Үйлөмө музыкалык аспаптар — музыка таануу терминологиясында жана өзгөчө аспап таануу (органология) чөйрөсүндө үйлөмө аспаптар термини аба мамычасынын термелүүсүнөн үндөрдү чыгаруучу музыкалык аспаптарды баяндайт.
Үйлөмө аспаптар үн чыгаруунун спецификалык ыкмасы, материал түзүлүшү, музыкада колдонуусу менен айырмаланат. Негизинен булар түтүктүү кутудан туруп, мундштугу, тешиктери же ачкычтары, поршендери, жана башка элементтерден турушу мүмкүн. Хорнбостел — Закс системасына (Hornbostel-Sachs system) ылайык үйлөмө аспаптар аэрофондор тобуна таандык. Аэрофондордун негизи айырмачылыгы — термелүүчү аба, аспаптын кутусунда болуп, үн чыгарууда кутусу дагы термелет.
Үйлөмө аспаптар эки түргө бөлүнөт: жыгач жана жез (металл) болуп, бирок кыргызда чоподон жасалган үйлөмө аспаптар дагы бар, мисалы чопо чоор.
Жыгач үйлөмө аспаптарда, абанын урунуу чекитинеде эки бөлүнүүсүнөн термелүү жаралат. Схемада көрсөтүлгөндөй үйлөгөн аба мундштуктун (А) курамына кирген өтмөк (Б) аркылуу өтүп, урунуу чекитинде (В) экиге бөлүнөт. Бул аспап кутусунун жана аба мамычасынын термелүүсүнө алып келип, белгилүү бир үндү чыгарат. Аспаптагы тешиктерди колдонуу менен аба мамычасын өзгөртүп, белгилүү бир көзөмөлдөнүүчү өндөрдү чыгаруу мүмкүн болот.
Жыгач үйлөмө аспаптар эки түргө бөлүнөт: эркин (негизинен флейта аталышта) жана глоттидофондор.
Негизги макала: Флейта
Бул категорияда өйдөдө баяндалган үн чыгаруу ыкмасы колдонулат, бирок ал бир нече бөлүмдөргө дагы бөлүнүп кетет кийинки көз карандылыктарга жараша:
Мында үн чыгарууда абанын экиге бөлүнүү чекити менен эмес, үн чыгаруу тешикчесинин термелүүсү менен шартталат. Негизинен мындай аспапта жыгач же металлдан жасалган тилчелер болот. Тилче аркылуу аба агымы өткөндө тилчелер термелип белгилүү бир үн бийиктигин чыгарат, муну аспаптагы текшиктер аркылуу өзгөртүүгө болот. Глоттидофондор экиге бөлүнөт: бир жана кош тилчелүү болуп. Биринчилерине кларнет, темир жана жыгач ооз комуз, саксофон, кэн сыяктуу аспаптар кирет, мында тилчеси ага салыштырмалуу кыймылсыз кутусуна жараша термелет; экинчисине гобой, зурна жана кээде волын аспаптары таандык, буларда кош тилчелер өзүнө салыштырмалуу термелет.
Аспаптын жасалган материалына жараша дайыма эле бир топко таандык экенин билдирбейт, жыгач үйлөмө аспаптар салтту түрдө жыгачтан жасалат, бирок флейта же саксофон сыяктуу аспаптар металлдан жасалганы менен жыгач үйлөмө аспаптарына кирет, анткени үн чыгаруу тилчелери жыгачтан болот.
Аты айтып тургандай эле, жез үйлөмө аспаптар жезден же жездин аралашмасынан (латунь) жасалат. Термин катары жыгач аспаптардан айырмалоо үчүн симфоникалык оркестр жана башка музыкалык ансамбльдар контекстинде колдонулат, бирок бул аспаптардын материалы жалаң гана жезден жасалат дегенди билдирбейт, кыскасы сырткы көрүнүшүнөн улам ушинтип одонороок атап койгон.
Жез үйлөмө аспаптардын үн чыгаруусу аткаруучунун эриндеринин термелүүсүнөн көз каранды, мындай термелүүлөрдө аспаптын өзүндө аба термелүүлөр жаралып көзөмөлдөнүүчү үн чыгат. Жез үйлөмө аспаптар эки бөлүмчөгө бөлүнөт:
Бул категорияга кернейлер, заманбап корнет жана эски корнет, валторна, эуфониум, альт мүйүзү жана туба сыяктуу көпчүлүк заманбап үйлөмө аспаптар кирет. Өзгөчө мааниге Кайра жаралуу доорундагы корнеттер ээ, булар мүйүзгө окшош ийри жыгач кесиндисинен жасалып, атайын тешиктери жана пилдин сөөгүнөн же башка нымдуулук жана аба өткөрбөгөн материалдан (учурда пластик) жасалган мундштугу бар. Офиклеид жана сузафон сыяктуу эски аспаптар дагы бул категорияга кирет, бирок алар колдонуудан чыгып калган.
Чопо үйлөмө аспаптар үн чыгаруу негизи боюнча жыгач аспаптарга окшош, бирок формасы овал сыяктуу болгондуктан мында аба бираз айланып турат. Мындай аспапка кыргыздын «чопо чоору» таандык.