Ооз комуз (орусча варган) — рамканын кызматын аткарган эки жаагынын ортосунда сөөмөй же жиптин жардамы менен тилчеси эркин термелген тилчелүү музыкалык аспаптын түрү (идиофон).
Бул макала жалпы ооз комуздар жөнүндө, кыргыздын темир ооз комузу жана жыгач ооз комузу өзүнчө.
Узундугу түрүнө жараша (темир же жыгач) 5 сантиметрден 18 сантиметрге чейин. Жазылыгы 1-3 см айланасында. Жасалуучу материалы метал (темир, жез, коло, болот) жана жыгач (шилби, бөрү карагат, өрүк ж. б.).
Ойноодо, аспап эриндердин аймагына коюлат. Ооз көңдөйү жана кекиртек алкымы, ошодой эле мурун көңдөйү, төмөнкү дем алуу жолдору үндү күчөтүүчү резонатордун кызматын аткарат. Үн спекринде тигил же бул обертондорду күчөтүүнүн эсебинен, артикуляциялык аппараттын иштөөсүн жана дем алууну башкаруу менен, ооз комуздун үнүнүн тембрин өзгөртүшөт, ошол эле убакта негизи тон туруктуу угулат.
Эзелтен бери ооз комуз Азияда жана Океанияда көп тараган аспап болгон (Жакынкы Чыгыштан тышкары). Эң байыркы экземпляр биздин заманга чейинки 3—1 кылымга таандык болуп, ал Монголиянын хунну элинин туругунда табылган. Латын жана Түндүк Америкага ооз комуз түрү алардын колонизациялоо мезгилинде, XVI кылымдын аягынан XVII кылым бою келип турган жана товар алмашууда активдүү пайдаланылган.
Европада ооз комуздун түрү экинчи миң жылдыктын башында пайда болгон. Профессионалдуу европалык музыкада ооз комуз XVIII кылымдын аягында — XIX кылымдын башында колдонулган. Австриялык композитор Иоганн Альбрехтсбергер 1765-жылы ооз комуз түрүнө, мандола жана кылдуу аспаптарга жети концертти даярдаган. Белорусиядагы Друцк шаарында XII кылымга таандык ооз комуз табылган.
Пластина сыктуу жыгач ооз комуздар — түзүлүшү, ортосунда тилчеси бар пластинаны элестетет. Даярдоо материалдары: жыгач, камыш, сөөк, металлдан. Түндүк, Борбордук, Түштүк, Түштүк-Чыгыш Азия жана Океания элдеринде жайылган.
Жыгач ооз комузда тилчесине байланган жипти тартуу менен үн алынат, мындай ооз комуздарга кыргыздыкынан тышкары башкырлардын агас кубызы, айндардын муккуриси, нивхдердин тыф кангасы, мансилердин сөөк ооз комузу томран, Бали аралынын генггонг ооз комузу кирет.
Темир ооз комуз (же дого сымал) — эки бириктирилген металл бөлүктөн турат: чарасы жана учу илмек сыяктуу болгон тилчесинен. Чарасы догоо сымал бөлүктөн жана эки жаагынан турат, мунун ортосунда тилчеси жайгашат (тилченин жумушчу бөлүгү, тилчелүү музыкалык аспаптар макаласын караңыз).
Якуттардын маанилүү салттуу аспаптарынын бири, мурда бакшылар тарабынан колдонулган. Якуттар (долгандар дагы) негизинен хомус аспабын колдонот (далгандарда барган аталат). Ошондой эле, Якутияда жалбыракчы дарагынан же сөөктөн жасалган пластиналуу хомус аспабы белгилүү.
Челер комуз — тилчесин термелтүү үчүн атайын жиби бар, камыш же бамбуктан жасалган ооз комуз. Алтай республикасынын Улаган аймагында XX кылымдын башына чейин колдонулган. Темир ооз комузу болсо металлдан жасалат. Салттуу темир ооз комузу кыргыздыкына окшош, тулкусу, жаактары жана алардын ортосунда тилчеси бар. Заманбап темир ооз комузу буларда болоттон же сары жезден жасалат.
Дрымба — Украина, Молдовия жана Румынияда белгилүү болгон темир ооз комуз түрү. Мунун чарасы жазыраак келип, жаактары кыскараак. Украинанын батышында дрымба аялдардын (негизинен кыздардын) аспабы болгон. XX кылымдын ортосунда дрымба Закарпат облусунун малчылары арасында атактуулугун сактап келген.
Морчанг (сөзмө-сөз — ооз арфа) — Индиянын түндүгүндөгү догоо сымал темир ооз комуз, түштүгүндө — морсингх. Морчанг аспабын көбүнчө мриданга доолу менен ойношот. Байыркылары, жиби бар, пластиналуу, жыгач же бамбук экземпляр түрүндө берилген: ассам гаганасы (гангинна), раджастхан гхоралио.
Ооз комуздар ырларды жана бийлерди ритмикалык коштоо үчүн ансамбльдарда, ошондой эле соло күү аткарууда колдонулат.