алар балким азыраак тактыкта болушу мүмкүн.
Клавишалуу аспаптарда кыл менен чектешүү чекити (балка, тангенота же тилче болобу) аспапты жасоочу тарабынан аныкталат. Мындайды туура жайгаштыруу үчүн уста өзүнүн тажрыйбасына жана аккустикалык теорияга таянат.
Клавесиндерде көбүнчө кылдардын эки топтому орнотулат. Бул топтомдор кыл менен чектешүү чекитинин жайгашышы боюнча айырмаланып турат. Бир топтомдо алар клавесиндин канондук үнүн алуу үчүн «кадыресе» жайгаштырылат. Экинчи топтомдо жогорку гармоникага каныккан кинкилдеген же мыңкылдаган үндү алуу үчүн чекиттер кылдардын бекилүү чекитине жакыныраак жайгашат.
Белгилүү бир тартылыштагы жана узундуктагы бир кыл бир эле үндү чыгарат (монофония), ошондуктан кылдуу музыкалык аспаптардан бир нече ноталарды алуу үчүн эки ыкманын бири колдонулат: Биринчиси — зарыл болгон ноталардын диапазонун алуу үчүн керектүү сандагы кылдарды кошуу. Экинчиси — кылдарды кысып белгилүү бир узундукка кыскартып кысып коёт (буроолор менен алмаштырбайлы). Фортепиано биринчи ыкманын мисалы боло алат, мында ар бир нотага өзүнүн кылдар топтому туура келет. Кылдарын кысып коюуучу аспаптарда мисалы, гитарада, кыл кыякта, аткаруучу кылдын термелүүчү бөлүгүн сөөмөйлөрү менен кыскарта алат (сейрек механизмдин жардамы менен, мисалы дөңгөлөктүү лирадагыдай). Мындай музыкалык аспаптарды моюнуна кыпчылган (каподастр) шайманды байкоого болот, булардын бети катуу жана жалпак келип, ошол бети менен кылдарды кысып турат. Кээ бир аспаптарда (мисалы, гитарада) мындай шайман кылдарга перпендикулярдуу болуп, кылдарды бекиген чекиттеринен чектеп, ладдык босогочолордун жардамы менен ладдарга бөлүнгөн.
Заманбап ладдык босогочолор негизинен металл зымдан жасалып, кыстырманын жалпак бетине чөгөрүлөт. Алгачкы босогочолор аспаптын моюнуна оролгон жиптен жасалган, бүгүнкү күндө (2023) деле капрон жибинен жасалгандарын кездештирүүгө болот. Мындай босогочолор аспапта ойноп жатканда түшүп кетпеш үчүн жетишээрлик бекем тартылып бекитилет.
Жакынкы чыгыштык канун аспабы нота тандоо үчүн көп кылдарга ээ болсо дагы, анча чоң эмес рычагдар менен жабдылган, алар кылдардын ар бир сабын аспапта ойноп жатканда тууралоого мүмкүндүк берет. Бул рычагдар өзүндөгү кылдар катарынынын бийктигин жарым тондон азыраак бийиктетип же төмөндөтө алат.
Кээде аспап кутусу (дека) же капкагы кылдардын үнүн күчөтөт деп айтышат. Техникалык жактан эч кандай күчөтүү болбойт, анткени үн чыгарууга болгон бардык энергия термелген кылдан келет. Чындыгында аспаптын резонатору кылга көлөмдүү бетти гана берет.
Эффективдүү жана угууга жагымдуу тоналдык мүнөздөмөлөргө жетүү — бул өзүнчө искусство. Кыл аспаптарынын усталары бул үчүн жогорку сапаттуу жыгачты тандашат, өзгөчө карагай (жеңил, бекем жана ийкемдүүлүгү үчүн) жана зараң (орусча клён, өтө катуу болгондуктан).
Аккустикалык аспаптар жасалма материалдардан дагы жасалышы мүмкүн, мисалы көмүртектүү була же айнек буладан (өзгөчө виолончель же бас сыяктуу чоң аспаптар).
XX кылымдын башында Штрох кыл кыяктарында диафрагмендик резонаторлор жана алгачкы граммофондордогудай үн чыгаруучу металл ооздору (раструб) колдонулган.
Көпчүлүк кылдуу аспаптарга кылдардын термелүүсүн электр белгилерине (сигналдарына) айлантуу үчүн пьезоэлектрлик же магниттик үн алгычтарды (орусча звукосниматель) орнотууга болот, мындай электр белгилер күчөтүлүп, динамиктердин жардамы менен кайрадан үнгө айланат. Кээ бир аткаруучулар өзүнүн акустикалык аспаптарына үн алгычтарды орнотуп электрлештирип алат.
Күчөтүлгөн кылдуу аспаптар өзүнүн акустикалык аспапташтарына караганда үнү катураак болушу мүмкүн, а бул аларды рок, блюз, джаз сыяктуу ансамбльдарда пайдаланууга мүмкүндүк берет. Булардын үнүн дисторшн, реверберация же вах-вах сыяктуу электрондук эффекттерди колдонуу менен өзгөртсө дагы болот.
Бас кылдуу аспаптары, мисалы контрабас жана бас-гитаралар төмөнкү жыштыктагы үндөргө багытталган бас үн күчөткүчтөрү менен күчөтүлөт. Бас үндөрүн өзгөртүү үчүн дисторшн жана хорус сыяктуу бас эффектилеринин топтому бар.